Кыргызпатенттин башчысы «СК»нын кабарчысына домен аймагынын тегерегиндеги жагдай жөнүндө жана Кыргызстандагы Интернеттин келечеги туурасында айтып берди.
– Улан Мелисбекович, сиз бүгүнкү күндө Кыргызстандын ММКсындагы эскерүүлөрдүн жыштыгы боюнча «негизги ондукка» киресиз . Улуттук домен аймагынын айланасындагы окуялар эле канчалык көңүл борборун өзүнө тартууда?
– Дал ушул туурасында мен өзүм силерден, журналисттерден сурайын дедим эле. Чындыгында эле kg аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктардын Кыргызпатентке өткөрүлүшүнүн тегерегиндеги кырдаал жөнүндө көп суроо беришет. Анын үстүнө ата мекендик Интернеттин мурдагыдай эле жеке компаниянын кол алдында болуусуна артыкчылык берген биздин айрым бир оппоненттер «калдайган түрү суук» Улан Мелисбек жөнүндөгү кезектеги «мокочону» маалымат мейкиндигине улам ыргытып коюп жатышпайбы.
Бирок биздин ведомствонун ишмердүүлүгүнүн сиздердин кесиптештериңиздерди кызыктыруучу жактары дагы бар. Бүгүн бизде Президентибиз дайыма айтып келаткан башкаруунун азыркы стандарттарын өздөштүрүү зарылчылыгы үчүн көп нерселер жасалууда. Министрликтер менен ведомстволордун ичинен биринчилерден болуп документ жүгүртүүнүн электрондук жолуна өттүк жана Кыргызпатенттин ишин автоматташтыруу боюнча ишти улантып жатабыз, мыйзамдарга бир нече оңдоолорду киргизүүнү демилгелөө менен каракчылыкка каршы күрөштүн үстүндө тыкыр иштеп жатабыз. Анын үстүнө бул күрөш жазалоо чаралары менен гана коштолбостон, лицензияланган продуктулардын биздин рынокто татыктуу орун ээлөөсү үчүн белгилүү бир шарттарды түзүү менен жүргүзүлмөкчү. Анын ичинде- улуттук домен аймагын өнүктүрүү дагы бар.
Ушул жылы биздин ведомство Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында эл аралык чоң форум өткөрүү жөнүндө демилге менен чыкты, жана бул жакшы резонансты жаратты. Андан тышкары биз ведомствого жаш кадрларды активдүү тартуудабыз. Балким эскиче иштеп көнүп калган айрым бир радикалдуу жаштарга бул жакпай жаткандыктан, алар өзүлөрүнүн тынч жашоосуна карата коркунучту көрүп жатышы мүмкүн. Бирок мен бардык жагынан иштери ийгиликтүү болгон Америкадан Кыргызстанга өз өлкөмдүн жыргалчылыгы үчүн чет өлкөдөн алган билимдеримди жана тажрыйбамды колдонуу үчүн келгемин.
– Казакстандын премьери Карим Масимовдун жолун жолдоп, биздин чиновниктердин ичинен сиз гана өзүңүздүн жеке (персоналдык) блогуңузду ачтыңыз. Бул модабы же объективдүү зарылчылыкпы?
– Менин өз блогумду ачууга жеке мүнөздөгү себептер түрткү болду. Анткени менин биздин өлкөдө гана эмес, анын чегинен тышкары жактарда жашаган көп досторум бар. Бул ошолор үчүн, аларды бириктирүү үчүн мен өз кезегинде АКШда жүргөндө Kyrgyz.us. деген түйүндүк долбоорумду ишке ашырган болучумун. Кийинчерээк күндөлүк жумуштардан таптакыр бошой албай, менин жашоомо жана ишиме кызыккандар менен ар кандай маселелер боюнча пикир алышып көнүп калгандардын каттарына жооп берүүгө жетишпей келем.
