Белгилердин сүрөттөөчү элементтеринин эл аралык классификациясын белгилөөчү

Белгилердин сүрөттөөчү элементтеринин эл аралык классификациясын белгилөөчү

Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 37
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кошулган

Вена ш.
1973-жылдын 12-июну

Белгилердин сүрөттөөчү элементтеринин эл аралык классификациясын белгилөөчү
ВЕНА МАКУЛДАШУУСУ

(1985-жылдын 1 октябрында оңдолгон)

Макулдашуучу тараптар,
1883-жылдын 19-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо жөнүндө Париж конвенциясынын 19-статьясын, 1900-жылдын 14-декабрында Брюсселдеги; 1911-жылдын 2-июнунда Вашингтондогу; 1925-жылдын 6-ноябрында Гаагадагы; 1934-жылдын 2-июнунда Лондондогу; 1958-жылдын 31-октябрында Лиссабондогу жана 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдогу оңдоолору менен көңүлгө алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья. Атайын союзду түзүү; Эл аралык классификацияны кабыл алуу

Ушул Макулдашуу тиешелүү болгон тараптар Атайын союзду түзүшөт жана белгилердин сүрөттөөчү элементтери үчүн бирдиктүү Классификацияны (мындан ары «Сүрөттөөчү элементтердин классификациясы» деп аталуучу) кабыл алышат.

2-статья. Сүрөттөөчү элементтердин классификациясын аныктоо жана сактоо

(1) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясы белгилердин сүрөттөөчү элементтери чогуу классификацияланган категориялардын, бөлүктөрдүн жана бөлүмдөрдүн тизмесин, зарыл болгон учурда түшүндүрмө каты менен камтыйт.
(2) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Генералдык директору (мындан ары ылайыгына жараша «Уюм» жана «Генералдык Директор» деп аталат) тарабынан кол коюлган жана келишимге кол коюлган учурда анда сактоодо турган англис жана француз тилдериндеги бир түпнускадан турат.
(3) 5(3)(i) статьяга тиешелүү оңдоолор жана толуктоолор, ошондой эле Генералдык директор тарабынан кол коюлган жана анда сактоодо турган англис жана француз тилдериндеги бир түпнускадан турат.

3-статья. Сүрөттөөчү элементтердин классификациясынын тилдери

(1) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясы англис жана француз тилдеринде түзүлөт, эки текст бирдей түп нуска.
(2) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясынын расмий тексттери 7-статьяда көрсөтүлгөн, Ассамблея ушул статьянын 2 (а)(vi) параграфына ылайык кызыкдар болгон өкмөттөр менен консультация алышкандан кийин аныктаган тилдерде Уюмдун Эл аралык Бюросу (мындан ары «Эл аралык Бюро» деп аталуучу) тарабынан иштелип чыгат.

4-статья. Классификацияны пайдалануу

(1) Ушул Макулдашуу койгон милдеттерди эске алуу менен, Атайын Союздун ар бир өлкөсү сүрөттөөчү элементтердин классификациясынын көлөмүн аныктайт. Атап айтканда, сүрөттөөчү элементтердин классификациясы Атайын Союздун өлкөлөрүн белгини коргоонун көлөмүнө карата байланыштырбайт.
(2) Атайын Союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү ведомствосу Сүрөттөөчү элементтердин классификациясын негизги же кошумча система катары пайдаланууга укуктуу.
(3) Атайын Союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү ведомстволору расмий документтерге белгилердин сүрөттөөчү элементтери жайгаштырылууга тийиш болгон категориялардын, бөлүктөрдүн жана секциялардын номерлеринин белгилерин узартууну каттоо жөнүндө жарыялоолорду дагы киргизишет.
(4) Жогоруда көрсөтүлгөн номерлердин алдында «Сүрөттөөчү элементтердин классификациясы» деген сөздөр же 5-статьяда эскертилген Эксперттер Комиссиясы тарабынан аныкталган ушул сөздөрдүн кыскартылган түрү коюулууга тийиш.
(5) Кайсы өлкө болбосун кошулуу жөнүндө ратификацияланган грамотага же актыга кол коюу же сактоого берүү учурунда, секциялардын номерлеринин бардыгынын же кээ бирлеринин белгилерин каттоо же узартуу жөнүндө расмий документтерге же жарыялоолорго киргизүүгө өзүнө милдеттенмелерди албай тургандыгын билдире алат.
(6) Эгерде Атайын Союздун кайсы өлкөсү болбосун белгини каттоону өкмөттөр аралык органга (ведомствого) жүктөсө, ал, берилген орган ушул статьяга ылайык Сүрөттөөчү элементтердин классификациясын пайдалана тургандыгынын кепилдиги үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды колдонот.

