Өткөн жумада республиканын бир катар массалык маалымат каражаттары жакын арада kg улуттук домендик аймагын башкаруу укугун мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүп берүү зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Улан Мелисбектин билдирүүсүн жайылткан. «Вечерка» бул спецификалуу, бирок Интернет чөйрөсүндө башкалар менен негизги байланышта болгон пландаштырылган өзгөрүүлөрдүн мааниси жөнүндө кеңири маалымат алуу максатында Кыргызпатенттин директоруна кайрылууну чечти.
–Улан Мелисбекович, улуттук домендик аймак деген эмне экендигин кыскача түшүндүрүп берсеңиз? Сиздин соңку демилгеңиздин мааниси эмнеде?
–концепцияны–домендик аталыштарды, башкача айтканда IP альфа-номерлүү белгилерин – кайсы болбосун Интернет-сайттын даректерин тармактык пайдалануучулар үчүн кыйла көбүрөөк түшүнүктүүсүнөн келип чыгууну сунуш кылам. Мисалы, «Вечерканын» сайты 65.23.159.28 дареги боюнча жайгашкан, көпчүлүгү үчүн кыйла түшүнүктүү болуп калган www.vb.kg.белгисин терүүдө браузердин даректик сабында ал жакка бардык сурамдар жөнөтүлөт. Ошентип, vb деген эки тамга бул белгиде экинчи даражадагы домен, ал эми kg – биринчи же көпчүлүк учурда аташкандай жогорку даражадагы домен болуп эсептелет. Экинчи даражадагы бардык домендик аталыштар kg аймагынын жогорку даражасына кирет, ошентип, Кыргызстандын улуттук аймагын түзүшөт.
Жогорку даражадагы улуттук аймактар эгемендүү мамлекеттер үчүн бөлүнөт. Мисалы, ru – бул Россия Федерациясынын улуттук аймагы, us – Кошмо Штаттардыкы, kz – Казакстандыкы, uz – Өзбекстандыкы жана дагы ушул сыяктуу. Жогорку деңгээлдеги улуттук домендерди каттоо белгилүү бир шарттар менен байланыштуу, алардын ичинен эң маанилүүлөрүнүн бири – эл аралык аренада өлкөнү таануу.
Улуттук аймактарды өнүктүрүү маселелерине мамлекеттик мамилени иштеп чыгуу зарылчылыгынын маанилүүлүгүнө байланыштуу иш жүзүндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө улуттук домендик аймактарды административдик башкаруу үстүндө тигил же бул жол аркылуу мамлекеттик органдар менен бириккен уюмдардын иштеп жатышкандыгы таң калыштуу эмес.
– Сиз мисалдарды келтире аласызбы?
– Алгач, жогорку даражадагы домендерди түзүү, сактоо жана башкаруу маселелери боюнча АКШнын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнүн негизинде иштеген америкалык IANA уюму иш алып барган. Кийинчерээк бул маселелер башка ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) деген уюмдун компетенциясына өткөрүлүп берилген, ал эми көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдын милдеттери АКШнын Соода министрлигине өткөн.
Россиянын улуттук аймагы, түзүлүшүн РФнын Байланыш министрлиги жетектеген Интернет тармагынын улуттук доменинин Координациялык борбору аркылуу көзөмөлдөнөт. Координациялык борборду уюштуруучулардын ичинде ошондой эле «Документалдык электр байланыштар ассоциясы» мамлекеттик бирикмеси (ДЭА) дагы бар. Борбордун өзү 2001-жылы россиялык улуттук домендик өнүгүүсү менен байланышкан каттоочуларды аккредиттөөнүн жана келечектүү долбоорлорду изилдөөнүн ru доменинде домендик аталыштарды каттоонун эрежелерин иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.
Евросоюзда, Кытайда, Казакстанда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө ушундай эле максаттарда өз өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен байланышта болгон уюмдар иштешет. Эл аралык практика боюнча түзүлгөн мындай мамлекеттердин мисалы боюнча биз азыр kg улуттук аймагын башкаруу маселелеринде бирдиктүү мамлекеттик мамилени иштеп чыга турган, Кыргызпатентке караштуу атайын борборду уюштурууну, ошондой эле каттоо укугун бардык интернет-провайдерлерге жана IT–Кыргызстан секторунун башка катышуучуларына бөлүштүрүү менен, атаандаштык чөйрөнү камсыз кылуу үчүн мыйзамдык-укуктук негизди түзүүнү демилгелейбиз.
– Сиздин пикириңиз боюнча жеке структурада Интернетти ар кандай кызыкдар болгон тараптардын кийлигишүүсүнөн коргоо кыйыныраакпы?