Эл менен мамиле түзүүгө умтулуу бул жерде биринчи планда эмес. Ошентсе дагы, албетте чиновник диалог үчүн ачык болушу керек жана жеке блог анын бир формасы болуу керек деген пикирге кошулам. Эреже катары эң курч маселелер туурасында жазып турам. Көптөгөн жакшы пикирлерди, пайдалуу кеңештерди, колдоо жана жактоо көрсөткөн жылуу сөздөр жазылган каттарды алып жатам. Бул абдан жардам берет.
– Президенттин Жогорку Кеңештин биринчи отурумунда чыгып сүйлөгөн сөзүнөн кийин өкмөттүн жаңы структурасы кандай болот деп көптөрү баш катырышууда. Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?
– Турмуштун өзү мамлекеттик кызматкерлердин оптималдуу структурада жана оптималдуу санда уюштурулушуна бизди түртүп жатат. Мурда буга саясый эрк жетишпей келген деп айтууга болбойт – саясый туруктуулук жетишпей келген. Тигил же бул кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу үчүн кайсы гана бийлик болбосун адегенде бекилиши керек. Бүгүн саясый оппозиция факт жүзүндө өзүн дискредитациялагандан кийин мамлекеттик башкаруу системасындагы реформаларды жүргүзүүчү жана бышып жетилген маселелерди чечүүгө оптималдуу шарттар түзүлдүү.
Бул чындыгында эле биринчи кезектеги маселе, себеби мамлекеттик ишмердүүлүк чөйрөсүнүн ичинен кайсы гана реформаны болбосун баштоо үчүн мамлекеттик башкаруу системасын тартипке келтирүү керек.
Мамлекеттик башкаруу структурасын оптималдаштыруунун устүндө азыр иштеп жаткан эксперттер жана талдоочулар бул татаал маселени акыл менен жана адистик менен чечишээрине мен ишенем. Чындыгында СССР убагынан бери келаткан бүгүнкү структура көпчүлүгүндө борбордоштурулган мамлекеттин белгилерин жана милдеттерин сактап турат. Ал эми биз болсо эбактан бери эле борборсуздаштыруу зарлчылыгы жөнүндө айтып келебиз. Курманбек Салиевич «бийлик» жана «башкаруу» деген сөздөр синонимдер болуп эсептелбейт жана өлкөнү башкарууда бийлик менен коомчулук өнөктөш болуулары керек деп абдан так айты.
Мисал келтирейин. Өзүлөрүнүн университеттери менен даңазаланган АКШга окшогон мындай чоң жана бай өлкөдө 1980-жылга чейин билим берүү министрлиги болгон эмес. Бул тармакты саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыз кылууну бир ведомство башкарып келген. Бүгүнкү күндө билим берүү министрлиги - бул мамлекеттеги эң аз адам иштеген жана аз бюджеттүү министрликтердин бири. Дээрлик бардык башкаруу милдеттери жер-жерлерге - штаттардын администрацияларына жана жергиликтүү мектептик кеңештерге өткөрүлүп берилген. Муну менен министрлик мектептик билим берүүнү гана жетектейт. Университеттик коомчулук толугу менен өзүн-өзү башкаруучу болуп эсептелет. Университеттер мамлекеттен каржыланбайт. Муну менен керешенин башкы статьясы болуп студенттердин окуу үчүн төлөмдөрү эмес, илим жана инновациалык иштеп чыгууларды коммерциялаштыруудан алынган пайда эсептелет. Айтмакчы бул теманы биз жайында ИМБДУ менен уюштурган эл аралык конференцияда кызуу талкуулаганбыз.
– Президенттин Жарлыгын жүзөгө ашыруу жөнүндөгү маселеге кайра кайрылбайлыбы. Улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Кыргызпатентке кайра өкүлдөө процесси кандайча алдыга жылууда?