5-статья. Эксперттер Комитети

(1) Атайын Союздун ар бир өлкөсү көрсөтүлө турган Эксперттердин Комитети уюштурулат.
(2)(а) Генералдык директор балким Эксперттер комитетинин өтүнүчү боюнча дагы, Атайын Союздун мүчөлөрү болуп эсептелбеген, бирок Уюмдун мүчөсү же Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж Конвенциясынын катышуучусу болуп эсептелген өлкөлөрдү Эксперттер комитетинин отурумдарына байкоочулар катарында чакырууга тийиш.
(b) Генералдык директор мүчөлөрүнүн катарына ушул Макулдашуунун катышуучусу болуп эсептелген өлкөлөрдүн жок дегенде бирөө кирген, белгилер жаатында адистештирилген өкмөттөр аралык уюмду Эксперттер комитетинин отурумдарына байкоочулар катарында көрсөтүлүшү үчүн чакырат.
(с) Генералдык директор Эксперттер комитетинин өтүнүчү боюнча да башка Өкмөттөр аралык жана Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн алар үчүн кызыгуу жаратуучу маселелерди талкуулоого катышууга чакыра алат.
(3) Эксперттер комитети:
(i) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясына оңдоолорду жана толуктоолорду киргизет;
(ii) Сүрөттөөчү элементтердин классификациясын пайдаланууга жана анын бир түрдүү формада колдонулушуна жардам берүү максатында Атайын союздун өлкөлөрүнө сунуштарды жөнөтөт;
(iii) Атайын союздун же уюмдун бюджети үчүн финансылык натыйжаларды чакырбастан өнүгүп бара жаткан өлкөлөр тарабынан Классификацияны колдонууга жардам бере турган бардык башка чараларды кабыл алат;
(iv) комитеттин алдындагы топторду же жумушчу топторун түзүүгө укуктуу.
(4) Эксперттер комитети өзүнүн жол-жобо эрежелерин кабыл алат. Бул эрежелер Комитеттин комитет алдындагы же жумушчу топтордун отурумдарына (2)(b) пунктунда эскертилген өкмөттөр аралык уюмдардын жана Сүрөттөөчү элементтердин классификациясын жакшыртууга салым кошо ала турган экспертердин катышуу мүмкүндүгүн камсыз кылат. Сунуштар Эл аралык бюрого жөнөтүлөт, ал аларды, аталган сунуштарды караштыра турган Эксперттер комитетинин сессиясына эки ай калгандан кеч эмес мөөнөт ичинде Эксперттер комитетинин мүчөлөрүнө жана байкоочуларга берет.
(5) Классификацияны өзгөртүү же толуктоо боюнча сунуштар Атайын союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү органы, Эл аралык бюро, (2) (b) пунктуна байланыштуу Эксперттердин комитетинде көрсөтүлгөн кайсы болбосун өкмөттөр аралык уюм тарабынан жана ушундай сунуштарды киргизүү үчүн Эксперттер комитети тарабынан атайын чакырылган өлкөлөрдүн же уюмдардын кайсынысы тарабынан болбосун киргизилет.
(6) Эксперттер комитетинин мүчөсү болуп эсептелүүчү ар бир өлкө бир добушка ээ.
(b) Эксперттер комитети өз чечимдерин өлкөлөрдүн добуш берүүсүндө келгендердин жана катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
(с) Өлкөлөрдүн добуш берүүсүндө катышып отургандардын бештен бири катары баалануучу кайсы болбосун чечимди Сүрөттөөчү элементтердин классификациясынын негизги структурасын өзгөртүүгө алып баруучу же реклассификация боюнча маанилүү жумушту чакыруучу чечим катары кабыл алуу үчүн, өлкөлөрдүн добуш берүүсүндө катышып отургандардын жана катышуучулардын көпчүлүк төрттөн үч добушу талап кылынат.
(d) Калыс калган добуштар эсепке алынбайт.

