• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызстанда каттоо учурунда «башка бирөөнүн» домендик аталышын алдап алуу максатындагы умтулуулар болгон
Жарыяланган күнү : 
28/04/2009

Кыргызстанда каттоо учурунда «башка бирөөнүн» домендик аталышын тартып алуу максатындагы умтулуулар болгон. Бул жөнүндө КРнын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Ассоциациясынын президенти Сергей Павловский билдирди.

Анын айтуусу боюнча, улуттук домендик аталыштар системасын башкарууну мамлекеттин алып баруусуна берүү керек. Домендерди каттоону коммерциялык уюм башкарганда, кайчы пикирлер чыккан учурларда ага таасир этүүнүн ыкмасы бирөө гана – сот. Мамлекет башкарган учурда бүтүндөй механизм бар, мунун жардамы менен анын аракеттерин көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарга даттанууга болот.

Ошондой эле Кыргызстанда, республиканын базарына бир чоң компания киргенде, экинчи бири муну билип туруп атайын анын домендик аталышын тартып алган учурлар болгон. «Андан кийин кандайдыр бир нерсени өзгөртүү абдан кыйын. Бул көз боёмолдоочулук менен тартып алуу жана ал кыйын иштейт. Эгерде каттоо менен патент кызматы иш алып барса, анда бул чөйрөнү тартипке салат деп ишенем.

Президенттин жарлыгына ылайык, республикада домендик аталыштарды башкарууну мындан ары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жүзөгө ашырат. Мурда бул милдетти ата мекендик жеке Интернет-провайдерлердин бири «АзияИнфо» аткарып келген. (А.Мураталиева).

«Кабар» КУМА
27/04/2009 17:50
http://rus.kabar.kg/2009/04/27/v-kyrgyzstane-proisxodila-registraciya-chuzhix-domennyx-imen-s-celyu-vymogatelstva/