Биз каалайбызбы, каалабайбызбы интернет күн санап эмес саат санап өнүгүп жатат. Ошондуктан, эртеңки келечекти андан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Интернет бардык тармакты кучагына алды. Анын ичинде саясат жана бийликти да. Бул багытта мамлекеттик ишмерлердин блогдорун түзүү, интернеттин саясаттагы салмагы, кыргыз тилдүү сайттар, жалпы эле Кыргызстандагы интернет туурасында суроолорго Мамлекетитк патент кызматынын (Кыргызпатент) деректири Улан Мелисбек жооп берди.
КАБАР: Учурда коңшу казак атка минерлеринин арасында блогализация активдүү жүрүүдө. Бул багытта биздин мамлекеттик ишмерлер да блогдорун ачууга мүмкүнчүлүгү барбы жана ал эмнени берет?
- Мен, жеке өзүмдү алганда интернетте атым чыгып, ушул жакка келип калган адаммын. Ошондуктан, интернет мен үчүн акыркы орундарда эмес. Азыркы кызматыма келип атып ойлогон элем, интернеттеги демилгелеримди улантам деп. Интернет адамы катары мамлекеттик ишмер болуп жатып ушул эки тармакты кантип бирдей алып кетсем, кантип экөөнү кезиктирем деген элем. Ушундан улам элге мурдагыдай эле ачык калыш үчүн бир блог ачууну ойлогом. Бул боюнча атайын домендик аталышты да алып койгом. Коомчулуктан түшкөн суроолорго оперативдүү жооп берип турам дегем.
Бирок, тилекке каршы, коомчулукка ачык болуунун терс жактары да бар экен. Мисалы үчүн, мен жаңы кызматка келген күндөрү эл менен жолугушам деп, ким кирем десе кабыл ала бериптирмин. Кыргызстандын чыгармачыл адамдары менен иш алып барган Кыргызпатентке акча сураганы да, колдоо сураганы да келет экен. Ал жактын көйгөйлөрү көп, кезек деген бүтпөс. Мен анын баарын кабыл алып отура берип, мекеменин кагаздары толуп кетиптир. Ошондо Кыргызпатенттин иши токтоп калбасын деп кагаз ишине баш отум менен киришип кеттим.
Мен өзү мамлекеттик кызматкерлери курч сынга салып келген кишимин. Бирок сынга салуу оңой экен. Азыр мына мен мамлекеттик кызматкер болгондон кийин муну түшүнүп, жоопкерчилигин сезип жатамын. Убакыт жетпейт. Убакыт жетпеген соң интернет өзүнчө эле четте калып жатат. Өзүмдүн блогумду ачайын десем убакытым жок. Бирок мен көнүшкөндөн кийин сөзсүз түрдө блог ачам. Батыш өлкөлөрүндө жашап келген адам катары билем, ал жакта блог өтө өнүккөн. Чоң саясатчылардын блогдору бар. Мен ойлойм, мамлекеттик ишмерлер элден алыстап, дубалга жашынбай, тескерисинче, элге жакын, ачык болушу керек. Мунун бир жолу – интернет аркылуу интерактивдүү түрдө катнашта болуп туруу. Бул эффективдүү жол.
Бирок мунун жаман жактары дагы бар. Анткени кыргыз коомчулугу азыр, тилекке каршы, «кара пиарга» жакын болуп кеткен. Ошол эле интернет-колдонуучуларга белгилүү болгон www.diesel.elcat.kg форумунда ушунчалык негативдүү маалыматтар, негативдүү көз караштардан башка эч нерсе жок. Ал жакты окуган киши тим эле барып асылып калгысы келет. Бул туура эмес. Эми элестете бериңиз, мамлекеттик ишмер өзүнүн блогун ачкандан кийин ал жакка негативдүү көз караштар, пикирлер толуп эле калат. Ар кандай провокациялар болот. Мына ушундай жагдайдан чиновниктер коркушат. Ал эми мен интернетте бышып, өскөн баламын, мен коркпойм. Керек болсо курч жооп берип, “ордуна” коюп коём. Ушундай жагдайлардан улам мамлекеттик ишмерлер мындай жолго баргандан кооптонушат.