6-статья. Кабарлоо, күчүнө кирүү жана өзгөртүүлөр менен толуктоолорду жана башка чечимдерди жарыялоо

(1) Атайын союздун өлкөлөрүнүн компетенттүү ведомстволору Эл аралык бюро тарабынан Сүрөттөөчү элементтердин классификациясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга карата Эксперттер комитетинин ар бир чечими жөнүндө жана Эксперттер комитетинин сунуштары жөнүндө кабардар болуп турушат.
(2) Эл аралык бюро Сүрөттөөчү элементтердин классификациясына күчүнө кирген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө кабарлоолор 7-статьяда эскертилген Ассамблея тарабынан аныкталуучу мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.

7-cтатья. Атайын союздун Ассамблеясы

(1)(а) Атайын союздун Атайын союздун өлкөлөрүнөн туруучу Ассамблеясы болот.
(b) Атайын союздун ар бир өлкөсүнүн өкмөтү орунбасары, кеңешчилери жана эксперттери бар болгон бир делегат менен көрсөтүлгөн.
(с) 5 (2)(b) статьяда эскертилген өкмөттөр аралык уюмдун кайсынысы болбосун Ассамблеянын отурумдарында, ал эми эгерде Ассамблея токтом чыгарса, анда Ассамблея тарабынан түзүлүшү мүмкүн болгон ушундай комитеттерде жана жумушчу топторунда дагы байкоочу катары көрсөтүлүшү мүмкүн.
(d) Ар бир делегациянын чыгымдарын аны дайындоочу өкмөт көтөрөт.
(2)(а) 5- статьяны эске алуу менен Ассамблея:
(i) Атайын союзду сактоого жана өнүктүрүүгө жана ушул Макулдашууну колдонууга тиешелүү бардык маселелерди караштырат;
(ii) Эл аралык бюрого кайра кароо боюнча конференцияларды даярдоого тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет;
(iii) Генералдык директордун Атайын союзга тиешелүү отчетторун жана ишмердүүлүгүн карап чыгат жана бекитет жана ага Атайын союздун компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча бардык зарыл болгон нускамаларды берет;
(iv) программаны аныктайт, Атайын союздун үч жылдык бюджетин кабыл алат жана анын финансылык отчетторун бекитет;
(v) Атайын союздун финансылык регламентин бекитет;
(vi) Классификациянын расмий тексттерин англис жана француз тилдеринен башка кайсы тилдерде иштеп чыгуу керектигин чечет;
(vii) Атайын союздун максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл деп эсептелген комитеттерди жана жумушчу топторун түзөт;
(viii) (1)(с) пункттун жоболорун эске алуу менен, Атайын союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы өлкөлөр жана кайсы өкмөттөр аралык жана Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар байкоочу катарында анын отурумдарына, ошондой эле ал тарабынан түзүлгөн кайсы болбосун комитеттин же жумушчу тобунун отурумдарына киргизиле тургандыгын аныктайт;
(iх) Атайын союздун максаттарына жетүүгө багытталган башка бардык ылайыктуу аракеттерди жүзөгө ашырат;
(х) ушул макулдашуудан келип чыгуучу башка милдеттерди аткарат.
(b) Башкарууну уюм жүзөгө ашырган башка Союздар үчүн ошондой эле кызыгуу жаратуучу маселелер боюнча, Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин угуп Ассамблея чечим кабыл алат.
(3)(а) Ар бир өлкө – Ассамблеянын мүчөсү бир добушка ээ.
(b) Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн жарымы шартсанды (кворум) түзөт.
(с) Шартсан жок болгон учурда Ассамблея чечим кабыл ала алат, бирок Ассамблеянын бардык мындай чечимдери, анын жеке жол-жобо эрежелерине тиешелүү чечимдеринен башкасы, төмөндөгү шарттар сакталганда гана күчүнө кирет. Эл аралык бюро эскертилген чечимдерди анда көрсөтүлбөгөн Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнө жөнөтөт жана аларды чечим жөнөтүлгөн датадан баштап үч айдын ичинде жазуу жүзүндө ушул чечимдер үчүн, аларга каршы же калыс калгандыктарын кабарлоого чакырат. Эгерде бул мөөнөт өткөндөн кийин ушундай түрдө алар добуш берүүдөн өзүн кармап калгандыгы тууралуу кабарлаган өлкөлөрдүн саны сессиянын өзүндө шарт санды алуу үчүн жетпей калган санга жетсе, мындай чечимдер бир эле мезгилде зарыл болгон көпчүлүк добуш сакталган шартта күчүнө кирет.
(d) 11(2) статьянын жоболорун эске алуу менен Ассамблея берилген добуштардын көпчүлүк үчтөн экиси менен өз чечимдерин кабыл алат.
(е) Калыс калгандардын добуштары кабыл алынбайт.
(f) Делегат бир гана мамлекетти көрсөтө алат жана анын атынан гана добуш берет.
(4)(а) Ассамблея кезектеги сессияга Генералдык директордун чакыруусу боюнча жана өзгөчө учурдан башкасында, бир эле мезгилде жана ошол эле Уюмдун Генералдык Ассамблеясы турган жерде үч жылда бир чогулат.
(b) Ассамблея өзгөчө кырдаалдагы сессияга Ассамблеянын мүчө-мамлекеттеринин төрттөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча Генералдык директордун чакыруусу боюнча чогулат.
(с) Генералдык директор ар бир сессиянын күн тартибин даярдайт.
(5) Ассамблея өзүнүн жол-жобо эрежелерин кабыл алат.

