• Кыргызча
  • Русский
Акипресс: "Кыргызпатентке "KG" доменин өткөрүп берүүнүн техникалык маселелери боюнча ICANN менен кат алышуулар жүргүзүлүүдө"
Жайындалган күнү : 
2009-09-03

Кыргызпатент “KG” домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ведомствого өткөрүп берүү боюнча ICANN менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бүгүнкү күндө уюмдардын ортосунда техникалык маселелер боюнча кат алышуулар болуп жатат, бул туурасында “Акипресс” маалыматтык агенттигинде болуп өткөн пресс-конференцияда КРнын Патенттик кызматынын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов айтып берди.

KG” домен аймагын башкарууну өткөрүп берүү үчүн Кыргызпатентке “белгилүү бир убакыт” керек боло тургандыгын айтты Ф.Ибрагимов.

Кыргызпатент ICANN менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү 2009-жылдын апрелинде демилгелеген болчу.

Эске салсак, “Улуттук домендик аталыштар системасын башкарууну уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка Президент 2009-жылдын 7-апрелинде кол койгон. Жарлыкка ылайык, “KG” домен аталыштарын башкарууну жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы дайындалган.

2009-жылдын 23-майында АзияИнфо Кыргызпатенттин дарегине жөнөткөн расмий кат-кабарлоосунда “Улуттук домендик аталыштар системасын башкарууну уюштуруу жөнүндө” Президенттин жарлыгына ылайык ccTLD «KG»ни башкарууга укуктарды өткөрүп берүүгө өзүнүн даяр экендигин ырастаган, деп көрсөтүлгөн ведомствонун кабарлоосунда.

http://business.akipress.org/news:32421