Патенттик кооперация жөнүндө келишим (РСТ)

Вашингтон ш.
1970-жылдын 19-июну

67 (1) (b) статьясына ылайык даярдалган
расмий орусча текст

Патенттик кооперация жөнүндө
КЕЛИШИМ

(1979-жылдын 2-октябрындагы,
1984-жылдын 3-февралындагы редакциясы)

Киришүү жоболор

I глава. Эл аралык өтүнмө жана эл аралык издөө
II глава. Эл аралык алдын ала эксперттөө
III глава. Жалпы жоболор
IV глава. Техникалык кызмат көрсөтүүлөр
V глава. Административдик жоболор
VI глава. Талаш-тартыштарды чечүү
VII глава. Кайра кароо жана оңдоолор
VIII глава. Корутунду жоболор

Келишим түзүүчү мамлекеттер,
Илимий жана техникалык прогресске салым киргизүүнү умтулуу менен,
Ойлоп табууларды укуктук коргоону жакшыртууга умтулуу менен,
Бир нече өлкөлөрдө мындай коргоо суралып жатканда ойлоп табууларды коргоону жүзөгө ашырууну бир кыйла үнөмдүү кылууга жана жөнөкөйлөтүүгө умтулуу менен;
Жаңы ойлоп табууларды сыпаттоочу документтерде болгон техникалык маалыматтарга элдин жетишүүсүн жеңилдетүүгө жана тездетүүгө умтулуу менен,
Заманбап техникалык жетишкендиктердин көлөмүн туруктуу кеңейтүүгө жетүүнү жеңилдетүү жана алардын өзгөчө керектөөлөрүнө жооп берүүчү техникалык чечимдердин болгондугу жөнүндө маалыматтарга абдан тез жетүүнү камсыз кылуу аркылуу, мейли улуттук же региондук системалар болсун, ойлоп табууларды коргоонун алардын укуктук системасынын натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган чара көрүү жолу менен өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык прогрессти демилгелөөнү жана тездетүүнү каалоо менен,
Мамлекеттер аралык кызматташуу, бул максаттарга жетүүдө биргелешип аракеттенүүнүн маанилүү деңгээлинде болоруна ишенгендер,
Бул Келишимди түзүштү.

Киришүү жоболор

1-статья. Союзду түзүү

(1) Бул Келишимге катышуучу мамлекеттер (мындан ары “Келишим түзүүчү мамлекеттер” деп аталган) ойлоп табууларды, алар боюнча издөө жана экспертиза жүргүзүү, ошондой эле атайын техникалык кызмат көрсөтүү боюнча коргоого өтүнмөлөрдү берүү тармагында кызматташуу үчүн Союз түзүшөт.

(2) Бул Келишимдин эч бир жобосу, бул Конвенцияга катышуучу-өлкөлөрдүн кайсы гана жаранын болбосун же ошол өлкөдө жашаган адамдарын, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясында каралган укуктарды чектөө катары түшүнүлбөшү керек.

2-статья. Аныктама

Бул Келишимдин жана Нускаманын түшүнүгүндө, эгер атайын башкача эскертилбесе гана:
(I) “өтүнмө” – ойлоп табууларды коргоо боюнча өтүнмөлөрдү билдирет; “өтүнмөгө” шилтемелер: патенттерге, автордук күбөлүктөргө, пайдалуулук жөнүндө күбөлүктөргө, пайдалуу моделдерге, кошумча патенттерге же кошумча күбөлүктөргө, кошумча автордук күбөлүктөргө жана пайдалуулук жөнүндө кошумча күбөлүктөргө шилтемелер катары түшүнүлүшү керек;
(II) “патентке” шилтемелер: патентке, автордук күбөлүктөргө, пайдалуулук жөнүндө күбөлүктөргө, пайдалуу моделдерге, кошумча патенттерге же кошумча күбөлүктөргө, кошумча автордук күбөлүктөргө жана пайдалуулук жөнүндө кошумча күбөлүктөргө шилтемелер катары түшүнүлүшү керек;
(III) “улуттук патент” – улуттук органдар тарабынан берилген патентти билдирет.
(IV) “региондук патент” – бирден көбүрөөк мамлекетте иштеп жаткан, патент берүүгө укугу бар улуттук же өкмөт аралык органдар тарабынан берилген патентти билдирет;
(V) “региондук өтүнмө” – региондук патентке өтүнмөнү билдирет;
(VI) “улуттук өтүнмө” шилтемелер бул Келишимге ылайык берилген өтүнмөлөрдөн сырткары, улуттук патенттерге жана региондук патенттерге өтүнмөлөргө шилтемелер катары түшүнүлүшү керек;
(VII) “эл аралык өтүнмө” – бул Келишимге ылайык берилген өтүнмөнү билдирет;
(VIII) “өтүнмө” шилтемелер эл аралык өтүнмөлөргө жана улуттук өтүнмөлөргө шилтемелер катары түшүнүлүшү керек;
(IX) “патентке” шилтемелер улуттук патенттерге жана региондук патенттерге шилтемелер катары түшүнүлүшү керек;
(X) “улуттук мыйзамдарга” шилтемелер региондук патенттерди берүү же региондук өтүнмөлөргө берүү каралган келишимге, же региондук өтүнмөлөр, же региондук патенттер жөнүндө сөз болгондо Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына шилтемелер катары түшүнүлүшү керек,
(XI) мөөнөттөрдү эсептеп чыгаруу максаттары үчүн төмөнкү учурлар “артыкчылык күндөрүн” билдирет:
(а) эгерде эл аралык өтүнмө артыкчылыкты талап кылса, 8-статьяга ылайык, ушундай жол менен артыкчылык суралган өтүнмө берилген күн;
(b) эгерде эл аралык өтүнмө бир нече артыкчылыкты талап кылса, 8-статьяга ылайык ушундай жол менен артыкчылык суралган өтүнмө бир топ мурда берилген күн;
(c) эгерде эл аралык өтүнмө артыкчылыкты талап кылбаса, 8-статьяга ылайык бул эл аралык өтүнмөнүн берилген күн;
(XII) “улуттук ведомство” – Келишим түзүүчү мамлекеттердин патент берүүгө ыйгарым укугу бар өкмөттүк органын билдирет; “улуттук ведомствого” шилтемелер, бир нече мамлекеттерге региондук патент берүүгө ыйгарым укугу ыйгарылган, эң болбогондо, ошол мамлекеттердин ичинен бири Келишим түзүүчү мамлекет болуп саналган жана ошол мамлекеттер тарабынан жогоруда айтылган органга бул Келишимде жана Нускамада каралган улуттук ведомстволорго карата укуктарды жүзөгө ашырууну жана милдеттерди өзүнө алууга укук берилген шарт болсо, кайсынысы болсо да, өкмөт аралык органга шилтеме сыяктуу түшүнүлүшү керек;
(XIII) “көрсөтүлгөн ведомство” – ушул Келишимдин I главасына ылайык өтүнүч берүүчү катары көрсөтүлгөн мамлекеттин атынан иштеп жаткан мамлекеттин улуттук ведомствосун же улуттук ведомствону билдирет;
(XIV) “тандалган ведомство” – ушул Келишимдин II главасына ылайык өтүнүч берүүчү катары тандалган мамлекеттин атынан иштеп жаткан мамлекеттин улуттук ведомствосун же улуттук ведомствону билдирет;
(XV) “алуучу ведомство” – эл аралык өтүнмө берилүүчү өкмөт аралык уюмду же улуттук ведомствону билдирет;
(XVI) “Союз” – патенттик кооперациянын Эл аралык союзун билдирет;
(XVII) “Ассамблея” – Союздун Ассамблеясын билдирет;
(XVIII) “Уюм” – интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун билдирет;
(XIX) “Эл аралык бюро” – БИРПИ болуп турганда, интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча Эл аралык бириккен бюрону (БИРПИ) жана Уюмдун Эл аралык бюрону билдирет;
(XX) “Генералдык директор” – БИРПИ болуп турганда, БИРПИнин Директорун жана Уюмдун Генералдык директорун билдирет.

I глава

Эл аралык өтүнмө жана эл аралык издөө

3-статья. Эл аралык өтүнмө

(1) Ойлоп табууларды коргоого өтүнмө, ушул Келишимге ылайык, кайсынысы болсо да Келишим түзүүчү мамлекеттерден, эл аралык өтүнмө сыяктуу берилет.

(2) Эл аралык өтүнмө ушул Келишимде жана Нускамада белгиленгендей, арызды, ойлоп табуунун баянын, ойлоп табуунун бир же бир нече пункттагы формуласын, бир же бир нече чиймени (эгерде ал керек болсо) жана рефератты камтышы керек.

(3) Реферат маалыматтын техникалык максаттарында гана кызмат аткарат жана башка максаттарда көңүл бурууга, анын ичинде суралган коргоонун көлөмүн түшүндүрүү үчүн колдонула албайт.

(4) Эл аралык өтүнмө:

(I) белгиленген тилде түзүлүшү керек;
(II) эл аралык өтүнмөлөрдү тариздөөнүн белгиленген талаптарына жооп бериши керек;
(III) ойлоп табуулардын бирдиктүүлүгүнүн белгиленген талаптарына жооп бериши керек;
(IV) белгиленген алымдын төлөмү коштолуусу керек.

4-статья. Арыз

(1) Арыз төмөнкүлөрдү камтыйт:
(I) эл аралык өтүнмө ушул Келишимге ылайык каралуусу үчүн, ал жөнүндө жолдомо;
(II) эл аралык өтүнмөнүн негизинде ойлоп табуулар коргоого (“көрсөтүлгөн мамлекеттер”) суралганда, Келишим түзүүчү мамлекеттин же мамлекеттердин көрсөтмөсү; эгерде, кайсы-бир көрсөтүлгөн мамлекетке карата региондук патент суралуусу керек болсо, өтүнмө берүүчү улуттук патент эмес, региондук патент алууну кааласа, арызда бул эскертилиши керек; эгерде, региондук патент жөнүндө келишимге ылайык арыз берүүчүнүн өзүнүн өтүнмөсүн ушул келишимдин айрым катышуучу-мамлекеттери менен чектөө мүмкүнчүлүгү жок болсо, бул мамлекеттердин ичинен бирөөсүнүн көрсөтмөсү жана региондук патентти алуу жөнүндө өтүнүч бул келишимдин бардык катышуучу-мамлекеттеринин көрсөтмөсү катары каралышы керек; эгерде, көрсөтүлгөн мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык, бул мамлекеттин көрсөтмөсү өтүнмөнү региондук патентке көрсөтүү күчүнө ээ болсо, бул көрсөтмө региондук патент алуу ниети катары каралышы керек;
(III) өтүнмө берүүчүнүн жана агенттин (эгерде андай бар болсо) аты жана башка аныкталган маалыматтары;
(IV) ойлоп табуунун аталышы;
(V) эгерде, улуттук мыйзам, бул маалыматтар улуттук өтүнмөлөрдү берүү менен бир убакта көрсөтүлүшү үчүн, эң жок дегенде, көрсөтүлгөн мамлекеттердин ичинен бирөөсүн талап кылса, ойлоп табуучунун аты жана башка аныкталган маалыматтары. Андай болбосо эскертилген маалыматтар арызда же ар бир көрсөтүлгөн мамлекеттердин ведомстволоруна жиберилген өз алдынча каттарда көрсөтүлүшү керек, улуттук мыйзам эскертилген маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылат, бирок аларды улуттук өтүнмөнү берүүдөн кийин көрсөтүүгө уруксат берет.

(2) Белгиленген мөөнөттө Келишим түзүүчү ар бир мамлекетти көрсөтүү үчүн белгиленген алым төлөнөт.

(3) Эгерде өтүнмө берүүчү 43-статьяда саналган коргоонун кайсы-бир түрүнөн суралбаса, мамлекеттин көрсөтмөсү суралуучу коргоо көрсөтүлгөн мамлекеттин же ошол мамлекетке карата патент берүүдө турарын билдирет. Ушул пункттун максаттары үчүн 2 (II) статьянын жоболору колдонулбайт.

(4) Арызда ойлоп табуучунун аты жана башка аныкталган маалыматтарынын жок болушу кайсы болсо да көрсөтүлгөн мамлекетте эч кандай жыйынтыкка алып келбейт, улуттук мыйзам бул маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылат, бирок аларды улуттук өтүнмөнү бергенден кийин көрсөтүүгө уруксат берет. Өз алдынча катта эскертилген маалыматтарды көрсөтпөө, кайсы болсо да көрсөтүлгөн мамлекетте эч кандай жыйынтыкка алып келбейт, улуттук мыйзам аларды көрсөтүүнү талап кылбайт.

5-статья. Ойлоп табууну сыпаттоо

Ойлоп табуу ошол тармактын адистери тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн сыпаттама ойлоп табууну жетишерлик түшүнүктүү жана толук ачып бериши керек.

6-статья. Ойлоп табуунун формуласы

Ойлоп табуунун пункттары же формуласынын пункту объектини коргоо суралгандай, аныкташы керек. Ойлоп табуунун формуласынын пункттары түшүнүктүү жана так болушу керек. Алар толук бойдон ойлоп табуунун сыпатталышы менен бекемделиши керек.

7-статья. Чиймелер

(1) Чиймелер (2) (II) пункттун жоболорун эске алуу менен, алар ойлоп табууну түшүнүү үчүн зарыл болгондо көрсөтүлөт.

(2) Эгерде чиймелер ойлоп табууну түшүнүү үчүн зарыл болуп саналбай, бирок ойлоп табуунун мүнөзү иллюстрацияларга чийме түрүндө жол берсе:
(I) мындай чиймелерди, өтүнмө берүүчү аны берүүдө эл аралык өтүнмөгө киргизе алат;
(II) көрсөтүлгөн кайсы ведомство болбосун өтүнмө берүүчү ага ошондой чиймени белгиленген мөөнөттө көрсөтүүсүн талап кыла алат.

8-статья. Артыкчылыкка умтулуу

(1) Эл аралык өтүнмө Нускамада белгиленген тартипте, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын кайсы болсо да катышуучу-өлкөлөрүнө берилген же кайсы болсо да ошондой өлкөгө карата бир же бир нече мурдагы өтүнмөлөрдүн артыкчылыгы жөнүндө арызды камтууга тийиш.

(2) (a) артыкчылыкка умтулуунун (1) пунктуна ылайык өтүнүч менен кайрылган, кайсы болсо да шарттары жана жыйынтыгы, (b) пунктчасынын жоболорун эске алуу менен, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын Стокгольм Актысынын 4-статьясында каралгандай болушу керек.

(b) Келишим түзүүчү мамлекеттерге же ошондой мамлекеттерге карата берилген мурдагы бир же бир нече өтүнмөлөрдүн артыкчылыкка умтулууну камтыган эл аралык өтүнмөсү ошол мамлекеттин көрсөтмөлөрүн камтышы керек. Эгерде эл аралык өтүнмөдө, кайсы-бир көрсөтүлгөн мамлекетке же ошондой мамлекетке берилген бир же бир нече улуттук өтүнмөлөрдүн артыкчылыкка умтулуусу камтылса, же эгерде, бир гана мамлекет көрсөтүлгөн, башка эл аралык өтүнмөдө артыкчылыкка умтулуу камтылса, артыкчылыкка умтулуунун шарттары жана жыйынтыктары бул мамлекетте анын улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат.

