Бүгүн Чолпон-Атада жаш интеллектуалдардын эл аралык форумунун ачылышы болду.
Форумга Кыргызстандан, Казакстандан жана Россиядан 180 мектеп окуучусу катышты.
Уюштуруучу – «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова белгилегендей – салттуу болуп калган бул форум 12 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Ал өзүнүн моделдерин жана экспонаттарын көрсөтүүчү техникалык чыгармачылык менен алектенген балдардын улам көп санын чогултууда. Форум Кыргызпатенттин финансылык колдоосу астында өткөрүлөт.
Конкурстун жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат, өзгөчөлөнгөн жаш интеллектуалдарга ЖОЖдорго – Исхак раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетине, Кыргыз-Россия славян университетине жана техникалык ЖОЖдордун кайсынысына болбосун тапшыруу үчүн үч сертификаттар берилет.
Курбалдаштардын илимий-техникалык жетишкендиктерине региондордогу мектеп окуучуларын кошуу максаттарында форумдар областтык борборлордо дагы өткөрүлүп турат.
«Бүгүнкү күндө бул форум тармактарга жайылууда. Патенттөөнүн сырттан окуу мектеби, математиктердин сырттан окуу мектеби, алыскы региондордун мектеп окуучулары үчүн компьютердик технологияны ойлоп табуучулардын экспресс-мектеби түзүлүүдө.
Форумдун жүрүшүндө сунушталган долбоорлорду эл алдында коргоо болуп өтөт, андан соң секцияларда иштөө жана курамында докторлор жана техникалык илимдердин кандидаттары бар болгон жюринин алдында долбоорлор корголот», – деп белгиледи Ж.Бапанова
(Ч.Шаикова-Чолпон-Ата).
КУМА “Кабар”
18/05/2009 14:53
