• Кыргызча
  • Русский
Сергей Павловский: Кыргызстанда каттоо учурунда «башка бирөөнүн» домендик аталышын алдап алуу максатындагы умтулуулар болгон
Жарыяланган күнү : 
24/04/2009

Кыргызстанда каттоо учурунда «башка бирөөнүн» домендик аталышын алдап алуу максатындагы умтулуулар болгон. Бул жөнүндө «24.kg» Маалыматтык агенттигинде жакындагы президент Курманбек Бакиевдин улуттук домендик аталыштар системасын башкаруу жөнүндөгү жарлыгына баяндама берүүдө КРнын интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Ассоциациясынын президенти Сергей Павловский билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө эки пикир бар. Биринчиси – kg домендик аталышын башкарууну Мамлекеттик патент кызматы ишке ашыруусун колдогон, ал эми экинчиси болсо буга каршы пикир.

«Менде үчүнчү пикир жок. Байкап көрүү жана каталыктарды кетирүү жолу менен барууга туура келет, себеби бүткүл дүйнө боюнча бул маселе чечилбей абада турат. Эгерде жакшы болсо, анда башкарууну мамлекеттин алып баруусуна берүү керек. Бул эмнеси менен артык? Домендерди каттоону коммерциялык уюм башкарганда, макул болбой калган учурларда ага таасир этүүнүн ыкмасы бирөө гана – сот. Кимдир бирөөгө даттануу пайдасыз. Мамлекет башкарган учурда бүтүндөй механизм бар, мунун жардамы менен анын аракеттерин көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарга даттанууга болот. Башкача айтканда коргоо көбүрөөк», – деп айтты Сергей Павловский

«Экинчи жагынан, Интернет-провайдердин кыжырдануусу түшүнүктүү. Бирок иш жүзүндө мындан ары домендерди башкаруу, хостинг жана башкалар анын алып баруусунда калат, мындан мен көйгөйдү көрө алган жокмун. Эгерде домендик аталыштарды мамлекет каттаса жана аларды коммерциялык структураларга өткөрүп бере турган болсо, жеке мен өзүм буга каршы эмесмин», – деп кошумчалады ал.

Сергей Павловскийдин маалыматтары боюнча Кыргызстанда, республиканын базарына бир чоң компания киргенде, экинчи бири муну билип туруп атайын анын домендик аталышын тартып алган учурлар болгон. «Андан кийин кандайдыр бир нерсени өзгөртүү абдан кыйын. Бул көз боёмолдоочулук менен тартып алуу жана ал кыйын иштейт. Эгерде каттоо менен патент кызматы иш алып барса, анда бул чөйрөнү тартипке салат деп ишенем», – деп билдирди Сергей Павловский.

Апрелдин башында мамлекет башчысы тарабынан кол коюлган улуттук домендик аталыштар системасын башкаруу жөнүндө жарлыгы бир жагынан Интернет-провайдерлердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана экинчи жагынан Мамлекеттик патент кызматынын ортосундагы кызуу талаш-тартыштарды пайда кылгандыгын эске салабыз.

Жарлыкка ылайык, республикадагы домендик аталыштарды башкарууну мындан ары МПК жүзөгө ашырат. Мурда бул боюнча ишти ата мекендик Интернет-провайдерлердин бири алып барчу.

Бишкек – ИА «24.kg», Артем ПЕТРОВ
http://www.24.kg/community/2009/04/24/112768.html?print=yes