Улан Мелисбек, Интеллектуалдык менчик боюнча мамлкеттик агенттиктин директору:
Өлкөдө кадрдык эволюция жарыяланды. Жакында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин жаш мамлекеттик кызматкерлер жана бизнесмендер менен жолугушуусу, мамлекет башчысы тарабынан мамлекеттик саясатка ар кандай адистиктеги жаш, билимдүү, чечкиндүү адистерди тартуу боюнча принципиалдуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын күбөлөндүрөт.
Базар экономикасынын жана глобалдык дүйнөлүк финансылык кризистин шарттарында дүйнөлүк шарттарга жооп берүүчү жана республикалык деңгээлге ылайык келүүчү альтернативдүү жана оптималдуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү прогрессивдүү жана конструктивдүү ой жүгүртүүчү интерактивдүү жаштардын потенциалын пайдалануу зарыл. Азыркы жаш адистер бийлик менен коомдун ортосундагы өз-ара аракеттенүүнүн көпүрөсү катары кызмат кыла алат.
Президент жаштарды өлкөнүн алтын ресурсу катары белгиледи, мен мындай деп кошумчалаар элем: жаштар – бул биздин мамлекеттин кадрдык саясатын калыптандыруучу негизги өзөк. Өлкөнүн мыкты ЖОЖдорунан жана алыскы чет өлкөлөрдөн билим алышкан биздин жаш адистерибиздин көз караштарында жана жүрүм-турумдарында шыктуулук, ачыктык, ниети тазалык байкалат – бул сапаттар аларга ак ниеттүү, ар-намыстуу жана ачык болууга жардам берет. Бул коррупцияга каршы маселелерди чечүүдө чоң рычаг жана кол кабыш.
Биз жаш кадрларга таянуубуз керектигин жана алар бизде жетишээрлик экендигин белгилегим келет. Көпчүлүгү бизнесте иштешет жана албетте, бардыгын жетекчилик кызматтар менен камсыз кылуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Ошентсе дагы, жаш адистерди экономиканы, инвестицияны жана башка тармактарды башкарууга тартуу саясаты артыкчылыктуу.
Эмне үчүн өлкөнүн жетекчилиги жаштардын потенциалына кайрылды? Эгемендүүлүк жылдары ичинде кадыр-баркы төмөндөп кеткен бийликке калктын ишенимин кайтаруу үчүн дагы деп ойлоймун. Ал эми бул үчүн өлкөнү башкарууга чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде жаңыча ой жүгүрткөн, советтик мезгилдин партократиясынан калган кемчилдиктер менен оордук келтирбей турган адамдар келиши керек. Бүгүн бийлик саясый эркти көрсөтүүгө жана өлкөнү башкаруунун «ачкычтарын» жаштарга өткөрүп берүүгө бышып жетилди.
Буга жаштардын өзүлөрү даярбы? Мен чиновниктин карьерасы жөнүндө эч качан ойлонуп көрбөгөндүгүмдү моюнга аламын, бирок мага бул жакка келип өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликтүү кызматта иштөөнү сунуш кылышканда мен макул болдум. Эми мен бүгүнкү кадрдык саясатка «ичинен» баа бере алам. Мен, колдонулуп жаткан мыйзамдар мындан ары жаш башкаруучулардын карьералык алга жылуусуна өбөлгө түзө албастыгына ынандым.
Мисалы, менде төрт айдан бери Укук башкармалыгынын башчысынын кызмат оруну бош турат. Бул кызматка ылайыктуу адам дагы бар, ал Кыргызпатентте 11 жыл иштеген жана өз ишин жакшы билет. Бирок Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам бул кызмат орунуна талапкер мамлекеттик улук кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иштеген адам болушу керектигин талап кылат. Ошентип, азыркы мыйзам мамлекеттик кызматка келе турган жаш менеджерлердин карьералык өсүүсүн акыйкатсыз токтотууда.
Бизде бүгүнкү күндө өкмөттүн курамында батыштын ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрүнөн бирөө да жок. Алардын кээ бирөөлөрү чет өлкөлүк компанияларга же эл аралык уюмдарга иштөөгө барышат. Бирок көпчүлүгү өзү билим алган өлкөдө калууну артыкчылыктуу деп эсептешет.
Бул жагдайды кантип өзгөртүүгө болот? Бул маселени мисалы, адам окууну аяктаган соң белгилүү бир кызмат орунуна жана татыктуу эмгек акысына ээ болоорун билиши үчүн, окуп жаткан мезгилде эле келечектеги адистерге пайдалуу келишимдерди сунуштоо менен, мамлекет чече алмак деп ойлойм.
Ал эми бийликтин бардык бутактарында ар кандай деңгээлде көрсөтүлгөн жаштар өзүлөрү тараптан тилектештикти көрсөтүп: башкаруучулардын жаңы муунунун өкүлдөрүнө бийликке жол ачуу үчүн, иштеп жаткан ченемдик актыларды кайра кароого, мыйзамдарды көрсөтүүгө жана оңдоолорду киргизүүгө жетишүүлөрү керек.
Президент, жолугушуунун максаты болуп, жаңы кадрдык саясаттын элементтерин киргизүү эсептелээрин, ал эми конкреттүү милдет – Өнүктүрүү фондунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, ал аркылуу Россия займдарынын акчалары иштетиле тургандыгын жана өнүктүрүү долбоору астында инвестицияларды тартуу жүргүзүлөөрүн белгилейт.
Экономикадагы бүгүнкү реалдуулуктарда түзүлүүчү биздин мамлекетибиз үчүн Россия займдарынын акчаларын, өлкөнүн экономикасынын глобалдуу маселелерин чечүү үчүн, мамлекет башчыларынын, өкмөттөрдүн жана ылайыктуу финансылык эксперттердин убаракерчиликтүү сүйлөшүүлөрүнүн жардамысыз эле бизге өз убагында келген ажайып керемет деп атоого болот. Бул жерде прогмативдүү ой жүгүртүүчү, кыйын жагдайда стандарттуу эмес чечимдерди табууга жөндөмдүү, адаттардын жана советтик командалык-тоталитардык системанын менталдуулугу менен убаракерчилик тартпаган жаш менеджерлердин ролу абдан маанилүү.
