Кыргызстандын патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек жана өз тарабына Кыргызстандын патентик ишенимдүү өкүлдөрүн кошуп алууга аракет кылып жатышкан Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин ортосундагы чыр-чатактар жана маалыматтык каршылашуулар күч алууда.
Ушул учурда түшүнүксүз нерселер көп, ал эми тараптар өз пайдасына коомдук пикирди тартууга умтулуу менен бири-биринин дарегине бир нече билдирүүлөр менен алмашышты.
Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңеши 17-августта Кыргызстандын патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбекти өзүнүн жеке жана кызматтык кызыкчылыктары үчүн 38 домендик аталыштарды ээлеп алган деп күнөөлөдү. Бир аз мезгил өткөндөн кийин кеңеш аны патентик ишенимдүү өкүлдөрдүн акчасын опузалап алууга аракеттенген деген айып коюп чыгышты жана 19-августта генералдык прокурор Эльмурза Сатыбалдиевдин дарегине ага каршы чара колдонууну өтүнүп кат жөнөттү.
Биринчи коюлган күнөө боюнча укук коргоочулар ошондой эле kyrgyzcha.org жана aitmatov.org домени У.Мелисбекке таандык, биринчисин ал баштапкы баасы менен АКШнын 1000 долларына сатууга койгон, ал эми экинчиси болсо реконструкциялоодо турат, бирок иштеп турган учурунда кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын же чыгармаларынын бир бөлүгүн камтып турган деп түшүндүрүштү.
Өз кезегинде У.Мелисбек www.ebay.kg сайтын аукциондорду жана ошол замат төлөөлөрдү уюштурууда www.ebay.com американын белгилүү компаниясынын автордук укуктарын бузууда күнөөлөгөн. Бул туурасында ал 2009-жылдын 7-апрелиндеги республиканын Президентинин Жарлыгына ылайык «*.kg» домен аймагын башкаруу укугун «АзияИнфо» компаниясынан Кыргызпатентке өткөрүп берүүгө арналган пресс-конференцияда айткан. Улан Мелисбек тарабынан коюлган бул күнөөлөөлөрдүн негиздемеси ошол учурда шектенүүнү, ал тургай республикадгы Интернет колдонуучулардын айрым бир бөлүгүн жана кээ бир эксперттердин таң калуусун жараткан эле. Азыр болсо ошол күнөөлөөлөрдүн бардыгы кайтып анын өзүнө коюлуп олтурат жана укук коргоочулар сурангандай, У.Мелисбек тарабынан бул фактыларды юридикалык негиздемелер менен четке кагуу келип түшө элек.
Укук коргоочулардын күнөөлөөлөрү ошондой эле ар түрдүү Интернет-форумдардын колдонуучулары тарабынан шек саноолорду жаратууда, Кыргызпатенттин башчысына карата кеңештин ушунчалык сын мамилесине анчалык эмне себепкер болду экен?
Экинчиси болсо, патентик ишенимдүү өкүлдөрдүн акчаларын опуза талап менен алууга умтулгандыгы жөнүндө кыйла олуттуу күнөөлөө. Укук коргоочулар У.Мелисбектин патентик ишенимдүү өкүлдөрү менен болгон жолугушуудагы сүйлөшүүлөрдүн аудиожазууларын жана анын стенограммасын жайылтышып, акча тууралуу сөз болуп жаткан жерлерине басым жасаган түшүндүрмөлөрдү беришкен.
Аудиожазуунун өзү бир топ узун жана аны чечмелөө Кыргызпатенттин башчысынын көп сөздүүлүгүн эсепке алганда 26 баракты ээлейт. Өз кезегинде Мелисбек аны абдан кыскартып коюшкандыгын, аны жаман көрсөтүү үчүн кээ бир жерлерин алып салышкандыгын айтат. Жазууну угуу жетишээрлик көп убакытты талап кылат, бирок, сөз акча жөнүндө гана эмес, ведомствонун башкаруу системасындагы келечектеги реформалар жана автоматизация процессин киргизүү тууралуу болуп жаткандыгын түшүнүүгө болот.
Буга жооп кылып Кыргызстандын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн ассоциациясынын мүчөлөрү алар менен болгон Мелисбектин жолугушуусунан алынган сөздөрдү жарыялаган өз коллегалары А.Вандаевди сындап чыгышып, Вандаевдин жасаган иштерин этикага жатпайт жана үчүнчү жактардын автордук укуктарын бузуп жатат деп эсептешти жана азыркы учурдагы ММКдагы кырдаал жана коомчулук дал ошолордон жагдайды түшүндүрүп берүүлөрүн күтүп жаткан учурда ошону менен эле чектелип калышты.
