• Кыргызча
  • Русский
Гарри Поттерди ким уурдады?
Жарыяланган күнү : 
27/06/2009

Эдриан Джейкобс деген бирөөнүн мураскорлору Британиянын эң бай жазуучусу Джоан Роулингди уурулукта күнөөлөө менен сотко беришти. «Маглдардын» энесине Джейкобстун «Сыйкырчы Виллинин жоруктары» деген китебин эстетишти, доогерлердин пикири боюнча анын сюжетин, ал Гарри Поттер үчүн « уурдап алган». Экөө тең бир эле адабий агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышса дагы «сюжеттердин уурдоочусу», , Джейкобс жөнүндө эч качан укпагандыгын билдирген. Бул Роулингге каршы биринчи процесс эмес жана акыркысы дагы эместей көрүнөт.

Гарри Поттер жөнүндө китептердин сериясын басып чыгарган Британиянын Bloomsbury Publishing Plc басмасы жазуучу Джоан Роулингдин дарегине келип түшкөн уурулук жөнүндөгү күнөөлөөнү четке какты.

Доогер катары Эдриан Джейкобстун интеллектуалдык менчикке укуктары өткөрүлүп берилген мураскорлору чыгышты. Алардын каршылыктарына басма төмөндөгүдөй жооп кайтарды: «Эдриан Джейкобстун мураскорлору тарабынан коюлуп жаткан уурулуктагы күнөөлөө негизсиз жана жалган. Биз өз укуктарыбызды коргоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».

Бирок доочулар 2000-жылы жарыяланган Джейкобстун романынын сюжеттик бөлүктөрүн саганын «Гарри Поттер и кубок огня» деген төртүнчү томунда Джоан Роулинг колдонгондугун таңуулап жатышат. Доо арызында Гарри Поттердин «энеси» Джейкобстун чыгармачылыгы менен тааныш болгондугун жана анын 1987-жылы чыккан «Cыйкырчы Виллинин жоруктары» аттуу китебинен сюжеттерди өздөштүрүп алгандыгы такталат.

Атап айтканда, Джейкобстун романында биринчи жолу сүрөттөлгөн магдардын таймашы эпизоду эскертилген. Андан тышкары, Роулинг өзүнүн китеби үчүн жол жүрүүдөгү саякат жөнүндөгү эпизодду жана «антропоморфдуу жандыктар тарабынан туткундалган» адамды бошотуу көрүнүшүн «уурдап өздөштүрүп алган» имиш.

Эми автордук укуктун бузулушу жөнүндө ишти Лондондун Жогорку соту карайт. Анын үстүнө күнөө коюучу тарап бир том менен чектелип калбастан, Британиянын жазуучусунун башка китептерине дагы өзүлөрүнүн каршылыктарын жайылтышууда.

«Роулингдин көрсөтүлгөн романында, биринчи том жарыяланганга чейин жана «Кубок огня» чыкканга чейин 13 жыл мурда Джейкобс тарабынан киргизилген айрым бир концептер жана адабий ыкмалар пайдаланылган»,– деп билдиришти жайылтылган коммюникеде. – Джейкобс ачкалыкта жана жакырчылыкта Лондон хосписинде 1997-жылы дүйнөдөн өткөн, ал эми Роулинг болсо, анын чыгармаларын мыйзамсыз пайдалануу менен пайда тапты».

Күнөө коюучулардын башкы аргументи, адабий агент Кристофер Литтлдин Джейкобс менен кызматташкандыгы жана андан кийин Роулингдин «поттерианынын» үстүндө иштөө фактысы болуп калды.

Жазуучу өзү Bloomsburyда жайылтылган арызы аркылуу Джейкобсту мурда эч качан көрбөгөндүгүн, анын үстүнө анын китептерин эч качан окубагандыгын белгилейт. «Сыйкырчы Вили» жөнүндө ал биринчи жолу качан гана ага ушуга окшогон күнөө коюлганда 2004-жылы жана жети жыл өткөндөн кийин «поттериандар» китебинин биринчи жарыяланышынан кийин уккан.

