Кыргызпатенттин кызматкерлери жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн республикага алынып келинген 100 миңге жакын бирдиктеги ацдиовизуалдык продукцияны текшеришти. Бири дагы лицензияланган эмес болуп чыкты. Бул факт биздин өлкө контрафакт үчүн өзүнчө эле эркин экономикалык аймак болуп санала тургандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бул чөйрөдө эмнелер өзгөрүп жаткандыгы, автордук укуктарды коргоо кандайча жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Тимур Адилов айтып берди.
- БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын өкүлү Ральф Хейнрих каракчыларды «ашынган акылдуулар жана амалкөйлөр» деп атады. Мындай жоону баш ийдирүү жеңил иш болбосо керек?
- Чынында эле ошондой. Ушул үчүн өткөн жылы биздин башкармалык түзүлгөн болчу. Ошондой эле ушуга байланыштуу өкмөт Кыргызпатентке интеллектуалдык менчикти камтыган товарлардын экспертизасын жүргүзүү боюнча милдетти жүктөгөн. Бизде буга чейин болуп көрбөгөндөй жагдай көп пайда болуучу: укук коргоо органдары шектүү продукцияны алып коюшкан, бирок, андан ары анны эмне кылууну билишчү эмес, анткени эксперттин корутундусусуз аны жасалма деп атоого укуксуз болушкан. Алдыңыздагы турган контрафакт же андай эмес экендигин Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча ассоциациянын адистери гана айта алчу, бирок алар бул үчүн акы алышчу. Мага белгилүү болгондой, бир сактагыч үчүн 4 сомдон.
Эгерде биздин өлкөгө келип чыгуусу шек саноону жараткан ар кандай продуктунун ондогон жана жүздөгөн нускаларын алып кирүүлөрдү эске алсак, анда финансы полициясы жана бажы үчүн ыгы жок чыгашалуу болмок. Азыр аудиовизуалдык дисктердин, оюндардын чыныгылыгын биз көзөмөлгө алабыз жана муну мамструктуралар үчүн акысыз жасайбыз.
Азыркы кезде Кыргызпатент товардын лицензиялуулугун аныктоо керек болгон программалык камсыз кылуу боюнча адистерди даярдоодо. Бир эле учурда ведомство россиялыктар, казактар менен товардык белгилердин чыныгылыгын таанууну жана аларды пайдаланууну биздин кызматкерлерге үйрөтүүсү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
- Каракчыларды же алардын продуктуларын жайылткандарды жазалоо үчүн укук коргоо органдары менен сиздер кандайча өз-ара аракеттенүүдөсүңөр?
- Чынын айтсак, муну кызматташтык деп атоого болбойт. Быйыл бир компаниянын, бир жеке жактын, ошондой эле финансы полициясынын жана прокуратуранын өтүнмөлөрү боюнча 100 миң аудиовизуалдык продукцияны изилдедик.
- Эмне үчүн силердин кардарлардын арасында бажы жок?
- Бул суроону биз дайыма өзүбүзгө беребиз. Бажы кызматынан бир дагы өтүнмө жок! Ал эми дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эреже катары чек арада контрафактылык продуктунун 70 пайызы кармалат эмеспи. Бизде болсо – тымтырс. Биздин чегара ишмердүүлүктүн мындай түрүн сүйүүчүлөр үчүн айкын деген сезим пайда болот. Канчалык каалап турганым менен, бажычылар тарабынан жасалма продуктулардын кармалган бир дагы учурун атай албаймын. Бул жагдайда финансы полициясы активдүүрөөк иштеп жатат, бирок алар жасалмаларды ички рыноктордон гана алып кое алышат.
Кызыкдар болгон тараптардын өз-ара мамилелерин регламенттөөчү документтер эми бар болгондугуна карабай, контрафакт менен күрөшүү боюнча иш туруктуу мүнөзгө ээ. Бирок бул дагы аздык кылат. Азыр биз мындай продуктулардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы, мамлекеттик программанын негизин түзүүчү күрөштүн концепциясын даярдап жатабыз. Бул күрөш мамлекеттик саясат болуп калууга тийиш экендигин эч ким танбайт.
