• English
  • Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: КG менен «КГ» ынтымакташа алышабы?
Жайындалган күнү : 
2009-11-18

Кыргызпатент биздин республикада дагы бир– кириллдик домен аймагын түзүү үчүн ICANNге өтүнмө берди.

Интернеттин домендик наамдарга, IP–даректерге жана иштөөнүн башка аспектилерине байланышкан маселелерин жөнгө салуучу ICANN эл аралык коммерциялык эмес уюму Кыргызстандан жаңы өтүнмө алды. Эске салсак, ал жакта KG аймагын башкарууга укуктарды жеке компаниядан мамлекетке кайра өкүлдөө боюнча арыз карап чыгуу этабында турат. Бул жолу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башчысы Бүткүл дүйнөлүк түйүндө Кыргызстан үчүн экинчи – кириллдик домен наамын түзүү үчүн уруксат сурады.

Мындай демилге жаңы эмес. Россия менен Болгария бир нече жыл мурда эле, көнүмүш болуп калгандай аяккы тамгалары латын символдору менен эмес, кириллица тамгалары менен бүткөн Интернет-даректерди түзүүгө ICANNден уруксат алышкан. Бүгүнкү күндө мындай сайттар Түйүндө пайда боло баштады. Эгерде эл аралык уюм уруксат берсе, Кыргызстан бул коомчулукка киргендердин үчүнчүсү болуп калат.

— Мындай демилгеге каршы келүүчү бир нече аргументтер бар – мисалы, казакстандыктар жазууларын латын алфавитине өткөрүп жатышат, – деп өзүнүн ойлорун Улан Мелисбек «Вечерканын» кабарчысы менен бөлүштү. – Башкача айтканда биз маданий планда жакын коңшудан алыстайбыз. Дагы бир контраргумент, Кыргызстанда азырынча Интернеттин начар өнүгүп жаткан фактысы болуп калышы мүмкүн жана колдонуучулар арасында кандайдыр бир чаташуу келип чыгат. Бирок, биз орус тилин расмий деп тааныдык, колдонуучулардын көпчүлүгү ошол тилде сүйлөшөт, РФ менен тарыхый-маданий байланыштарды тануунун кажети жок. Бизде бул тилди көбү билет жана анын жардамы менен документтердин көпчүлүгү түзүлөт. Биз орус алфавитинин жардамы менен домен наамдарын каттоону каалагандарга мүмкүндүк берүүгө тийишпиз. Мындай адамдар көп болобу же аз болобу анын мааниси жок. Мамлекет мүмкүндүктөр алкагын түзүп берет, ал эми ар ким өзү тандап алсын.

Башында Кыргызпатенттин жетекчилиги ICANN ден KGнин альтернативасы катарында «КГ» аббревиатурасын суроону чечкен болучу. Бирок, Улан Мелисбектин айтуусу боюнча, бул жерде көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн – орусча “г” латынча “r” менен абдан окшош, бул чаташууларга алып келет. Анда каттоого «Кыргыз Республикасы» деген сөздөн кыскартылып алынган – «КР» аббревиатурасына сурам берилет. Эске салсак, Россия «РФ» деген кириллдик аталыш менен колдонот.

— Кыргыз алфавитинде биздин жазуубузду бардык башкалардан айырмалоону аныктоочу үч өзгөчө тамга бар, – деп эсептейт чиновник. – Улуттун өзүнчөлүгүн белгилөө катары ошол тамгаларды деле пайдаланууга болот. Ошондой болсо да, бул башка, техникалык маселе, ал ICANNдин жетекчилиги менен жумушчу тартипте чечилет. Экинчи домен аймагын түзүүгө уруксат алуу жана бул үчүн жабдууларды иретке келтирүү 2–3 жылга созулат. Бул мезгил ичинде жаңы аталышты дагы аныктап алабыз жана сайттарды түзүүчүлөр жана колдонуучулар үчүн бардык шарттарды камсыз кылабыз.

Андрей ОРЕШКИН.
http://members.vb.kg/2009/11/18/panorama/8.html