Өнөр жай менчигин коргоо боюнча ПАРИЖ КОНВЕНЦИЯСЫ

1994-жылы Кыргыз Республикасы кошулду

Париж ш.

1883-жылдын 20-марты

Өнөр жай менчигин коргоо боюнча

ПАРИЖ КОНВЕНЦИЯСЫ

(1900-жылдын 14-декабрында Брюсселде, 1911-жылдын 2-июнунда  Вашингтондо, 1925-жылдын 6-ноябрында  Гаагада, 1934-жылдын 2-июнунда Лондондо, 1958-жылдын 31-октябрында  Лиссабондо жана 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кайра каралып чыккан жана 1979-жылдын 2-октябрында өзгөртүлгөн).

1-статья.  [Союздүн түзүлүшү; өнөр жай менчигине түшүнүк](*)

(1) Бул Конвенция колдонулуучу өлкөлөр Өнөр жай менчигин коргоо боюнча союзду түзүшөт.

(2) Өнөр жай менчигин коргоонун объектилери болуп ойлоп табууларга патенттер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар жана келип чыккан же келип чыккан жердин аталыштарынын көрсөтмөлөрү, ошондой эле акыйкатсыз атаандаштыкка тыюу салуу эсептелинет.

(3) Өнөр жай менчиги эң кеңири мааниде түшүндүрүлөт жана сөздүн жеке маанисиндеги өнөр жай жана соодага гана жайылтылбастан, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнө жана өндүрүп даярдоочу өндүрүшкө жана өнөр жай же табигый келип чыккан бардык продуктуларга жайылтылган, мисалы: вино, дан, тамеки жалбырактары, жемиштер, мал, казып алынуучулар, минералдык суулар, пиво, гүлдөр, ун.

(4) Ойлоп табууларга патенттерге Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдары менен таанылган ар түрдүү өнөр жай патенттери кирет, мисалы: алып алып келинүүчү патенттер, жакшыртуу үчүн патенттер, кошумча патенттер жана күбөлүктөр ж.у.с.

(*) Статьяларга тексти пайдаланууда ыңгайлуу болушу үчүн аталыштар ыйгарылган. Кол коюлган текстин (французча) аталышы жок.

2-статья.  [Союз өлкөлөрүнүн жарандары үчүн улуттук режим]

(1) Өнөр жай менчигин коргоого карата Союздун ар бир өлкөсүнүн жарандары ушул Конвенцияда атайын караштырылган укуктарга чектөө келтирбестен, өз жарандарына тийиштүү мыйзамдардын негизинде азыркы убакта же кийин берилген артыкчылыктар менен пайдаланышат. Ушундан улам, алардын укуктары бул өлкөнүн жарандарынын укуктары сыяктуу эле корголот жана эгер мында өз жарандарына караштырылган шарттар жана формалдуулуктар сакталса, алар алардын укугуна ар кандай тартып алууга аракет кылуудан коргоонун мыйзамдык каражаттары менен пайдаланышат.

 (2) Бирок коргоо суралган жашаган орду же өлкөдө ишканасы болгондугу жөнүндө эч кандай шарттар өнөр жай менчик укуктарынын кайсы бирин пайдалануу үчүн өбөлгө катарында Союздун өлкөлөрүнүн жарандарына коюлбайт.

(3) Сот жана административдик жол-жобого жана сот жана административдик органдардын компетенциясына, ошондой эле өнөр жай менчиги жөнүндө мыйзамдардын негизинде аларды сактоо талап кылынган жашаган ордун же ишенимдүү өкүлдү дайындоону тандоого кирген Союздун өлкөлөрүнүн ар биринин мыйзамдарынын жоболору сакталары шексиз.

3-статья.  [Союздун өлкөлөрүнүн жарандарына жактардын айрым категорияларын теңештирүү]

Союздун өлкөлөрүнүн жарандарына Союзга катышпаган өлкөлөрдүн жарандары теңештирилет, алардын Союздун өлкөлөрүнүн биринин аймагында жашаган орду же анык жана маанилүү өнөр жай же соода ишканалары бар.