– Кээ бирөөлөр kg аймагын башкаруу укугун Кыргызпатентке өткөрүп берүү иши таш капты деген пикирди айтууну абдан каалап турушат, себеби Аталыштарды жана номерлерди интернетте бөлүштүрүү боюнча корпорация (ICAAN) бул демилгени колдобой жатат имиш. Анын ортосунда биз эң башында эле ММКнын пресс-конференцияларында чыгып сүйлөгөн сөздөрүбүздө бул жетишээрлик узак жолдун башталышы гана экендигин айтып келгенбиз. Кайра өкүлдөө жол-жоболору аркылуу өткөн өлкөлөрдө буга орточо эки- үч жылдан убакыт кеткен. Демек, бизде бардыгы жайында, ICAAN менен кат алышуулар улантылууда жана бир эле мезгилде ылайыктуу инфраструктураны даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.
ICAAN дын негизги талаптарынын бири, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү катардагы колдонуучулардын жаны ачыбагандай кылып аткарууда турат. Ал эми ал үчүн өлкөнүн ичиндеги бардык шарттарды даярдоо керек. Азыр Кыргызпатенттин алдында домен аймагын башкаруу боюнча борборду түзүү иштери жүргүзүлүүдө. «Улуттук домен наамандарынын системасын иштетүүнү уюштуру жөнүндө» Президенттин Жарлыгын жүзөгө ашыруу жөнүндө өкмөттүн токтому да чыкты, ал биздин ведомствону ылайыктуу документтерди иштеп чыгууга милдеттендирет.
Биз мындай документтердин үчөөнү даярдадык. Бул улуттук домен аймагынын наамдарынын реестрине кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келшимдин долбоору – администратор менен каттоочунун ортосундагы келишимдин формасы. Себеби мурда бизде каттоочу жана администратор бир эле компания болгондуктан келишимдин зарлдыгы жок болчу.
Монополист башкарган чөйрөдөгү жагдай россиялык адистердин саясый пиар тармагында «Уши машут ослом» деп аталган китебинде абдан жакшы баяндалган:
Элестетип көрүнүзчү, Сиз сотко келсеңиз ал жерде бир топ адамдар отурушат. «Судьялар кайда?» - деген сиздин сурооңузга – «Биз судьяларбыз»- деп жооп беришет чогулгандар.- «Жакшы, ал эми сотко ант беришкендер каякта?»- «Биз ант бергендер дагыбыз» -деген жооп угулат. – «Ошентип прокурор кайда?» - «Биз прокурорлорбуз» - «Анда адвокаттар дагы силер турбайсыңарбы?».- «Туура түшүндүңүз. Анчалык деле айырмасы жок го. Бул жөн эле бирөө үчүн ар башка сөздөр эмеспи».
Биз биздин өлкөдө «кулактары эшекти сермегенин» каалабайбыз. Эми ар бир оюнчу kg домен аймагында өзүнүн ордун ээлейт жана администраторго көп каттоочулар менен макулдашууга туура келет. Андан кийинки документ – kg улуттук домен аймагында домен наамдарын каттоо Эрежелеринин долбоору. Үчүнчү долбоор - kg улуттук домен аймагын башкаруу борбору жөнүндө Жобо. Башкаруу милдетин өткөрүп берүү боюнча даярдык иштер жөнүндөгү бардык маалыматтар башкаруу борборунун келечеги үчүн биз атайын түзгөн ссТLD.kg сайтында жайгаштырылат.
Бул документтердин долбоорлорун биз бардык ылайыктуу министрликтерге жөнөттүк, алардын айрымдары өз пикирлерин жана эскертүүлөрүн айтышты. Биз бардык министрликтерден эскертүүлөрдү алгандан кийин, ошол сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу менен аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизебиз, документтердин долбоорлору бекитүү үчүн өкмөткө жиберилет. Ошондон кийин гана Юстиция министрлиги Борборду каттоо жөнүндөгү маселени карайт. Бул белгилүү бир мөөнөттү камтый турган стандарттуу жол-жоболор.