9-статья. Өтүнүүчү

(1) Келишим түзүүчү мамлекеттердин кайсы жараны болсо да же бул мамлекетте жашаган адам эл аралык өтүнмө бере алат.

(2) Ассамблея бул Келишимге катышпаган, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын кайсы болсо да катышуучу-өлкөлөрүнүн жарандарына, ошондой эле ошол өлкөдө жашаган адамдарга эл аралык өтүнмө берүүгө мүмкүндүк берүүчү чечим кабыл ала алат.

(3) Жарандык жана жашаган жер түшүнүгү, ошондой эле бир нече өтүнүүчү болгон учурларда бул түшүнүктөрдү колдонуу, же өтүнүүчүлөр бардыгы үчүн көрсөтүлгөн мамлекеттегилердин эле өзү болуп саналбаса, Нускама менен аныкталат.

10-статья. Алуучу ведомство

Эл аралык өтүнмө, аны ушул Келишимде жана Нускамада каралган тартипте текшерүүчү жана карап чыгуучу белгиленген кабыл алуучу ведомствого берилет.

11-статья. Эл аралык өтүнмөнү берүүнүн датасы жана жыйынтыгы

(1) Алуучу ведомство аны эл аралык берүү датасы катары белгилейт, эгерде эл аралык өтүнмөнү алууда ведомство төмөнкүдөй бүтүмгө келсе, алуу датасын:
(I) өтүнүүчү жарандык же жашаган жеринин себептери боюнча, бул алуучу ведомствого эл аралык өтүнмөнү берүү укугунан, бардык талашсыздыгынан ажырабаса;
(II) эл аралык өтүнмө белгиленген тилде түзүлсө;
(III) эл аралык өтүнмө эч болбогондо, төмөнкүлөрдү камтыйт:
(a) ал, эл аралык өтүнмө сыяктуу берилип жаткандыгын эскертүү;
(b) эч болбогондо Келишим түзүүчү мамлекеттердин бирин көрсөтүү;
(c) белгиленгендей, өтүнүүчүнүн аты;
(d) сыртынан ойлоп табуунун баяндап жазуусу көрсөтүлгөн бөлүк;
(e) сыртынан ойлоп табуунун пункту же формуласынын пункту көрсөтүлгөн бөлүк;
(2) (a) Эгерде алуучу ведомство эл аралык өтүнмөнүн аны алуу датасы (1) пунктта саналган талаптарды канааттандырбаганын белгилесе, ал өтүнүүчүгө Нускамада каралгандай керектүү оңдоолорду киргизүүнү сунуштайт.
(b) Эгерде өтүнүүчү бул талаптарды Нускамага ылайык аткарса, алуучу ведомство талап кылынган оңдоолорду алуунун датасын эл аралык берүү датасы катары белгилейт.
(3) 64 (4) статьясында каралган жоболорду эске алуу менен, кайсы болбосун эл аралык өтүнмө, (1) пунктунун (I)-(III) пунктчаларында саналган талаптарга жооп берүүчү жана эл аралык берүү датасы белгиленгенине карата, ар бир көрсөтүлгөн мамлекетте факт жүзүндө берилген датасы катары каралган эл аралык берүү датасы менен ар бир көрсөтүлгөн мамлекетте туура таризделген улуттук өтүнмө күчүнө кирет.
(4) (1) пунктунун (I)-(III) пунктчаларында саналган талаптарга жооп берүүчү кайсы болбосун эл аралык өтүнмөнү берүү, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын маанисинде туура таризделген улуттук өтүнмөнү берүүгө теңештирилет.

12-статья. Эл аралык өтүнмөнү Эл аралык бюрого жана
Эл аралык издөө органына жөнөтүү

(1) Нускамада каралган жол-жобого ылайык эл аралык өтүнмөнүн бир нускасы алуучу ведомстводо сакталат (“алуучу ведомство үчүн көчүрмө”), бир нускасы Эл аралык бюрого жөнөтүлөт (“катталуучу нускасы”) жана бир нускасы компетенттүү Эл аралык издөө органына жөнөтүлөт, 16-статьяда эскертилгендөй (“издөө үчүн көчүрмө”).
(2) Катталуучу нуска эл аралык өтүнмөнүн түпнускасы болуп эсептелет.
(3) Эгерде катталуучу нуска белгиленген мөөнөттө Эл аралык бюро тарабынан кабыл алынбаган болсо, Эл аралык өтүнмө чыгарып ташталган болуп эсептелет.

13-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволордун эл аралык өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн
алуу мүмкүнчүлүгү

(1) Кайсы болбосун көрсөтүлгөн ведомство Эл аралык бюродон 20-статьяда каралган эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүн аны жөнөтүүгө чейин ага салып жиберүүсүн сурай алат жана Эл аралык бюро артыкчылык датасынан бир жыл өткөндө мындай көчүрмөнү көрсөтүлгөн ведомствого токтоосуз жиберет.

(2) (а) Өтүнүүчү кайсы убакта болбосун өзүнүн эл аралык өтүнмөсүнүн көчүрмөсүн кайсы болбосун көрсөтүлгөн ведомствого жибере алат.

(b) Өтүнүүчү кайсы убакта болбосун Эл аралык бюродон анын эл аралык өтүнмөсүнүн көчүрмөсүн кайсы болбосун көрсөтүлгөн кайсы болсо да ведомствого салып жиберүүсүн сурана алат жана Эл аралык бюро ошондой ведомствого көчүрмөнү токтоосуз жиберет.

(c) Кайсы улуттук ведомство болбосун Эл аралык бюрого (b) пунктчасында каралгандай ал көчүрмөнү алууну каалабаганын билдире алат; мындай учурларда эскертилген пунктча бул ведомствого карата колдонулбайт.

14-статья. Эл аралык ведомствонун айрым кемчиликтери

(1) (а) Алуучу ведомство эл аралык өтүнмөдө төмөнкү кемчиликтердин ичинен кайсы-бири жок экендигин текшерет, атап айтканда:
(I) Нускамада каралгандай кол коюлбаганын;
(II) өтүнүүчү жөнүндө белгиленген маалыматтарды камтыбаганын;
(III) аталышы көрсөтүлбөгөнүн;
(IV) рефератынын жоктугунун;
(V) эл аралык өтүнмөнү тариздөө талаптарынын Нускамада каралгандай деңгээлин канааттандырбайт.

(b) Эгерде алуучу ведомство эскертилген жетишпестиктердин ичинен кайсы-биринин бар экендигин белгилесе, ал өтүнүүчүгө эл аралык өтүнмөнү белгиленген мөөнөттө оңдоосун сунуш кылат; ал талаптар аткарылбаган учурларда өтүнмө алып ташталган болуп эсептелет жана алуучу ведомство ошол алып таштоо жөнүндө билдирет.

(2) Эгерде эл аралык өтүнмөдө чиймеге шилтеме кылынып, чындыгында ага киргизилбеген болсо, алуучу ведомство ал жөнүндө өтүнүүчүгө билдирет жана ал белгиленген мөөнөттө чиймесин көрсөтө алат. Эгерде өтүнүүчү аны жасаса, алуучу ведомство тарабынан чиймени алган дата, эл аралык берүү датасы болуп эсептелет. Андай болбогон учурда көрсөтүлгөн чиймеге кайсы шилтеме болсо да жараксыз болуп эсептелет.

(3) (а) Эгерде алуучу ведомство 3 (4) (IV) статьясында каралган алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөнүн же 4 (2) статьясында каралган алым көрсөтүлгөн мамлекеттердин ичинен бири үчүн да төлөнбөгөнүн белгилесе, эл аралык өтүнмө алып ташталган болуп эсептелет жана алуучу ведомство ал алып таштоо жөнүндө билдирет.

(b) Эгерде алуучу ведомство 4 (2) статьясында каралган алым белгиленген мөөнөттө бирөө же андан көбү үчүн, бирок көрсөтүлгөн мамлекеттердин бардыгы үчүн эмес төлөнгөнүн белгилесе, белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөн мамлекеттерди көрсөтүү алып ташталган болуп эсептелет жана алуучу ведомство бул алып таштоо жөнүндө билдирет.

(4) Эгерде алуучу ведомство эл аралык өтүнмөгө эл аралык берүү датасы белгиленгенден кийин, белгиленген мөөнөттө 11-статьянын (1) пунктунун (I)-(III) пунктчасында саналган талаптардын ичинен кайсы-бири бул датага аткарылбаганын таап чыкса, эскертилген өтүнмө алып ташталган болуп эсептелет жана алуучу ведомство бул алып таштоо жөнүндө билдирет.

15-статья. Эл аралык издөө

(1) Ар бир эл аралык өтүнмө боюнча эл аралык издөө жүргүзүлөт.

(2) Техниканын ылайыктуу деңгээлин табуу эл аралык издөөнүн максаттары болуп саналат.

(3) Эл аралык издөө ойлоп табуунун баяндап жазуусун жана чиймесин (эгерде андай бар болсо) тийиштүү эске алуу менен ойлоп табуунун формулаларынын негизинде жүргүзүлөт.

(4) 16-статьяда эскертилген эл аралык издөө органы техниканын ылайыктуу деңгээлин, анын мүмкүнчүлүгү канчага мүмкүндүк бере турган деңгээлин табууга умтулат жана кандай учурда болсо да, Нускамада аныкталган документацияны колдонот.

(5) (а) Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомствосуна же ошондой мамлекеттердин атынан иштеп жаткан улуттук ведомствого улуттук өтүнмө бере турган өтүнүүчү, эгерде буга Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук мыйзамдары тарабынан уруксат берилсе жана бул мыйзамдар тарабынан аныкталган шарттарга ылайык, анын өтүнмөсү боюнча эл аралык издөөгө (“эл аралык типтеги издөө”) окшош издөө жүргүзүлүшүн суранат.

(b) Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомствосу же ошондой мамлекеттердин атынан иштеп жаткан улуттук ведомство, эгерде буга Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук мыйзамдары тарабынан уруксат берилсе, кайсы болбосун улуттук өтүнмөнү ошондой мамлекеттерге берилген эл аралык типте издөөгө өткөрө алат.

(c) Эгерде бул улуттук өтүнмө эл аралык өтүнмө болсо жана (a) жана (b) пунктчаларында эскертилген ведомствого берилген болсо, Эл аралык типте издөө 16-статьяда эскертилген, эл аралык издөөнү жүргүзүүгө компетенттүү болгон Эл аралык издөө органдары тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде улуттук өтүнмө Эл аралык издөө органы өтүнмөнү карап чыгууга мүмкүнчүлүгү жок тилде түзүлгөн болсо, эл аралык типте издөө, бул Эл аралык издөө органы эл аралык өтүнмөлөрдү кабыл алууга милдеттенген, эл аралык өтүнмөлөр үчүн өтүнүүчү тарабынан даярдалып, белгиленген тилге которуу боюнча жүргүзөт. Улуттук өтүнмө жана котормо, талап кылынганда, эл аралык өтүнмөлөр үчүн белгиленген форма боюнча көрсөтүлөт.

16-статья. Эл аралык издөө органы

(1) Эл аралык издөө, мисалы, билдирилген ойлоп табууларга карата техниканын деңгээли жөнүндө документациялык издөө жөнүндө отчетторду даярдоо милдеттерине кирген Эл аралык патенттик институт сыяктуу, же улуттук ведомство, же өкмөт аралык уюм болгон Эл аралык издөө органы тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Эгерде бирдиктүү Эл аралык издөө органын түзгөнгө чейинки мезгилде бир нече эл аралык издөө органдары иштеп жаткан болсо, ар бир алуучу ведомство (3) (b) пунктунда эскертилген макулдашуулардын шарттарына ылайык Эл аралык издөө органын же бул ведомство тарабынан берилген эл аралык өтүнмө боюнча издөө жүргүзүүгө компетенттүү органдарды көрсөтөт.

(3) (а) Эл аралык издөө органдары Ассамблея тарабынан дайындалат. Эл аралык издөө органы болуп, (с) пунктчасында каралган талаптарга жооп берген, кайсы болсо да улуттук ведомство, же кайсы болсо да өкмөт аралык уюм дайындалышы мүмкүн.

(b) Дайындоо ушундай Органдар катарында дайындалуучу улуттук ведомствонун же өкмөт аралык уюмдун макулдугу менен жана ушундай ведомствонун же уюмдун жана Эл аралык бюронун ортосундагы Ассамблея тарабынан түзүүгө жаткан макулдашууларды түзүү шарттарында жүзөгө ашырылат. Макулдашууда тараптардын укуктары жана милдеттери аныкталышы, ошону менен бирге, мындай ведомствонун же уюмдун формалдуу милдеттеринде эл аралык издөөнүн жалпы эрежеси колдонулушу жана сакталышы керек.

(c) Нускама талаптардын минимумдарын кызматкерлерге жана ошону менен бирге, кайсы ведомство болбосун же уюм, дайындалардан мурда жооп берүүчү жана дайындалган бардык мөөнөттөрүнүн ичинде алар жооп берүүсү керек болгон документацияларга карата караштырат.

(d) Дайындоо узартууга боло турган аныкталган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

(е) Кайсы-бир улуттук ведомствону же өкмөт аралык уюмду дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуудан, ошондой эле ушундай дайындоонун мөөнөтүн узартуу же токтотуудан мурда Ассамблея кызыкдар ведомствону же уюмду угат жана 56-статьяда эскертилген, Техникалык кызматташуу боюнча комитеттин сунуштарын бул Комитет түзүлгөндөн кийин сурайт.

17-статья. Эл аралык издөө органы тарабынан колдонулуучу жол-жобо

(1) Эл аралык издөө органы тарабынан колдонулуучу жол-жоболоштуруулар ушул Келишимдин, Нускаманын жоболору жана Эл аралык бюро бул Орган менен ушул Келишимге жана Нускамага ылайык түзүүчү макулдашуулары тарабынан аныкталат.

(2) (a) Эгерде Эл аралык издөө органы төмөнкүдөй деп эсептесе, анда:
(I) эл аралык өтүнмө Нускамага ылайык Эл аралык издөө органы эл аралык издөө жүргүзүүгө милдеттүү эмес болуп эсептелген объектиге тиешелүү болсо, мындай учурларда ал мындай издөөнү жүргүзбөө чечимин кабыл алат; же
(II) ойлоп табуунун сыпатталышы, ойлоп табуунун формуласы же чиймеси белгиленген талаптарды ушунчалык канааттандырбаса, толук баалуу издөө жүргүзүү мүмкүн эмес болуп саналганда,
эскертилген Орган декларацияга ушундай фактыны белгилейт жана өтүнүүчүгө жана Эл аралык бюрого эл аралык издөө жөнүндө отчет даярдалбай тургандыгын билдирет.

(b) Эгерде (а) пунктчасында эскертилген кырдаалдардын кайсыны болбосун формуланын кээ бир пункттарына гана байланыштуу табылганда, эл аралык издөө жөнүндө отчет ошондой пункттарга карата тиешелүү эскертүүлөрдү камтыганда, формуланын башка пункттары боюнча эскертилген отчет 18-статьяга ылайык даярдалат.

(3) (а) Эгерде Эл аралык издөө органы эл аралык өтүнмө ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талаптарын, Нускамада аныкталгандай канааттандырбайт деп эсептесе, ал өтүнүүчүгө кошумча алым төлөөнү сунуштайт. Эл аралык издөө органы биринчи формулада (“башкы ойлоп табуу”) эскертилген ойлоп табууга тиешелүү эл аралык өтүнмөнүн бөлүктөрү боюнча эл аралык издөө жөнүндө, ошондой эле ойлоп табууларга тиешелүү эл аралык өтүнмөнүн бөлүктөрү боюнча талап кылынган алымдарды белгиленген мөөнөттө төлөө шарттарында, ошол алымдар төлөнгөндүгү үчүн отчет даярдайт.