8-статья. Эл аралык бюро

(1)(а) Атайын саюздун административдик милдеттери Эл аралык бюро тарабынан жүзөгө ашырылат.
(b) Эл аралык бюро отурумдарды даярдайт жана Ассамблеянын, Эксперттер комитетинин жана Ассамблея же Эксперттер комитети тарабынан түзүлүүгө мүмкүн болгон ушундай башка комитеттердин же жумушчу топторунун катчылыгынын милдеттерин аткарат.
(с) Генералдык директор Атайын союздун башкы кызмат адамы болуп эсептелет жана Атайын союздун атынан чыгат.
(2) Генералдык директор жана ал тарабынан дайындалган персонал мүчөсүнүн кимиси болбосун Ассамблеянын, Эксперттер комитетинин жана Ассамблея же Эксперттер комитети тарабынан түзүлүүгө мүмкүн болгон ушундай башка комитеттердин же жумушчу топторунун бардык отурумдарында добуш берүүгө укуксуз катышат. Генералдык директор же ал тарабынан дайындалган персонал мүчөсү бул органдардын катчысы еx оffiсiо болуп эсептелет.
(3)(а) Эл аралык бюро Ассамблеянын көрсөтмөлөрүнө ылайык кайра кароо боюнча конференцияларды даярдайт.
(b) Эл аралык бюро кайра кароо боюнча конференцияларды даярдоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен консультация алыша алат.
(с) Генералдык директор жана ал тарабынан дайындалган адамдар кайра кароо боюнча конференцияларга добуш берүүгө укуксуз катышат.
(4) Эл аралык бюро ага жүктөлгөн башка бардык тапшырмаларды аткарат.