- Кризисте адамдар бардыгында үнөмдөшөт, ошондуктан алардын келип чыгышы жөнүндө ойлонбостон, арзан товарларга өңүт салышат. Жагдайды эске алып, балким жасалмаларга каршы күрөштү жакшы убак келгиче токтото турса кандай болот?
- Бул жаңылыш көз караш. Бул өткөөл экономикадагы өлкөлөргө карата айтылат. Муну менен анын жактоочулары калктын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнө чегеришет. Ооба, албетте, баалардын пайда болуусунда укук ээлери эске алууга тийиш болгон бул көйгөйдөгү социалдык аспект дагы бар. Бирок белгилеп коеюн, алар – таканчыктуу калк, өлкөлөрдүн экономикалык абалдары жана элдин социалдык жашоо деңгээли ар башка экендигине карабастан, Германиянын, ошондой эле Кыргызстандын керектөөчүлөрүнө бирдей мамиле жасашат.
Немец үчүн тыйынга татыган нерсе, биздин орто статистикадагы жаранга –кымбат.
Бирок контрафактылык продуктуну эркин жайылтууга кайдыгер кароо – уурулукту сыйлоо менен барабар. Бул менин көз карашымда моралсыздык. Каракчылык бир да өлкөдө, ал тургай эң өнүккөн өлкөдө дагы жеңилген эмес болсо да, биз базардагы жалпы жагдайга көз салып жана таасир этип туруубуз керек.
- Ушул көйгөйдү чечүүдө кандайдыр бир жакшы өзгөрүүлөр барбы?
- Акыркы мониторингди биз жазында өткөрдүк. Контрафактылык деңгээл борбордо 89,3 пайызды түздү. Төмөндөө 3-3,5 пайызга чейин болду, бирок Бишкектин чегинен чыга турган болсок, анда ал жакта лицензияланган продуктуну эч ким көргөн да эмес.
- Сиздер эмнеге жетишүүгө ниеттенүүдөсүңөр?
- Азыркы учурда контролдоочу, укук коргоочу органдарды жана бизди бир тизмекте иштөөгө милдеттендирүүчү өкмөттүн токтому түрүндө бир дагы документ жок. Кыргызпатент мындай ченемдик-укуктук актыны даярдоого киришти.
Бүгүнкү күндө биз жадагалса республикага кайсы санда «болванкалар» алынып киргизилгендигин билбейбиз. Аларды зерикпегендин бардыгы сатышууда. «Джунхай» базарында дүңүнөн 20 сомдон алышат да 50 сомдон сатышат. Жүз пайыздуу рентабельдүүлүк, анын үстүнө, байкасаңыз, эч кыйынчылыгы жок.
Россия мененУкраинада жетишилгендей, биз акырындап дисктерди алып чыгып сатууга тыюу салып – аларды стационардык жайларда гана сатууга уруксат берүүгө жетишели деген ойдобуз. Биздин маалыматтар боюнча, дисктерди лоткалар аркылуу мыйзамсыз сатуу бул продуктунун бардык көлөмүнүн 35 пайызын түзөт. Ал эми бул болсо – жаман сапат, казнага төлөнбөгөн салыктар, автордун эмгегинен уурдалып алынган эмгек, убакыт, киреше. Бул боло берүүчү кылмыштуулук, коррупция, акчалардын жуулушу.
Ал эми аларда кандай?
• АКШда каракчылык үчүн, эгерде ал далилденген болсо, административдик жана кылмыштык жоопкерчилик караштырылган. Соода маркасынын жасалмалыгы жана уурулук үчүн миллион доллардан ашык өлчөмдөгү жазапул жана 10 жылга чейин түрмүгө кесүү караштырылган.
• Европада контрафактылык продуктуларды жайылтуудан тартылган зыян 500 миллиардга жакын еврону түзөт.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) маалыматы боюнча дүйнөдө чыгарылып жаткан дарылардын үчтөн бири – жасалмалар.
Лариса ЛИ.
МСН 20.11.2009
http://www.msn.kg/ru/news/30179/