Мелисбек өзү жазуунун мазмунун АКИpressке төмөндөгүчө түшүндүрдү: «Отурумда мен мамлекеттик кызыкчылыктар тууралуу жана биз коррупциячылар эмес экендигибиз жөнүндө сүйлөдүм… Биз ведомстводо чечкиндүү реформаларды жүргүзүп жатабыз, башкарууну автоматташтырып жатабыз жана ушул автоматташтыруунун бир бөлүгү патентик ишенимдүү өкүлдөргө түздөн-түз тиешелүү… Биз буга чейин автоматташтыруу процессинин финансылык чыгымдарын жабууга катышууну каалагандыгын билдирген патентик ишенимдүү өкүлдөр менен көп ирет жолугушканбыз. Анын үстүнө өтүнмөлөрдү электрондук жол менен берүү баарыдан мурда өзүлөрүнүн кызыкчылыгында болгондуктан, демилге патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өзүлөрүнөн келип чыккан».
«Көйгөйдүн бардыгы патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн жардамдын суммасын кандайча бөлүштүрүүнү өз-ара макулдаша албай жаткандыгында болду, себеби берилген өтүнмөлөр боюнча патентик ишенимдүү өкүлдөрдүн көрсөткүчтөрү ар кандай,- деп айтты ал. – Алар бизге кайрылышып өтүнмөлөрдүн берилишинин статистикасын сурашкан».
Ушул интервьюда Мелисбек ошондой эле кызматтан бошонушу мүмкүн экендигин билдирди: «Мен кызматтан бошонуп жана өзүмдүн жайма-жай турмушум менен жашоого ык коюп калдым, себеби мындай жагдайда иштөө мүмкүн эмес… Мен Кыргызстанга бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан биздин өлкөнүн реформаларына жардам берүү максатында, коомчулук үчүн иш жүзүндө кандайдыр бир пайдалуу нерсе жасоо үчүн кайрылып келген болчумун».
Ошентип, Мелисбектин ата мекендик чиновниктер үчүн суктанарлык компромиссиздикти көрсөткөндүгүн таануу керек, бул азырынча сөз жүзүндө гана болсо дагы, дегинкиси анын дайындалгандан берки абдан жандуу ишмердүүлүгү – бул башка ведомстволордун жетекчилеринен айырмаланып, ММК да өзүнүн идеялары жана демилгелери менен өтүмдүүлүк кылып келгендиги. Ошентсе дагы интернет коомчулуктун бир бөлүгү анын кызматтан бошонуу жөнүндө айткандарынан чабалдыктын көрсөтүлгөндүгүн белгилешүүдө.
Андан тышкары, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин АКИpress менен жеке сүйлөшүүлөрүндө анын келиши менен кыска мөөнөттүн ичинде көп нерселер түп тамырынан бери жакшы жагына өзгөргөндүгүн бир канча жолу белгилешкен. Булар: ишке батыштын корпоративдик стилинин киргизилиши, ведомствонун толук компьютерлештирилүүсү жана электрондук документ жүгүртүүнүн киргизилиши, ИМБДУ (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму) менен бирдикте Ысык-Көлдүн жээгинде интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык форумдун уюштурулушу, анын «*.kg» домен аймагын башкаруу укугун кайра өкүлдөө боюнча «айтылуу» делип калган демилгеси, каракчылык жана контрафактылык продуктуларга каршы күрөштү күчөтүү боюнча, жана өзгөчө ага өзүнүн каалоосу менен иштен кетүү коркунучун алып келип олтурган башкарууну автоматташтыруу жана патенттөөгө өтүнмөлөрдү электрондук жол менен берүү боюнча мыйзам долбоорлору.
Барынан кызыгы коомчулуктун пикирлери, атап айтканда Интернет-форумдардын кээ бир колдонуучуларынын пикирлери абдан айырмаланып калды, бирок азыр Кыргызпатенттин башчысына тилектеш болгондордун жана ачык эле аны жактыргандыгын билдиргендердин саны ушул жылдын апрелинде өзүнүн ведомствосуна «*.kg» домен аймагын башкаруу укугун өткөрүп берүүнү демилгелегендеги убаккка караганда азыр кыйла көп болуп чыкты. Бирок ошондой болсо дагы акыркы окуяларды талкуулоодо драматизм азайган жок.
