Узакка созулган тирешүүдөн кийин «АзияИнфо» компаниясынын жетекчилиги жана Байланыш операторлорунун ассоциациясы Кыргызпатент менен сүйлөшүүү столуна отурууга даяр экендиги жөнүндө билдиришти.
Президенттин Жарлыгы менен улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды «АзияИнфо» жеке компаниясынан интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча иш жүргүзүүчү мамлекеттик структурага өткөрүп берүү боюнча бүйүр кызыткан коомдук талаш-тартыштар артта калгансыды жана интернет-коомчулуктун көпчүлүк өкүлдөрү домен наамдарын каттоо базарында атаандаш чөйрөнү түзүүнүн артыкчылыктарын баамдашты. Биздин газета жагдайга көз салуусун улантат. Cүйлөшүүлөр процесси кандай жүрүп жаткандыгы жана кечээги оппоненттер кийинки кадамдарга барууга даяр же даяр эмес экендиги туурасында айтып берүүсүн өтүнүп Кыргызпатенттин директору Улан МЕЛИСБЕККЕ кайрылдык:
– Тилекке каршы техникалык өз-ара аракеттенүү планында «АзияИнфо» менен консесуска толук жеттик деп азырынча айта албайбыз. Азырынча биз оппоненттерибизден Президенттин Жарлыгын аткаруу боюнча мындан аркы кызматташтык жөнүндө жазуу жүзүндө макулдугун гана алдык. Мына бир жумадан ашык убакыт өтүп кетсе да «АзияИнфонун» өкүлдөрү «kg» аймагынын домен наамдарын башкаруу милдетин Кыргызпатентке өткөрүп берүү боюнча жолугушуп, биргелешкен аракеттерди талкуулоо үчүн ошол бойдон убакыт табышкан да жок.
Интернетте наамдарды бөлүштүрүү жана номерлөө боюнча корпорация (ICANN) ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жол-жоболорун баштоого даяр, бирок ага өткөөл мезгилде түйүндүн колдонуучуларында эч кандай көйгөй болбой тургандыгынын кепилдиги болуусу керек. Бул үчүн биз ICANNге ушул мезгилге биргелешкен аракеттердин макулдашылган программасын көрсөтүшүбүз керек жана биз биргелешкен жумушчу тобун түзүүнү, жалпы планды иштеп чыгууну, мөөнөттөрүн макулдашууну жана биргелешкен арыз менен ICANNге кайрылууну сунуш кылганбыз.
Ал эми «АзияИнфонун» өкүлдөрү ишти ачык же тымызын үзгүлтүккө учуратууга абдан окшош болгон, четен туруп байкоо салган абалды ээлеп туруп алышты. Туңгуюк жагдай түзүлүүдө: Кыргызпатент өз тарабынан Президенттин Жарлыгын аткарууга милдеттүү. Ошол эле убакта бүгүнкү күндө улуттук домен аймагын толугу менен контролодоп турган монополист-компаниянын минтип туруп алышы бул багытта мындан ары жылууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. «АзияИнфо» улуттук домен аймагынын толук бийликтүү кожоюндук абалын колдон чыгаргысы келбей жаткандыгы түшүнүктүү. Анын кожоюндары кантсе дагы ICANN «АзияИнфого» бул статусту мындан ары дагы сактоого мүмкүндүк берип коюусу ыктымал экендигинен үмүттөнүп жатышса керек. Өзгөчө эле жанталашып жана өз мамлекетибизди эң эле жаман кебетеде көрсөтүп жатышат. Алардын чындай келсе түйүндүк коомчулук менен иштери деле жок.
Ошентсе да «Кыргызпатент өз көз карашынан кайтууга ниеттенбейт. Ведомствонун башчысы Улан Мелисбек билдиргендей, ал башталган ишти логикалык аягына жеткирүүгө: атаандаштык рынокту түзүүгө, бааларды төмөндөтүүгө жана ошону менен улуттук интернет-ресурстардын өнүгүүсүнө түрткү берүүгө ниеттенүүдө.