(b) Көрсөтүлгөн мамлекеттердин кайсынысынын болбосун улуттук мыйзамдары, эгерде өтүнүүчү атайын алымды ушул мамлекеттин улуттук ведомствосуна төлөбөсө, улуттук ведомство (а) пунктчасында эскертилген Эл аралык издөө органынын сунушун негиздүү деп тапкан учурда жана өтүнүүчү кошумча алымдарды төлөбөгөндө, бул мамлекетте алардын аракеттерине карата эл аралык өтүнмөнүн издөө жүргүзүлбөгөн бөлүгү алынып салынды деп эсептеле тургандыгын караштыра алат.

18-статья. Эл аралык издөө жөнүндө отчет

(1) Эл аралык издөө жөнүндө отчет белгиленген форма боюнча белгиленген мөөнөттө түзүлөт.

(2) Эл аралык издөө жөнүндө отчет аны даярдагандан кийин дароо Эл аралык издөө органы тарабынан өтүнүүчүгө жана Эл аралык бюрого жөнөтүлөт.

(3) 17 (2) (а) статьясында эскертилген эл аралык издөө жөнүндө отчет же декларация Нускамада караштырылган тилге которулат. Котормолор Эл аралык бюронун, же өзү тарабынан, же анын тапшырыгы боюнча, бирок анын жоопкерчилиги астында аткарылат.

19-статья. Ойлоп табуулардын формулаларын Эл аралык бюродо өзгөртүү

(1) Өтүнүүчү эл аралык издөө жөнүндө отчетту алгандан кийин, өзгөртүүлөрдү Эл аралык бюрого белгиленген мөөнөттө көрсөтүү менен эл аралык өтүнмөнүн формуласын бир жолу өзгөртүү укугуна ээ. Бир эле мезгилде өтүнүүчү Нускамага ылайык өзгөртүүнүн кыскача түшүндүрмөсүн көрсөтө алат жана ал ойлоп табуунун сыпаттамасында жана чиймесинде кандай чагылдырарын көрсөтө алат.

(2) Өзгөртүүлөр эл аралык өтүнмөнүн алгач берилген ачылышынын алкагынан чыкпашы керек.

(3) Эгерде көрсөтүлгөн мамлекеттердин кайсынысы болбосун улуттук мыйзамы өзгөртүүлөр эл аралык өтүнмөнүн алгач берилген ачылышынын алкагынан чыгарылгандыгына уруксат берсе, бул мамлекетте (2) пунктун сактабоонун залалы тийбейт.

20-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволорго эл аралык өтүнмөнүн материалдарын
жиберүү

(1) (а) Эл аралык өтүнмөнү эл аралык издөө жөнүндө (17 (2) (b) статьясында эскертилген кайсы болсо да эскертүүлөрдү кошуп) отчет же 17 (2) (а) статьясында эскертилген декларация менен чогуу, Нускамада караштырылгандай, көрсөтүлгөн ведомствонун ар бирине, эгерде көрсөтүлгөн ведомство мындай тартиптен баш тартпаса, толук же бөлүп-бөлүп жиберилет.

(b) Жиберилген материалдар отчетто жана декларацияда эскертилген котормону (белгиленгендей) камтыйт.

(2) Эгерде ойлоп табуунун формуласы 19 (1) статьясына ылайык өзгөртүлсө материалдар ойлоп табуунун формуласынын толук текстин алгачкыдагыдай өзгөртүлгөн түрдө, же ойлоп табуунун алгачкы түрүндөгү формуласынын толук текстине киргизилген өзгөртүүлөрдү көрсөтүү менен, ошондой эле 19 (1) статьясында эскертилген түшүндүрмөнү, эгер андай бар болсо, камтышы керек.

(3) Көрсөтүлгөн ведомствонун же өтүнүүчүнүн суранычы боюнча Эл аралык издөө органы ведомствого же өтүнүүчүгө Нускамада караштырылганга жараша, эл аралык издөө жөнүндө отчетто шилтеме жасалган, документтин көчүрмөсүн жиберет.

21-статья. Эл аралык жарыялоо

(1) Эл аралык бюро эл аралык өтүнмөлөрдү жарыялоону жүзөгө ашырат.

(2) (а) (b) пунктчасында жана 64 (3) статьясында караштырылган учурлардан сырткары эл аралык өтүнмөнү эл аралык жарыялоо бул өтүнмөнүн артыкчылык датасынан кийин 18 айдын ичинде шашылыш жүзөгө ашырылат.

(b) Өтүнүүчү Эл аралык бюродон өзүнүн эл аралык өтүнмөсүн мөөнөт аяктаганга чейин, (а) пунктчасында эскертилген кайсы мезгилде болсо да жарыялоону өтүнө алат. Эл аралык бюро бул өтүнүчтү Нускамага ылайык аткарат.

(3) Эл аралык издөө жөнүндө отчет же 17 (2) (а) статьясында эскертилген декларация Нускамада белгиленгендей жарыяланат.

(4) Эл аралык жарыялоонун тили жана формасы, ошондой эле башка толугу Нускамада аныкталат.

(5) Эгерде эл аралык өтүнмө алып салынса, же аны жарыялоого техникалык даярдоо аяктаганга чейин алып салынды деп эсептелсе, эл аралык жарыялоо жүргүзүлбөйт.

(6) Эгерде Эл аралык бюронун пикири боюнча, эл аралык өтүнмө Нускамада аныкталгандай, моралга же жалпы тартипке туура келбеген түшүндүрүүлөрдү же чиймелерди камтыса, же эгерде эл аралык өтүнмө барк алынбаган айтууларды камтыса, Эл аралык бюронун жарыялоодо калтырылып кеткен сөздөрдүн жана чиймелердин ордун жана санын көрсөтүү менен, ошондой түшүндүрүү, чиймелерди жана айтууларды калтырып кетүүгө укугу бар. Суроолор боюнча Эл аралык бюро калтырылып кеткен тексттин же чийменин өз алдынча көчүрмөсүн көрсөтөт.

22-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволор үчүн көчүрмө, котормо жана алым

(1) Өтүнүүчү ар бир көрсөтүлгөн ведомствого артыкчылык датасынан 20 айдан кеч эмес, эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүн (шилтеме 20-статьяга ылайык жүзөгө ашырылган учурлардан сырткары) жана анын котормосун (белгиленгендей) көрсөтөт, ошондой эле улуттук алым (эгерде ушундай караштырылган болсо) төлөйт. Эгерде көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамы ойлоп табуучунун атын жана ал жөнүндө белгиленген маалыматтарды эскертүүнү талап кылса, бирок бул талаптарды улуттук өтүнмөнү берүүдөн кийин аткарууга жол берсе, эгерде алар ошол мамлекеттин улуттук ведомствосунун же ал мамлекеттин атынан иштеп жаткан улуттук ведомствонун арызында жок болсо, өтүнүүчү эскертилген маалыматтарды артыкчылык датасынан 20 айдан кеч эмес көрсөтөт.

(2) Эл аралык издөө органы декларацияда эл аралык издөө жөнүндө отчет 17 (2) (а) статьясына ылайык даярдалбай тургандыгы белгиленген учурларда, ушул статьянын (1) пунктунда эскертилген иш-аракеттерди аткаруу үчүн мөөнөт, бул (1) пунктта кандай караштырылса, ошондой эле болуп саналат.

(3) (1) же (2) пункттарда эскертилген иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн, кайсы болбосун улуттук мыйзам, бул пункттарда караштырылгандан кечирээк бүтүүчү мөөнөттөрдү белгилөөгө тийиш.

23-статья. Улуттук жол-жобонун мөөнөтүн узартуу

(1) Көрсөтүлгөн ведомство эл аралык өтүнмө боюнча жол-жобону же бул өтүнмө боюнча экспертизаны, мөөнөттүн 22-статьяда караштырылганга ылайык бүтүшүнө чейин жүргүзбөйт.
(2) Көрсөтүлгөн кайсы болбосун ведомство, (1) пункттун жоболоруна карабастан, өтүнүүчүнүн атайын суроосу боюнча каалаган убакта ошол өтүнмө боюнча эл аралык өтүнмө же экспертиза жол-жоболорун жүргүзүүгө тийиш.

24-статья. Көрсөтүлгөн мамлекеттерде эл аралык өтүнмөлөрдүн
аракеттерин токтотуу мүмкүндүгү

(1) Ушул статьянын (II) пунктчасында аныкталган учурларда колдонулуучу, 25-статьянын жоболорун эске алуу менен, 11 (3) статьяда караштырылган эл аралык өтүнмөнүн аракеттери, ошол мамлекетте кайсы болбосун улуттук өтүнмөнү алып таштоонун жыйынтыктары менен, кайсы болбосун көрсөтүлгөн мамлекеттерде токтотулат, эгерде:

(I) өтүнүүчү өзүнүн эл аралык өтүнмөсүн же ошол мамлекеттин көрсөтмөсүн алып салса;
(II) эл аралык өтүнмө 12 (3), 14 (1) (b), 14 (3) (a) же 14 (4) статьяларынын күчү менен алып салынды деп эсептелет, же эгерде бул мамлекеттердин көрсөтмөсү 14 (3) (b) статьясынын күчү менен алып салынат деп эсептесе;

(III) өтүнүүчү аракеттин 22-статьяда караштырылганга ылайык мөөнөтүн аткарбаса.

(2) (1) пунктунун жоболоруна карабастан, кайсы болбосун көрсөтүлгөн ведомство 11 (3) статьяда караштырылган эл аралык өтүнмөнүн аракетин, 25 (2) статьянын күчү талап кылынбаган учурда да сактай алат.

25-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволордун чечимдерин кайра кароо

(1) (а) Эгерде алуучу ведомство эл аралык датаны берүүдөн баш тартса, же эгерде Эл аралык бюро 12 (3) статьяда караштырылгандай факт белгилегендиктен, эл аралык өтүнмө алып ташталды деп эсептелет деп билдирсе, Эл аралык бюро өтүнүүчүнүн суроосу боюнча өтүнүүчү тарабынан аталган кайсы болбосун көрсөтүлгөн ведомстводон иштин кайсы болбосун документинин көчүрмөсүн кечиктирбестен жөнөтөт.

(b) Эгерде алуучу ведомство кайсы болбосун мамлекеттин көрсөтмөсү алып ташталды деп эсептелгенин билдирсе, Эл аралык бюро өтүнүүчүнүн суроосу боюнча ошондой мамлекеттин улуттук ведомствосуна иштин кайсы болбосун документинин көчүрмөсүн жөнөтөт.
(с) (а) жана (b) пнуктчаларында эскертилген өтүнүчтөр белгиленген мөөнөттө көрсөтүлүшү керек.
2 (а) (b) пунтчасынын жоболорун эске алуу менен ар бир көрсөтүлгөн ведомство белгиленген мөөнөттө (эгерде андай караштырылган болсо) улуттук алымды төлөө жана тиешелүү (белгиленгендей) котормону белгиленген мөөнөттө көрсөтүү шарттарында ушул Келишимдин жана Нускаманын жоболорунун көз карашынан алганда, (1) пунктунда эскертилген фактыны белгилөө же арыздан баш тартуу негизделгенин чечет жана эгерде ал мындай арыз же баш тартуу алуучу ведомство тарабынан кетирилген жаңылыштыктын же каталыктын натыйжасынан болуп саналат, же фактыны белгилөө Эл аралык бюро тарабынан кетирилген каталыктардын натыйжасы болуп саналат деген бүтүмгө келсе, көрсөтүлгөн ведомство ошол мамлекеттеги аракеттерине карата эл аралык өтүнмөнү андай жаңылыштыктар же каталыктар орун албагыдай карап чыгат.

(b) Эгерде катталуучу нуска Эл аралык бюрого өтүнүүчү тарабынан жаңылыштыктын же каталыктын кетирилишинин кандайдыр себептери боюнча, 12 (3) статьясында караштырылган мөөнөттөн өтүп кеткенден кийин түшсө, (а) пунктчасынын жоболору 48 (2) статьясында эскертилген шарттарда гана колдонулат.

26-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволордо эл аралык өтүнмөгө оңдоолорду
киргизүү мүмкүнчүлүгү

Көрсөтүлгөн ведомство, өтүнүүчүгө аталган өтүнмөнү ошондой өлчөмдө оңдоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнүн жоктугунан, ал ушул Келишимдин жана Нускаманын талаптарына ылайык келбеген негиздерде жана улуттук өтүнмөлөргө карата ушундай же ушуга окшош жагдайлар үчүн улуттук мыйзамдарда караштырылган жол-жоболорго ылайык эл аралык өтүнмөнү кабыл албай кое албайт.

27-статья. Улуттук мыйзамдардын талаптары

(1) Улуттук мыйзамдар эл аралык өтүнмөлөрдүн формасына же мазмунуна ушул Келишимде жана Нускамада караштырылгандан башка, кошумча же башка талаптарды көрсөтө албайт.

(2) (1) пунктунун жоболору 7 (2) статьясына жайылтылбайт жана көрсөтүлгөн ведомстводо эл аралык өтүнмөнү карап чыгуу башталганда гана талап кылууга улуттук мыйзамга жолтоо болбойт:

(I) юридикалык жак болуп саналган өтүнүүчүнү көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдын атын эскертүү;

(II) эл аралык өтүнмөнүн бөлүгү болуп саналбай, бул өтүнмөдө келтирилген түзүүнүн жана арыздын далили катары кызмат кылган, бул өтүнмөнү берүүдө ага өкүлдөр же агенттер кол койгон учурларда, эл аралык өтүнмөгө өтүнүүчүнүн кол коюусун күбөлөндүрүүнү кошуу менен документтерди көрсөтүү.

(3) Эгерде өтүнүүчү кайсы болбосун көрсөтүлгөн мамлекетте, ошол мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык улуттук өтүнмө берүүгө укугу жок болсо, анткени, ал ойлоп табуучу болуп саналбаса, көрсөтүлгөн ведомство эл аралык өтүнмөнү кабыл албайт.

(4) Эгерде улуттук ведомство өтүнүүчүнүн көз карашы менен ушул Келишимде жана Нускамада караштырылган эл аралык өтүнмөнүн талаптарына караганда бир топ оңтойлуу болуп саналган улуттук өтүнмөнүн формасына жана мазмунуна талаптарды камтыса, ошондой көрсөтүлгөн мамлекеттердин улуттук ведомствосу, соттору жана кайсы болбосун башка компетенттүү органдары же анын атынан аракеттенген органдар, өтүнүүчү өзүнүн эл аралык өтүнмөсүнө ушул Келишимде жана Нускамада караштырылган талаптарды колдонууну талап кылган учурлардан сырткары, эл аралык өтүнмөнүн акыркы талаптарынын ордуна биринчи талаптарды колдонууга тийиш.

(5) Ушул Келишимде жана Нускамада эч нерсе ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттердин патент жөндөмдүүлүктөрүнүн материалдык-укуктук шарттарын белгилөө укуктарын чектөө мүмкүндүгү катары түшүнүлүшү керек эмес. Ошону менен бирге техниканын деңгээлин аныктоого карата ушул Келишимдин жана Нускаманын кайсы болбосун жобосу эл аралык жол-жобо максаттары үчүн гана кызмат кылат жана ошондуктан билдирилген эл аралык өтүнмөдө ойлоп табуунун патент жөндөмдүүлүктөрүн аныктоодо Келишим түзүүчү кайсы болбосун мамлекет өтүнмөнүн формасына жана мазмунуна көрсөтүлүүчү талаптарга тиешеси жок патент жөндөмдүүлүктүн башка шарттарына жана техниканын деңгээлине карата өзүнүн улуттук мыйзамдарынын критерийлерин колдонууга укугу бар.