4-статья. [A. – I. Патенттер, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, автордук күбөлүктөр: артыкчылык укугу.

– G. Патенттер: өтүнмөнү бөлүштүрүү]

A. (1) Союздун өлкөлөрүнүн бирине ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө же товардык белгиге патент алууга тийиштүү түрдө өтүнмө берген кайсы жак болбосун же ушул жактын укук мураскору башка өлкөлөрдө өтүнмө берүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде артыкчылык укугу менен пайдаланат.

(2) Артыкчылык укугунун келип чыгышы үчүн негиз болуп Союздун ар бир өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына же Союздун өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууларга ылайык туура таризделген улуттук өтүнмө берүү күчүнө ээ болгон өтүнмөнү кандай болбосун берүү таанылат.

(3) Өтүнмөнүн туура таризделип улуттук берилиши деп ушул өтүнмөнүн андан аркы тагдыры кандай болбосун, тийиштүү өлкөдө өтүнмө берилген күндүн датасын аныктоо үчүн жетишерлик болгон кандай болбосун берилиши түшүндүрүлөт.

B. Ушундан кийин Союздун башка өлкөлөрүнүн биринде өтүнмө берүү ушул мөөнөт өткөнгө чейин ушул убакыттын ичинде жүргүзүлгөн аракеттердин негизинде анык эмес деп таанылышы мүмкүн, бул негизинен ойлоп табууну жарыялоого же аны пайдаланууга, үлгүнүн нускаларын сатууга чыгарууга, белгини пайдаланууга башка өтүнмө берүүнүн негизинде ушул аракеттер дагы үчүнчү жактардын кайсы бир укугунун же жеке ээлик кылуунун кайсы бир укугунун келип чыгышы үчүн негиз боло албайт. Артыкчылык укугу үчүн негиз болгон биринчи өтүнмө берилген күнгө чейин үчүнчү жактар алган укуктар Союздун ар бир өлкөсүнүн ички мыйзамдарына ылайык сакталат.

C. (1) жогоруда айтылган артыкчылык мөөнөттөрү ойлоп табууларга жана пайдалуу он эки айды жана өнөр жай үлгүлөрү жана товардык белгилер үчүн алты айды түзөт.

(2) Ушул мөөнөттөрдү эсептөө биринчи өтүнмө берилген күндөн тартып жүргүзүлөт; берилген күнү мөөнөткө киргизилбейт.

(3) Эгер мөөнөтүнүн акыркы күнү коргоо суралган өлкөдө кабыл алуу үчүн ведомство ачык болбосо же мыйзам боюнча майрам күнгө туш болсо, мөөнөтү биринчи кийинки жумушчу күнгө чейин узартылат.

(4) Эгер бул мурунку өтүнмө кийинки өтүнмө берилген күнү кайра артка алынса, эл алдында тааныштыруу үчүн жеткиликтүү боло электе, кыймылсыз калтырылса же четтетилсе,  ошондой эле буга карата кандайдыр бир укуктардын болушу улантылбаса жана ал артыкчылык укугуна аракеттенүү үчүн негиз болбогон шартында, Артыкчылык берүүнүн мөөнөтүн эсептөөдө анын берилген күнү эсептелинген биринчи өтүнмө болуп Союздун ошол эле өлкөсүндө берилген (2) пунктта жогоруда айтылган маанисинде мурунку биринчи өтүнмөдөй эле, ошол объектиге болгон уийинки өтүнмө эсептелинет. Мурунку өтүнмө анда артыкчылык укугуна аракеттенүү үчүн негиз болууга кызмат кыла албайт.

D. (1) Мурунку өтүнмөнүн негизинде артыкчылыкты пайдаланууну каалаган кайсы жак болбосун өтүнмө берилген күндү жана ал чыгарылган өлкөнү көрсөтүү менен арыз берүүгө милдеттүү. Ар бир өлкө ушундай арыз кайсы убактан кеч эмес берилиши керек экендигин белгилейт.

(2) Бул көрсөтмөлөр компетенттүү мекемелер чыгарган басылмаларда, негизинен патенттерде жана аларга тийиштүү баяндоолордо келтирилет.

