• English
  • Кыргызча
  • Русский
Маданият ишмерлеринин тобу «*.kg» аймагын башкаруу укугун Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндө демилгени колдошту
Жарыяланган күнү : 
08/05/2009

Кыргызстандын маданият ишмерлеринин тобу «*.kg» аймагын башкаруу укугун «АзияИнфо» компаниясынан Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызстандын патенттик кызматынын демилгесин колдоп чыгышты.

22 жарандын колу коюлуп жана 8-майда ММКда жайылтылган кайрылууда улуттук домендик аталыштарды башкаруу милдетеринин жеке компаниянын колунан мамлекеттик кызматтын колуна өткөрүлүп берилиши – «албетте туура чечим» деп белгилешкен, анткени көптөгөн өлкөлөрдө Интернет мамлекеттин өзү тарабынан же ага баш ийген структуралар тарабынан көзөмөлгө алынат.

«Бул документ улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Кыргызстандагы маалымат технологиясынын өнүгүшү экономиканын артта калган секторлорунун бири болуп эсептелет. Ошондой эле кыргыз тилдүү Интернет өнүкпөй жатат», – деп билдирилген документе.

Ошондуктан маданият ишмерлери айткандай «Негизги мааниси сайттардагы биринчи беттин кыргыз тилинде болушун жана толук кыргызча сайттардын ачылышын билдирген Кыргызпатенттин аракеттери коомчулук тарабынан колдоого алууга татыктуу».

Ушул жылдын 7-апрелинде мамлекет башчысы Курманбек Бакиев «Улуттук домендик аталыштар системасын уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол коюп, ага ылайык KG аймагында домендик аталыштарды башкаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргызпатент дайындалгандыгын эске салабыз.

Кайрылууга төмөндөгүлөр кол коюшкан:

С.Эралиев – Кыргыз Республикасынын Батыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
С.Жусуев – Кыргыз Республикасынын Батыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
Ж.Садыков – Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
Ө.Даникеев – Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
М.Тойбаев – Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу;
Н.Алымбеков – Кыргыз Эл акыны, Физули атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты;
М.Ааматов – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын;
Н.Жаркынбаев – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын;
Т.Мамеев – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын;
К.Сыдыкова – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, публицист;
К.Ташбаев – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын;
Ж.Медетов – жазуучу;
Ч.Абыкеев – жазуучу;
Ч.Өмүралиев – жазуучу;
Ж.Кадыров – жазуучу;
А.Чекиров – акын, драматург;
С.Станалиев – адабиятчы, жазуучу;
Б.Турал – акын, жазуучу, тарыхчы;
Г.Шакирова – акын, журналист;
А.Урбаев – акын, Ж.Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты;
Н.Калыбеков – акын, эл аралык жаштар сыйлыгынын лауреаты4
А.Сариев – жазуучу, публицист.

ИА Акипресс

08.05.2009, 11:56

http://kg.akipress.org/news:76071