Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен интернет өтө өнүккөн деп мактаган Кыргызстанда болгону 1,4 миң сайт болсо, Өзбекстанда алардын саны 7 миңден ашык. Бул туурасында Мамлекеттик патент кызматынын (Кыргызпатент) деректири Улан Мелисбек билдирди.
Анын айтуусунда, Кыргызстанда сайттардын өнүкпөй калышына аларды каттоонун тарифинин кымбаттыгы тоскоолдук кылган. “Интернет республикада пайда болгон 15 жылдын ичинде сайттарды каттоонун наркы 100 доллар болуп келген. Ал эми чындыгында сайтты техникалык колдоого алуу аз гана долларда түзөт”, - дейт Улан Мелисбек.
Кыргызпатенттин деректиринин пикиринде, сайттарды каттоо монополиялык жеке бир фирмага таандык болушу, жеке колдонуучулардын кызыкчылыгында иштебейт. “Биз сайттарды каттоо мүмкүнчүлүгүн башка да интернет провайдерлерге беришибиз керек”, деп кошумчалайт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда домендик аталыштарды башкаруу иши Президенттин жарлыгы менен Кыргызпатентке берилди. (М.Ибраева)
БИШКЕК, 11-апрель. (КАБАР)
http://kyr.kabar.kg/2009/04/11/internet-%d3%a9n%d2%afkk%d3%a9n-dep-maktagan-kyrgyzstanda-bolgonu-14-mi%d2%a3-sajt-bolso-%d3%a9zbekstanda-alardyn-sany-7-mi%d2%a3den-ashyk/print/