(3) Союздун өлкөлөрү артыкчылык жөнүндө арыз берген жактан мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылат (баяндоолор, сүрөттөр ж.у.с.).  Бул өтүнмөнү кабыл алган мекеме күбөлөндүргөн көчүрмө эч кандай легализацияны талап кылбайт жана кайсы учурда болбосун кандайдыр бир жыйымдарды төлөөсүз эле кийинки өтүнмөнү берген күндөн тартып үч айдын ичинде көрсөтүлөт.

(4) Өтүнмө берген учурда артыкчылык жөнүндө арыз үчүн башка формалдуулуктарды аткаруу тууралуу талаптар  коюлбайт. Союздун ар бир өлкөсү ушул статья менен караштырылган өзүнө формалдуулуктарды сактабоого тарткан натыйжаларды аныктайт, бирок бул натыйжалар артыкчылыкка болгон укукту жоготуудан оор болбойт.

(5)  Андан кийин башка далилдөөлөр талап кылынышы мүмкүн. Мурунку берилген өтүнмөнүн негизинде артыкчылык алууга умтулган жак  ушул өтүнмөнүн номурун көрсөтүшү керек; бул көрсөтмө (2) жогорудагы келтирилген пунктта караштырылган тартипте жарыяланат.

E. (1) Качан өнөр жай үлгүсү пайдалуу моделге берилген өтүнмөгө негизделген артыкчылык укугун пайдалануу менен өлкөдө билдирилсе, артыкчылыктуу мөөнөт болуп өнөр жай үлгүлөрү үчүн белгиленген мөөнөт эсептелинет.

(2) Мындан тышкары, өлкөдө патентке берилген өтүнмөгө негизделген артыкчылык укугун пайдалануу менен пайдалуу моделге өтүнмө берүүгө болот жана тескерисинче.

F. Союздун бир дагы өлкөсү эгер эки учурунда тең өлкөнүн мыйзамына ылайык ойлоп табуунун бирдиктүүлүгү болсо, өтүнүүчү, анын ичинде ар түрдүү өлкөлөрдө белгиленген бир нече артыкчылык алууга аракет кылган негизинде же аларга артыкчылык суралган өтүнмөдө же өтүнмөлөрдө бир же бир нече элементтер камтылган, бир же бир нече артыкчылык алууга аракеттенген өтүнмөнүн негизинде артыкчылыгын тааныбоого же патент алууга берилген өтүнмөнү четтетүүгө укугу жок.

Артыкчылык суралган өтүнмөгө же өтүнмөлөргө киргизилбеген элементтерге тийиштүүлөрү болсо, кийинки өтүнмөнүн берилиши кадимки шарттарда артыкчылык укугун пайда кылат.

G. (1) Эгер эксперттөө патент алууга берилген өтүнмө комплекстүү экенин билсе,  өтүнүүчү алардын биринчи берилген өтүнмөсүнүн датасын ар биринин датасы катарында жана тийиштүү учурда артыкчылык укугунун артыкчылыгын сактоо менен өтүнмөнү өзүнчө өтүнмөлөрдүн бир нече санына бөлө алат.

(2) Өтүнүүчү  ошондой эле өз демилгеси боюнча алардын биринчи берилген өтүнмөсүнүн датасын ар биринин датасы катарында жана тийиштүү учурда артыкчылык укугунун артыкчылыгын сактоо менен патент алууга берилген өтүнмөнү бөлөт. Союздун ар бир өлкөсүнө ушундай бөлүүгө уруксат берилген шарттарды аныктоого укук берилет.

H. Артыкчылык аларга артыкчылык суралгандарга карата ойлоп табуунун айрым элементтери өтүнмөдө баяндалган келип чыккан өлкөдө аракет кылуусунда болбогон себеп боюнча четтетилбейт.

I. (1) Өз тандоосу боюнча ойлоп табууга патент же автордук күбөлүк суроого укугу бар өтүнүүчүлөрдүн ошол өлкөдөгү ойлоп табууга автордук күбөлүк алууга өтүнмөсү  патент алууга өтүнмө берилген ошол эле шарттар же натыйжалары менен ушул статьяда караштырылган артыкчылык укугу үчүн негиз берет.