9-статья. Финансылар

(1)(а) Атайын союздун бюджети болот.
(b) Атайын союздун бюджети Атайын союздун өзүнүн келип түшүүлөрүн жана чыгымдарын, башкаруусун Уюм жүзөгө ашыруучу Союздар үчүн жалпы болгон чыгымдардын бюджетине анын төгүмүн, ошондой эле ылайыктуу учурларда, Уюмдун Конференцияларынын бюджетке чегерүүлөрүн камтыйт.
(а) Союз үчүн жалпы чыгымдар деп, берилген Атайын союзга гана эмес, башкаруусун Уюм жүзөгө ашыруучу бир же бир нече башка Союздарга тиешелүү болгон чыгымдар эсептелет. Бул жалпы чыгымдардагы Атайын союздун үлүшү ушул чыгымдардагы анын кызыкчылыгына ылайык келет.
(2) Атайын союздун бюджети башкаруусун Уюм жүзөгө ашыруучу башка Союздардын бюджеттери менен болгон координациянын талаптарын керектүү деңгээлде эске алуу менен кабыл алынат.
(3) Атайын союздун бюджети төмөндөгү булактардан каржыланат:
(i) Атайын союздун өлкөлөрүнүн төгүмдөрүнөн;
(ii) Эл аралык бюро тарабынан көрсөтүлгөн Атайын союзга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдардан жана төлөмдөрдөн;
(iii) Эл аралык бюро тарабынан Союзга тиешелүү жарыялоолордун сатылышынан жана ушундай жарыялоолорго укуктарды өткөрүп берүүдөн түшкөндөрдөн;
(iv) тартуулардан, мураска калган каражаттардан жана субсидиялардан;
(v) ренттерден, проценттерден жана ар кандай башка кирешелерден.
(4)(а) (3) (i) пунктунда эскертилген төгүмдү аныктоо үчүн, Атайын союздун ар бир өлкөсү Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж союзуна таандык болгон класска таандык болот жана өзүнүн жылдык төгүмүн Париж союзунда ушул класска белгиленген бирдиктердин ошол эле санынын негизинде төлөйт.
(b) Атайын союздун ар бир өлкөсүнүн жылдык төгүмү, бардык өлкөлөр тарабынан төлөнө турган Атайын союздун бюджетине төгүмдөрдүн жалпы суммасына катыштуу болгон сыяктуу эле, анын бирдиктеринин саны бардык төгүм төлөөчү өлкөлөрдүн бирдиктеринин жалпы санына катыштуу болгондой суммага барабар.
(с) Төгүмдөр ар бир жылдын биринчи январынан төлөмдөргө кошулуп эсептелет.
(d) Төгүмдөрдү төлөө боюнча карыздары бар өлкөлөр, Атайын союздун кайсы органында болбосун добуштук укукгун жоготот, эгерде анын карызынын суммасы мурдагы эки толук жыл үчүн эсептелүүчү төгүмдүн суммасына барабар болсо же андан ашып кетсе. Бирок Атайын союздун кайсы органы болбосун мындай өлкөгө ушул органда добуштук укуктан пайдалануусун улантууга уруксат бериши мүмкүн, эгерде ал төлөө мөөнөтүнүн өтүп кетиши өзгөчө бир жана качып кутула албаган кырдаалдын негизинде болгондугуна ал ынанса, ошол мезгилге чейин.
(с) Качан бюджет жаңы финансылык мезгилдин башталышына чейин кабыл алынбаган учурда, финансылык регламент тарабынан караштырылган тартипке ылайык бюджет мурунку жылдын деңгээлинде аракеттенет.
(5) Атайын союздун атынан Эл аралык бюро тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн берилүүчү жыйымдардын жана төлөмдөрдүн өлчөмү, бул жөнүндө Ассамблеяга баяндап туруучу Генералдык директор тарабынан белгиленет.
(6)(а) Атайын союздун жүгүртүүчү каражаттар фонду болот, ал Атайын союздун ар бир өлкөсү төгүп туруучу бир жолку төлөмдөрдөн түзүлөт. Эгерде жүгүртүүчү каражаттар фонду жетишээрлик болбой калса, Ассамблея аны көбөйтүү жөнүндөгү маселени чечет.
(b) Ар бир өлкөнүн эскертилген фондго баштапкы төлөмүнүн өлчөмү же бул фондду көбөйтүүдөгү анын үлүшү ушул өлкөнүн фонд түзүлгөн же аны көбөйтүү үчүн чечим кабыл алынган жыл үчүн төгүмүнө пропорциялуу.
(с) Бул пропорция, же төлөмдүн шарттары Ассамблея тарабынан Уюмдун Генералдык директорунун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийинки сунушу боюнча белгиленет.
(7)(а) Уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан аймактагы өлкө менен түзүлгөн штаб-квартира жөнүндө макулдашууда, жүгүртүлүүчү каражаттар фонду жетишсиз болуп калган учурларда бул өлкө аванстарды бере тургандыгы караштырылат. Бул аванстардын суммасы жана алар берилүүчү шарттар ар бир учурда мындай өлкө менен Уюмдун ортосундагы өзгөчө макулдашуунун предмети болуп эсептелет.
(b) (а) пунктчасында эскертилген өлкө сыяктуу эле Уюм дагы жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу аванстарды берүү жөнүндө милдеттенмени жоюуга укуктуу. Жоюу, кабарлоо жасалган жыл аяктаган соң үч жылдан кийин күчүнө кирет.
(8) Финансылык текшерүү финансылык регламенттин эрежелерине ылайык Атайын союздун бир же бир нече өлкөлөрү же алардын макулдугу менен Ассамблея тарабынан дайындалуучу тышкы текшерүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

