• Кыргызча
  • Русский
Обаманын администрациясы Томаска карата соттун чечимин колдоду
Жайындалган күнү : 
2009-08-20

АКШнын президентинин администрациясы музыкалык чыгармага карата автордук укукту бузууда күнөөлүү деп таанылган Миннесотынын жашоочусу Джемми Томаска тиешелүү соттук вердиктти колдоду, бул жөнүндө 18-августта www.securitylab.ru сайтында кабарланган.

Эске салсак, Джемми Томас, көп балалуу эне, RIAA каракчылыкта күнөөлөнгөн 26 миң адамдын ичинен биринчиси болуп, анын иши сотко чейин жеткен. 2007-жылы сотко ант бергендер Томасты 24 музыкалык чыгармага укук бузууда күнөөлүү деп табышкан жана ага 222 миң доллар өлчөмүндө айып пул салышкан.

Андан кийин Томастын адвокаттры ишти кайра каратууга жетишкен, бирок айып алынып салынмак түгүл кайра үстүнө кошулган. Эми Джемми Томас копирайт ээлерине 1,92 млн доллар (ар бир композиция үчүн 80 миң доллар эсебинен) төлөп берүүгө милдеттүү.

Өткөн айда Томастын адвокаттары ишти дагы бир жолу кайра кароону талап кылышкан. Юристтер салынган айып пулдун суммасы ченемсиз жогору деп эсептешет. Алардын пикиринде бул өлкөнүн конституциясына каршы келет.

Бирок, Барак Обаманын администрациясы башка пикирде болушууда. АКШнын Юстиция министрлигинде вердикт мыйзамга толук ылайыктуулукта чыгарылган деп билдиришти. Муну менен ведомствонун өкүлдөрү, эгерде Томас күн көрүү максаттарында ырларды жайылтпаган болсо дагы, үн жазууларынын индустриялары жана жумушчу орундары татыган акчанын дүйнөлүк уурдалышына, ал эми мамлекетке болсо-колдон чыгарылган салыктык төлөмдөрдү уурдоого өз салымын кошкон.

http://www.securitylab.ru/news/383732.php