• Кыргызча
  • Русский
Улан Мелисбек: «Шахмат ойногонду мен абдан эрте баштаганмын, бул оюнга мени менин милиционер-атам үйрөткөн»
Жайындалган күнү : 
2009-11-20

«Тилекке каршы, мен шахмат ойноону адистикте уланта алган жокмун, бирок жакшы ойноп утуп алчумун», – деп белгилейт КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек, бүгүнкү Би-би-синин Пресс-клубуна берген дем алыш күндөрүн кантип өткөрө тургандыгы жөнүндө интервюсунда.

Өзүнүн бош убактысын кантип өткөрө тургандыгы жөнүндө айтып берип жатып, Улан Мелисбек достору менен шахмат ойногонду жакшы көрөөрүн белгиледи.

«Шахмат ойногонду мен өтө эрте баштадым, бул оюнга мени милиционер-атам үйрөткөн. Эсимде, мен төртүнчү класста окуп жүргөндө атамдын кесиптештери конокко келип калышып, мени утуп алууга аракеттенишкен эле, ошентип ошондо эле мени жакшы оюнчу катары билип калышкан. Тилекке каршы, мен адистик деңгээлде шахматы өздөштүрүүнү уланта алган жокмун, бирок, устаттар менен ойноп, утуп алчумун. Мени мактанып жатат дешпесе эле болду, бирок мен бир топ эле жакшы ойнойм деп ишенимдүү айта алам», – дейт Улан Мелисбек.

«АКШда мен океанга дайыма чыгып тураар элем, ал гана эмес серфте (толкундун үстүндө туруучу тактай) дагы жакшы тура алчумун. Бул жерде мен өзүмдүн кызыгууларымды мындан ары өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгүм болбой жаткандыгы өкүнүчтүү. Ошондой эле, Калифорнияда мен жашаган жерде мен пейнтбол-клубдарга барууну жактыраар элем. Америкада бул оюн культтук көрүнүш болуп эсептелет, оюндар үчүн ал жерде атайын токойлор, сепилдер бөлүнөт, ошондуктан сен ага кумарданып, оюнга тартыла баштайсың. Бишкекте мен пейнтбол-клубдардын фотосүрөттөрүн көрдүм, бирок алар мени таасирленте албады».
Интервьюда Улан Мелисбек АКШда жүргөн мезгил ичинде Кыргызстандын жаратылышын абдан сагынгандыгын, ошондуктан де малыш күндөрү достору менен шаардын сыртына табиятка чыгаарын айтып берди.

«Чоң шайыр компания менен биз шаардын четине чыгабыз жана улуу от жагып анын тегерегинде убакытты көңүлдүү өткөрөбүз. Менин досторум мергенчилик кылышат, бирок мен биздин кичинекей туугандарыбызды өлтүрө албагандыктан алар кийик улап кеткенде мага окшогондор менен калып калам жана биз ар кандай темада аңемелешебиз».

Андан тышкары Улан Мелисбек, кээде кафелерге жана барларга барып пиво ичкенди жактыра тургандыгын белгиледи: «Бирок менин убактым аз болгондуктан, мындай учурлар өтө сейрек болот. Экинчиден Бишкекте аны көрө калып башка адамдар күбүр-шыбыр болбой турган, мамлекеттик ведомствонун жетекчиси эркинирээк эс ала турган жай деле жок. Бизде шаар чакан болгондуктан мындагылар бири-бирин таанышат, бул жерде эч кандай деле коркунучтуу нерсе жок, бирок биздин адамдар башка адамдын жеке турмушуна урмат-сый менен мамиле кылууну билишпейт».

Ошондой эле Улан Мелисбек тамак даярдаганды абдан сүйөт. Атап айтканда, түрк жана америка тамактарын даярдаганды жакшы көрөт, акыркылары өз ичине кытай, индия, мексика тамактарын камтыйт. Бирок Бишкекте Мелисбек тамак даярдоого убакытты аз бөлөт: «Бул жерде мен баягы эле убактымдын аздыгынан жана кээ бир продуктулардын жоктугунан тамак даярдабайм. Калифорнияда кулинария китебин ачасың жана анда көрсөтүлгөн чийки заттын бардыгын сатып аласың. Бизде продуктуларды топтоо кыйыныраак, биздин супермаркеттерден мен айрым бир продуктуларды таба албай койдум».

Өзүнүн китепке болгон шыктуулугу жөнүндө айтып берүү менен Улан Мелисбек анын үйүндө чоң китепкана чогултулгандыгын, анын бир бөлүгүн ал мектепте окуп жүргөн кезден чогулткандыгын, ал эми калган бөлүгү атасынан калган мурас экендигин белгиледи.
«Энциклопедиялардан жана классикалык көркөм адабияттан тышкары менде политология жана социология боюнча китептер бар. Муну менен катар мен лингвистика менен алектенгендиктен ошондой эле көп сөздүктөр дагы бар».

«Мен мага абдан зарыл болгон жана кызыктуу болгон китептерди окуйм. Мисалы мен Феликс Куловдун мемуарларын окуп чыгууга абдан кызыккан элем, китепти окуганда чыныгы болуп өткөн окуяларга кээ бир дал келбегендиктерди байкадым», – деп белгиледи Улан Мелисбек.
«Сүйүктүү теле берүүлөргө келе турган болсок, мен иш жүзүндө телевизор көрбөйм. Бирок мен фантастиканы абдан жактырам жана ушул темадагы фильмдердин бет ачарларын өткөрбөөгө аракеттенем. Кээде Голливуд фильмдерин көрөм жана кийинки кездерде россиялык кинолорду көрүп жүрөм». – деп айтты акырында Улан Мелисбек.

http://bpc.kg/news/8508-20-11-09