Улан Мелисбек
Кыргызпатентин директору
Кетип жаткан жыл мен үчүн динамикалуу жана мазмундуу болду. Бул жылга мен барыдан мурда мамлекеттик ведомствонун жетекчисинин баа жеткис тажрыйбасын алгандыгым, өлкөнүн көйгөйлөрүн «ичинен» көргөндүгүм үчүн ыраазымын. Менин көп жылдар бою Мекенден алыста жашагандыгымды эске ала турган болсок, бул оңой болгон жок. Ошентип ушул жылы чечкиндүү аракеттерди кабыл алуу менен, сөздүн түз маанисинде көп жолу буканы мүйүздөн алууга туура келди.
Бул Кыргызпатентти автоматташтыруу жана улуттук домен аймагын башкарууну өткөрүп берүү жөнүндөгү Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш жана Башкаруу борборун түзүүнүн үстүндө иштөө болду.
Биз чыгармачыл жаштарга демилге берип колдоо көрсөтүү жана ойлоп табуучулукка өбөлгө түзүү боюнча демейки иштерди дагы алып бардык. ИМБДУ жана Евразия патентик ведомствосу менен биргеликте быйыл бир нече кыргызстандыктарды ИМБДУнун алтын медалдары менен сыйлоого көрсөттүк.
Кирип келген жылда биз үчүн эң негизги маселе Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун колдоосу астында иштелип чыга турган интеллектуалдык менчикти жана инновациялык саясатты өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык программасын түзүү болуп калмакчы.
Каракчылыкка жана контрафактылык продуктуларды өндүрүүгө каршы күрөштө алга карай бир кадам жасалды, мыйзамдарга ылайыктуу оңдоолор даярдалды. Салттуу билимдер жана генетикалык ресурстар сыяктуу багыттардагы иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн топтору боюнча аймактык координатору болуп Кыргыз Республикасынын дайындалышы өтүп бара жаткан жылдын чоң окуяларынын бири болуп калды. Бул топко Россия Федерациясы, Беларусь, Украина, Тажикстан, Казакстан, Армения, Түркмөнстан, Азербайжан, Өзбекстан, Грузия жана Кыргызстан болуп 11 мамлекет кирет. Буга чейин ушул өлкөлөрдүн атынан чыгуу менен Россия иш жүзүндө дайыма лидерлик кылып келген болчу. Бирок быйыл дал ушул биздин өлкөбүз берилген аймакты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алып отурат. Эми биздин алдыңкы адистерибиз бул багытта жигердүү иштешет. Ошондой эле ушул жылы мага ведомствонун жетекчиси катары Евразиялык патентик уюмдун ишине катышууга жана орунбасарлардын бири катарында ЕАПВнын Кеңешинде Кыргызстанды көрсөтүүгө туура келди. Бул интеллектуалдык менчикти эл аралык деңгээлде коргоо боюнча биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын көрсөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ушунун өзү Кыргызстанда интеллектуалдык менчик маселелерине олуттуу көңүл бурула тургандыгын таануу дегенди билдирет.
Эгерде өлкөнүн масштабында карап көрө турган болсок, анда эң маанилүү окуя деп мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун жана жаңы кадрдык саясатты ишке ашыруунун башталышын эсептейм. Көз карандысыздыктын биринчи күндөрүнөн тартып эле мамлекеттин лидерлери мындай реформанын зарылдыгы жөнүндө көп айтып келишкен. Бирок айтып коюш бир башка, ал эми кайра түзүүлөрдүн жоопкерчилигин өзүнө алыш таптакыр башка кеп. Натыйжада биз жылдан жылга баягы эле саясый фигуралардын орундарын алмаштырууну байкадык. Акыры келип бул дагы токтотулду. Балким азыркы бийликтин айрым бир кадрдык чечимдери кимдир бирөөлөр үчүн кээде күтүүсүз жана стандартсыз болуп жаткан чыгаар, бирок процесс жүрүп жатат, жана мен жакын арада ал өз жемиштерин берет деп күтүүдөмүн. Кандай болгон күндө да биздин ведомствонун мисалында, жамааттын өзөгүн жаш, прогрессивдүү ой жүгүртүүчү, мыкты билими бар адамдар түзүп турганда иш бир кыйла оңой жана натыйжалуураак жүрүп жаткандыгын айта аламын. Мындай атмосферада бюрократизмге орун да калбай калат.
Бүгүнкү иштеп жаткан бийликтин саясаты болуп көрбөгөндөй реалдуу жана прагмативдүү. Ал эгерде абдан популярдуу эмес чараларга барууга туура келсе да жоопкерчиликти өзүнө алуудан коркпойт. Мен азапты көп тарткан энергосекторду айтып жатам. Эгерде Акаевдин өкмөтү өз убагында реалдуу тарифтик саясатты жүргүзгөн болсо, бул тармак азыркыдай ыйлай турган абалда болмок эмес деп ойлойм. Азыркы тарифтердин чукул көтөрүлүп кетиши, албетте эч кимди кубандырган жок. Бирок, эл менен ойноону улантып, көйгөйдү мындан дагы тереңдетип жиберүү мындан да жаман болмок.
Белгилүү окуялардын бири Камбарата ГЭСинин курулушу болуп калды. – эгемендүүлүктүн жылдары ичинде Кыргызстанда ушундай масштабдуу долбоор биринчи жолу ишке ашырылып олтурат.
Ачык өлкө – деген бул – анын жарандарынын өздөрү үчүн жана бизнес жасоо, иштөө же эс алуу үчүн бизге келгендер үчүн жагымдуу болгон өлкө деп ойлоймун. Биздин салттуу меймандостугубуз биздин өлкөнүн визиттик карточкасы боюнча кала берсин. Кыргызстанга кирүүнүн бардык жол-жоболорун максималдуу жөнөкөйлөштүрүү керек. Ошондой эле бардык инвесторлордун жолун тосуучу бардык бюрократиялык бөгөттөрдү алып салуу керек.
Биз маалыматтык технологиялар кылымында жашап жатабыз жана ушунун өзү максималдуу ачыктыкка карай жылууну күн мурунтан белгилейт. Жакын арада электрондук өкмөт иштеп калаарына, биздин жарандар үчүн Интернет жеткиликтүү болооруна жана алар Түйүндөн аларды кызыктырган кайсы болбосун маалыматты гана албастан, бардык деңгээлдеги бийликтер менен өз ара аракеттенип, электрондук коммерция менен иш алап барып калышаарына мен ишенем.
Булак: http://open.kg/ru/