(6) Улуттук мыйзам ушул мыйзамда белгиленген, патент жөндөмдүүлүктүн кайсы болбосун материалдык-укуктук шарттарына карата далилдерди өтүнүүчүдөн көрсөтүү жөнүндө талаптарды камтууга тийиш.

(7) Эл аралык өтүнмөнү карап чыгууну баштаган кайсы болбосун алуучу ведомство же көрсөтүлгөн ведомство өзүнүн улуттук мыйзамын ушул ведомствонун алдында өтүнүүчүлөрдү көрсөтүүгө укугу бар агентти өтүнүүчү тарабынан дайындоо жөнүндөгү, жана/же кабарлоону алуу максаттары үчүн көрсөтүлгөн мамлекеттеги даректерди өтүнүүчүлөр тарабынан кабарлоо жөнүндөгү талаптарга карата колдоно алат.

(8) Ушул Келишимдеги жана Нускамадагы эч нерсе Келишим түзүүчү кайсы гана болбосун мамлекеттердин, ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максаттарында зарыл деп эсептеген, же мамлекеттин негизги экономикалык кызыкчылыктарына негизделип, ошол мамлекетте жашаган өз жарандарынын жана жактарынын эл аралык өтүнмө берүү укуктарын чектөө чараларын колдонууга чектөө сыяктуу түшүнүлбөшү керек.

28-статья. Көрсөтүлгөн ведомстволордо ойлоп табуунун формулаларын
ойлоп табуунун сыпаттамаларын жана чиймелерин өзгөртүү

(1) Ар бир көрсөтүлгөн мамлекетте өтүнүүчүгө белгиленген мөөнөттө ойлоп табуунун формулаларына, ойлоп табуунун сыпаттамаларына жана чиймелерине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү берилет. Көрсөтүлгөн ведомство өтүнүүчүнүн атайын макулдугу болгон учурдан башка, ушундай мөөнөттүн аякташына чейин патент бербөөсү же аны берүүдөн баш тартпоосу керек.

(2) Эгерде буга көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамдарында жол берилбесе, өзгөртүү алгач берилген эл аралык өтүнмөдө ачылгандын алкагынан чыкпоосу керек,.

(3) Өзгөртүүлөр ушул Келишимде жана Нускамада каралбаган бардык учурларда көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.

(4) Эгерде көрсөтүлгөн ведомство эл аралык өтүнмөнүн котормосун көрсөтүүнү талап кылса, өзгөртүүлөр котормонун тилинде көрсөтүлүшү керек.

29-статья. Эл аралык жарыялоонун жыйынтыгы

(1) Көрсөтүлгөн мамлекетте эл аралык өтүнмөнү эл аралык жарыялоо жыйынтыгы, бул мамлекетте өтүнүүчүнүн ар кандай укуктарын коргоого карата, (2)-(4) пункттарынын жоболорун эске алуу менен, экспертиза жүргүзүлбөгөн улуттук өтүнмөлөр боюнча милдеттүү улуттук жарыялоо учурларында көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамдарында кандай каралса, ошондой болуп саналат.

(2) Эгерде эл аралык жарыялоо жүзөгө ашырылган тил көрсөтүлгөн мамлекетте анын улуттук мыйзамдарына ылайык жарыялоо жүзөгө ашырылуучу тилден айырмаланса, (1) пунктунда эскертилген жыйынтыктар төмөндөгүлөрдөн кийин гана келе тургандыгын улуттук мыйзам караштыра алат:

(I) улуттук мыйзамдарга ылайык котормо улуттук жарыялоонун тилинде жарыяланганда; же
(II) улуттук мыйзамдарга ылайык улуттук жарыялоонун тилине которуу жалпы элдик тааныштыруу жолу менен жалпы элге жетиштүү болуп калды; же
(III) улуттук жарыялоонун тилине которуу өтүнүүчү тарабынан эл аралык өтүнмөдө билдирилген ойлоп табууну чыныгы же болжолдуу мыйзам ченемдүү эмес пайдаланган тарапка өткөрүп берилген; же
(IV) (I) жана (III) пунктчаларында эскертилген эки аракет, же (II) жана (III) пунктчаларында эскертилген эки аракет орун алышы керек.

(3) Кайсы болбосун көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамы өтүнүүчүнүн суроосу боюнча эл аралык жарыялоо артыкчылык датасынан 18 ай өткөнгө чейин жүзөгө ашырылганда (1) пунктта эскертилген залалдар артыкчылык датасынан 18 ай өткөндөн кийин гана башталган учурларда караштыра алат.

(4) Кайсы болбосун көрсөтүлгөн мамлекеттин улуттук мыйзамы (1) пунктта эскертилген залалдар 21-статьяга ылайык жарыяланган, ушундай мамлекеттин улуттук ведомствосунан же ушундай мамлекеттердин атынан аракеттенген улуттук ведомстводон алган эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн датасынан гана баштала тургандыгын караштыра алат. Эскертилген ведомство өзүнүн бюллетенинде алуу датасын кечиктирбестен жарыялайт.

30-статья. Эл аралык өтүнмөнүн жашырын мүнөзү

(1) (а) (b) пунктчасын эске алуу менен Эл аралык бюро жана Эл аралык издөө органдары өтүнүүчүнүн өтүнмөгө уруксаты же суранычы бар учурлардан сырткары, эл аралык жарыялоого чейин кайсы жак же орган болсун эл аралык өтүнмөгө жетишүүсүнө уруксат бербейт.

(b) (а) пунктчасынын жоболору компетенттүү Эл аралык издөө органдарына кайсы материалдарды болсо да жөнөтүүлөргө, 13-статьяда караштырылган жиберүүлөргө, ошондой эле 20-статьяда караштырылган жөнөтүүлөргө жайылтылбайт.

(2) (а) Улуттук ведомство өтүнүүчүнүн төмөнкү даталардан бир топ мурунураак түшкөн уруксаты же өтүнүчү бар учурлардан сырткары, үчүнчү жактын эл аралык өтүнмөгө жетишүүсүнө уруксат бербеши керек:
(I) эл аралык өтүнмөнү эл аралык жарыялоо даталары;
(II) 20-статьяга ылайык эл аралык өтүнмөнүн материалдарын алуу даталары;
(III) 22-статьяга ылайык эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөлөрүн алуу даталары;
(b) (а) пунктчаларынын жоболору улуттук ведомствого, ал көрсөтүлгөн ведомство болуп саналгандыгы же бул фактыларды жарыялоо жөнүндө үчүнчү жактын билдирүүсүнө жолтоо болбойт. Бирок мындай маалымат же жарыялоо төмөндөгүдөй маалыматтарды гана камтый алат: алуучу ведомство, өтүнүүчүнүн аты, эл аралык берүү датасы, эл аралык өтүнмөнүн номери жана ойлоп табуунун аталышы жөнүндө маалыматтар.

(с) (а) пунктчасынын жоболору көрсөтүлгөн ведомствого сот бийликтеринин эл аралык өтүнмөгө жетишүүсүнө уруксат берүүсүнө жолтоо болбойт.

(3) (2) (а) пунктунун жоболору кайсы болбосун алуучу ведомствого колдонууга жөндөмдүү, эгерде сөз 12 (1) статьясында караштырылган материалдарды жөнөтүү жөнүндө гана жүрбөгөндө.

(4) Бул статьянын максаттары үчүн “жетишүү” деген термин жеке билдирүүнү жана анын жардамы менен үчүнчү жак маалымат ала алган кадимки жарыялоону кошуп кайсы каражаттарды болсо да түшүндүрөт; мында улуттук ведомство эреже боюнча эл аралык өтүнмөнү же анын котормосун эл аралык жарыялоого чейин же, эгерде артыкчылык датасынан кийин 20 айдын ичинде эл аралык жарыялоо жүзөгө ашырылбаса. эскертилген артыкчылык датасынан 20 ай өткөнгө чейин жарыялабашы керек.

II глава

Эл аралык алдын ала эксперттөө

31-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүгө талаптар

(1) Өтүнүүчүнүн талаптары менен анын эл аралык өтүнмөсү боюнча Нускаманын кийинки жоболорунда караштарылгандай, эл аралык алдын ала эксперттөө жүргүзүлөт.

(2) (а) Нускамада аныкталгандай, II главанын жоболоруна байланышкан Келишим түзүүчү мамлекеттердин жараны болуп саналган ар бир өтүнүүчү, же ал мамлекетте жашаган адам жана эл аралык өтүнмө берилген ошондой мамлекеттин алуучу ведомствосу же ошондой мамлекеттин атынан аракеттенген алуучу ведомство эл аралык алдын ала эксперттөө жүргүзүүгө талаптарды берүү укугуна ээ.

(b) Ассамблея, эл аралык алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүгө талаптарды берүүгө укугу бар тараптарга, алар ушул Келишимге катышпаган же катышкан, бирок II главанын жоболоруна байланышпаган мамлекеттердин жарандары же мамлекетте жашаган тараптар болуп саналган учурларда дагы эл аралык өтүнмөлөрдү берүүгө уруксат берет.

(3) Эл аралык алдын ала эксперттөө жүргүзүүгө талап эл аралык өтүнмөдөн бөлөк берилет. Бул талап белгиленген тилде, белгиленген формада түзүлөт жана белгиленген маалыматтарды камтыйт.

(4) (а) Талапта Келишим түзүүчү мамлекет же өтүнүүчү эл аралык алдын ала эксперттөө жыйынтыктарын колдонууну каалаган мамлекет (“тандалган мамлекет”) аныкталууга тийиш. Кошумча Келишим түзүүчү мамлекеттер кийинчерээк тандалып алынууга тийиш. Тандоо 4-статьяга ылайык көрсөтүлгөн мурда эле көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү мамлекеттердин ичинен гана болушу мүмкүн.

(b) (2) (а) пунктунда эскертилген өтүнүүчүлөр II главадагы жоболорго байланышкан кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекеттерди тандап алуу укугуна ээ. (2) (а) пунктунда эскертилген өтүнүүчүлөр, IIглавадагы жоболорго байланышкан, алар тандалып алынган ошондой өтүнүүчү болууга каршы болушпагандыгын билдиришкен, Келишим түзүүчү мамлекеттерди гана тандап алуу укугуна ээ.

(5) Талап белгиленген мөөнөттө белгиленген алымды төлөө менен коштолот.

(6) (а) Талап 32-статьяда эскертилген, Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн компетенттүү органына берилет.

(b) Кошумча кайсы болбосун тандоо жөнүндө өтүнүч Эл аралык бюрого берилет.

(7) Ар бир тандап алынган ведомство анын тандалып алынгандыгы жөнүндө кабарладырылат.

32-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөө органы

(1) Эл аралык алдын ала эксперттөө Эл аралык алдын ала эксперттөө органы тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Талаптарды берүү учурларында 31 (2) (а) статьясында эскертилген алуучу ведомство, а талаптарды берүү учурларында 31 (2) (b) статьясында эскертилген Ассамблея, кызыкдар Органдын же эл аралык алдын ала эксперттөө органдарынын жана Эл аралык бюронун ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык Органды же болжолдуу экспертизаны жүргүзүүгө компетенттүү эл аралык алдын ала эксперттөө органын аныктайт.

(3) 16 (3) статьясынын жоболору эл аралык алдын ала эксперттөө органдарына карата mutatis mutandisка колдонулат.

33-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөө

(1) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаты билдирилген ойлоп табуу жаңы болуп көрсөтүлөрүнө, ал ойлоп табуунун деңгээлине ылайык келерине (анык эмес болуп саналат) жана өнөр жайга колдонууга мүмкүн экендигине милдеттендирүүчү эмес болжолдуу бүтүм түзүү болуп саналат.

(2) Эгерде ал Нускамада аныкталгандай, аны техниканын мурдагы деңгээли жараксыз кылбаса, Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаттары үчүн билдирилген ойлоп табуу жаңы болуп эсептелет.

(3) Эгерде ал Нускамада аныкталгандай, техниканын деңгээлин эске алуу менен, тиешелүү белгиленген датага ал тармактын адистери үчүн анык болуп саналбаса, Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаттары үчүн билдирилген ойлоп табуу ойлоп табуунун деңгээлине ылайык болуп эсептелет.

(4) Эгерде ал өз жаратылышы боюнча өнөр жайдын түрдүү тармактарында (технологиялык түшүнүктө) жүзөгө ашырылууга же пайдаланылууга тийиш болсо, Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаттары үчүн билдирилген ойлоп табуу өнөр жайга колдонуучу болуп эсептелет. “Өнөр жайды” Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясында аныкталгандай, абдан кеңири түшүнүктө түшүнүү керек.

(5) Жогоруда сыпатталган критерийлер эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаттары үчүн гана кызмат кылат. Келишим түзүүчү кайсы болбосун мамлекет билдирилген ойлоп табуу бул мамлекетте патентке жөндөмдүү болуп саналабы деген маселени чечүү үчүн кошумча же башка критерийлерди колдоно алат.

(6) Эл аралык алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө эл аралык издөө жөнүндө отчетко шилтеме кылынган бардык документтер эске алынат. Дагы бул конкреттүү учурга мамилеси бар катары каралуучу ар кандай кошумча документтер эске алынууга тийиш.

34-статья. Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы тарабынан
кабыл алынган жол-жобо

(1) Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы тарабынан кабыл алынган жол-жобо Эл аралык бюро ушул Келишимге жана Нускамага ылайык ошол органдар менен түзүүчү ушул Келишимдин, Нускаманын жана макулдашуунун жоболору менен аныкталат.

(2) (а) Өтүнүүчү Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы менен оозеки жана жазуу жүзүндө байланыш түзүү укугуна ээ.

(b) Өтүнүүчү эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусун даярдоого чейин ойлоп табуунун формуласына, ойлоп табуунун сыпаттамасына жана чиймесине белгиленген тартипте жана белгиленген мөөнөттө өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ. Өзгөртүү алгач берилген эл аралык өтүнмөдө эмне ачылса, ошонун алкагынан чыкпоосу керек.

(с) Эгерде бул орган бардык төмөндөгү шарттар аткарылбаган деп эсептесе, өтүнүүчүгө Эл аралык алдын ала эксперттөө органынын ой-пикири жазуу жүзүндө эң болбогондо бир жолу билдирилет:
(I) ойлоп табуу 33 (1) статьясында караштырылган критерийлерди канааттандырат;
(II) эл аралык өтүнмө ушул Келишимдин жана Нускаманын талаптарын ушул Органдар тарабынан белгиленген өлчөмдө канааттандырат.
(III) 35 (2) статьясына ылайык кандайдыр эскертүүлөрдү киргизүү караштырылбайт (акыркы сунуш).
(d) Өтүнүүчү Эл аралык болжолдуу эксперттөө органынын пикирин камтыган жазуу жүзүндөгү билдирүүгө жооп бере алат.

