Кыргызстандын Мамлекеттик патент кызматынын статс-катчылык кызмат орунуна Бакыт Кененбаев дайындалды. Бул маанилүү кызмат орунун ал Премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен ээледи.
Жаңы кадрды Кыргызпатенттин жамаатына министрлер кабинетинин аппаратынын маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Зина Исабаева тааныштырды.
“Такка отургузуу” жөрөлгөсүнө катышкан Мамлекеттик кызматтар боюнча агенттиктин директору Айдарбек Керимкулов жаш начальникке куттуктоо сөзүн айтып, гүлчамбыр тапшырды.
Кыргызпатенттин төрагасы Улан Мелисбек дагы жаңы орунбасарын куттуктап мындай деди:”Бир нече ай статс-катчы жок болуп келген эле, акыры маселе чечилди. Биз, кесиптешибиз биздин жамаатка тез жуурулушуп кетет деп үмүттөнөбүз”.
Салтанаттын күнөөкөрү да четте калган жок.
-Ушул кызмат орунуна дайындоодогу көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирем,-деп айтты Бакыт Кененбаев -Өз кезегинде ведомствонун гүлдөп өнүгүүсүнө милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого убада беремин.
Жаш статс-катчынын өмүр баянында өзгөчө бир жери бар -чет өлкөдө окуган. КРСУну аяктаган соң ал Оттербейн колледжинде (Огайо, АКШ) жана Деврий технологиялык институтунда окуп, анда “Маалыматтык технологиялар” адистиги боюнча бакалавр даражасын алган.
Азамат Касыбеков
“Вечерний Бишкек”, № 125 (9793)
