• English
  • Кыргызча
  • Русский
"Кыргызпатент" жети китепке демөөрчү
Жайындалган күнү : 
2009-04-21

Маркабай ААМАТОВ акын, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын мамлекеттик патент кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун аткаруучу директору.

-Маркабай Ааматович, “Кыргызпатент” жакында 5 жаш акындын, 2 жаш прозаиктин китебине демөөр¬чүлүк кылып, жети китеп басмадан жарык көрдү. Аталган жыйнактарды кандай каражатка чыгардыңыздар?
-“Кыргызпатенттин” алдында интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду бар. Ошол башкармалыктын жыйынында жаңы жаш директорубуз Улан Мелисбек китеп каржылоо боюнча сүйлөшүп жатканда жалаң эле аксакал акын, жазуучуларды каржылай беребизби, кыргыздын келечегин, адабияттын эртеңин аныктаган жаштар жокпу деген суроо койду. Анан мен андай жаштар бар экенин айттым. Ошентип, республикалык “Нурборбор” бирикмесинин жетекчиси, акын Нурлан Калыбеков калемдештери менен бирге жети авторду тандап беришти. Кийин аны «Кыргызпатенттин» директору Улан Мелисбекке билдирдик. Ал биздин сунушубузду толук колдоп берди. Анан биз ар бир автор¬дун китебин 300 даанадан чыгарууну чечтик. Дегеле эгемен жылдардан бери жаштарга мындай камкордук көрүлгөн эмес. 26-апрель күнү интеллектуалдык менчиктин улуттук күнүнө карата майрамда, ушул жети китептин бет ачар аземин кошо өткөрөбүз. Анан Кубанычбек Аркабаев, Рысбай Исаковдор калеми төшөлүп калган, дасыккан прозаиктер экенинен кабар берет. Ал эми Санавар Сайпидинова, Айсулуу Эсен кызы, Таштан Чакиев, Алтынай Ормотоевалар өз чыйыры бар акындар экенин тастыктайт. Менин каалоом аталган жаш акын, жазуучулардын адабиятка таштаган кадамдары байсалдуу болсун демекчимин.

К.БАКИРОВ.

Эркин Тоо