(3) (а) Эгерде Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы эл аралык өтүнмө, ойлоп табуунун бирдиктүүлүк талаптарын, ал Нускамада аныкталгандай, канааттандырбайт деп эсептесе, ал өтүнүүчүгө акыркы көз-караш боюнча, же формуланы, ал учурдагы талапка ылайык келе тургандай чектөөсүн, же кошумча алым төлөөсүн сунуштай алат.
(b) Тандалган кайсы болбосун мамлекеттин улуттук мыйзамы эгерде өтүнүүчү (а) пунктчасына ылайык формуланы чектөө туура деп тапкан учурда, эгерде өтүнүүчү ал мамлекетке улуттук ведомствого атайын алымды төлөбөсө, ал мамлекетте анын аракетине карата, чектөөнүн натыйжасында эл аралык алдын ала эксперттөө өткөрүлбөгөн эл аралык өтүнмөнүн бөлүгү алып салынды деп эсептелерин караштырат.
(с) Эгерде өтүнүүчү (а) пунктчасында эскертилген талаптарды белгиленген мөөнөттө аткарбаса, Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы, анын ою боюнча, эл аралык өтүнмөнүн башкы ойлоп табууга кирген бөлүгү боюнча жыйынтык түзөт жана муну эскертилген жыйынтыкта белгилейт. Тандалып алынган кайсы болбосун мамлекеттин улуттук мыйзамы, анын улуттук ведомствосу Эл аралык болжолдуу эксперттөө органынын пикирин негиздүү деп эсептесе, эл аралык өтүнмөнүн башкы ойлоп табууга тиешелүү эмес бөлүгү, эгерде өтүнүүчү ошол ведомствого атайын алымды төлөбөсө, ошол мамлекетте анын аракеттерине карата алып салынды деп эсептелерин караштырат.

(4) (а) Эгерде Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы:
(I) эл аралык өтүнмө Нускамага ылайык Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы эл аралык алдын ала эксперттөө жүргүзүүгө милдеттүү эмес объектиге тиешелүү болсо, мындай учурда ал андай экспертизаны жүргүзбөө чечимин кабыл алат; же
(II) ойлоп табуунун сыпаттамасы, ойлоп табуунун формуласы же чиймеси ошончолук так эмес болуп саналса, же ойлоп табуунун формуласы сыпаттама менен ошончолук начар бекемделсе, билдирилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээли (анык эместиги) же өнөр жайлык колдонуучулук жаңылыгына карата эч кандай аныкталган жыйынтык түзүүгө мүмкүн эмес деп эсептесе, анда,
эскертилген Орган 33 (1) статьясына ылайык өтүнмөнү карап чыкпайт жана өтүнүүчүгө бул чечим жана анын далилдери жөнүндө билдирет.

(b) Эгерде (а) пунктчасында эскертилген кырдаалдардын ичинен кайсынысы болбосун ойлоп табуунун формулаларынын айрым пункттары боюнча же аларга байланыштуу гана табылган болсо, эскертилген пунктчанын жоболору ойлоп табуунун формуласынын ошол пунктуна гана колдонулат.

35-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу

(1) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу белгиленген мөөнөттө жана белгиленген форма боюнча түзүлөт.

(2) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу кандайдыр улуттук мыйзамга ылайык, билдирилген ойлоп табуу патентке жөндөмдүү же патентке жөндөмдүү эмес болуп саналары же көрсөтүлөрү жөнүндө эч кандай ырастоону камтыбайт. (3) пункттун жоболорун эске алуу менен корутундуда, алар 33 (1)-(4) статьясында эл аралык алдын ала эксперттөөнүн максаттары үчүн аныкталгандай, ойлоп табуучулук деңгээли (анык эместик) жана өнөр жайлык колдонуучулугу, жаңылыктын канааттандыруучу критерийлерин көрсөтөрү, формуланын ар бир пункту боюнча тастыкталат. Бул корутунду учурдагы конкреттүү жагдайларда талап кылынуучу ушундай түшүндүрмөсү менен жасалган тыянактары корутундулоо катары саналган документке шилтеме катары коштолот. Тастыктоо Нускамада караштырылгандай башка пикирлер менен дагы коштолот.

(3) (а) Эгерде Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы корутунду түзүүдө 34 (4) (а) статьясында эскертилген кырдаалдардын ичинен кандай болбосун орду бар деген жыйынтыкка келсе, эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусунда бул тыянак жана анын далилдери баяндалат. Бул корутунду (2) пунктта караштырылган кандайдыр тастыктоолорду камтыбашы керек.

(b) Эгерде 34 (4) (b) статьясында эскертилген кырдаалдын орду бар болсо, эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусунда ойлоп табуунун формулаларынын ушундай пункттары боюнча тыянактар (а) пункчасында караштырылгандай баяндалат, анда ойлоп табуунун формулаларынын башка пункттары сыяктуу корутунду (2) пунктчасында эскертилген тастыктоону камтыйт.

36-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусун жөнөтүү,
которуу жана жиберүү

(1) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу белгиленген тиркемеси менен бирге өтүнүүчүгө жана Эл аралык бюрого жөнөтүлөт.

(2) (a) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу жана анын тиркемеси белгиленген тилге которулат.

(b) Эскертилген тыянакты которуу Эл аралык бюро тарабынан же анын тапшырыгы боюнча, бирок анын жоопкерчилиги астында аткарылат, ошол эле учурда аталган тиркемени которуу өтүнүүчү тарабынан аткарылат.

(3) (a) Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусу котормосу (белгиленгендей) менен бирге жана тиркемеси (түпнусканын тилинде) Эл аралык бюро тарабынан ар бир тандалган ведомствого жиберилет.

(b) Тиркеменин белгиленген котормосу өтүнүүчү тарабынан тандалган ведомствого белгиленген мөөнөттө жиберилет.

(4) 20 (3) статьясынын жоболору эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусуна шилтеме кылынган жана эл аралык издөө жөнүндө отчетко шилтеме кылынбаган кайсы болбосун документтин көчүрмөсүнө карата mutatis mutandisка колдонулат.

37-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүгө же мамлекеттерди
тандоого талаптарды алып таштоо

(1) Өтүнүүчү кайсы болбосун же бардык мамлекеттерди тандоону алып сала алат.

(2) Бардык мамлекеттерди тандоону алып салуу эл аралык алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүгө талаптарды алып салуу болуп эсептелет.

(3) (а) Эл аралык бюро кайсы болбосун алып салуу жөнүндө кабарлайт.

(b) Эл аралык бюро, өз кезегинде, ылайыктуу тандалган ведомстволорду жана ылайыктуу Эл аралык болжолдуу эксперттөө органын кабарлайт.

4 (а) Эгерде бул мамлекеттин улуттук мыйзамдарында башка натыйжалар караштырылбаса, (b) пунктчасынын жоболорун эске алуу менен талапты же Келишим түзүүчү мамлекеттерди тандоону алып салуу бул мамлекеттерге карата эл аралык өтүнмөнү алып салуу деп эсептелет.

(b) Эгерде бул алып салуу, 22-статьяга ылайык тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин жүзөгө ашырылса, талапты же тандоону алып салуу эл аралык өтүнмөнү алып салуу катары каралбашы керек; бирок кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет өзүнүн улуттук мыйзамдарында жогоруда айтылган жоболор, эгерде аны улуттук ведомство эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүн, анын котормосу (белгиленгендей) менен бирге жана улуттук алымды белгиленген мөөнөттө алган учурда гана колдонуларын караштыруусу керек.

38-статья. Эл аралык алдын ала эксперттөөнүн жашырын мүнөзү

(1) Эл аралык бюро жана Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы өтүнүүчүнүн макулдугусуз жана өтүнүчүсүз эл аралык алдын ала эксперттөөнүн материалдарына кайсы убактарда болбосун, кайсы болбосун адамдын же органдын жетишүүсүнө (30 (4) статьясынын маанисинде жана анда камтылган шарттарды эске алуу менен) уруксат бербейт; бул жобо эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусун түзгөндөн кийин тандалган ведомствого колдонулбайт.

(2) (1) пунктунун жоболорун, ошондой эле 36 (1) жана (3) жана 37 (b) статьяларын эске алуу менен, Эл аралык бюро жана Эл аралык алдын ала эксперттөө органы өтүнүүчүнүн уруксатысыз же өтүнүчүсүз эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусун түзүүдө түзүү же баш тартуу жөнүндө, ошондой эле талаптарды же кандайдыр тандоолорду алып салуу же сактоо жөнүндө маалыматтарды бербейт.

39-статья. Тандалган ведомстволор үчүн көчүрмө, котормо жана алым

(1) (а) Эгерде кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекетти тандоо артыкчылык датасынан 19-ай өткөнгө чейин жасалса, 22-статьянын жоболору ушундай мамлекетке колдонулбайт жана өтүнүүчү эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүн (20-статьяга ылайык жиберүү жүзөгө ашырылып калган учурлардан сырткары) жана анын котормосун (белгиленгендей) көрсөтөт, ошондой эле улуттук алымды (эгерде ушундай караштырылса) артыкчылык датасынан 30 айдан кеч эмес ар бир тандалган ведомствого төлөйт.

(b) (а) пунктчасында эскертилген аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн, кайсы болбосун улуттук мыйзам бул пунктчада караштырылгандан кеч бүтө турган мөөнөттөрдү белгилей алат.
(2) 11 (3) статьясында караштырылган эл аралык өтүнмөнүн аракети тандалган мамлекетте, бул мамлекетте кайсы болбосун улуттук өтүнмөнү алып салуудагы ошол эле залалдар менен токтотулат, эгерде өтүнүүчү (1) (а) пунктунда жазылган аракеттерди (1) (а) же (b) пункттарында эскертилген тиешелүү мөөнөттө аткарбаса.

(3) Кайсы болбосун тандалган ведомство 11 (3) статьясында караштырылган эл аралык өтүнмөнүн аракетин, ал турсун, эгерде, өтүнүүчү 1 (а) же (b) пункттарында жазылган талаптарды аткарбаса дагы сактоого тийиш.

40-статья. Улуттук экспертизанын жана башка жол-жобонун мөөнөтүн узартуу

(1) Эгерде кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекетти тандоо артыкчылык датасынан 19-ай өткөнгө чейин жасалса, 23-статьянын жоболору ушундай мамлекетке колдонулбайт жана бул мамлекеттин улуттук ведомствосу же бул мамлекеттин атынан аракеттенүүчү улуттук ведомство, (2) пункттун жоболорун эске алуу менен 39-статьяда эскертилген тиешелүү мөөнөт өткөнгө чейин эл аралык өтүнмө боюнча эксперттөө жана башка жол-жобо жүргүзбөйт.

(2) (1) пункттун жоболоруна карабастан, кайсы болбосун тандап алынган ведомство өтүнүүчүнүн атайын өтүнүчү боюнча кайсы мезгилде болбосун эл аралык өтүнмө боюнча эксперттөө жана башка жол-жобо жүргүзөт.

41-статья. Тандалган ведомстводо ойлоп табуунун формулаларын, ойлоп табуунун
сыпаттамаларын жана чиймелерин өзгөртүү

(1) Өтүнүүчүгө белгиленген мөөнөттө ар бир тандалган ведомстводо ойлоп табуунун формулаларына, ойлоп табуунун сыпаттамаларына жана чиймелерине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү берилет. Тандалган ведомстволор мындай мөөнөттүн өтүшүнө чейин, өтүнүүчүнүн атайын макулдугу болгон учурлардан сырткары, патент бербөөсү жана аны берүүдөн баш тартпоосу керек.

(2) Эгерде буга тандалган мамлекеттин улуттук мыйзамдарында жол берилбесе, өзгөртүү эл аралык өтүнмөдө алгач берилген ачылыштын алкагынан чыкпоосу керек.

(3) Өзгөртүү ушул Келишимде жана Нускамада караштырылбаган бардык учурларда, тандалган мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын талаптарына туура келиши керек.

(4) Эгерде тандалган ведомство эл аралык өтүнмөнүн котормосун көрсөтүүнү талап кылса, өзгөртүүлөр дагы котормонун тилинде көрсөтүлүшү керек.

42-статья. Тандалган ведомстводо улуттук эксперттөөнүн
натыйжалар

Тандалган ведомство, эл аралык алдын ала эксперттөөнүн корутундусун алуу менен, өтүнүүчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн же башка тандалган кайсы болбосун ведомстволордо бир эле эл аралык өтүнмөнүн эксперттөөсүнө тиешелүү кандайдыр документтердин мазмуну жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүсүн талап кыла албайт.

III глава

Жалпы жоболор

43-статья. Коргоонун белгилүү түрлөрүн суроо

Кайсы болбосун көрсөтүлгөн же тандалган мамлекетке карата, мыйзам автордук күбөлүк, пайдалуу модел, пайдалуулук жөнүндө күбөлүк, кошумча патенттерди же кошумча күбөлүктөрдү, кошумча автордук күбөлүктөрдү же кошумча пайдалуулук жөнүндө күбөлүктөрдү берүүнү караштырат, өтүнүүчү Нускамада белгиленгендей, ошол мамлекетке ылайыктуу, анын эл аралык өтүнмөсүндө патент эмес, суралган автордук күбөлүк, пайдалуу модель, пайдалуулук жөнүндө күбөлүк, кошумча патент же кошумча күбөлүк, кошумча автордук күбөлүк же кошумча пайдалуулук жөнүндө күбөлүктөрдү көрсөтө алат; жыйынтыгы өтүнүүчүнүн ошол көрсөтмөсү менен аныкталат. Ушул статьянын максаттары жана башка ага тиешелүү эрежеси үчүн 2 (II) статьянын жоболору колдонулбайт.

44-статья. Коргоонун эки түрүн суроо

Көрсөтүлгөн же тандалган кайсы болбосун мамлекеттерге карата мыйзам тарабынан 43-статьяда саналган коргоонун түрлөрүнөн кандайдыр бирин, же патент суроо менен нарядга, эскертилген коргоонун түрлөрүнөн дагы башкасын суроого жол берилет, өтүнүүчү Нускамада белгиленгендей, ал сураган коргоонун эки түрүн тең көрсөтө алат; жыйынтыгы өтүнүүчүнүн ошол көрсөтмөсү менен аныкталат. Ушул статьянын максаттары үчүн 2 (II) статьясынын жоболору колдонулбайт.

45-статья. Аймактык патенттер жөнүндө келишимдер

(1) Аймактык патент берүүнү караштыруучу жана 9-статьяга ылайык пайдаланылуучу, эл аралык өтүнмө берүү укугу менен, бардык тараптарга ушундай патентке өтүнмө берүү укугун көрсөтүүчү кайсы болбосун келишим, көрсөтмөнү же катышуучу-мамлекеттин эки келишимди – аймактык патент жөнүндө келишим жана ушул Келишимди тандоосун камтыган эл аралык өтүнмөнү караштыра алат – аймактык патенттерге өтүнмө катары бере алат.

(2) Ушундай көрсөтүлгөн же тандалган мамлекеттин улуттук мыйзамы, эл аралык өтүнмөдө бул мамлекеттин ар бир көрсөтмөсү же тандоосу, өтүнүүчүнүн аймактык патент жөнүндө келишимге ылайык, аймактык патент алууну каалоосу катары каларын караштыра алат.

46-статья. Эл аралык өтүнмөнүн туура эмес котормосу

Эгерде эл аралык өтүнмө боюнча берилген кандайдыр патенттен келип чыккан коргоонун көлөмү, бул түпнусканын тилиндеги эл аралык өтүнмөдөн суралган коргоо көлөмүнөн, анын туура эмес которулуусунан улам ашып кетсе, кызыкдар Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдары патенттен келип чыккан коргоонун көлөмүнүн ылайыгына жараша жана карама-каршы күч менен чектөө укугуна ээ жана аны түпнусканын тилинде эл аралык өтүнмөгө суралган коргоонун көлөмүн жогорулаткан өлчөмдө жараксыз жана жокко чыгарылды деп жарыялайт.

