Мурда кабарлангандай, 23-апрелде борборубузда Кыргызстандын алдыңкы интернет-провайдерлеринин катышуусу менен «тегерек стол» болуп өттү. Анын натыйжасында “KG” доменин жөнгө салуу маселеси боюнча өкмөттүн дарегине резолюциянын долбоору кабыл алынган болчу.
Ушуга байланыштуу Кыргызпатент түшүндүрмөлөрдү киргизүүнү зарыл деп эсептейт. «Жогорку деңгээлдеги доменди башкарууга ыйгарым укукту кайра өкүлдөө жөнүндө чечимди домендик аталыштарды бөлүштүрүү боюнча ICANN эл аралык координатору менен макулдашпай туруп кабыл алуу мүмкүн эмес экендигин эч ким талашпайт. Бул бүтүндөй дүйнө жүзүнүн домендик аталыштарын башкарууга өтүнмөлөрдү катай турган эл аралык уюм». – деп билдиришүүдө пресс-кызматта. Пресс-кызматта белгиленгендей, ICANNдын регламенттөөчү документтеринде мындай деп айтылган:«Тиешелүү өкмөт же мамлекеттик бийлик органы акыры келип өлкөнүн кодунун жогорку деңгээлдеги домени үчүн өкүлдөнгөн өлкөдөгү же аймактагы адамдардын кызыкчылыктарын көрсөтөт. Ылайыгына жараша өкмөттүн же мамлекеттик бийлик органынын ролу –жогорку деңгээлдеги домен тиешелүү мыйзамдардын жана ченемдик актылардын мамлекеттик саясатын эсепке алуу менен, коомдук кызыкчылыктарда башкарыла тургандыгына кепилдик берет».
ICANN мамлекеттен ыйгарым укукту албаган уюмдар мене ниши болбойт, себеби ccTLDди башкаруу үчүн негиздемелерди мамлекеттик кепилдиктер гана бере алат.
Кыргызпатент “KG” аймагын башкарууга ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөөгө ICANNга бул уюмдун бардык эрежелери боюнча өтүнмө берди. Оң чечим ICANNдын сайтында жеткиликтүү болгон отчету көрсөтүү менен, ар тараптуу талдоодон кийин гана чечим чыгарылат.
Ошондой эле пресс-кызматта мындай деп кошумчалашты: «Жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн кайра өкүлдөөгө бир нече өтүнмө берилет жана эреже катары оң чечим чыгарылат. Эң башкы шарт болуп, бардык зарыл болгон талаптарды сактоо жөнүндө ар бир өлкөнүн өкмөтүнүн кепилдиги эсептелет. Домендик аталыштарды башкарууга укуктарды кайра өкүлдөө практикасынан айрым бир мисалдарды келтирүүгө болот».
Ошентип, Австралияда эң башында «AU» жогорку деңгээлдеги домен жеке жакка өкүлдөнгөн болучу. Андан кийин австралиялык Интернет-коомчулук «AU» доменин башкаруу бир адамдын жоопкерчилигинен өзүнө жоопкерчиликти алууга даяр болгон өзүн-өзү жөнгө салуучу структурага өтүшү керектигин тааныган. Австралиянын өкмөтү өлкөнүн бүтүндөй Интернет-коомчулугунун кызыкчылыгына жооп берүүчү мындай уюмду аныктаган жана ыйгарым укуктар “AU” Domain Administration – “AU” улуттук доменди башкарууга ыйгарым укуктуу коммерциялык эмес ишканага өткөрүп берген. Муну менен жол-жоболор болгону 6 айдын ичинде бүткөн жана мурдагы администратор менен эч кандай келишпестиктер, ал тургай мамлекеттик структураларды рейдерчиликте же компетенттүү эместикте далилсиз күнөөлөөрөр болгон эмес.
Ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөөгө Канаданын өтүнмөсү 9 айдан кийин канааттандырылган жана Канаданын жогорку деңгээлдеги доменин башкарууга ыйгарым укуктар Canadian Internet Registration Authority аттуу мамлекеттик уюмга өткөрүлүп берилген.
Европа союзунун мисалын көрсөтүүгө болот. Европа Союзунун катышуучу өлкөлөрү үчүн арналган EU жаңы жогорку деңгээлдеги доменди түзүү жөнүндө чечим 1999өжылы Лиссабондо ЕС мамлекет башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган. Бул демилгени Интернеттин даректүү мейкиндигин бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу Эл аралык ICANN корпорациясынын расмий өкүлдөрү колдошкон.
Өзбекстандын Интернет-коомчулугу дагы «UZ» улуттук доменин башкарууну коммерциялык компаниядан «Өзбекмаалыматком» мамлекеттик структурасына кайра өкүлдөө жөнүндөгү маселени өкмөт менен макулдашуу жолу менен чечкен.
Ошентип, ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө жөнүндө ICANN менен сүйлөшүүлөрдү демилгелөөдө негизги фактор болуп, тигил же бул өлкөнүн өкмөтүнүн жактыруусу эсептелээри айдан ачк болуп олтурат.
«Эгерде Кыргызпатент өзү бир нече жолу эл аралык укуктун бардык ченемдерине толук ылайык келтирүү зарылдыгын жана аларды кыйшаюусуз аткара тургандыгын белгилеген болсо, тегерек столдун катышуучуларынын резолюциясынын долбоорунда каяктагы «ICANN регламентине ылайык жол-жоболордун аткарылбай жаткандыгы» жөнүндө сөз болуп жатат», –деп билдирет Кыргызпатенттин пресс-кызматы.
Жыйынтыгында Кыргызпатент, эгерде эскертилген долбоордо коомдук-координациялык кеңеш жана азыркы администратор «АзияИнфо» биздин өлкөдөгү Интернет мейкиндиктин өнүгүү жолуна тоскоолдук кылбаган болсо, “KG” доменин башкаруу укугун кайра өкүлдөө процессии тезирээк өтүп, коомчулуктун кызыкчылыгына ылайык келмек деп белгилейт.
«2009-жылдын 7-апрелинде №192-Жарлыкка президент тарабынан кол коюлган жана тескери күчкө ээ боло албайт. Резолюциянын долбоорунда баяндалган «өлкөнүн жетекчилигин акыркы чечимди кабыл алууда эл аралык коомчулук кабыл алган стандарттарды жетекчиликке алууга чакыруусу» жана жарлыктын аракетин токтотуу өтүнүчүн биз жогорку деңгээлдеги ылайыксыз иш деп эсептейбиз. АзияИнфо компаниясы Кыргыз Республикасынын укуктарынын субъектиси болуп эсептелүү менен, өзүнүн граждандык милдетин тааныбай, өлкөнүн коомчулугун адаштырууга алып келип, өзүнүн коммерциялык кызыкчылыгын Кыргызстанда Интернетти өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп жаткандыгы өкүнүчтүү», –деп билдирүүдө пресс-кызматта.
МА ”Кабар”