– Башкаруу укугун мамлекетке өткөрүп берүүнүн каршылаштары, – деп түшүндүрдү У.Мелисбек, - бул процессти созууга аракеттенишүүдө. Бирок, коомчулукту, ал тургай эл аралык коомчулукту дагы адаштырууга аракеттенүү менен алар канчалык амалданышпасын, бул кайталанбас процесс.
Эске салсак: домендерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө маселе боюнча консультациялар жыл башында эле башталган, ал эми апрелде «Улуттук домендик талыштар системасын башкарууну уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка Президент тарабынан кол коюлган. Жаңылыктын каршылаштарынын кыйкырып чыккан билдирүүлөрүнөн адашып калышкан интернет-колдонуучулар көпкө чейин Кыргызпатент домен наамын каттоо ишин дагы алып барат деп олуттуу ойлонуп жүрүштү. Айрымдары жөн гана башкаруу менен каттоонун айырмачылыгын ажырата алышпады. Иш жүзүндө сөз коммерциялык эмес чөйрө – башкарууну гана өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатат.
– Биздин структура домендерди каттоо боюнча эрежелерди жөнгө салуу жана интернеттик-кызмат базарында жакшы атаандаштык чөйрөгө шарттарды түзүү үчүн «kg» домен аймагын башкаруу менен гана иш алып бармакчы, – деп түшүндүрүштү Кыргызпатентте. – Ошону менен биз домендерди каттоого бааны төмөндөтүүгө жана монополияны жөнөкөйлөштүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Кыргызпатенттин эч кандай коммерциялык кызыкчылыгы жок жана домендерди каттоого талапкер эмес. Дал ушул ишмердүүлүк коммерциялык болуп эсептелет жана пайда алып келет. Каттоо укуктары буга техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар болгон бардык компанияларга өкүлдөнмөкчү.
Ведомствонун жетекчиси жана Жарлыктын демилгечиси Улан Мелисбек кабарлагандай, бүгүнкү күндө «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борбору жөнүндө жобо даярдалып, «KG» домен наамдарын каттоо жана өкүлдөө эржелери, администратор менен каттоочулардын ортосундагы укуктук аспектилерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана башка документтер иштелип чыгууда.
Кыргызстан улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктар мамлекеттик структурага өткөрүлүп берилген биринчи мамлекет эмес. Бул жолду көптөгөн совет мезгилиндеги мамлекеттер гана эмес, эбактан берки базардык салттары бар Канада же Япония сыяктуу өлкөлөр да басып өтүштү.
Мисал катары Кыргызпатенттин башчысы Австралиянын тажрыйбасын келтирди, анда алгач «AU» жогорку деңгээлдеги домен жеке компанияга өкүлдөнгөн. Кийинчерээк австралиялык интернет-коомчулук домендерди башкаруу жеке менчиктен жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр болгон өзүн-өзү жөнгө салуучу (өзүн-өзү башкаруучу жана өз алдынча өнүгүүчү) структурага өтүүсү керектигин тааныган. Австралиянын өкмөтү өлкөнүн бүтүндөй Интернет коомчулугунун кызыкчылыгына жооп берүүчү мындай уюмду аныктады жана улуттук доменди башкарууга ыйгарым укуктуу auDA («AU» Domain Administration) – коммерциялык эмес ишканасына ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилди. Муну менен жол-жоболор болгону 6 айга созулду жана мурдагы администратор менен карама-каршылыктар болгон жок жана дагы мамлекеттик структураларды рейдерчи же компетенттүү эмес деп негизсиз күнөөлөөлөр болгон жок.
Кыргызпатенттин айтуусуна караганда, эгерде «АзияИнфо» каршылашуудан конструктивдүү кызматташууга өтсө, анда ICANN менен сүйлөшүүлөр жана ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболор ушул жылдын аягында бүтүп калышы мүмкүн.
Людмила ПАВЛОВИЧ.
“Слово Кыргызстана” (№61)
10 июнь 2009-ж.