47-статья. Мөөнөттөр

(1) Ушул Келишимде караштырылган мөөнөттөрдү эсептөөлөргө карата толуктугу Нускама менен аныкталат.

(2) (а) Ушул Келишимдин I жана II главаларында белгиленген бардык мөөнөттөр 60-статьяга ылайык кайра кароодон башкасы, Келишим түзүүчү мамлекеттердин чечимдери менен өзгөртүлүшү мүмкүн.

(b) Мындай чечимдер же Ассамблеяда, же кат алышуулар аркасында добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана бир добуштан болушу керек.

(с) Жол-жобонун толуктугу Нускама менен аныкталат.

48-статья. Айрым учурларда мөөнөттөрдү сактабоо

(1) Эгерде ушул Келишим же Нускамада белгиленген кандай болсо да мөөнөт почтанын үзгүлтүгүнүн же болбой койбой турган жоготуулардын же кат-кабарлардын кармалуу себептери боюнча сакталбай калса, Нускамада караштырылган учурларда, мөөнөт сакталды деп эсептелет, эгерде Нускамада аныкталган далилдер көрсөтүлсө жана башка шарттар сакталса.

(2) (а) Кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет, анын өзүнө тийиштүү, бул мамлекеттин улуттук мыйзамдарында караштырылган себептер боюнча мөөнөттөрдү сактоого ар кандай кечиктирүүлөргө жол берет.

(b) Кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет, анын өзүнө тийиштүү, (а) пунтчасында эскертилгенден айырмаланып, башка себептер боюнча мөөнөттөрдү сактоого ар кандай кечиктирүүлөргө жол бериши мүмкүн.

49-статья. Эл аралык органдарда иштерди жүргүзүү укугу

Кайсы болбосун ишенимдүү өкүл, патенттик агент же эл аралык өтүнмө берилген улуттук ведомстводо иш жүргүзүүгө укугу бар башка адам, Эл аралык бюродо, компетенттүү Эл аралык издөө органында жана компетенттүү Эл аралык болжолдуу эксперттөө органында дагы учурдагы өтүнмө боюнча иш жүргүзүү укугуна ээ.

IV глава

Техникалык кызмат көрсөтүүлөр

50-статья. Патенттик маалымат жаатында кызмат көрсөтүүлөр

(1) Эл аралык бюро техникалык жана башка жарыяланган документтердин, биринчи кезекте патенттердин жана жарыяланган өтүнмөлөрдүн негизинде ага жетүүгө мүмкүн болуп саналган кайсы болбосун тиешелүү маалыматтарды көрсөтүү жолу менен ушул статьяда “маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр” деп аталган кызматтарды көрсөтө алат.

(2) Эл аралык бюро бул маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү же түздөн-түз, же бир, же бир нече эл аралык издөө органдары аркылуу, же Эл аралык бюро макулдашуу түзө турган башка улуттук же эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу көрсөтө алат.

(3) Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр техникалык жана технологиялык билимге ээ болууга, жарыяланган “ноу-хау”су бар, өзгөчө өнүккөн мамлекеттер болуп саналган, Келишим түзүүчү мамлекеттерди кошуп, жардам кылуу менен жүзөгө ашырылат.

(4) Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр Келишим түзүүчү мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан бул мамлекетте жашаган алардын жарандарына жана тараптарга көрсөтүлөт. Ассамблея башка тараптарга мындай кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.

(5) (а) Келишим түзүүчү мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан кайсы болбосун кызмат көрсөтүү өздүк нарк боюнча төлөө үчүн көрсөтүлөт; бирок, эгерде бул өнүгүп келе жаткан өлкө болуп саналган Келишим түзүүчү мамлекеттин өкмөтүнө тиешелүү болсо, кызмат көрсөтүү төмөнүрөөк акы төлөө үчүн, айырма Келишим түзүүчү мамлекеттердин өкмөттөрүнүн эмес, башка тараптардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн пайданын эсебинен, же 51 (4) статьяда эскертилген булактардын эсебинен, жабылуу шартында көрсөтүлөт.

(b) (а) пунктчасында эскертилген акы төлөө улуттук ведомствонун кызмат көрсөтүүлөрдү аткаргандыгы үчүн же Эл аралык издөө органдарынын өзүлөрүнүн милдеттерин аткаргандыгы үчүн кадимки акы төлөөдөн тышкары жана башка акы төлөө болуп саналат.

(6) Ушул статьянын жоболорун колдонууга карата толуктугу Ассамблеянын чечимдери менен жана Ассамблея тарабынан белгиленген чектерде, ушул максаттар үчүн Ассамблея түзгөн жумушчу топтору тарабынан аныкталат.

(7) Ассамблея, бул зарыл деп эсептеген учурда, (5) пунктта караштырылган тартипте ал финансылоону толуктоо тартибин сунуштайт.

51-статья. Техникалык жардам

(1) Ассамблея Техникалык жардам боюнча комитетти (ушул статьяда “Комитет” деп аталуучу) бекитет.

(2) (а) Комитеттин мүчөлөрү өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүн тийиштүү эсепке алуу менен Келишим түзүүчү мамлекеттердин ичинен шайланат.

(b) Генералдык директор өзүнүн демилгеси боюнча же Комитеттин өтүнүчү боюнча Комитеттин ишине катышуу үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө техникалык жардам маселелери менен алектенүүчү өкмөт аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырат.

(3) (а) Комитеттин милдеттери өнүгүп келе жаткан өлкө болуп саналган Келишим түзүүчү мамлекеттерге, алардын патенттик системаларын улуттук жана аймактык негизде өнүктүрүүгө техникалык жардам уюштуруу жана көзөмөлдөө менен тыянакталат.

(b) Техникалык жардам булардан сырткары, адистерди даярдоо, эксперттерди ишсапарына жөнөтүү жана жабдууларды көрсөтүү максаттары үчүн сыяктуу эле, практикалык колдонуу үчүн да жеткирүүнү камтыйт.

(4) Ушул статьяга ылайык долбоорлорду финансылоо үчүн Эл аралык бюро бир тарабынан эл аралык финансы уюмдары жана өкмөт аралык уюмдар менен, ошону менен бирге Бириккен Улуттар Уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери жана Бириккен Улуттар Уюму менен байланышкан жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери менен алектенген адистештирилген уюмдар менен жана экинчи тарабынан техникалык жардам алуучу мамлекеттердин өкмөттөрү менен макулдашуу түзүүгө умтулат.

(5) Ушул статьянын жоболорун колдонууга карата толуктугу Ассамблеянын чечимдери менен жана Ассамблея тарабынан белгиленген чектерде, ушул максаттар үчүн Ассамблея түзгөн жумушчу топтору тарабынан аныкталат.

52-статья. Келишимдин башка жоболору менен байланыштар

Ушул глава Келишимдин башка главалары камтыган финансылык жоболоруна зыян келтирбейт. Бул жоболор ушул главага жайылтылбайт же ага колдонулбайт.

V глава

Административдик жоболор

53-статья. Ассамблея

(1) (а) 57 (8) статьясынын жоболорун эске алуу менен Ассамблея Келишим түзүүчү мамлекеттерден турат.
(b) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттин өкмөтү орун басары, кеңешчиси жана эксперттери бар бир делегат катары көрсөтүлгөн.

(2) (а) Ассамблея:
(I) Союзду сактоого, өнүктүрүүгө жана ушул Келишимди колдонууга тиешелүү бардык маселелер карайт;
(II) ушул Келишимдин башка жоболору менен ага атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарат;
(III) Эл аралык бюрого кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоого тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет;
(IV) Союзга тиешелүү Генералдык директордун отчетун жана ишмердүүлүгүн карап чыгат жана бекитет жана ага Союздун компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык керектүү нускамаларды берет;
(V) отчетту карап чыгат жана бекитет жана (9) пунктка ылайык түзүлгөн Аткаруу комитетинин ишмердүүлүгүн жактырат, ошондой эле ага нускама берет;
(VI) программаны аныктайт, Союздун үч жылдык (*) бюджетин кабыл алат жана анын финансылык отчетторун бекитет;
(VII) Союздун финансылык регламентин бекитет;
(VIII) Союздун максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн керектүү деп эсептелген комитеттерди жана жумушчу топторду түзөт;
(IX) кайсы мамлекеттер Келишим түзүүчү мамлекет болуп саналбай тургандыгын жана (8) пункттун жоболорун эске алуу менен, кайсы өкмөт аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар байкоочу катары, анын отурумдарына киргизилиши керектигин аныктайт;
(X) Союздун максаттарына жетүүгө багытталган тиешелүү башка кайсы болбосун аракеттерди жүзөгө ашырат жана ушул Келишимден келип чыккан башка бардык иштерди аткарат.
(b) Уюм жүзөгө ашыруучу администрация, башка Союздар үчүн дагы кызыкчылыктарын көрсөтүүчү маселелер боюнча, Ассамблея Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин угуу менен чечим чыгарат.

(3) Делегат бир гана мамлекетти көрсөтүшү жана анын гана атынан добуш берүүсү керек.

(4) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекет бир добушка ээ.

(5) (а) Келишим түзүүчү мамлекеттердин жарымы кворум түзөт.

(b) Кворум жок болгондо, Ассамблея чечим кабыл алышы керек, бирок, анын жол-жобосунун жеке эрежесине тиешелүү чечиминен сырткары, Ассамблеянын бардык чечимдери, кворум жана Нускамада бул караштырылгандай, кат жазышуулардын жардамы менен добуш берүүгө жетишүүнүн керектүү көпчүлүк добушу болгондо гана күчүнө кирет.

(6) (а) 47 (2) (b), 58 (2) (b), 58 (3) жана 61 (2) (b) статьяларынын жоболорун эске алуу менен, Ассамблея берилген добуштун үчтөн эки көпчүлүгү менен өзүнүн чечимин кабыл алат.
(b) Эсептөөдөгү калыс калган добуш кабыл алынбайт.

(7) II главанын жоболоруна байланышкан мамлекеттер үчүн айрыкча кызыкчылык көрсөтүүчү маселелер боюнча, (4), (5) жана (6) пункттарындагы Келишим түзүүчү мамлекеттерге кайсы болбосун шилтемелер, II главанын жоболоруна байланышкан мамлекеттерге гана колдонулат деп эсептелет.

(8) Эл аралык издөө органы же Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы болуп дайындалган кайсы болбосун өкмөт аралык уюм Ассамблеянын отурумуна байкоочу катары катышууга уруксат берилет.

(9) Келишим түзүүчү мамлекеттердин саны 40 мамлекеттен ашканда, Ассамблея Аткаруучу комитетти түзөт. Ушул Келишимде жана Нускамада Аткаруу комитетине кайсы болбосун шилтеме, бул Комитетке ал түзүлгөндөн кийин, шилтеме катары карап чыгылат.

(10) Аткаруу комитети түзүлгөнгө чейин Ассамблея программанын жана үч жылдык бюджеттин чегинде, Генералдык директор (**) тарабынан даярдалган жылдык программаларды жана бюджеттерди түзөт.

(11) (а) Ассамблея Генералдык директордун чакыруусу боюнча эки жылда бир жолу кезектеги сессияга жана өзгөчө учурлардан башка, ошол эле убакта жана ошол эле жерде, Уюмдун Башкы Ассамблеясында чогулат.

(b) Ассамблея Аткаруу комитетинин талаптары боюнча же Келишим түзүүчү мамлекеттердин төрттөн бир бөлүгүнүн талаптары боюнча Генералдык директор тарабынан чакырылган чукул сессияга чогулат.

(12) Ассамблея өзүнүн жол-жобо эрежелерин кабыл алат.

54-статья. Аткаруу комитети

(1) Ассамблея Аткаруу комитетин түзгөндөн кийин, ал төмөндөгү жоболорду колдонмо кылып алат.

(2) (а) 57 (8) статьясынын жоболорун эске алуу менен Аткаруу комитети Ассамблеянын мүчө-мамлекеттеринин ичинен, Ассамблея тарабынан тандалган мамлекеттерден түзүлөт.
(b) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-мамлекеттеринин өкмөтү орун басары, кеңешчиси жана эксперти бар бир делегат катары көрсөтүлөт.

(3) Аткаруу комитетинин мүчө-мамлекеттеринин саны Ассамблеянын мүчө-мамлекеттеринин санынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Төрткө бөлгөндөн кийин алынуучу калдык, толуктоого жаткан орундардын санын аныктоодо эсепке алынбайт.

(4) Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлоодо Ассамблея географиялык бөлүштүрүүгө адилеттик менен тийиштүү көңүл бөлөт.

(5) (а) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү өзүлөрүнүн иштерин өздөрү шайланган Ассамблеянын сессиясын жабуудан, Ассамблеянын кезектеги сессиясын жабууга чейин жүзөгө ашырат.
(b) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү кайра шайланышы мүмкүн, бирок алардын курамынын үчтөн экисинен ашпаган санда.
(с) Ассамблея Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мүмкүн болгон кайра шайлоонун эрежесинин толуктугун белгилейт.

(6) (а) Аткаруу комитети:
(I) Ассамблеянын күн тартибинин долбоорун даярдайт;
(II) Ассамблеяда Генералдык директор тарабынан даярдалган Союздун программасынын жана эки жылдык бюджетинин долбооруна тиешелүү сунуш берет;
(III) (Алып таштоо);
(IV) Тиешелүү пикирлер менен Генералдык директордун мезгилдүү отчетун жана финансылык текшерүүнүн жылдык актыларын Ассамблеяга көрсөтөт;
(V) Ассамблеянын чечимдерине ылайык жана Ассамблеянын кезектеги эки сессиясынын ортосунда пайда болгон кырдаалдарды эске алуу менен, Генералдык директордун Союздун программаларын аткаруусун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алат;
(VI) Ушул Келишимге ылайык ага жүктөлгөн башка бардык милдеттерди аткарат.
(b) Дагы башка Союздар, Уюм тарабынан түзүлгөн администрация үчүн кызыкчылыктарды көрсөтүүчү маселелер боюнча Аткаруу комитети Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин угуу менен чечим кабыл алат.

(7) (а) Аткаруу комитети Генералдык директордун чакыруусу боюнча мүмкүнчүлүк боюнча ошол эле убакта жана ошол эле жерде Уюмдун Координациялык комитетинин өзүндө жылына бир жолу кезектеги сессияга чогулат.
(b) Аткаруу комитети Генералдык директор тарабынан чакырылган чукул сессияга же өзүнүн демилгеси боюнча, же Төраганын өтүнүчү боюнча, же Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн төрттөн бир бөлүгүнүн талаптары боюнча чогулат.

(8) (а) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-мамлекети бир добушка ээ.
(b) Аткаруу комитетинин мүчө-мамлекеттеринин жарымы кворумду түзөт.
(с) Чечим берилген добуштун жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
(d) Калыс калган добуштар эсепке кабыл алынбайт.
(е) Делегат бир гана мамлекетти көрсөтө алат жана ошонун гана атынан добуш бере алат.

(9) Аткаруу комитетинин мүчөсү болуп саналбаган Келишим түзүүчү мамлекет анын отурумуна Эл аралык издөө органы же Эл аралык алдын ала эксперттөө органы тарабынан дайындалган кайсы болбосун өкмөт аралык уюм сыяктуу байкоочу катары киргизилет.