Биздин оппоненттер ченемдик-укуктук актылар белгилүү бир мөөнөттү талап кылаарын жакшы билишет. Демек Президенттин Жарлыгын аткаруу иш ойрондолду деген алардын билдирүүсү куру кыйкырык.
Юридикалык таризделген Кыргызпатент эми администратор болуп эсептелет жана ылайыктуу даттанууларды, каршылыктарды кабыл алууга жана «АзияИнфо» үчүн милдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга ыйгарым укугу бар. Башкача айтканда, азыркы убакта ушуга окшогон бардык кайрылуулар адегенде Кыргызпатентке келип түшөт, чагылдырылат, андан кийин бүгүнкү күндө башкаруу милдетин аткарып жаткан компанияга берилет. Биз бир нече серверлерди сатып алып койдук.
– Ушуга байланыштуу бизнес өнөктүгү, жарандык коом жана бийлик жөнүндө суроого кайрылсак: мындай учурда өнөктөштүк болбой жатат жана бул үчүн ким жоопкерчиликтүү?
– Биздин оппоненттер кызматташууга даяр экендиктерин гана көрсөтүшпөстөн, провокациялык дегенден башкача атоого болбой турган жактары менен дагы активдүүлүк көрсөтүүлөрүн улантышууда. Кыргызпатентке каршы олуттуу аргументтери жок болсо дагы алар ведомствонун жетекчиси катарында мени жаманатты кылууга канчанчы ирет аракеттенишүүдө, эгерде бул кызмат орунун эпке көнө турган башка бирөө ээлесе, аларга жайгдайды өз пайдаларына оодарып алууга мүмкүндүк болуп калаар деп үмүттөнүп жатышкандай. Бирок бул жерде кеп менде эмес да, кептин баары мамлекеттин бардык колдонуучулардын кызыкчылыктарына ылайык ушул тармакты жөнгө салуунун принциптүү жана объективдүү чечимди кабыл алгандыгында. Ал ушул саясатты улантат, себеби республикада Интернетти өнүктүрүүнүн деңгээли жеке компаниянын мүмкүнчүлүгүнөн эбак ашып кеткен.
Бул жарыяланбаган маалыматтык согушта коомчулуктун аң-сезимин жазгыруунун куралдарынын бири катарында, домен аймагын башкарууда мамлекеттин ата мекендик Интернет-ресурстарды кармоонун үстүнөн толук контролдук кылууга катышуусу жөнүндөгү жыртылган тезис пайдаланылууда. Башкача айтканда түшүнүктөрдүн жөнөкөй алмаштыруулары болуп жатат. Аларды так ажыратып түшүнүү керек. Интернет-ресурстардын контентине карата эркиндикке жетишүүгө умтулуу жана мында мамлекет тарабынан контролду орнотуу боюнча эч кандай суроолор жана каршылыктар жок. Ушул жакка укук коргоочулар өзүлөрүнүн бардык күч аракеттерин жумшаса жакшы болмок эле. Бирок, домен аймагына карата, туура ой жүгүртүүчү, акыл-эси ордундагы адамдын кайсынысы болбосун биздин абалыбызды түшүнөт жана колдойт деп ойлоймун.
Биз мамлекеттик орган катары, тигил же бул чечимди кабыл алуу менен, бардык кызыкдар болгон тараптардын өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алууга милдеттүүбүз. Бирок, бул кырдаалда кызыкдар болгон тарап катары бүтүндөй Интернет-коомчулуктун атынан эки-үч гана адам чыгып жатпайбы. Ал эми Байланыш операторлорунун ассоциациясы жана ГИИП – Т.Мамбеталиева менен ошол эле «АзияИнфонун» балдары болуп жатышат. Алар биринчи кезекте кимдин кызыкчылыктарын коргой тургандыктары түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Тармактык коомчулук тарабынан мыйзамдуулуктун жана кеңири колдоонун жетишсиздигинен улам Мамбеталиева айым «кара пиярга» жана ыплас технологияларга чуркап барууга аргасыз болуп жаткандыгы дагы түшүнүктүү болуп турат.
