• English
  • Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: "Каракчыларды тебелетишти"
Жарыяланган күнү : 
22/06/2009

Өткөн жума күнү Эски аянтта тамаша, оюн-шоок менен 25 миң контрафактылык аудио-жана видео дисктер жок кылынды. Акция бир эле учурда патетикалык жана символикалык күчтүү таасир калтыра тургандай «Каракчылыкка жол жок!» деп аталды. Бул аракеттери менен мамлекеттик кызматтар кеңири коомчулукту өз тарабына тартууга умтулушту.

Уюштуруучулар, белгилүү болгондой каракчыларды жек көрүшкөн эстрада жылдыздарынын катышуусундагы сонун концерттик программага убада беришкен. Оңунан чыкты. Дем алыштын алдындагы ысык күнгө карабай, көмөчказанга күйгөн өңдөнгөн эл аянтта жетишээрликтен ашыкча чогулду. Жаштар желпигичтин ордуна легалсыз дисктер менен желпинип коюшат. «Теледен үч каракчылык дискти бир лицензиялык дискке алмашат деп айтышты», – деп түшүндүрүп жатышты пакеттери менен калкаланып турган жаштар.

Легалсыздардын негизги күрөшчүсү –Кыргызпатент Бишкек мэриясы, финполиция, сот департаменти менен биргеликте каракчылыктын табытын оор мык менен бекитүүнү чечти. Бул жерге тактайдан театр сахнасындай секиче орнотулган экен. Андан алыс эмес жерде «…Конфискацияланган» деп кол менен даана эмес жазылган, кызгылт көгүш бюрократиялык мөөрлөрү бар кутулар тоо болуп үйүлүп жатты. Алардын ичинде жапжаңы DVD–дисктер бар экен. Ушул жомоктогудай каракчылык байлыгына журналисттерден башкаларды өткөрүшпөдү.

Аңгыча бир нече пластикалык столдордо легалсыз продуктуларды мыйзамдууларга алмаштырып бере башташты. «Алмаштырууну» кезек күткөндөр курчап алышты. Бир аз убакыттан кийин сахна дагы жанданды. Көпчүлүк секини көздөй сүрдүгүп, алып баруучу жаш ырчыларды жана бийчилерди жарыялап айгай салды. Оюн-шоок башталды.

—Музыка угуу, кызыктуу фильмдерди көрүү бардыгына жагат, – деп айтты Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек. – Бирок ар бир эле адам чыгармаларды жаратуу үчүн канча чыгармачыл эмгек жана материалдык чыгымдар талап кылынаары тууралуу ойлонбойт. Бирок эч нерсе жаратпастан эле авторлордун эмгегинен чоң пайда тапкан адамдардын категориясы бар. Бул деген, эмне үчүн Кыргызстанда чыгармачыл ишмерлер миллионер боло алышпайт деген суроонун жообу.

Ушул кезде Мамлекеттик патент кызматынын кызматкерлери кутуларды ачып, ичиндегилерди асфальтка төгө башташты. Бул таасирдүү үйүндүнү жаштар тегеректеп, жерде жаткан дисктерге көздөрү жайнап, жаман сапаттагы болсо да бирдемесин кытып алууну ойлогондор да болду окшойт, атаганат мында милиционерлер күзөттө туруп жатпайбы. Мамлекеттик кызматкерлер бул үйүндүнү талкалоо үчүн балдарга эки дискти тепселөөгө уруксат беришти. «Эх, аянычтуу», – деди дагы бир бала күтүлбөгөн жерден «Кариб деңизинин каракчыларын» тепселеп салды. Жамандык издеген кара мүртөз кейипкерди ойногон актер Джонни Депп бышактап жиберип ортосунан бөлүнүп калды.

Андан кийин айбаттуу техниканын убактысы келди. Таштандыларды ташый турган чоң машина баягы тоодой болгон каракчылык продуктуларды тепселете баштады, сүрөтчүлөр менен операторлордун бүйрү кызып сүрөткө тартып жатышты. Толук «үтүктөп» бүткөндөн кийин таштанды жыйноочулар аларды таштанды катары жүктөштү да жүрүп кетишти. Журналисттер, артистер жана шаардыктар кол булгашып үйлөрүн көздөй жөнөштү. Асфальтта жалгыз гана капитан Воробейдин сүрөтү бар кагаздын бир бөлүгү айрылып түшүп калыптыр. Корсар кара мүртөз амалкөй көз караш менен «каракчыларды оңой менен жок кыла албайсыңар!»,- деп көз кысып тургансыды.

“Вечерний Бишкек”
Азамат КАСЫБЕКОВ.
Фото Владимира ПИРОГОВА
http://members.vb.kg/2009/06/22/panorama/7.html