KG домен аймагынын үстүнөн контролдук кылууну колго алууга активдүү аракеттенип жаткан Кыргызпатенттин башчысы Улан Мелисбек BarCamp Кыргызстан 2009 (BK 2009) отурумуна келген жок. Кыргызпатенттен анын ордуна келген Нурлан Баяман анын «мамлекеттик деңгээлдеги шашылыш иштери» чыгып ошондуктан BK 2009дун ишине келе албай калгандыгын түшүндүрдү.
Адегенде kg домен аймагынын келечегине тиешелүү көп суроолору бар баркемперлер Кыргызпатенттин башчысынын BK 2009га келбей, баркемперлер менен дуэлге өзүнөн алда канча кичүү кесиптешин жибергендигине канааттанбай жатышкан.
Бирок, пессимисттик күтүүлөргө карабай, Нурлан Баяман BK 2009дун катышуучуларынын бардык суроолоруна жооп берүү менен, зарыл болгон маалыматтар менен фактылрды биле тургандыгын тез эле далилдеп койду. Нурлан Баяман өз сөзүн: «эмне үчүн Кыргызстандын жарандары маалыматтык технологиялар (VN) маселелери боюнча мамлекеттик мекемелерге ишенбей тургандыгын түшүнөм»- деп баштады.
… Бул, мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгүндө технологиялык жаңы киргизүүлөрдүн жайылтылбагандыгына байланыштуу, ал эми кызматкерлер МТ боюнча билимсиз болгондуктан, штат МТ маселелеринде компетенттүү болуп эсептелбейт…
Ошентсе дагы Нурлан Баямандын билдирүүсүнө караганда Кыргызпатенттин кызматкерлери салыштырмалуу жаштар жана жаңы технологиялар тармагында компетенттүү. Ал ошондой эле kg домен аймагынын үстүндө контролдукту алууда Кыргызпатентте коммерциялык кызыкчылык жок экендигин жана алар аны Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жасап жатышкандыгын түшүндүрдү. Нурлан Баямандын айтуусунда МТ боюнча kg домен аймагын контролдоочу жалгыз уюм «АзияИнфо» жеке компаниясы контролдоону монополиялаштырып алган жана керектөөчүлөр үчүн тоскоолдук кылууда.
Нурлан Баяман ошондой эле кыргыз Интернет-колдонуучулардын арасында Кыргызпатенттин kg домен аймагынын үстүндө контролдукту алууга умтулуп жаткандыгына нааразы болуп жаткандар бар экендигин жана анын себебин түшүндүрдү.
Көпчүлүк Интернет-колдонуучулар домен менен сайттын ортосундагы айырманы билишпейт. Кыргызпатент эч качан кандайдыр бир жолдор менен веб-сайттарды өнүктүрүүнү контролдукка албайт – маселе домендер жөнүндө гана болуп жатат.
KG домен аймагынын үстүндө контролдукту Кыргызпатентке өткөрүп берүүгө адегенде каршы чыгып жаткан “АзияИнфо”, өзүнүн чечимин эмне үчүн күтүүсүздөн акыркысынын пайдасына өзгөртүп жиберди деген суроого, Нурлан Баяман, Кыргызпатенттин МТ тармагында технологиялык ошондой эле юридикалык маселелерде өзүн жетишээрлик компетенттүү көрсөтө алаарын “АзияИнфо”күткөн эмес деп жооп берди.
Кыргызпатенттен келгген Нурлан Баяман өзүнүн сөзүн, кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн Интернет тармагында домен аймагы мамлекеттик мекемелердин контролу астында тураарын айтуу менен аяктап, мамлекет домендерди гана контролдукка ала турган жана веб-сайттардын мазмунуна жана өнүгүшүнө эч кандай таасир этпеген АКШ (.us), Канада (.ca), Европалык Союз (.eu) сыяктуу мисалдарды келтирди.
Медиа портал “Neweurasia”
Written by Akmal, Sunday, 6 Sep, 2009 – 13:56