(10) Аткаруу комитети өзүнүн жол-жобо эрежелерин кабыл алат.

55-статья. Эл аралык бюро

(1) Союздун администрациялык милдеттери Эл аралык бюро тарабынан жүзөгө ашырылат.

(2) Эл аралык бюро Союздун ар түрдүү органдарынын Катчылыгынын кызматтарын аткарат.

(3) Генералдык директор Союздун башкы кызмат адамы болуп саналат жана Союзду көрсөтөт.

(4) Эл аралык бюро Бюллетень чыгарат жана Нускамада караштырылган же Ассамблеяда аныкталган башка жарыялоолорду жүзөгө ашырат.

(5) Нускама улуттук ведомстволордун Эл аралык бюрого, эл аралык издөө органына жана эл аралык алдын ала эксперттөө органына, ушул Келишимде караштырылган милдеттерди алар тарабынан аткарылышына жардам берүү менен көрсөтүүчү кызматтарын аныктайт.

(6) Генералдык директор жана кайсы болбосун ага мүчө болуп дайындалган кызматчы Аткаруу комитетинин жана ушул Келишимге же Нускамага ылайык уюштурулган башка комитеттин же жумушчу топтун Ассамблеясынын бардык отурумдарына добуш берүү укугусуз катышат. Генералдык директор жана кайсы болбосун ага мүчө болуп дайындалган кызматчы бул органдардын ex officio катчысы болуп саналат.

(7) (а) Эл аралык бюро Ассамблеянын көрсөтмөлөрүнө ылайык жана Аткаруу комитети менен кызматташуу аркылуу кайра карап чыгуу боюнча конференция даярдайт.

(b) Эл аралык бюро кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоо маселелери боюнча өкмөт аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен кеңеше алат.
(с) Генералдык директор жана ага дайындалган адам кайра карап чыгуу боюнча конференциянын ишине добуш берүү укугусуз катышат.

(8) Эл аралык бюро кайсы болбосун ага жүктөлгөн бардык милдеттерди аткарат.

56-статья. Техникалык кызматташуу боюнча комитет

(1) Ассамблея Техникалык кызматташуу боюнча комитетти (ушул статьяда “Комитети деп аталган) түзөт.

(2) (а) Ассамблея Комитеттин курамын аныктайт жана алардын мүчөлөрүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн адилеттүү өкүлчүлүгүн тийиштүү эсепке алуу менен дайындайт.

(b) Эл аралык издөө органдары жана Эл аралык алдын ала эксперттөө органдары Комитеттин мүчөлөрүнүн ex officioсу болуп саналат. Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомстволору ушундай Орган болуп саналса, бул мамлекет Комитетке кошумча көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
(с) Эгерде Келишим түзүүчү мамлекеттердин саны мүмкүндүк берсе, Комитеттин мүчөлөрүнүн жалпы саны ex officio мүчөлөрүнүн санынан эки эседен көпкө жогорулашы керек.
(d) Генералдык директор өзүнүн демилгеси боюнча же Комитеттин өтүнүчү боюнча кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүн алар үчүн кызыгууну көрсөтүүчү маселелерди талкуулоого катышууга чакырат.

(3) Комитеттин милдеттери болуп сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо жолу менен жардам кылуу болуп саналат:
(I) ушул Келишимде караштырылган кызмат көрсөтүүлөрдү дайыма жакшыртуу;
(II) документацияда жана иштин ыкмаларында максималдуу бир түрдүүлүктү жана азырынча бир нече эл аралык издөө органдары жана эл аралык алдын ала эксперттөө органдары бар болгондо отчеттордун жана корутундулардын бирдей жогорку сапатынын максималдуу деңгээлин камсыз кылуу;
(III) Ассамблеянын же Аткаруу комитетинин демилгеси боюнча, өзгөчө бирдиктүү Эл аралык издөө органын түзүүгө байланышкан техникалык проблемаларды чечүү.

(4) Кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет жана кайсы болбосун кызыкдар эл аралык уюм Комитетке жазуу жүзүндө, анын компетенциясына кирген түрдүү маселелер боюнча кайрыла алат.

(5) Комитет Генералдык директорго жана анын ортомчулугу аркылуу Ассамблеяга, Аткаруу комитетине, бардык же өз алдынча эл аралык издөө органдарына же эл аралык алдын ала эксперттөө органдарына, ошондой эле бардык же өз алдынча алуучу ведомстволорго өзүнүн сунуштарын жана сунуштамаларын бере алат.

(6) (а) Бардык учурларда Генералдык директор Аткаруу комитетине Комитеттин бардык сунуштарынын жана сунуштамаларынын тексттерин багыштайт. Генералдык директорго бул тексттерди түшүндүрмөлөө укугу берилет.

(b) Аткаруу комитети кайсы болбосун сунуштар, кайсы болбосун сунуштамалар же Комитеттин башка аракеттери боюнча өзүнүн пикирин билдире алат, ошондой эле Комитетке анын компетенциясына кирген кайсы болбосун маселелерди изилдеп чыгууну жана бул жөнүндө баяндап турууну тапшырат. Аткаруу комитети Комитеттин сунуштарын, сунуштамаларын жана докладдарын тиешелүү түшүндүрмөлөрү менен Ассамблеяга карап чыгууга киргизе алат.

(7) Аткаруу комитетин түзгөнгө чейин (6) пункттагы Аткаруу комитетине шилтеме Ассамблеяга шилтеме болуп саналат.

(8) Комитеттин жол-жобосу кенен-кесири Ассамблеянын чечимдери аркылуу аныкталат.

57-статья. Финансылар

(1) (а) Союз бюджетке ээ болот.

(b) Союздун бюджети Союздун өзүнүн түшүүлөрүн жана чыгашаларын жана анын Союздар үчүн жалпы чыгашалар бюджетине, Уюм жүзөгө ашыруучу администрацияга төгүмдөрдү камтыйт.
Союздар үчүн жалпы болгон чыгашалар, бул Союзга гана тиешелүү болбогон, бирок бир эле убакта бир же бир нече башка союздарга, Уюм жүзөгө ашырган администрацияга тиешелүү болуп саналат. Бул жалпы чыгашаларда союздун үлүшү бул чыгашаларга анын кызыкчылыгына туура келет.

(2) Союздун бюджети башка Союздардын, Уюм жүзөгө ашыруучу администрациянын бюджеттери менен шайкеш келтирүү талаптарын тийиштүү эсепке алуу менен кабыл алынат.

(3) (5) пункттун жоболорун эске алуу Союздун бюджети төмөндөгү булактардан финансыланат:

(I) Союзга тиешелүү Эл аралык бюро тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга алымдар жана төлөмдөрдөн;
(II) Союзга тиешелүү Эл аралык бюронун жарыялоолорун сатуудан түшкөндөрдөн, же ошондой жарыялоолорго укукту берүүдөн;
(III) белекке берүүлөрдөн, мурасталган каражаттардан жана субсидиялардан;
(IV) ренталардан, пайыздардан жана ар түрдүү башка кирешелерден;

(4) Эл аралык бюронун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алымдардын жана төлөмдөрдүн өлчөмү, ошондой эле анын жарыялоолорунун баасы, кадимки жагдайларда алардын ушул Келишимге тиешелүү административдик кызматтардын жүзөгө ашыруу боюнча Эл аралык бюронун бардык чыгашаларын жабуусун эсепке алуу менен белгиленет.

(5) (а) Эгерде Кандайдыр финансы жылы дефицит менен аяктаса, Келишим түзүүчү мамлекеттер (b) жана (c) пунктчаларынын жоболорун эске алуу менен, бул дефициттерди жабуу үчүн төгүмдөрдү жасоого милдеттүү.

(b) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттердин төгүмдөрүнүн өлчөмү тиешелүү жылдын ичинде алардын ар биринен берилген эл аралык өтүнмөлөрдүн санын тийиштүү эсепке алуу менен Ассамблея тарабынан белгиленет.

(с) Эгерде дефицитти же анын кайсы болбосун бөлүгүн убактылуу жабуунун башка булактары бар болсо, Ассамблея, бул дефицитти кийинки жылга которууга чечим кабыл алат жана Келишим түзүүчү мамлекеттерден төгүм төлөөнү талап кылбайт.

(d) Эгерде Союздун финансылык абалы мүмкүндүк берсе, Ассамблея (а) пунктчасына ылайык төгүлгөн кайсы болбосун төгүмдөр, бул төгүмдөрдү төккөн Келишим түзүүчү мамлекеттерге кайра ордун толтурууга чечим чыгарат.

(е) (b) пунктчасына ылайык өзүнүн төгүмүн төкпөгөн Келишим түзүүчү мамлекет Ассамблея тарабынан белгиленген датадан эки жыл ичинде Союздун кайсы болбосун органдарынан добуш берүү укугунан ажырайт. Бирок мындай органдардын кайсынысы болбосун, эгерде ошол мезгилге чейин, төлөмдүн мөөнөтүнүн өтүп кетиши өзгөчө жана аргасыз кырдаалдардын натыйжасында пайда болгонуна ал ишенсе, мындай мамлекеттерге бул органда добуш берүү укугун пайдалануусун улантууга уруксат бере алат.

(6) Жаңы финансы мезгилинин башталышына чейин бюджет кабыл алынбаган учурда, финансы регламентинде караштырылган тартипке ылайык бюджет өткөн жылдын деңгээлинде аракет кылат.

(7) (а) Союз ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттер төлөгөн бир эле төлөнүүчү төлөмдөрдөн түзүлгөн айланма каражаттардын фондуна ээ. Эгерде айланма каражаттардын фонду жетишсиз болуп калса, Ассамблея аны көбөйтүү үчүн чараларды кабыл алат. Эгерде бул фонддун каражаттарынын бөлүгү мындан ары кереги жок болсо Келишим түзүүчү мамлекеттерге орду толтурулат.

(b) Бул фондду көбөйтүүдө эскертилген фондго же анын үлүшүнө ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттердин алгачкы төлөмдөрүнүн өлчөмүн, Ассамблея (5) (b) пунктунда караштырылган ошол эле принциптердин негизинде белгилейт.

(с) Төлөмдүн шарттары Генералдык директордун сунушу боюнча жана Уюмдун Координациялык комитетинин пикири угулгандан кийин, Ассамблея тарабынан белгиленет.

(d) Кайсы болбосун төгүмдөрдүн ордун толтуруу, алар төлөгөн датаны эске алуу менен, ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттер тарабынан төлөнгөн суммаларга пропорциялуу болушу керек.

(8) (а) Аймагында уюмдун өзүнүн штаб-квартирасы бар болгон мамлекет менен түзүлгөн штаб-квартира жөнүндө макулдашууда айланма каражаттардын фонду жетишсиз болуп калганда, бул мамлекет аванс берүүсү караштырылат. Бул аванстардын суммасы жана алар берген шарттар ар бир учурда бул мамлекет менен Уюмдун ортосундагы өзгөчө макулдашуулардын предмети болуп саналат. Мындай мамлекет милдеттүү аванс берүү менен байланышкан мезгилге чейин, ал Ассамблеяда жана Аткаруу комитетинде бир орун ex officioго ээ болот.

(b) (а) пунктчасында эскертилген мамлекет сыяктуу Уюм дагы жазуу жүзүндөгү билдирүү жолу менен аванс берүү жөнүндө милдеттенмени жокко чыгаруу укугуна ээ. Жокко чыгаруу билдирүү жасалган жыл аяктагандан кийин үч жылдан кийин күчүнө кирет.

(9) Финансылык текшерүү бир же бир нече Келишим түзүүчү мамлекеттер же алардын макулдугу менен Ассамблея тарабынан дайындалган сырткы текшерүүчүлөр тарабынан финансылык регламенттин эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

58-статья. Нускама

(1) Ушул Келишимге тиркелүүчү нускама төмөндөгүдөй эрежелерди камтыйт:
(I) ушул Келишим атайын Нускамага шилтеген же алар белгиленген же белгилене турган атайын караштырган талаптарга карата;
(II) кайсы болбосун административдик талаптар, маселелер же жол-жоболор карата;
(III) ушул Келишимдин жоболорун колдонуу үчүн пайдалуу кайсы болбосун толуктоосуна карата.

(2) (a) Ассамблея Нускамага оңдоолорду киргизүү укугуна ээ.
(b) (3) пунктчасынын жоболорун эске алуу менен оңдоолор берилген добуштардын төрттөн үч көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(3) (a) Нускама өзгөртүлүшү мүмкүн болгон эрежелерди аныктайт:
(I) бир добуштан кабыл алынган чечим менен гана; же
(II) улуттук ведомствосу Эл аралык издөө органы же Эл аралык болжолдуу эксперттөө органы катары аракеттенүүчү Келишим түзүүчү мамлекеттердин бири дагы каршылык көрсөтпөгөн шартта, ал эми мындай Уюмдун милдеттенмелерин өкмөттөр аралык уюм аткарган учурда, берилген өкмөттөр аралык уюмдун ылайыктуу инстанциясынын алкагында башка мүчө-өлкөлөр менен буга ыйгарым укугу бар ушул уюмдун Келишим түзүүчү мүчө-мамлекети каршылык көрсөтпөйт.
(b) ушундай эрежелерге кийин колдонулуучу талаптарды жайылтпоо же (a) (II) пунктчасында караштырылган же (a) (I) пунктчасына ылайык шарттарды аткаруу талап кылынат.
(с) (а) пунктчасында караштырылган талаптардын кандайдыр эрежесин кийин жайылтуу бир добуштан чечим кабыл алууну талап кылат.

(4) Нускама Ассамблеянын контролдугу астында Генералдык директордун Административдик нускамасын иштеп чыгуусун караштырат.

(5) Ушул Келишимдин жана Нускаманын жоболорунун ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Келишимдин жоболору колдонулат.

VI глава

Талаш-тартыштарды чечүү

59-статья. Талаш-тартыштарды чечүү

64 (5) статьянын жоболорун эске алуу менен эки же бир нече Келишим түзүүчү мамлекеттердин ортосундагы ушул Келишимди же Нускаманы түшүнүүгө же колдонууга тиешелүү, сүйлөшүү жолу менен чечилбеген кайсы болбосун талаш-тартыш Эл аралык сотко Соттун Статутуна ылайык арыз берүү жолу менен, кайсы болбосун кызыкдар мамлекет тарабынан, эгерде кызыкдар мамлекет талаш-тартышты жөнгө салуунун башка жолунда келише алышпаса гана берилиши мүмкүн. Арыз берген Келишим түзүүчү мамлекет Эл аралык бюрого Соттун кароосуна берилген талаш-тартыш жөнүндө билдирүүсү керек; Эл аралык бюро калган Келишим түзүүчү мамлекеттерге бул жөнүндө кабардар кылуусу керек.

VII глава

Кайра кароо жана оңдоо

60-статья. Келишимди кайра кароо

(1) Ушул Келишим анда-санда Келишим түзүүчү мамлекеттердин атайын конференцияларында кайра кароого коюлууга тийиш.

(2) Кайра кароо боюнча конференцияны чакыруу жөнүндө чечимди Ассамблея кабыл алат.

(3) Эл аралык издөө органы же Эл аралык алдын ала эксперттөө органы тарабынан дайындалган кайсы болбосун өкмөт аралык уюм кайра кароо боюнча конференциянын отурумуна байкоочу катары кире алат.

