• Кыргызча
  • Русский
Элтон Джон Улуу Британиянын бийлигин "каракчыларга" карата катуу чара колдонууга чакырат
Жайындалган күнү : 
2009-09-24

Элтон Джон Британиянын вице-премьери Питер Мэндельсонго кат жазды, анда ал бийликти катуу чараларга чакырган, бул жөнүндө 22-сентябрда Securitylab кабарлады. Анын пикиринде, акысыз музыкага мыйзамсыз кирүү жаш музыканттардын өсүүсүнө олуттуу зыян келтирет. «Сизге бул канчалык маанилүү экендигин билбейм, бирок мен мыйзамсыз файл алмашуунун көзөмөлсүз жайылтылышы (ал тургай «коммерциялык эмес» негизде дагы) музыканттарга жана өзгөчө жаш музыканттарга, ошондой эле өз ырларынын аткаруучулары болуп эсептелбеген композиторлорго олуттуу терс таасирин тийгизет деген пикирдемин».-деп айтылат арызда.

Түйүндүк файл алмашуу көйгөйү кыйын мезгилди башынан кечирип жаткан музыкалык индустрия үчүн кризистик болуп эсептелет. Кээ бир топ-менеджерлер мыйзамсыз көчүрүп алуу чынчыл адамдардын жылына 200 миллион фунт стерлингин тартып алат деп эсептешет.

Анын ортосунда 24 жаштагы ырчы Лили Аллен It’s Not Alright блогун ачып, файл алмашууга каршы аракеттенүү боюнча өзүнүн жеке кампаниясын баштады. Ага Гэри Барлоу, Джеймс Блант жана Spandau Ballet тен Гэри Кемп кошулушту. Долбоорду колдогон каттарын Muse, Keane жана Elbow жамааттары дагы жөнөтүштү.

Каршы пикирди Дейв Роунтри (Blur), Том Джонс, Энни Леннокс жана Робби Уильямс кирген Featured Artists Coalition уюмунун мүчөлөрү карманышат. Алар Интернеттен файл алмашуунун катышуучуларын четтетүү боюнча Британия өкмөтүнүн планы музыкага болгон кызыгуунун төмөндөшүнө алып келет деп эсептешет.

http://www.securitylab.ru/news/385753.php