Андай болбош үчүн блогдордо пикир алышуунун маданиятын жаратышыбыз керек. Кишинин өзүнө асылбай, ал жетектеп жаткан тармак, анын аткарган иши жөнүндө сураш керек. Бизде кыргыз тилдүү басылмалар элди кирдүү, ыпластарга көндүрүшкөн. Ушундай жагдай болгдордо да кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан, алгач маданияттуу пикир алыш-бериш болуш керек.
Блогдорду ачуунун дагы бир жагы аны жардамчылардын иштетишинде. Мисалы, мамлекеттик ишмердин өзү эмес анын жардамчылары жазып отуруп алышат да, блог менен башка маалымат булагынын айырмасы жок болуп калат. Жөнөкөй катардагы окурмандар блогдордо ким жооп бергенин тез эле билип коюшат. Ошол эле учурда блогдордо кызыктуу болуш үчүн мамлекеттик ишмер өз иши, үй-бүлөсү жөнүндө, жандуу, жөнөкөй тил менен сүйлөшүш керек. Мына ушунун баарын мамлекеттик ишмерлер түшүнсө, коомчулук туура кабыл алганда гана блог системасы абдан жакшы нерсе. Анткени, бул түздөн-түз коомчулукка ишин жөнүндө “рапорт” берүү болуп эсептелет. Мен блог ачууну колдойм, өзүм да убакыт болгондо ачам.
Анан Президентибиз сөзсүз түрдө башка өлкө башчылары сыяктуу эле блог ачышы керек. Албетте, 5 миллион калк суроо берсе, анын баарына жооп жазып отурууга убакыт талап кылынат Ошол себептен кайсы бир мезгилде суроолорду топтоштуруп, жооптоп турса болот. Мен ушул демилгени Курманбек Салиевичке сунуштайм. Балким, чындап эле ушул демилгени ишке ашырабыз да, Президент өзүнүн блогун ачышы мүмкүн.
КАБАР: Учурда интернеттин бийлигин Кыргызстанда кандай пайдаланса болот? Алсак, ошол эле саясатта?
- Интернеттин ролу дүйнө жүзүндө күндөн күнгө артып баратат. Анткени бул бир экономикалык фактор, бул социалдык фактор, бул саясий фактор. Алгач экономикалык факторун ала турган болсок, 51 штаты бар АКШда товар же кызмат сатуу өтө оңой, анткени бири-бири менен жарышкан коммерциялык сайттар көп. Ал жакта интернет аркылуу эмнени гана сатпайт. Бул багыт Кыргызстанда өнүкпөй калган. Биз азыр мына интернетти алдыга түртөлү деп билекти түрүнүп киришип атабыз. Эмне үчүн Баткендеги бир интернет-колдонуучу Ысык-Көл же Нарындагы интернет-колдонуучуга бири-бирине керектүү болгон товарларды сата алышпайт? Сата алышат, оңой эле. Бизде ошону ишке ашыра турган инфраструктура жок болуп жатат. Биз ошого шарт гана түзүшүбүз керек.
Ал эми социалдык жак менен саясий жагы жанаша жүрүшөт. Анткени интернеттин канчалык деңгээлде өнүккөнү аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүн билсе болот. Себеби бардык өнүккөн өлкөлөрдө интернет эффективдүү өнүгүп, арзан же такыр эле нарксыз. Бизде болсо көрүнүп турат. Статистика боюнча, учурда Россияда 2 миллионго жакын интернет сайттар бар, Өзбекстанда 8 миңге жакын, Казакстанда 32 миң, Кытайда 13 миллион, Тажикистанда 5 миң… Тажикистанда 5 миң да интернет шумдук өнүккөн деген бизде 1,4 миң. Ошол эле учурда Ооганстанда 1375 сайттар катталган. Демек, биздин деңгээлибиз Ооганстан менен тең келип атат. Эми биз Ооганстанга теңелишибиз керекпи, же башка өнүккөн өлкөлөргөбү? Учурда мен дал ушул демилге менен чыгып жатам. Азыр Кыргызстандын сайттарында орус тилдүүлөр көп. Бул демилгеге алар тараптан кандайдыр бир деңгээлде “кызганыч” болуп жатат. Сайттардын өсүшү үчүн биз аларды каттоону 60 доллар эмес 10 доллар болсун деп жатабыз.
