• Кыргызча
  • Русский
Кыргызстанда акыркы 15 жылдан бери дүйнөлүк желе өнүкпөй келет. Бул туурасында жума күнкү «Вечерний Бишкек» жазып чыкты.
Жарыяланган күнү : 
10/05/2009

Материалда, Байланыш операторлорунун ассоциациясы (БОА) – коммерциялык ишканалардын бирикмеси – жакынкы убакытта өткөрүлгөн «тегерек столодо» Кыргызстан өзүнүн жеке KG түйүндүк аталышынан таптакыр кол жжуп калышы мүмкүн деп билдиргендиги айтылат.

Ага, улуттук аймакты башкарууну Мамлекеттик патент кызматына (Кыргызпатентке) тапшырган «Улуттук домендик аталыштар системасын иштетүүнү уюштуруу жөнүндө» президенттин жарлыгы себеп болду. БОАнын пикири боюнча бул документ легитимсиз.

«Комерсанттардын айтуулары боюнча KG аймагы таптакыр кирүү мүмкүндүгүнүн аймагынан тышкары калышы мүмкүн, башкача айтканда KGнин кеңейтилиши менен бардык сайттар ачылбай калат!. Интернетти өнүктүрүүнүн эл аралык координациялык борборунун (ICANN) Кыргызстандын ички талаш-тартыштарын териштирип отурууга чолосу тийбейт, ал бүтүндөй өлкөнү жапырт жаап салат. Бийликти сөз эркиндигин муунтуп, интернетти контролго алууга умтулуп жатат деп күнөөлөө менен, ар кандай өкмөттүк эмес уюмдарды (ӨЭУ) көрсөтүүчү укук коргоочулар буга кошулушту». – деп айтылат макалада.

Өлкөнүн виртуалдык мейкиндигин реформалоонун демилгечиси, Кыргызпатенттин башчысы Улан Мелисбек мындай жөнү жок асылууларга бир топко чейин жооп Берген жок. Бирок, жагдайды түшүндүрүүгө макул болду. «Бизде акыркы 15 жылда дүйнөлүк желе өнүкпөй келет – ага жакшы пайда алып жатышкан монополисттер тоскоол болуп келген, ал эми азыр болсо, катардагы пайдалануучулар сыяктуу эле бүтүндөй кыргызстандын экономикасына пайдалуу боло турган демилгеге ар кандай жолдор менен бут тосуп жатышат. Дүйнөдө аягында улуттук аталышы бар сайттарды каттоо мүмкүндүгүн көптөгөн компанияларга берүү кабыл алынган, – дейт ал. – «АзияИнфо» көп жылдар бою бул үчүн 100 доллардан алып келген. Азыр баа 50-60 долларга чейин төмөндөтүлдү. Бирок кайра эле кызмат көрсөтүүгө балык негизди эч ким берген жок!

Муну менен дүйнөдө бул милдетке баалар 10–30 доллардын тегерегинде өзгөрөт, Россияда 15 доллар, АКШда 5 эле доллар. Факты жүзүндөгү айрым домендик аталышты кармоонун техникалык өздүк наркы 10 доллардан ашпоого тийиш. Эгерде биз сайттардын аталыштарын каттоо мүмкүндүгүн канчалык көп компанияларга берсек, ошондо мыкты атаандаштык пайда болот. Алар домендик аталышты кармоонун негизденген өздүк наркынан ашырып өз маржаларын белгилешет, ал эми пайдалануучуда бир нече компаниянын ичинен тандап алуу мүмкүндүгү болот».

У.Мелисбек мындай аракет баарыдан мурда өлкөнүн IT-секторунун катышуучуларынын ортосундагы жакшы рыноктук мамилелерге иштеп табууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады.
ӨЭУнун өкүлдөрүнүн республика домендик аталышы жок калат деген пикирине эксперт мындай дейт: «Кудайга шүгүр, дүйнөлүк практикада өздөрүнүн улуттук домендик аймактарын башкаруу маселелеринде анын негизинде мамлекеттер артыкча укукка ээ болгон ICANNдын мамлекеттер менен өз-ара мамилелеринин системасы түзүлүп калган. Бул уюмдун кандайдыр бир өлкөнүн өкмөтүнө ушул ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөөсүнөн баш тарткан учуру болгон эмес».

(Э.Айыпова)
КУМА “КАБАР”, 10 май 2009 жыл.