– Эл аралык укуктун, ошондой эле көптөгөн улуттук мыйзамдардын көз карашынан алып караганда домендик аталыш жекелештирүү каражаты жана интеллектуалдык менчиктин объектиси катары каралат. Бирок биздин республикада айрым бир ата мекендик фирмалар пайда табуу кызыкчылыгында, өздөрүнүн сайттарында бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган соода белгилеринин домендик аталыштарын пайдаланышат. Бул интеллектуалдык менчик объектилеринин чет өлкөдөгү чыныгы ээлери Кыргызстанда алардын укуктары бузулуп жаткандыгы жөнүндө ойлошпосо керек.
Көйгөйдүн баары баягы эле товардык белгилер менен далма-дал келген тигил же бул домендик аталыштарга тигил же башка өтүнүүчүлөрдүн укуктарынын мыйзамдуулугун же артыкчылыктуулугун аныктоо боюнча кандайдыр бир эрежелердин жоктугунда.
Жеке компанияда киберсквотингди (товардык белгилердин жана башка компаниялардын аталыштарын камтуучу веб-сайттарды тартып алууну) жоюу үчүн зарыл болгон техникалык жана юридикалык мүмкүнчүлүктөр жок жана болушу дагы мүмкүн эмес. Эгерде улуттук зонаны башкаруу милдети мамлекеттик органга бөлүнүп берилген болсо, анда өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын коомчулугу тарабынан суроо-талаптар жетишээрлик катуу болот. Андан тышкары, аймактын администратору мамлекет аркылуу каттоочулар арасында коомчулук тарабынан талап кылынган бардык шарттарга жооп берүүчү балансташтырылган саясатты камсыз кылат. Антпесе коммерциялык кызыкчылык башкаларынын бардыгынан басымдуулук кылат.
- Дүйнөдө бул чөйрөдө кандай талаптар кабыл алынган?
– ccTLD (countru code Top Level Domain – улуттук аймактар үчүн жогорку деңгээлдеги домендер) үчүн жоопкерлердин эң маанилүү милдети – домендик аталыштарды пайдаланууга өбөлгө түзүү, муну чектөө эмес, кеңейтүү, базардагы атаандаштыкка жарамдуу, бирок монополиялык эмес абалды орнотуу. Маселенин ушундай коюлушунда ылайыктуу кызмат көрсөтүүлөргө баалардын деңгээлин дал ошолор аныкташат.
ccTLD үчүн жоопкерлердин дагы бир милдети – ISO–3166–1 тизмесинен өздүк кылып алынган код ылайык келүүчү географиялык региондо Интернетти кыйла кеңири пайдаланууга жардам берүү. Алар Интернетти алга жылдырууда, өлкө ичинде ага кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылууда эң башкы ролду ээлөөгө тийиш. Мындай субъектилерге бара-бара өкмөттү, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөсүн, маданий жана коммерциялык эмес уюмдарды, иштиктүү чөйрөлөрдү жана Интернетке тиешеси бар болууга мүмкүн болгон жана интернет-коомчулукту түзүүчү башка чөйрөлөрдү камтуу аркылуу, коомдун ар түрдүү катмарлары менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Ошону менен бирге мезгил-мезгили менен финансылык жагдайга жараша ушул коомчулуктун кызыгууларына жооп берүүчү ишмердүүлүк багыттарын аныктап, аны менен биргелешип, билим берүүчү программалардын, Интернетке калктын кирүү мүмкүндүгүн кеңейтүү боюнча программалардын, техникалык колдоолордун, инновацияларды тартуунун жардамы аркылуу Бүткүл дүйнөлүк желени кеңири пайдаланууга өбөлгө түзүү керек. Мындан тышкары, колдонулуп жаткан ICANN макулдашуусунун алкагында анын негизги түзүүчүлөрү менен бирдикте эл алдында жана ошондой эле жашыруун кеңири консультациясына таянуу менен, локалдык Интернет-коомчулугу алдында өз милдеттерин аткаруу үчүн өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө туура келүүчү план иштелип чыгууга тийиш. Жалпысынан алганда максималдуу жогорку деңгээлде тейлөөнү камсыз кылуу үчүн күч жумшоого туура келет.
– Сиз эмне себептен координациялоочу мамлекеттик орган катары дал ушул Кыргызпатентти көрүүдөсүз?
–Мамлекеттик патент кызматында бардык зарыл болгон, анын ичинде интеллектуалдык менчик объектилеринин маалымат базалары боюнча келип түшкөн өтүнмөлөрдү ыкчам текшерүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.
