• Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: Мындан аркы иштер - биргелешип кам көрүү.
Жайындалган күнү : 
2009-06-15

«Азия-инфо» компаниясы жана Кыргызпатент KG доменин башкарууга укуктарды кайра өкүлдөө боюнча ниеттенүүлөр жөнүндө протоколго кол коюшту.

KG улуттук интернет аймагынын администратору ким болот деген маселенин тегерегиндеги талаш-тартыштар басаңдагансыды.

«Азия-инфо» компаниясы бир нече ай бою бул милдеттенмени Мамлекеттик патент кызматына өткөрүп берүүнүн мыйзамсыздыгы жөнүндө билдирип келгендигин эске салабыз. Анткен менен ушул күндөрдө тараптар маселенин административдик жана техникалык бөлүктөрүн өткөрүп берүү жол-жоболору учурундагы өз-ара кызматташтык тууралуу документке кол коюшту.

Атап айтканда, ниеттенүүлөр жөнүндө протоколдо фирма-провайдер жана мамструктура башкаруу укуктарын максималдуу жымсалдуу өткөрүп берүүгө өзүлөрүнүн бардык күч аракеттерин бириктиришет. Үч күндүк мөөнөт ичинде жумушчу тобу түзүлүп, ал эки ай ичинде иш планын түзөт жана бекитет. Документке кол койгон «Азия-Инфонун» директору Александр Самойленко адистер жана техникалык жагынан, ошондой эле жол-жобону тездетүүгө бардык жагынан жардам көрсөтүүгө милдеттенди.

- Интернетти өнүктүрүү боюнча эл аралык ICAAN уюмунда КРнын доменин башкаруу жөнүндөгү маселенин тегерегиндеги чыр-чатактарга абдан көңүл буруп байкап турушту, – деп «Вечеркага» Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек айтып берди. – Ал жактагы кызматкерлерге ким бул боюнча иш алып барса да бары бир, кыскасы аймак жакшы иштеп турса жана катардагы колдонуучулардын кызыкчылыгы сакталса болду. Бизде азырынча жеке менчик ээси менен келишпестиктер, тобокелдикке баруулар болду: техникалык бөлүгүн өтөрүп берүү учрунда KG доменинин туруксуз иштөөсү мүмкүн болучу, ал эми азыр болсо, консесуска жетишилгенден кийин бул коркунуч жок.

Чиновниктин айтуусу боюнча ICAANге ниеттенүүлөр жөнүндө протоколдун көчүрмөсү жөнөтүлдү, демек, жакында кайра өкүлдөө боюнча расмий жол-жобо чыгарылат. Ал эми Юстиция министрлигинде азыр Кыргызпатентке башкаруунун ыйгарым укугун өткөрүп берүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору макулдашуу этабынан өтүүдө. Анын ортосунда техникаларды орнотуу, ченемдик-укуктук базаны даярдоо жана башка жагдайларды сактоо боюнча иштер башталууда.

Андрей Орешкин
«Вечерний Бишкек», № 108 (9776)
2009 ж. 15 июнь