Беш жыл мурда соттук териштирүүлөр Джейкобстун пайдасына чечилбей аяктаган: «паттерианга» түздөн-түз жиберүүлөр же уурдап өздөштүрүүлөр табылган эмес. Анын үстүнө Джейкобстун баласынын адвокаттары алардын алдында «Виллинин» көчүрмөсү жатат деп ойлошкон менен, Гарри Поттерден үзүндүлөрдү окшоштуруп далилдей алышкан эмес.

«Балким, азыр деле уурдап өздөштүрүп алууларды таба алышпаса керек. «Приключения волшебника Вилли» – Эдриан Джейкобстун 1987-жылы чектелген нуска менен чыккан 36 барак көлөмдөгү аңгемеси. Китептин борбордук кейипкери жаш сыйкырчы болуп эсептелбейт жана аңгеменин окуялары магиялык мектептин айланасында өнүкпөйт», – деп текстологиялык анализ жүргүзөт Bloomsbury басмасы.

2002-жылы Роулингди ушундай эле уурулукта америкалык жазуучу аял Нэнси Стоффер күнөөлөгөн, анын үстүнө доо арызы Роулингдин өзүнө жана АКШдагы анын басып чыгаруучуларына жана Гарри Поттер жөнүндө фильмдердин продюсерлерине каршы берилген болучу. Атап айтканда Стоффер «магл» деген сөзгө карата автордук укукту талашкан.

Бирок процесстин жүрүшүндө Стоффер далилсиз маалыматты жана документти көрсөтүү менен сотко жалган айткан. Доону ал уттуруп жиберген жана сотту адаштырууга ниеттенгендиги үчүн жазапул катарында 50 миң доллар төлөөгө, ошондой эле Британиялык жазуучуга адвокаттарга жумшалган чыгымдарынын бир бөлүгүн калыбына келтирип берүүгө аргасыз болгон.

Сөзгө аралжы, Роулинг өзү абдан көңүл коюп өзүнүн китебин көчүрүүчүлөргө көз салып, соттор аркылуу «мыйзамсыздарды» куугунтуктайт. Мындай окуя «Гарри Поттер и дары смерти» деген китебин англис тилинен жеке өзү которуп Интернетке жарыялап жиберген жаш француз бала менен болгон.

Андан кийин RDR Books басмасынан чыга турган Гарри Поттердин «Лексиконун» түзүүнү демилгелеген «паттериандын» дагы бир сүйүүчүсү менен узак соттошуулар башталган. Атап айтканда, жазуучу доо арызында басып чыгаруучулар «анын 17 жылдык эмгегин уурдап алды» деп көрсөткөн. «Сыйкырдуу» маалымдаманын материалдары менен таанышып чыгып, жазуучу Гарри Поттердин көп сандаган дубаларын айткан сөздөрүн камтуу менен 2 034 статья толугу менен анын китебинен алынгандыгын белгилеген. Жазуучуну жактап медиамагнат Warner Bros чыккан иш жазуучунун пайдасына чечилген.

Роулингдин адвокаттарынан россиялык жазуучу Дмитрий Емец дагы жапа чекккен. Анын сатиралык «Таня Гроттер» сериясын сюжеттик жүрүштөрдү уурдап өздөштүрүүдө бир нече жолу күнөөлөшкөн. Сериянын биринчи томун Нидерландияда жарыялоого аракет жасоодо Емец түздөн-түз уурулукта күнөөлөнгөн жана иште утулган. Ушул учурда «Таня Гроттерди» жарыялоого бир нече европалык өлкөлөрдө тыюу салынган.

Ал эми «Хари Путтар» деген индиялык филмьдин – «магиялык» серияга породиянын чыгышы боюнча өткөн жылдагы иш Роулинг менен Warner Brosтун эң чоң кулоосу болуп калды.

http://vz.ru/culture/2009/6/16/297921.html