• Кыргызча
  • Русский
Чыгыш-Батыш. Кайрадан бирөөнү күнөөлөмөйбү?
Жарыяланган күнү : 
03/09/2009

Жакында диний көз караштагы режиссер Люк Бессон менен беделдүү фотосүрөтчү Янн Артюс-Бертран биргелешип тартышкан «Үй» (“Home”) деген документалдуу фильмдин бет ачаарына бардым. Планетанын эң кооз жерлерин, суктандырган пейзаждардын ажайып кереметин көрсөтүү менен катар эле, фильмдин негизги сюжети- адамзатынын ишмердүүлүгү жаратылышты кандай гана жабыркатып жаткандыгы көрүүчүнү кайгыга салат. Фильм ошондой эле ийгиликтерге жетишип жаткан батыш өлкөлөрүн АКШ менен Европанын ашкере колдонуусунун айынан суу жетишпей жаткан башка мамлекеттер менен салыштырат.

Кино аяктаган соң Кино үйүнүн кире беришинде (фойеде) жайылган дасторкон үстүндө аңгеме-талкуу жанданды. Алдыңкы чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү экологияны бузууда Американы ашыкча күнөөлөштү. «Тоюнуп алышыптыр!», «Абдан көөп кетишти», «Алардын айынан биз жапа чегип жатабыз» деген сыяктуу нааразылыктар ар кайсы жактан угулуп жаты.

Мен өзүмчө ойго чөмүлдүм: «Шайтан алгырдыкы десе, региондогу Арал деңизин өзүбүздүн эле кайдыгерлигибиз тыптыйпыл кылбады беле. Бул жерде Американын кандай тиешеси бар? Биз өзүбүз жаратылыш ресурстары түгөнбөөчүдөй, ага өтө эле таш боордук менен мамиле кылып жатпайбызбы – сууларды булгагап, жерди өлтүргөн, абаны булгап жаткан дал өзүбүз эмесписпи.
АКШны күнөөдөн таптакыр алыс деп айтуудан алысмын, бирок, айрым бир жагдайларды эске салып койгум келет.

Батыштын саясатчылары, экс-президенттери жана алардын жубайлары жаратылышты сактап калу үчүн бүтүндөй партияларды түзүшөт. “Гринпис” курчап турган чөйрөнү булгаган мамлекеттер жана коммерциялык корпорациялар менен күрөшүп келет, «жашылдар» ал жакта масштабдуу акцияларды уюштурушат, биологиялык ар-түрдүүлүктү сактоо боюнча иш алып барышат, атайын мыйзамдарды иштеп чыгышат. Кандайдыр бир продуктуну чыгаруу үчүн, ал экосистемага зыян келтирүүгө жөндөмсүз экендигине ондогон тесттерден өтүшөт.

Алардын шаарларынын чет жакаларында жапайы жаныбарлар мекендеген токойлорду кезиктирүүгө болот. Андан дагы тыйын чычкан жана бугулар адамдын колунан тамак жешет, ал эми карышкырлардын жана башка жырткыч жаныбарлардын көпчүлүгү атылган мылтыктын үнүн эч качан угушкан эмес. Токойду кесип өтүүчү кара жолдун астына атайын түтүктөр жаткырылып, алар аркылуу айбанаттар жолдун ары жак- бери жагына беймарал өтүп турушат. Эгерде аларга ууга чыга турган болсо, ал аларды уктатуу жолу менен, аларды адамга тоскоол болбой турган башка жактарга алып бару үчүн гана жасашат.

АКШда ушунчалык жогорку деңгээлге жетишип алышкан, ага жетишке бизге дагы көп бардай. Ал жакта адамдар табият менен таттуулукта жашашат, ал эми жаратылышка кам көрүү идеологиянын катарына бир аз эле жетпегендей. Алар экологияга ушунчалык этият мамиле жасашат, жада калса таштандыларды дагы сорттошуп, батарейкаларды туура утилдештиришет, «Кайра иштетүүгө же экинчи жолу пайдаланууга жарайт» деген эн белгиси бар сааттарды жана буюмдрды эч качан таштандыга ыргытышпайт.

Алыска барбай эле коелу: биз айдап жүргөн машиналарды американын жолдоруна түк чыгарышмак эмес – атмосфералык экостандартка туура келбейт. Бизде таштанды салуучу челектер кадам сайын коюлган болсо дагы, таза көчөнү издеп көрүүгө туура келет. Биз Батышты тилдеп көнүп алганбыз, ал эми өзүбүз менен ишибиз жок. Кыргызстан ушунчалык бай келген ресурстарга биз жырткычтык менен мамиле кылабыз. Эгерде АКШда ичиле турган суу үчүн эсептегич боюнча көптөгөн акча төлөнө турган болсо, бизде андай суулар менен сугат иштери жүргүзүлөт жана машиналарды жууйбуз. Аларда машинага урунуп алган ар бир кемчеттин өмүрү үчүн күрөшүшсө, Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды аёосуз аткылап кырышат.

Биз эмне үчүн бир нерсе болсо эле кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө шашабыз, өзүбүз мыкты болуп кеткенсип. Бирөөнүн көзүндөгү чөптү көрөбүз да, өзүбүздүкүндөгү дөңгөчтү көрбөйбүз. Биз жок жерде бардыгы жакшы деген менталитет пайда болуп калган. Дайыма биз өзүбүз эмес башка кимдир бирөөлөр күнөөлүү. Муну менен дал ошол биз ооз жүзүндө коргоп жаткан энебиз-жаратылыш жапа чегүүдө.

http://melisbek.com/blog/5
http://members.vb.kg/2009/09/03/selxoz/3.html