Алгач, менде улуттук аймакты башкаруу укугун мамлекеттин колуна өткөрүп берүү жөнүндө маселени козгоо ниети болбогондугун моюнга аламын. Ведомствонун башчылыгына мен дайындалган соң азыркы улуттук аймактын администратору болуп эсептелүүсү «АзияИнфо» компаниясынын директору Александр Самойленкону ачык сүйлөшүүгө чакырдым. Мен «АзияИнфонун» жетекчилиги домендик аталыштарды каттоого бааларды жөнгө салуу маселесинде бааларды төмөндөтүү жагына ык коюусуна үмүттөнгөн элем. Муну менен биздин өлкөнүн Интернет-коомчулугунун кызыкчылыгына айтарлык аракет жасадым деп ишендирип кете аламын. Мындай төмөндөтүүгө пайдалануучулардын кимиси каршы болмок эле?
Бирок, тилекке каршы, биздин сүйлөшүүдөн кийин «АзияИнфо» бааны 100 доллардан араң эле 60ка чейин түшүрдү, ошол эле учурда АКШда домен 7 доллардын, Россияда – 600 рублдин же 16,5 доллардын, Казакстанда – 3000 теңгенин же 20 доллардын, Өзбекстанда дагы – 20 доллардын чегинде турат. Кыргызстан сыяктуу анча чоң эмес өлкө үчүн 60 доллар – өтө жогорку баа. Бизге тескерисинче, улуттук аймакта сайттардын санындагы секирикке жетүү максатында администратордун накта техникалык чыгымдарын жабуучу мүмкүн болгон максималдуу чекке чейин аны төмөндөтүүгө умтулуу зарыл.
Азыр бизде, ар түрдүү булактар боюнча 1400дөн 1700гө чейин сайттар бар. 5 миллион калкы бар эгемендүү мамлекет үчүн бул таптакыр кечиримсиз көрсөткүч. Ошол эле учурда тилекке каршы, сабаттуу тармактык коомчулуктун арасында дагы улуттук домендик аймактын администратору жана домендик аталыштарды каттоочу деген түшүнүктөрдү көпчүлүк учурда чаташтырыша тургандыгын белгилөө зарыл. Бул таптакыр ар башка нерселер. Улуттук домендик аймакты бир гана уюм техникалык башкаруусу мүмкүн, муну эч ким талашпайт. Кыргызпатенттин сунушунун мааниси – домендерди каттоо укуктарын мүмкүн болушунча каттоочулардын көп санына, анын ичинде «АзияИнфо» менен бирге Интернет-провайдерлерге, ошондой эле мындай максаттар үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар бардык башка уюмдарга жиберүү. Бул мыкты атаандаштыкты түзөт, натыйжада доменди алууга жана сактоого карата баалардын төмөндөшүнө алып келет.
– Ушуга байланыштуу, албетте буга окшогон көйгөйлөргө туш болгон КМШ боюнча өнөктөштөрдүн тажрыйбалары кызыгуу жаратат.
– Мисалы Өзбекстанда улуттук аймактын администратору катары, 2002-жылы түзүлгөн жана Маалыматташтыруунун өзбек мамлекеттик агенттигинин структуралык бөлүгү болуп эсептелген UZINFOCOM компьютердик жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана өздөштүрүү борбору чыгат. Ал эми uz аймагында домендик аталыштарды каттоочулар болуп, Өзбекстан Республикасынын негизги 7 Интернет-провайдерлери эсептелишет. Казак улуттук аймагынын администратору катарында Казакстан Республикасынын Маалыматташтыруу жана байланыш боюнча агенттигине караштуу түзүлгөн Тармактык маалыматтын казак борбору чыгат, ал эми каттоочулар катары – Казакстандын гана эмес башка өлкөлөрдүн дагы 11 интернет- провайдери эсептелет. Россия андан дагы Европа өлкөлөрү жана Америка тууралуу таптакыр сөз да жок – ал жактарда каттоочулар болуп жүздөгөн, ал тургай миңдеген фирмалар эсептелишет.
– Балким Сиздин аргументтериңиздин ичинен айрымдарына контраргументтер табылаар?
Кайталап коёюн, республиканын бардык Интернет-коомчулугунун кызыкчылыгы үчүн биз конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн ачыкпыз. Мамлекет улуттук аймакты өнүктүрүүнүн концепциясын түзүүгө, жардам берүүгө, домендик аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө ынтызар. Анан дагы, мамлекетте Кыргызпатент аркылуу, эч кандай тыюу салынуучу эмес, жөнгө салуучу милдеттер боло тургандыгын баса белгилегим келет. Жашоочу мамлекеттик башкарууну айрым бир ресурстарга мүмкүн болгон тосуулар менен байланыштырууга шыктуу. Бирок бул таптакыр андай эмес. Кыргызпатент улуттук домендик аймакты административдик башкаруунун таза техникалык жагын гана жөнгө салууга ниеттенет жана веб-сайттардын контентин жөнгө салуу маселесине кийлигишпейт.
Евгений ДЕНИСЕНКО.
Сүрөтү Владимир ПИРОГОВДУКУ
http://members.vb.kg/2009/03/06/www/1_print.html