Атаандаштыкты жараталы деп жатабыз. Интернеттин өнүгүшү боюнча коңшу Казакстан, Өзбекстанды артка таштаганбыз дейбиз, а чындыгында алар бизден небак эле ашып кетишкен. Ошол үчүн биз аларга жетишибиз керек.
Эми саясий жагы. 2005-жылы мен жетектеген бир катар сайттар - www.kyrgyz.us, www.gazeta.kg, www.akaevu.net деген саясатка тиешелүү долбоорлор кыска бир мөөнөттө абдан чоң белгилүүлүктү алган. Алгач ачылган сайттар Тойгонбаевдин программисттери тарабынан “атакага” калып, акыркы www.akaevu.net деген сайтыбыз ынкылаптын алдында бир күн мурун 23-мартта ачылган эле. Ошондо бирөө да “Улан Мелисбек ушундай ресурс ача кал” деген эмес, кандайдыр бир ички туюм менен ачылган. Анткени, ошол учурда, бир катар интернеттеги сайттар жабылып калган болчу. Ал убакта биз оппозициянын позициясын жактап маалымат берип турдук. Ошентип, биз маалымат согушун утуп алдык. Акаев, Тойгонбаев жактарды утуп алдык.
Албетте, интернет саясатта абдан маанилүү. Анткени азыркы саясат модерн технологиялардан калбашы керек. Аны четке каккан саясатчы артта калат. Интернет – эң заманбап курал. Ошол заманбап куралды пайдаланууну саясатчылар билиши керек. Бирок, мунун бир жаман жагы жанагы “кара пиарда” болуп атат. Муну кыргыз тарыхында биринчи жолу дал Тойгонбаев баштады. Ал ошол учурдагы оппозиция өкүлдөрү туурасында Москвадан пиаршиктерди алып келип каралай баштаган. Ошондон бери мындай ыкманы баары үйрөнүп алышты. Тилеккке каршы, кыргыз интернети абдан кирдеп калган. Бирок интернеттин ролу саясатта абдан маанилүү.
КАБАР: Интернет дүйнөсүндө кыргыз тилдүү сайттарды кантип өнүктүрүү керек?
- Азыр интернетке баш багып киргенде Кыргызстандын Президенти менен Кыргызпатенттин сайты гана кыргыз тилинде ачылат. Учурда биз титулдук улут болгондон кийин “жок дегенде сайттар кыргызча болуш керек” деп мамлекеттик органдарды мажбурлаганы жатабыз. Мындай демилгени мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия колдоп берет деп ишенем. Бул багытта, биринчиден, мамлекеттик органдарды мажбурлаш керек. Коомчулукту эмес, же коммерциялык сайттарды эмес. Анткени, коммерциялык сайттарга тийише албайбыз жана тийишкенге акыбыз да жок. Себеби алар жеке сайттар, коммерциялык сайттар. Бирок мамлекеттик органдар кыргыз тилинде болуш керек. Муну мамлекет башчылары, идеологдор туура түшүнүп, мажбурлаш керек. Анткени, орус тили ансыз деле улуу тил, ага эч нерсе болбойт. Ал эми кыргыз тили жоголуп кетиши мүмкүн.