(4) 53 (5), (9) жана (11), 54, 55 (4)-(8), 56 жана 57 статьяларга оңдоолор же кайра кароо конференцияларында, же 61-статянын жоболоруна ылайык кабыл алынышы мүмкүн.

61-статья. Келишимдин айрым жоболоруна оңдоолор

(1) (а) 53 (5), (9) жана (11), 54, 55 (4)-(8), 56 жана 57 статьяларга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар кайсы болбосун Ассамблеянын мүчө-мамлекети, Аткаруу Комитети же Генералдык директор тарабынан болушу мүмкүн.

(b) Мындай сунуштар аларды Ассамблеянын карап чыгуусуна чейин эң аз дегенде алты айда Келишим түзүүчү мамлекеттин Генералдык директоруна жөнөтүлөт.

(2) (а) (1) пунктунда караштырылган статьяларга оңдоолор Ассамблея тарабынан кабыл алынат.

(b) Оңдоолорду кабыл алуу үчүн берилген добуштун төрттөн үч бөлүгүнөн көпчүлүгү талап кылынат.

(3) (а) (1) пунктунда караштырылган статьяларга кайсы болбосун оңдоолор, ар бир мамлекеттин конституциялык жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылган аны кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү Генералдык директордун Ассамблея тарабынан бул оңдоолорду кабыл алуу мезгилинде ага мүчө болуп турган мамлекеттердин төрттөн биринен алуусунан кийин бир ай өткөн соң күчүнө кирет.

(b) Көрсөтүлгөн статьяларга ушинтип кабыл алынган кандай болбосун оңдоолор, оңдоолордун күчүнө кирген мезгилинен, Ассамблеяга мүчө болуп саналган бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү; бирок Келишим түзүүчү мамлекеттердин финансылык милдеттерин көтөрүүчү кайсы болбосун оңдоолор, алар тарабынан мындай оңдоолор кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирилген мамлекеттер үчүн гана милдеттүү болуп саналат.

(с) (а) пунктчасынын жоболоруна ылайык кабыл алынган кайсы болбосун оңдоолор эскертилген оңдоолор (а) пунктчасынын жоболоруна ылайык күчүнө кирген датасынан кийин Ассамблеяга мүчө болгон бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү.

VIII глава

Корутунду жоболор

62-статья. Келишимге катышуу

(1) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Эл аралык союзга кайсы болбосун мүчө-мамлекет ушул Келишимге төмөндөгүдөй жол менен катышуучу боло алат:
(I) ратификацияланган грамоталарды кезектеги сактоого берүү менен Келишимге кол коюу; же
(II) Келишимге кошулуу жөнүндө актыны сактоого берүүлөр.

(2) Ратификацияланган грамоталар жана кошулуу жөнүндө актылар Генералдык директорго сактоого берилет.

(3) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын Стокгольм Актысы 24-статьянын жоболору ушул Келишимге колдонулат.

(4) (3) пункт эч качан, көрсөтүлгөн пунктка байланыштуу башка Келишим түзүүчү мамлекеттер тарабынан ушул Келишим колдонула турган аймакка карата факт жүзүндөгү абалды унчукпастан таанууну билдирүү катары же кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан кабыл алынган катары түшүндүрүлүүгө тийиш эмес.

63-статья. Келишимдин күчүнө кириши

(1) (а) (3) пунктунун жоболорун эске алуу менен ушул Келишим сегиз мамлекет өзүлөрүнүн ратификацияланган грамоталарын же кошулуу жөнүндө актыларын сактоого берген соң үч ай өткөндөн кийин сегиз мамлекеттин ичинен төртөө эч болбогондо төмөндөгү талаптардын кайсынысын болбосун канааттандырган шарттарда күчүнө кирет:
(I) мындай мамлекеттерге берилген өтүнмөлөрдүн саны, Эл аралык бюро тарабынан жарыяланган ар жылдык акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык 40000ге өссө;
(II) ушундай мамлекеттердин жарандары же бул мамлекетте жашаган адамдар Эл аралык бюро тарабынан жарыяланган ар жылдык акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, эң болбогондо 1000 өтүнмөнү кайсыдыр чет өлкөлөргө бергенде;
(III) мындай мамлекеттин улуттук ведомствосу Эл аралык бюро тарабынан жарыяланган ар жылдык акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, эң болбогондо 10000 өтүнмөнү чет өлкөнүн жарандарынан же бул мамлекеттерге жашаган адамдардан алганда.
(b) Ушул пункттун максаттары үчүн “өтүнмө” термини пайдалуу моделдерге өтүнмөнү камтыбайт.

(2) (3) пунктунун жоболорун эске алуу менен, (1) пунктуна ылайык анын күчүнө кирүү датасына, ушул Келишимдин катышуучулары болбогон кайсы болбосун мамлекет, ратификацияланган грамоталарын жана кошулуу жөнүндө актыларын сактоого берүү датасынан соң үч айдан кийин ушул Келишимдин жоболоруна байланыштуу болуп калат.

(3) II главанын жоболору жана ушул Келишимге тиркелген Нускаманын ага тиешелүү жоболору, жок эле дегенде (1) пунктта саналып өткөн үч талаптын бирин алардын ар бири канааттандырган үч мамлекеттин II главанын жоболоруна өзүлөрүн байланыштуу деп эсептебей тургандыктары жөнүндө 64 (1) статьяда караштырылган эскертүүнү жасабастан, ушул Келишимдин катышуучусу болуп калган датадан тартып гана колдонулат. Бул дата, бирок, (1) пунктуна ылайык Келишимдин күчүнө кирүү датасынан эртерээк болбошу керек.

64-статья. Эскертүү

(1) (а) Кайсы болбосун мамлекет, ал өзүн II главасынын жоболоруна байланыштуумун деп эсептебей тургандыгын өтүнө алат.
(b) (а) пунктчасына ылайык эскертүү кылган мамлекет, II главанын жоболоруна жана ага тиешелүү Нускаманын жоболоруна байланыштуу болбойт.

(2) (а) (1) (a) пунктуна ылайык эскертүү кылбаган кайсы болбосун мамлекет:
(I) эл аралык өтүнмөнүн көчүрмөсүн жана анын котормосун (белгиленгендей) көрсөтүүгө карата ал өзүн 39 (1) статьяларынын жоболоруна байланыштуумун деп эсептебегенин;
(II) 40-статьянын жоболорунда караштырылган улуттук стадияларга эл аралык өтүнмөлөрдү карап чыгуу мөөнөтүнүн өтүп кетишине карата милдеттенме ушул мамлекеттин улуттук ведомствосу тарабынан же бул ведомствонун жардамы менен эл аралык өтүнмөнү же анын котормосун жарыялоого тоскоолдук кылбоосун өтүнүшү мүмкүн. Мында, бирок, мындай мамлекет 30 жана 38-статьяларда караштырылган чектөөлөрдөн бошотулбайт деп түшүнүлөт.
(b) Мындай эскертүү кылган мамлекет көрсөтүлгөн жоболор менен алардын арыздарына ылайык байланыштуу болот.

(3) (a) Кайсы болбосун мамлекет, бул, ошол мамлекетке тиешелүү болгон учурда, эл аралык өтүнмөнүн эл аралык жарыялоосу талап кылынбаганын өтүнө алат.
(b) Эгерде артыкчылык датасынан 18 ай өтүшү менен эл аралык өтүнмө (а) пунктчасына ылайык эскертүү кылган мамлекеттерде гана көрсөтмөнү камтыса, эл аралык өтүнмө 21 (2) статьясында караштырылгандай жарыяланбайт.
(с) Бирок (b) пунктчаларынын жоболорун колдонуу учурларында эл аралык өтүнмө Эл аралык бюро тарабынан жарыяланат:
(I) Нускамада караштырылгандай өтүнүүчүнүн суранычы боюнча;
(II) (а) пунктчасына ылайык бул мамлекет билдирүү кылганда, көрсөтүлгөн мамлекеттин же анын атынан улуттук ведомствонун эл аралык өтүнмөгө негизделген улуттук өтүнмөсүн же патентин жарыялоодон кийин кечиктирбестен, бирок артыкчылык датасынан 18 айдан эрте эмес.

(4) (а) Улуттук мыйзамдары техниканын деңгээлинин датасына, жарыялоонун мурдагы датасына өзүнүн патентинин таасирин караштырган, бирок бул мамлекетке өтүнмөнү факт жүзүндө берүү датасына, Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык билдирилген, артыкчылык датасына техниканын деңгээлин аныктоо максаттары үчүн теңештирбеген кайсы болбосун мамлекет, анын көрсөтмөсүн камтыган эл аралык өтүнмөнү бул мамлекеттен сырткары берүү, техниканын деңгээлин аныктоо максаттары үчүн бул мамлекетке эл аралык өтүнмөнү факт жүзүндө берүүгө теңештирилбейт.
(b) (а) пунктчасына ылайык эскертүү кылган кайсы болбосун мамлекет, бул бөлүктө 11 (3) статьяларынын жоболоруна байланыштуу эмес.
(с) (а) пунктчасына ылайык эскертүү кылган кайсы болбосун мамлекет, бир эле мезгилде кайсы датадан баштап жана кандай шарттарда, ошол мамлекетте, анын көрсөтмөсүн камтыган кайсы болбосун эл аралык өтүнмө, техниканын деңгээлине таасир этүүгө жарактуу боло турганын жазуу жүзүндө билдириши керек. Бул билдирүү Генералдык директорго кабарлоо жиберүү жолу менен кайсы болбосун мезгилде өзгөрүшү мүмкүн.

(5) Кайсы болбосун мамлекет 59-статьянын жоболоруна өзүн байланыштуу деп эсептебегендигин өтүнө алат. Ушундай эскертүү кылган кандайдыр Келишим түзүүчү мамлекеттердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда жана кайсы болбосун башка Келишим түзүүчү мамлекетте 59-статьянын жоболору колдонулбайт.

(6) (а) ушул статьяга ылайык жасалган кайсы болбосун эскертүү жазуу жүзүндө болушу керек. Ал ушул Келишимге кол коюу мезгилинде, ратификацияланган грамоталарды сактоого берүү мезгилинде, же кошулуу жөнүндө акты, же (5) пунктта караштырылган учурлардан сырткары, кайсы болбосун кечирээк мезгилде, Генералдык директорго кабарлоону жөнөтүү жолу менен жасалышы мүмкүн. Ушундай кабарландырылган учурда эскертүү Генералдык директор кабарлоону алган датадан алты айдан кийин күчүнө кирет жана бул алты айлык мөөнөт бүткөнгө чейин берилген эл аралык өтүнмөлөргө жайылтылбайт.
(b) Ушул статьяга ылайык жасалган кайсы болбосун эскертүү, кайсы мезгилде болбосун Генералдык директорго кабарлоо жөнөтүү жолу менен алып салынышы мүмкүн. Мындай алып салуу Генералдык директор кабарлоону алган датадан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет жана (3) пунктка ылайык жасалган эскертүүнү алып салуу учурунда бул үч айлык мөөнөт аяктаганга чейин берилген эл аралык өтүнмөгө жайылтылбайт.

(7) Буш Келишим (1) жана (5) пункттарында караштырылган эскертүүлөрдөн сырткары, башка эскертүүлөргө жол бербейт.

65-статья. Келишимди жана Нускаманы бара-бара колдонуу

(1) Эгерде кандайдыр Эл аралык издөө органы же Эл аралык алдын ала эксперттөө органы менен макулдашуу, мындай Орган карап чыгууга милдеттенген, эл аралык өтүнмөлөрдүн санын же түрлөрүн убактылуу чектөөнү караштырса, Ассамблея эл аралык өтүнмөлөрдүн аныкталган категорияларына карата ушул Келишимди жана Нускаманы бара-бара колдонуу үчүн керектүү чараларды кабыл алат. Бул жобо дагы 15 (5) статьясына ылайык эл аралык типтеги издөөнү жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөргө жайылтылат.

(2) Ассамблея (1) пунктунун жоболорун эске алуу менен, эл аралык өтүнмөнү жана эл аралык алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүгө талаптарды бере баштаган датаны белгилейт. Бул даталар ылайыгына жараша 63 (1) статьясынын жоболоруна ылайык ушул Келишим күчүнө киргенден, же 63 (1) статьясынын жоболоруна ылайык II главаны колдонуунун башталышынан кийин алты айдан кеч болбошу керек.

66-статья. Жокко чыгаруу

(1) Кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет Генералдык директорго кабарлоо жиберүү жолу менен ушул Келишимди жокко чыгара алат.

(2) Жокко чыгаруу Генералдык директор кабарлоону алган күндөн баштап алты айдан кийин күчүнө кирет. Ал, эгерде бул алты айлык мөөнөт өткөнгө чейин эл аралык өтүнмө берилген болсо жана жокко чыгарган мамлекеттин тандоосунда бул тандоо жасалган учурда, жокко чыгарган мамлекетте эл аралык өтүнмөгө таасирин токтотпойт,

67-статья. Кол коюулар жана тилдер

(1) (а) Бул Келишимге бир нускада англис жана француз тилдеринде кол коюлат, бирок эки текст толугу менен түпнуска болот.

(b) Расмий тексттер испан, немис, португалия, орус жана япон тилдеринде, ошондой эле Ассамблея аныктаган башка тилдерде кызыкдар өкмөттөр менен кеңешкенден кийин Генералдык директор тарабынан иштеп чыгылат.

(2) Бул Келишим 1970-жылдын 31-декабрына чейин Вашингтондо кол коюулар үчүн ачылган.

68-статья. Депозитарийдин милдеттери

(1) Ушул Келишимдин текстинин түпнускасы, ал кол коюу үчүн жабылгандан кийин Генералдык директордун сактоосуна берилет.

(2) Генералдык директор ушул Келишимдин эки көчүрмөсүн жана ага тиркелген Нускаманы тийиштүү түрдө аларды күбөлөндүрүп, Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясынын бардык мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана кайсы болбосун башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө алардын суроосу боюнча жиберет.

(3) Генералдык директор бул Келишимди Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында каттайт.

(4) Генералдык директор ушул Келишимге жана Нускамага кайсы болбосун оңдоолордун эки көчүрмөсүн тийиштүү түрдө аларды күбөлөндүрүп, бардык Келишим түзүүчү мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана кайсы болбосун Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө алардын суроосу боюнча жиберет.

69-статья. Кабарлоо

Генералдык директор Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясынын бардык мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрүнө кабарлайт:
(I) 62-статьяга ылайык кол коюулар жөнүндө;
(II) 620статьяга ылайык ратификацияланган грамоталарды жана кошулуу жөнүндө актыларды сактоого берүү жөнүндө;
(III) 63 (3) статьясына ылайык ушул Келишимдин күчүнө кирүү датасы жана II главанын башталыш датасы жөнүндө;
(IV) 64 (1)-(5) статьясына ылайык жасалган кайсы болбосун эскертүүлөр жөнүндө;
(V) 64 (6) (b) статьясына ылайык жүзөгө ашырылган кайсы болбосун эскертүүлөрдү алып таштоо жөнүндө;
(VI) 66-статьяга ылайык алынган жокко чыгаруулар жөнүндө; жана
(VII) 31 (4) статьясына ылайык жасалган кайсы болбосун арыздар жөнүндө.
(*) Редактордун эскертүүсү: 1980-жылдан баштап Союздун бюджети эки жылдык болуп саналат.
(**) Редактордун эскертүүсү: 1980-жылдан баштап Союздун программасы жана бюджети эки жылдык болуп саналат.