(2) Өтүнүүчүлөр өз тандоосу боюнча ойлоп табууга патент же автордук күбөлүк суроого укугу бар болгон өлкөдө ойлоп табууга автордук күбөлүк алуучу өтүнүүчү пайдалуу моделге патент же ойлоп табууга автордук күбөлүк алууга берилген өтүнмөгө негизделген артыкчылык укугуна, патентке берилген өтүнмөлөргө тийиштүү ушул статьянын жоболоруна ылайык пайдаланат.

4 bis статья. [Патенттер: ар түрдүү өлкөлөрдө бир жана ошол эле ойлоп табууга алынган патенттердин көз карандысыздыгы]

(1) Союздун өлкөлөрүнүн ар түрдүү өлкөлөрүнүн жарандарынын патенттери, өтүнмөлөрү Союздун курамына кирген же кирбеген башка өлкөлөрдөгү ошол эле ойлоп табууга алынган патенттерден көз карандысыз.

(2) Мындай абалды кандайдыр бир чектөөсүз карап чыгуу зарыл, тактап айтканда, артыкчылык мөөнөтүнүн ичинде аларга өтүнмө берилген патенттер аларды анык эмес деп таануунун жана укуктардын аракетин токтотуу негизеринин көз карашы менен, ошондой эле алардын аракетинин нормалдуу мөөнөтүн аныктоо көз карашы менен дагы көз карандысыз болуп эсептелинет.

(3) Мындай абал анын күчүнө кирген учурундагы болгон бардык патенттерге тийиштүү.

(4) Ал ошондой эле кошулган учурда тигил же бул жагынан болгон патенттерге байланыштуу жаңы өлкөлөр кошулган учурда дагы пайдаланылат.

(5) Артыкчылыктан келип чыккан артыкчылыгы менен алынган патенттер Союздун ар түрдүү өлкөлөрүндө эгер алар артыкчылыктан келип чыккан ушул артыкчылыксыз билдирилсе же берилсе, ошол эле аракеттенүү мөөнөтүнө ээ болот.

4 ter статья. [Патенттер: патентте ойлоп табуучуну айтуу] 

Ойлоп табуучу патентте ушундай аталууга укугу бар.

4 quater статья. [Патенттер: мыйзам боюнча сатууну чектеген учурда патентке жөндөмдүүлүк]

Патенттелген же патенттелген ыкма менен жасалган продуктуну сатуу улуттук мыйзамдардын негизинде чектөөлөргө же кыскартууга кабылса, патент берүүдөн баш тартылбайт жана анык эмес деп таанылбайт.

5-статья. [A. Патенттер: объектилерди ташып кирүү,  пайдаланбоо же жетишсиз пайдалануу, мажбурлоочу лицензиялар.

B.Өнөр жай үлгүлөрү: объектилерди пайдаланбоо, ташып кирүү.

C. Товардык белгилер: пайдаланбоо, формасынын айырмаланышы,

ээлештеринин пайдаланышы. D. Патенттер, пайдалуу моделдер, товардык белгилер,өнөр жай үлгүлөрү:

маркировкалоо]

A. (1) Союздун тигил же бкл өлкөсүндө жасалган объектилерди патент берүүчү өлкөгө патент ээсинин ташып келүүсү ага негизделген укуктарды жоготууга алып келбейт.

(2) ) Союздун ар бир өлкөсү мисалы: ойлоп табууну пайдаланбаган учурда, патент менен берилген өзгөчө укукту пайдалануунун натыйжасында келип чыккан кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу үчүн мажбурлоочу лицензияларды берүүнү караштырган мыйзамдык чараларды көрүүгө укугу бар.

(3)

Патентке болгон укугунан ажыратуу качан гана ушул кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу үчүн мажбурлоочу лицензияларды берүү жетишсиз болгон учурда караштырылат. Укуктан ажыратуу жана патентти жокко чыгаруу боюнча эч кайсы аракеттерге биринчи мажбурлоочу лицензия берилген учурдан тартып, эки жыл өтмөйүн жол берилбейт.