Батыш социологдору эчак эле санап коюшкан, кыргыз тилге окшогон тилдер 50 жылда жоголуп кетет деп. Элүү жыл бир адамдын эле өмүрү, ошол бир адамдын өмүрүнүн ичинде эле кыргыз тили жок болуп кетеби деген коркунуч турат. Мен буга далилдерди көрүп жатам. Анткени мындай абал Бишкектин көчөлөрүндө көрүнүп турат, орус тилинен түздөн-түз которулган, туура эмес сөздөр көп. Мына, мисалы, кыргыз эртең менен турат да кечке чейин канча сөз колдонот? Көп болсо 15-20 сөз колдонот, андан чыкпайт, мындайча айтканда кыргыз тили жагынан “дудук”. Кыргызча саясат жөнүндө ушак айтуу, күнүмдүк алыш-бериш сөздөр.. болду кыргыз тили ушуну менен гана чектелет. Ал эми кайсы бир тармак менен пикир алышканда, сүйлөгөндө сезилип турат, орусчадан которуп сүйлөшөт. Анткени биздин “маңкурт” башыбыз орус тилине, маданиятына ийилип калган. Тилекке каршы, бул чоң бир трагедия. Муну менен күрөшүү үчүн мамлекеттик идеологдор, ушул кыргыз тилинин тагдырына опурталдуу коркунучтуу туудурган жагдайга карата мамлекеттик сектор кыймылда болуш керек. Бирок, бизде советтик мезгилден калган көнүмүш адат бар – бир нерсе болсо эле мамлекет эмне кылат деп карап жатмай. Мында негизги аракет кыргыз жаштарында жатат. Анткени карапайым эл өз жанын сактоо түшүгүндө, улуулар күчсүз, ошондуктан, өзгөчө үмүт кыргыз жаштарында болуп жатат.
КАБАР: Аз мурун интернет-басылмаларды массалык маалымат каражаттарына теңөө боюнча мыйзам долбоорунун тегерегинде кызуу талаш-тартыш болду. Буга сиздин жеке көз карашыңыз кандай?
- Интернет-басылмаларын массалык маалымат каражаттарынын статусуна теңейбиз деген пикир, демилге абдан туура эмес. Мен аны колдобойм, толугу менен каршымын. Анткени, биз демократиялык өлкө болгондон кийин сөз эркиндигин сакташыбыз керек. Бирок, тилекке каршы, бизде “кара пиар”, анан негизсиз күнөөлөө көп болуп жатпайбы. Ошол үчүн саясатчылардын коркушкан себеби ушунда. Биз башка жолду тандашыбыз керек. Интернет толугу менен эркин болушу керек. Бирок мамлекеттик ишмерлер интернетте пикир алышуунун жаңы бир маданиятын түзгөнгө аракет кылышыбыз зарыл. Мындай байланыштын позитивдүү жактарына элди көндүрүш керек. Анткени, жалаң эле тыюу салуу, же кандайдыр бир тартипке салууга болбойт. Себеби, интернет чексиз бир мейкиндик. Эгер Кыргызстанда интернет-басылмаларды массалык маалымат каражаттарына теңеген мыйзамды кабыл алсак, алар сырт жакка чыгып кетишет да, ага кыргыз чиновниктеринин колу да жетпейт. Мен ошондой сайттарды түзүүчү катары айтсам, интернетти чектөө мүмкүн эмес.
Учурда айрымдар Кыргызпатент интернетти чектеген жатат деп жатышат. Бизде чек коюу жок, болгону интернеттин өнүгүшүнө шарт түзүү гана аракети бар. Мен либералмын, тескерисинче, бул рынокто атаандашуу өнүккөн чөйрөнү түзүп, интернетти өнүктүрүүнү гана каалаймын. Биз саясатка кийлигишпейбиз, биз сайттардын ички ишине кийлигишпейбиз, кандайдыр бир чектөө салуучу жолдорго же методдорго барбайбыз. Биз тескерисинче, либералдаштырып жатабыз. (даярдаган М.Ибраева)
БИШКЕК, 15-апрель. (КАБАР).
http://kyr.kabar.kg/2009/04/15/ulan-melisbek-men-prezidentke-internette-%D3%A9z-blogun-achuunu-sunushtajm/print/