10-статья. Макулдашууну кайра кароо

(1) Ушул Макулдашуу мезгил-мезгили менен Атайын союздун өлкөлөрүнүн атайын конференцияларында кайра каралышы мүмкүн.
(2) Кайра кароо боюнча конференцияны чакыруу жөнүндө чечим Ассамблея тарабынан кабыл алынат.
(3) 7, 8, 9 жана 11 статьяларга оңдоолор кайра кароо боюнча конференцияда же 11-статьянын жоболоруна ылайык кабыл алынышы мүмкүн.

11-статья. Макулдашуунун айрым бир жоболоруна оңдоолор

(1) 7-, 8-, 9-, жана ушул статьяга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар Атайын союздун кайсы өлкөсүнөн болбосун же Генералдык директор тарабынан берилиши мүмкүн. Мындай сунуштар Генералдык директор тарабынан Атайын союздун өлкөлөрүнө аларды Ассамблея караганга чейин эң аз дегенде алты ай мурда жөнөтүлөт.
(2) (1) пункта караштырылган статьяларга оңдоолор Ассамблея тарабынан кабыл алынат, ал үчүн берилген добуштардын көпчүлүк төрттөн үч бөлүгү талап кылынат; бирок 7-статьяга жана ушул пунктка кайсы болбосун оңдоо добуштардын бештен төрт көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(3)(а) (1) пунктта караштырылган статьяларга кайсы болбосун оңдоолор, ушул оңдоолор кабыл алынып жаткан учурда Атайын союздун мүчөлөрү болуп турган өлкөлөрдүн төрттөн үчүнөн, ар бир өлкөнүн конституциялык жол-жобосуна ылайык ишке ашырылган аны кабыл алуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү кабарлоону Генералдык директор алгандан үч айдан кийин күчүнө кирет.
(b) Көрсөтүлгөн статьяларга ушундай жол менен кабыл алынган оңдоолордун кайсынысы болбосун оңдоолор күчүнө кирген убакта Атайын союздун мүчөлөрү болуп эсептелген бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү; бирок Атайын союздун өлкөлөрүнүн финансылык милдеттенмелерин көбөйтүүчү оңдоолордун кайсынысы болбосун, мындай оңдоолор алар тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлаган өлкөлөр үчүн гана милдеттүү түрдө болуп эсептелет.
(с) (а) пунктчасынын жоболоруна ылайык кабыл алынган оңдоолордун кайсынысы болбосун, эскертилген оңдоо (а) пунктчасынын жоболоруна ылайык күчүнө кирген датадан кийин Атайын союздун мүчөлөрү болуп калган өлкөлөрдүн бардыгы үчүн милдеттүү.

12-статья. Макулдашууга катышуу

(1) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын мүчө-мамлекетинин кайсынысы болбосун төмөнкүдөй жолдор менен ушул Макулдашуунун тарабы болуп кала алат:
(i) Макулдашууга кол коюп андан кийин ратификацияланган грамотаны сактоого берүү, же
(ii) Макулдашууга кошулгандыгы жөнүндө актыны сактоого берүү.
(2) Ратификацияланган грамоталар же кошулгандыгы жөнүндө актылар Генералдык директорго сактоого берилет.
(3) Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын Стокгольм актысынын 24-статьясынын жоболору ушул Макулдашууга колдолнулат.
(4) (3) пункт эч качан унчукпастан таанууну билдирүү катары, же Атайын союздун кандайдыр бир өлкөсү тарабынан, көрсөтүлгөн пунктка байланыштуу ушул Макулдашууну башка өлкө колдоно турган аймакка карата факт жүзүндөгү жагдайды кабыл алуусу катары түшүндүрүлүүгө тийиш эмес.