Бүгүнкү күндө республикада катардагы тармактык колдонуучулардын кызыкчылыктарын көрсөтүүчү уюм жок. Мына ошентип, ошол эле адамдар судьялар, ант бергендер, адвокаттар жана прокурорлор катары чыгып жатышпайбы, ал эми интернеттин калган колдонуучуларына, улуу комбинатор айткандай, өлгөн эшектин кулактары калып жатпайбы.
– Жакында оппоненттердин кезектеги ушагына байланыштуу Сиз кызматттан кетүүгө даяр экендигиңизди билдирдиңиз…
– Туталанып, өкүмдүк кылып жибердим… Мени кандай гана жалаа менен же пайдакечтикте күнөөлөшпөсүн, алар бир жөнөкөй эле нерсени түшүнө албай жатышат көрүнөт. Мен – чиновникмин, саясый фигурамын. Эгерде мен эртең бул кызматтан кетсем, өзүм менен кошо улуттук домен аймагын ала кетпейм да. Мен республикада бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн Интернетти өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган кандайдыр бир эрежелердин пайда болуусу үчүн андан ары аракет кыламын.
Бүгүн биз IT-технологияларынын тармагындагы кадыр-барктуу адистердин бардыгын Интернеттин тагдырын чогуу чечүү үчүн Координациялык кеңештин ишине катышууга үндөп жатабыз. Талаш-тартыштар болгон учурда аларды кароо үчүн биринчи инстанция катарында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш бар. Бул кадимки процесстер. Биз улуттук домен аймагын жөнгө салуу маселелерин кыйла цивилизациялуу деңгээлге алып чыгалы деп жатабыз. Бул маселелер бардык кызыкдар болгон тараптардын катышуусунда жана чыныгы айкындыкта коллегиялдуу чечилээрин белгилеймин.
– Кыргызстандын түйүндүк коомчулугу жакын арада жана келечекте кандай өзгөрүүлөрдү күтүүлөрү керек?
– Биздин жакынкы пландарыбызда – Кыргыз интернетинин күнүн уюштуруу, улуттук домен аймагынын фестивалын өткөрүү. Биз бардык мектептерге, университеттерге жана башка билим берүү уюмдарына edu аймагында бекер домендерди берүүгө, ал эми кайрымдуулук жана коммерциялык эмес уюмдарды акысыз хостинг менен камсыз кылууга ниеттенүүдөбүз. Сөзсүз түрдө улуттук домен аймагында социалдык тармакты өнүктүрөбүз, Кыргызстанда бүгүнкү күндө жок болуп жаткан тармактык экономиканы өнүктүрүү үчүн инфраструктураны түзөбүз, анткени электрондук эсеп валютасы жок. Ушуга чейин муну менен эч ким иш алып барган эмес, себеби жеке структура буга кызыкдар эмес. Ал эми биз болсо мамлекеттик орган катары бул багытта, кыргызстандыктардын ал гана эмес, анын чегинен тышкары жакта жашагандардын дагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн оңой эсептешүүсү үчүн Улуттук банк менен иштешебиз.
Бул, китептерге, искусство предметтерине, аудио-жана видеопродуктуларга дагы тиешелүү. Биз окуяларды интернетти легалдаштырууга түртүүдөбүз. Бүгүн колдонуучулар кээде мыйзам бузууга аргасыз болушат, себеби Интернет аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү легалдуу алуунун ыкмалары жок. Ушунун бардыгы мүмкүн болушу үчүн түйүндөгүлөр өзүмчүлдүгүн жана тар топтуу кызыкчылыктарды четке таштап, биригүүлөрү керек. Бизде анча чоң эмес өлкө, бул чөйрөдөгү адистер анча көп эмес жана биз өз-ара сүйлөшө билүүгө үйрөнүшүбүз керек.
Аңгемелешкен Людмила ПАВЛОВИЧ.
Слово Кыргызстана № 91, 4.09.2009