(4) Мажбурлоочу лицензия патенте өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде төрт жылда же патент берилген күндөн тартып үч жыл мөөнөтү өткөнгө чейин пайдаланбаган же жетишсиз пайдаланган себеби боюнча талап кылынбайт, мында кечирээк өткөн мөөнөтү пайдаланылат; эгер патент ээси анын аракет кылбагандыгы жүйөөлү себептер менен шартталгандыгын тастыктаса, мажбурлоочу лицензия берүүгө баш тартылат. Мындай мажбурлоочу лицензия өзгөчөлүксүз лицензия болуп эсептелинет жана ушул лицензияны пайдаланган өнөр жай же соода ишканасынын бөлүгү менен бирге гана сублицензия түрүндө дагы өткөрүлүп берилет.

(5) Жогоруда келтирилген жоболор пайдалуу моделдерге карата зарыл болгон өзгөртүүлөрү менен пайдаланылат.

B. Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо корголуучу объектилер менен окшош объектилерди пайдаланбагандын же ташып кирүүнүн натыйжасында токтотулбайт.

C. (1) Эгер өлкөдө катталган белгини пайдалануу милдеттүү түрдө болуп эсептелсе, каттоо акыйкат мөөнөтү өткөндөн кийин жана кызыкдар болгон жак анын аракетсиздигин актаган себептерин билдиргенде гана жокко чыгарылат.

(2) Союздун кайсы бир өлкөсүндө катталгандан белгинин айырмаланган мүнөзүнөн өзгөрүүчү элементтери менен айырмаланган, товардык белгини ушундай түрүндө анын ээсинин пайдаланышы каттоону анык эмес деп тааныбайт жана белгиге көрсөтүлгөн коргоону чектебейт.

(3) Коргоо суралган өлкөнүн мыйзамынын жоболоруна ылайык белгинин ээлештери катары каралуучу өнөр жай же соода ишканаларынын бирдей же окшош продуктуларында бир жана ошол эле белгинин бир убакта пайдаланылышы эгер ушундай пайдалануу коомду жаңылыштыкка алып келбесе жана элдин кызыкчылыгына каршы болбосо, белгини каттоого тоскоолдук кылбайт жана эч кандай түрдө Союздун кайсы бир өлкөсүндө көрсөтүлгөн белгиге көрсөтүлгөн коргоону чектебейт.

D. Укукту таануу үчүн кайсы бир белгинин продуктусунун имаратынын болушу же патентке, пайдалуу моделге көрсөтмө, товардык белгини каттоо же өнөр жай үлгүсүн депонирлөө талап кылынбайт.

5 bis статья. [Өнөр жай менчик укуктарынын бардык түрлөрү: укуктарын сактоо үчүн алым төлөө үчүн жеңилдетилген мөөнөт; патенттер:

кайра калыбына келтирүү]

(1) өнөр жай менчик укуктарын сактоо үчүн караштырылган алымдарды төлөө үчүн эгер ушундай алым улуттук мыйзамдар менен белгиленсе, алты айдан кем болбогон жеңилдетилген мөөнөт берилет.

(2) Союздун өлкөлөрү алым төлөбөгөндүн натыйжасында күчүн жоготкон ойлоп табууларга патенттерди кайра калыбына келтирүүгө укугу бар.

5 ter статья. [Патенттер: транспорт каражаттарынын бөлүгү болуп эсептелинген патенттелген объектилерди эркин пайдалануу] 

Союздун өлкөлөрүнүн ар биринде төмөнкүлөр патент ээсинин укугун бузганы катарында каралбайт:

1. Бул каражаттар кеменин муктаждыгы үчүн гана пайдаланылган шартында, качан бул кемелер убактылуу же капысынан ушул өлкөнүн сууларында болсо, кеменин корпусунда, машинелерде, жабдуусунда, механизмдеринде жана башка жабдууларында анын патентинин предметин түзгөн каражаттардын Союздун башка өлкөлөрүнүн кемелеринде колдонулушу.