13-статья. Макулдашуунун күчүнө кириши

(1) Ушул Макулдашуу ратификацияланган грамоталарды же кошулуу жөнүндө актыларды сактоого берген биринчи беш өлкөгө карата, бешинчи ратификацияланган грамота же кошулуу жөнүндө акт сактоого берилгенден кийин үч ай өткөн соң күчүнө кирет.
(2) Ушул Макулдашуу (1) пунктка ылайык күчүнө кирүүчү өлкөлөрдүн катарына кирбей турган өлкөнүн бардыгына карата, Макулдашуу анын ратификацияланышы же кошулушу жөнүндө Генералдык директор кабарлаган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, эгерде ратификацияланган грамотада же кошулуу жөнүндө актыда кыйла кийинки дата көрсөтүлбөгөн болсо гана. Акыркы учурда бул өлкөгө карата ушул Макулдашуу ушундай жол менен көрсөтүлгөн датага күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы үчүн 1998-жылдын 10-декабрында күчүнө кирген.
(3) Ратификациялоо же кошулуу автоматтык түрдө өз артынан ушул Макулдашууда белгиленген бардык жоболорду таанууну же бардык артыкчылыктарды алууну алып келет.

14-статья. Макулдашуунун аракеттенүү мөөнөтү

Ушул макулдашуу Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы ээ болгон ошол эле аракеттенүү мөөнөтүнө ээ.

15-статья. Жокко чыгаруу

(1) Атайын союздун кайсы өлкөсү болбосун Генералдык директорго кабарлоо жөнөтүү жолу менен ушул Макулдашууну жокко чыгара алат.
(2) Жокко чыгаруу Генералдык директор кабарлоону алган күндөн тартып бир жылдан кийин күчүнө кирет.
(3) Ушул статьяда караштырылган жокко чыгаруу укугу ал Атайын союздун мүчөсү болуп калган күндөн тартып беш жыл өтмөйүнчө, эч бир өлкө тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес.

16-статья. Талаш-тартыштар

(1) Атайын союздун эки же андан көп өлкөлөрүнүн ортосунда кандайдыр-бир талаш-тартыштар пайда болгон учурда, кызыкдар болгон өлкөлөрдүн кайсынысы болбосун, Сот уставына ылайык, түшүндүрүүлөргө же, сүйлөшүүлөрдө жөнгө салынбаган ушул Макулдашууну колдонууга карата Эл аралык сотко арыз менен кайрыла алат, эгерде кызыкдар болгон тараптар талаш-тартыштарды жөнгө салуунун башка формасын караштырбаса. Сотко берүүчү тарап Эл аралык бюрого кабарлайт; Эл аралык бюро бул аракеттер жөнүндө Атайын союздун башка өлкөлөрүн кабардандырат.
(2) Кайсы гана өлкө болбосун ушул Макулдашууга кол коюлуп жаткан же ратификацияланган грамотаны же кошулуу жөнүндөгү актыны сактоого берип жаткан учурда, (1) пункттун шарттарына өзүн байланыштуу деп эсептебей тургандыгы жөнүндө билдире алат. Ушундай арыз берген өлкө менен Атайын союздун кайсы болбосун башка өлкөсүнүн ортосунда пайда болуучу кайсы болбосун талаш-тартышка карата (1) пункттун шарттары жайылтылбайт.
(3) (2) пункттун шарттарына ылайык арыз берген кайсы гана өлкө болбосун, кайсы учурда болсо да Генералдык директорго кабарлоонун жардамы менен өзүнүн арызын кайра чакыртып ала алат.

