• English
  • Кыргызча
  • Русский
Тимур Адилов: "Өткөн жарым жыл ичинде биз 100 миң чамасындагы ар түрдүү форматтагы аудио-жана видео жазууларына изилдөө жүргүздүк"
Жарыяланган күнү : 
16/06/2009

Мындан бир жылча мурда өлкөдө парадоксалдуу жагдай пайда болгон эле, бизде интеллектуалдык менчик объектилеринин арасынан контрафактылык продуктуларды табуу боюнча мамлекеттик экспертиза жүргүзө турган бир дагы мамлекеттик орган жок болуп калган.
Өткөн жылы Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен мындай милдет Мамлекеттик патент кызматына жүктөлүп, анын алдында түзүлгөн жаңы структура: Интеллектуалдык менчик объектилерин камтуучу товарларды жана продуктуларды экспертизалоо башкармалыгы деп аталды.

Башкармалык түзүлгөндөн берки убакыт ичинде финансы полициясы жана башка укук коргоо органдары менен кызматташтыкта биз 100 миңдей сактагычтарга: ар түрдүү форматтагы аудио-жана видео дисктерге изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жыйынтыктары боюнча корутундуларды чыгардык. Контрафактыларды табу боюнча материалдардын көпчүлүк бөлүгү сотко берилди жана алардын айрымдары боюнча чечим кабыл алынды. Экспертизанын сапаты тууралуу сот органдары тарабынан дооматтар болгон жок.

Андан тышкары, жаңы башкармалыктын алдында интеллектуалдык менчик жаатында укук бузууларга бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоочу жана контролдоочу органдардын кызматкерлерин окутуу боюнча сектор уюштурулган. Бул үчүн биз Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алдык. Курстарга Кыргызпатенттин кыйла мыкты даярдыктагы адистери сабак беришет жана биз угуучулардын эки тобун бүтүрүп чыгардык. Алардын пикирлери боюнча курстардын бүтүрүүчүлөрү аларды керектүү жана пайдалуу деп эсептешет.

Каракчылык сыяктуу балээге каршы натыйжалуу күрөштү күчөтүү боюнча бүгүнкү күндө биздин кызмат тарабынан Аудиовизуалдык продуктуларды, фонограммаларды, компьютердик жана оюн программаларынын Жобосунун долбоору даярдалды. Жакын арада биз бул документти Интеллектуалдык менчик укуктары жаатында укук бузууларга каршы ведомстволор аралык комиссияга макулдашуу үчүн жөнөтөбүз.

Дал ушуну менен биз бир максатты көздөйбүз: мындай продуктуларды чекене баада сатууну тартипке салуу. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, мындай продуктунун стихиялуу соодасын жоюу. Бул документ бекитилип, күчүнө киргенден кийин кайсы гана участкалык кызматкер же контролдоочу органдардын кайсы кызматкери болбосун дүкөнчөлөрдөн же ыңгайлаштырылбаган жайларда, имараттарда сатылып жаткан аудиовизуалдык продуктуну алып коюуга, аны бизге экспертизага жөнөтүүгө укуктуу болуп калат.

Эгерде бул продукт контрафактылык болуп эсептелет деп табылса, жазалоонун ылайыктуу чаралары колдонулат. Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча, эгерде бул Жобо иштеп кетсе, анда базардагы контрфактылык продуктунун үлүшү 8–10 пайызга төмөндөшү мүмкүн. Балким бул бир караганда аз болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок, 2007-жылы борбордун соода жайлары боюнча биз өткөргөн акыркы мониторингдин маалыматтары боюнча контрафактылыктын деңгээли 98 пайыздан көбүрөөгүн түздү. Эгерде биз муну жок дегенде 90 пайызга түшүрсөк, бул биринчи бирок көрүнөөрлүк кадам болмокчу.

Андан ары дүң сооданы тартипке келтирүү зарыл. Контрафактылык продуктунун негизги алып келүүчүлөрү эки базар: түндүктө «Джунхай» жана республиканын түштүгүндө Кара-Суу базары экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ал эми Мамлекеттик бажы комитетинин алдында турууга тийиш болгон үчүнчү эң маанилүү маселе – бул мамлекеттик чек аралар аркылуу кирип жаткан контрафактылык продуктуларга каршы күрөш. Контрафактылык продуктулардын 70 пайызга жакыны дал ошол чек араларда кармала тургандыгын практика көрсөтүүдө.

Тимур Адилов

Кыргызпатенттин ИМОну камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги.

Булак: “Ачык Кыргызстан” маалыматтык-аналитикалык долбоору
http://www.open.kg/ru/theme/blitz/?theme_id=103&id=851