2. Качан ордунан жылуунун көрсөтүлгөн каражаттары убактылуу же капысынан ушул өлкөдө болсо, Союздун башка өлкөлөрүнүн ордунан жылуунун аба же жердеги каражаттардын конструкциясында же эксплуатациялоосунда же ордунан жылуунун ушул каражаттары үчүн кошумча жабдууларындагы патенттин предметин түзгөн каражаттарды колдонуу.

5 quater статья. [Патенттер: ташып кирүүчү өлкөдө патенттелген ыкма менен жасалган продуктуларды ташып кирүү] 

Эгер продукт патенти бар Союздун өлкөсүнө ташылып киргизилсе, патент ээси ташылып киргизилген продуктуга карата ушул өлкөдө жасалган продуктуларга карата өндүрүш ыкмасына патенттин негизинде импорттоочу өлкөнүн мыйзамдары берген бардык укуктарга ээ болот.

5 quinquies статья. [Өнөр жай үлгүлөрү]

Өнөр жай үлгүлөрү  Союздун бардык өлкөлөрүндө корголот.

6-статья.  [Белгилер: каттоонун шарттары; ар башка өлкөлөрдө бир жана ошол эле белгини коргоонун көзкарандысыздыгы]

(1) Өтүнмө берүүнүн жана товардык белгилерди каттоонун шарттары Союздун ар бир өлкөсүндө анын улуттук мыйзамдары менен белгиленет.

(2) Бирок Союздун кайсы бир өлкөсүндө Союздун жараны өтүнмө берген белги ал ага өтүнмө берилбеген, катталбаган же кайра калыбына келтирилбегендин негизинде четтетибеши же анык эмес деп таанылбашы керек.

(3) Союздун кайсы бир өлкөсүндө тийиштүү түрдө катталган белги келип чыккан өлкөсүн кошкондо, Союздун башка өлкөлөрүндө, катталган белгилерден көзкарандысыз катары каралат.

6 bis статья. [Белгилери: жалпыга белгилүү болгон товардык белгилер]

(1) Союздун өлкөлөрү өз алдынча  башка белгини кайталап чыгарууну, окшоштурууну же которууну билдирген, өлкөнүн компетенттүү органынын аныктоосу боюнча белги катарында өлкөдө жалпыга белгилүү болгон, ушул Конвенциянын артыкчылыктарын пайдаланган жана окшош же ушу сыяктуу продуктулар үчүн пайдаланылган белгини ушул өлкөнүн мыйзамдары менен же кызыкдар болгон жактын өтүнүчү боюнча каттоосу анык эмес деп таанылат жана товардык белгини пайдаланууга тыюу салынат. Бул абал аралашып кетүүгө жөндөмдүү болгон белгинин маанилүү курамдык бөлүгү катарында өз алдынча кайталап чыгарууну билдирген учурларга дагы жайылтылат.

(2) Ушундай белгини жокко чыгаруу жөнүндө талаптарды коюу үчүн белгини каттоо күнүнөн тартып эсептегенде, беш жылдан кем болбогон мөөнөт берилет. Союздун өлкөлөрү анын ичинде белгини пайдаланууга тыюу салуу талап кылына турган мөөнөттү белгилөөгө укугу бар.

(3) Акыйкатсыз катталган же пайдаланылган белгилерди жокко чыгаруу же тыюу салуу жөнүндө талап коюу үчүн мөөнөт белгиленбейт.

6 ter статья. [Белгилер: өкмөттөр ортосундагы уюмдардын мамлекеттик гербине, контролдоонун расмий энтамгасына жана эмблемаларына тийиштүү тыюу салуулар]

(1) (a) Союздун өлкөлөрү алар киргизген расмий белгилерди жана контролдоо жана кепилдөө энтамгаларын, ошондой геральдика көз карашы менен аларды ар кандай түрдө окшоштуруп, Союздун өлкөлөрүнүн гербдеринин, желектеринин жана башка мамлекеттик эмблемаларынын белгилерин компетенттүү бийликтердин уруксатысыз товардык белги катарында же элементтери катарында пайдаланууларын тийиштүү чараларды колдонуу аркылуу каттоону анык эмес деп табышат же тыюу салышат.

