• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент «Азияинфо» компаниясын коомчулук астында отчет берүүгө чакырат
Жарыяланган күнү : 
22/05/2009

Akipress.kg сайтындагы «Азииинфо» компаниясынын «Кыргызпатент компаниянын иштиктүү беделине зыян келтирди» деген макаласына жооп катары, Мамлекеттик патент кызматы «KG» аймагында катталган сайттардын саны жөнүндөгү фактыларды гана келтиргендигин жана бул компаниянын беделине зыян келтирүү максатын көздөбөй тургандыгын билдирет.

Кыргызстанда болгону 1400гө жакын сайттар бар экендиги жөнүндө ар түрдүү массалык маалымат каражаттарында бир нече ирет жарыяланды. Ушуга байланыштуу Кыргызпатент «Кыргызтелеком» ААКка расмий кат менен кайрылган (08.05.09-ж. № 01/768) жана бар болгон DNS-жазууларынын саны иштеп жаткан домендик аталыштардын санына дал келе тургандгы жөнүндө маалыматтарды сураган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы «АзияИнфо» компаниясына расмий каттар менен бир нече жолу төмөндөгү маселелер боюнча кайрылган:

1. Статистикалык маалыматтарды тактоо үчүн «KG» домендик аймагында катталган домендик аталыштардын тизмесин берүү (№01/625, 15.04.2009)

2. «АзияИнфо» компаниясы тарабынан алынган «KG» аймагында домендик аталыштарды каттоо жана кармоо үчүн төлөмдөрдүн бааланышынын техникалык-экономикалык негиздемесин берүү (01/687, 23.04.2009)

3. Бардык деңгээлдеги домендерди техникалык кармоого кеткен чыгымдар бирдей болгондугуна карабай, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого баалардагы чоң айырмачылыкка негиздеме берүү.

4. .kg, com.kg, org.kg, net.kg, edu.kg, gov.kg, co.kg аймактарында катталган экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендердин тизмесин берүү (03/773, 13.05.2009).

«АзияИнфо» компаниясы com.kg, org.kg, net.kg, edu.kg үчүнчү даражадагы сайттарды коммерциялык каттоо боюнча дагы кызмат көрсөтө тургандыгына көңүл бурабыз. Башкача айтканда төлөнгөн 2854 бирдиктен көп домендик аталыштар бар.

«АзияИнфо» компаниясынын түшүндүргөнүнөн түшөндүрбөгөнү көбүрөөк болгон акыркы пресс-релизин көңүлгө алуу менен, коюлган маселелер боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстандын кеңири түйүндүк коомчулугунун алдында «АзияИнфо» компаниясын отчет берүүгө чакырабыз.