Иш жүзүндө Мелисбектин дарегине укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн белгилүү бир күнөөлөрдү коюп келгендиги биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөттүк эмес уюм жана Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева анын «*.kg» домен аймагын башкаруу укугун «АзияИнфо» компаниясынан мамлекеттик ведомствого б.а. Кыргызпатентке өткөрүп берүү боюнча демилгесин катуу сынга алуу менен чыккан болучу, жана аны ылайыктуу Жарлыкка кол коюшкан өкмөт менен президентти адаштырууга алып келүүдө күнөөлөгөн. Байланыш операторлор ассоциациясынын төрагасы Олег Жеребко муну административдик ресурсту пайдалануу менен бизнес-долбоорду тартып алуу сыяктуу көрүнөт деп билдирген.
Акыйкатчынын пресс-кызматы 17-августта ММК чөйрөсүндө, Акыйкатчынын Аппаратынын башчысы Молдакун Абдылдаев эки укук коргоочу өздөрүнүн жеке пикирлерине негизденишкендигин жана бул эч кандай башка бардык калган укук коргоочулардын пикирин билдире албай тургандыгы жөнүндө кабарды тараткан. Укук коргоочулар кеңешинин мүчөлөрү көрсөтүлгөн маалыматка кол коюшкан эмес, демек, жайылтылган кайрылуу эки гана адамдын, атап айтканда Бурул Макенбаева менен Тимур Шайхутдиновдун гана көз караштарын чагылдырат.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун өзүнүн маалыматы боюнча алар ушуга чейин бир нече күн мурда «улуттук домен аймагын башкарууну өткөрүп берүү боюнча Президенттин Жарлыгынын белгилүү оппоненти» Таттуу Мамбеталиева менен жолугушкан. Укук коргоочулар менен жолугушуу учурунда Т.Мамбеталиева аларды өлкө башчысынын демилгесине каршы чыгууга бардык күч аракети менен үндөгөн жана башкаруу маселелерин адам укуктарына байланыштырууга бардык аракеттерин жумшаган. Демек эки укук коргоочунун көз караштары ангажменттелген болуп эсептелет, ал эми алар жайылткан маалыматтар объективдүү деп эсептелинбейт.
Интернет чөйрөсүнүн кыргыз сегментинин укук коргоочуларынын изилдөөлөрү компетенттүү деп эсептелиши мүмкүн эмес, анткени алар атайын ишеничсиз далилдерге негизденет.
Мелисбек 19-августта АКИpress агенттигине берген интервьюсунда анын демилгесине карата укук коргоочулардын сын мамилесинин себебин кыйытып мындай деп айтты: «Мунун бардыгынын аркасында дегеле биздин домендик аймактын статусунун өзгөрүшүнө каршы турган айрым бир кызыкдар болгон адамдардын кулактары кылтыйып көрүнүп турат».
Кыргызпатенттин пресс-кызматынын айтымында, азыркы учурда алар «*.kg» аймагын башкаруу укугун кайра өкүлдөө маселесин өз пайдасына чечүү үчүн ICANN корпорациясы менен активдүү кат алышып жатышат. Мелисбек иштен бошонуп кетсе жаңы төрага же ведомствонун өзү ал баштаган демилгени уланта алабы деген суроо пайда болушу ыктымал.
Ошондой эле, жаңы төраганын келиши менен ал ким болсо дагы, өлкө башчысынын жарлыгына карабастан маселе чечилбеген бойдон калышы жана республика домендерди каттоо үчүн баанын убада боюнча төмөндөшүнө жетпеген бойдон калышы мүмкүн.
Мунун жакшы же жаман экендигин ажыратуу кыйын. Ушул учурда домендерди каттоонун баасы «АзияИнфо» компаниясы белгилегендей кошумча наркты кошпогондо 60 доллардын деңгээлинде турат. Ата мекендик эксперттердин пикирлери боюнча ал жетишээрлик оптималдуу, себеби бул баа башка өлкөлөрдөгү домендерди каттоого салыштырмалуу жогору болгон менен домен мейкиндигинде киберсквоттерлер үчүн ишмердүүлүк тилкесин чектейт. Ошондой эле азыркы абал иштеп чыгуучуларды жана Интернет-ресурстардын ээлерин аздыр-көптүр канааттандырат, себеби компания өз милдеттерин толук канааттандыраарлык аткарып жатат. Доменди башкарууга укукту жеке компаниядан мамлекетке өткөрүп берүү коомчулуктун табигый чочулоосун чакырат.
Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин айрым бир күнөөлөөлөрүнө келсек, анда алар республиканын Генералдык прокуратурасы тарабынан колдоого алынуусу күмөндүү, себеби опузалоодо күнөөлөө үчүн далилдер базасы начар, ал эми домен аталыштарына ээлик кылуу деген эч нерсени билдирбейт жана ал тургай олуттуу компромат болуп дагы эсептелбейт.
Эркин Мамасалиев
АКИpress, 2009-жылдын 21-августу, 15:56
http://ca-news.org/news/203591