• English
  • Кыргызча
  • Русский
24.kg: "Кыргызстанда 2009-жылы 6 айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматына ойлоп табууларды каттоого 76 өтүнмө берилген"
Жарыяланган күнү : 
15/07/2009

Кыргызстанда 2009-жылы 6 айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматына ойлоп табууларды каттоого 76 өтүнмө берилген. Бул жөнүндө бүгүн “24.kg” МАга ведомствонун пресс-кызматы кабарлады.

Анын маалыматтары боюнча ойлоп табуулардын көпчүлүгү медицина, тамак-аш өнөр жайы жана тиричилик керектөөлөрүнө байланышкан. “Адамдар ооруларды дарылоонун жаңы ыкмаларын, операцияларды жүргүзүү үчүн аспаптарды, продуктуларды кайра иштетүү жолдорун жана жарандардын турмуш тиричилигин жеңилдетүү үчүн ар кандай амалдарды ойлоп табышат. 2008-жылы ушул сыяктуу идеяларга бардык ойлоп табуулардын 40 пайызы туура келген”, -деп белгилейт пресс-кызмат.

МПКнын кызматкерлеринин айтымында 1993-жылдан 2009-жылга чейин ойлоп табууларга 1528 патенттер берилген. Ал эми 2009-жылдын башынан бери -35 патент.

Ведомствонун пресс-кызматынын маалыматтары боюнча, патенттөөгө өтүнмө келип түшкөндө маңызы боюнча формалдуу, алдын ала экспертиза жүргүзүлөт. “Ойлоп табууну каттоого өтүнмө берүүчү өтүнүүчүлөр, бардык экспертизалар ийгиликтүү өткөн учурда патент алышат”, - деп кошумчалайт “Кыргызпатенттин” пресс-кызматы.

http://www.24.kg/community/2009/07/15/116209.html