17-статья. Кол коюу, тилдери, депозитарийлердин милдеттери, кабарлоолор

(1) (а) Ушул Макулдашуу англис жана француз тилдеринде бир нускада кол коюлду, эки текст тең толугу менен түп туска болуп эсептелет.
(b) Ушул Макулдашуу кол коюу үчүн Венада 1973-жылдын 31-декабрында ачылды.
(с) Ушул Макулдашуунун түп нуска тексти, ал кол коюу үчүн жабылгандан кийин Генералдык директордо сакталат.
(2) Расмий тексттер Ассамблея аныктаган башка тилдерде, кызыкдар болгон өкмөттөр менен консультация алышкандан кийин Генералдык директор тарабынан иштелип чыгат.
(3)(а) Генералдык директор ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн ушул Макулдашуунун кол коюлган текстинин эки көчүрмөсүн, ага кол койгон бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана сурам боюнча кайсы болбосун башка өлкөнүн өкмөтүнө жөнөтөт.
(b) Генералдык директор керектүү түрдө ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ушул Макулдашууга оңдоолордун кайсынысынын болбосун эки көчүрмөсүн Атайын союздун бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана сурам боюнча кайсы болбосун башка өлкөнүн өкмөтүнө жөнөтөт.
(с) Генералдык директор сурам боюнча ушул Макулдашууга кол койгон же ага кошулган кайсы болбосун өлкөнүн өкмөтүнө, керектүү түрдө ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн, Сүрөттөөчү элементтердин классификациясынын эки көчүрмөсүн англис же француз тилдеринде берет.
(4) Генералдык директор ушул Макулдашууну Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында каттайт.
(5) Генералдык директор Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын бардык катышуучу мамлекеттеринин өкмөттөрүн төмөндөгүлөр жөнүндө кабардандырат:
(i) (1) пунктка ылайык кол коюулар жөнүндө;
(ii) 12 (2) статьясына ылайык ратификацияланган грамоталарды же кошулуу жөнүндө актыларды сактоого берүү жөнүндө;
(iii) 13 (1) статьясына ылайык ушул макулдашуунун күчүнө кирүү датасы жөнүндө;
(iv) 4 (5) статьясына ылайык берилген арыздар жөнүндө;
(v) 12 (3) статьясына ылайык берилген арыздар жана кабарлоолор жөнүндө;
(vi) 16 (2) статьясына ылайык берилген арыздар жөнүндө;
(vii) 16 (3) статьясына ылайык кайсы болбосун арыздарды, кабарлоолорду чакыртып алуулар жөнүндө;
(viii) 11 (3) статьясына ылайык ушул Макулдашууга оңдоолорду кабыл алуу жөнүндө;
(iх) ушундай оңдоолор күчүнө кирген даталар жөнүндө;
(х) 15-статьяга ылайык алынган жокко чыгаруулар жөнүндө.

1973-жылдын 8-июнундагы Сүрөттөөчү Элементтердин
Эл аралык Классификациясы боюнча
Дипломатиялык Конференцияда кабыл алынган
 РЕЗОЛЮЦИЯ

1. Ушуну менен Белгилердин Сүрөттөөчү Элементтеринин Эл аралык Классификациясын уюштуруу жөнүндө Вена Макулдашуусу күчүнө киргенге чейин Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросуна караштуу алдын ала Эксперттер комитети уюштурулат.
2. Убактылуу комитет ушул Макулдашууга кол койгон же ага кошулган ар бир өлкөнүн өкүлүн камтыйт. Белгилер жаатында адистештирилген жана жок дегенде мүчө-өлкөлөрүнүн ичинен бири ушул Макулдашууга кол койгон же ага кошулган өкмөттөр аралык уюмдар байкоочулар катарында көрсөтүлүшү мүмкүн. ИМБДУнун Генералдык директору балким Убактылуу комитеттин өтүнүчү боюнча дагы байкоочулар катарында көрсөтүлүү үчүн ИМБДУнун кайсы болбосун мүчө өлкөсүн же Макулдашууга кол койбогон же ага кошулбаган Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучусун чакырууга тийиш.
3. Алдын ала комитет Сүрөттөөчү Элементтердин Эл аралык Классификациясына кайталап экспертиза жүргүзөт жана эгерде бул зарыл болсо, жогоруда көрсөтүлгөн Классификацияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоорун даярдайт.
4. Эл аралык бюро Алдын ала комитеттин ишин даярдоого чакыруу алат.
5. Эл аралык бюро Макулдашууга кол койгон же ага кошулган өлкөлөр менен консультация алышкандан кийин Убактылуу комитетти чогултууга чакыруу алат, эгерде жогорудагы 2-пунктта эскертилген ушундай өлкө же уюм оңдоолорду же толуктоолорду киргизүүнү сунуштаса, же Эл аралык бюронун өзү оңдоолорду же толуктоолорду киргизүүнү сунуштоого ниеттенсе.
6. Эл аралык бюро, Макулдашуу күчүнө кирээри менен, Макулдашуунун 5-статьясына ылайык уюштурулган Эксперттер комитетине кайсы болбосун өзгөртүүлөрдүн же толуктоолордун долбоорун берүүгө чакыруу алат.
7. Алдын ала комитеттин мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын жол киреси жана жашап туруусу үчүн чыгымдарын алар көрсөткөн өлкөлөр же уюмдар көтөрөт.