 (b) (a) пунктчасында жогоруда баяндалган жоболор аларды коргоону камсыздоо  үчүн арналган колдонулуп жаткан эл аралык макулдашуулардын предмети болуп эсептелген гербдерден, желектерден жана башка эмблемалардан, кыскартылган же толук аталыштардан тышкары, бирдей түрдө алардын мүчөлөрү болуп Союздун бир же бир нече өлкөлөрү эсептелген гербдерге, желектерге жана башка эмблемаларга, эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарына колдонулат.

(c) Союздун бир дагы өлкөсү ушул өлкөдө бул Конвенция күчүнө киргенге чейин акыйкат түрдө алган укук алган ээлерине зыян келтирбөө үчүн (b) пунктчасында жогоруда баяндалган жоболорду пайдаланбашы керек. Союздун өлкөлөрү эгер ушул пайдалануу же каттоо ачыктан ачык пайдалануучулар менен уюмдун ортосундагы болгон байланышты жаңылыштырууга алып келсе, көрсөтүлгөн жоболорду пайдаланууга милдеттүү эмес.

(2) Расмий белгилерди жана контролдоо жана кепилдөө энтамгарын пайдаланууга тыюу салуу качан аларды камтыган белгилер ошол эле түрдөгү же аларга окшош товарларды пайдалануу үчүн арналган учурда гана таасир берет.

(3) (a) Ушул жоболорду пайдалануу үчүн Союздун өлкөлөрү ушул статьянын коргоосу астында алар мындан ары толугу менен же айрым чектөөлөрү менен койгулары келген мамлекеттик эмблемаларды, расмий белгилерди, контролдоо жана кепилдөө энтамгаларынын тизмесин, ошондой эле ушул тизмелерге киргизилүүчү кийинки өзгөртүүлөр жөнүндө  Эл аралык бюро аркылуу бири-бирине кабарлоого макулдашат.

Бирок мындай кабарлоо мамлекеттик желектерге карата сөзсүз түрдө эмес.

(b) Ушул статьянын (1) пунктунун (b) пунктчасында келтирилген жоболор эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюмдардын гербдерине, желектерине жана башка эмблемаларына колдонулат, бул тууралуу акыркылары Эл аралык бюро аркылуу Союздун өлкөлөрүнө билдиришкен.

(4) Союздун ар бир өлкөсү билдирүү алган учурдан тартып он эки ай мөөнөттүн ичинде Эл аралык бюро аркылуу кызыкдар болгон өлкөгө же эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюмга өзүнүн каршылыктарын билдиришет.

(5) Мамлекеттик желектерге байланыштуу жогоруда келтирилген (1) пунктта караштырылган чаралар 1925-жылдын 6-ноябрынан кийин катталган белгилерге гана пайдаланылат.

(6) Желектен тышкары, мамлекеттик эмблемаларга байланыштуу, ошондой эле Союз өлкөлөрүнүн расмий белгилери жана энтамгалары, эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюмдардын гербдерине, желектерине жана башка эмблемаларына, кыкартылган жана толук аталыштарына байланыштуу  бул жоболор жогоруда келтирилген (3) пунктта караштырылган билдирүүлөрдү алгандан кийин эки айдын ичинде катталган белгилерге гана пайдаланылат.

(7) Өлкөнүн акыйкатсыз аракет жүргүзгөн учурда, 1925-жылдын 6-ноябрына чейин каттоодон өткөн мамлекеттик эмблемаларды, белгилерди жана энтамгаларды камтыган белгилерди дагы жокко чыгарууга укугу бар.

(8) Өз өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемаларын, расмий белгилерин жана энтамгаларын пайдаланууга уруксат алган ар бир өлкөнүн жарандары аларды башка өлкөнүн ушундай эле белгилери менен окшоштугу болгон учурда дагы пайдалана алышат.

(9) Союздун өлкөлөрү эгер буга уруксаты болбосо, мындай пайдалануу продуктунун келип чыгышына байланыштуу жаңылышууга алып келсе, Союздун башка өлкөлөрүнүн мамлекеттик гербдерин соодада пайдаланууга тыюу салууга милдеттүү.

(10) Жогоруда көрсөтүлгөн жоболор 6 quinquies өлкөлөрдүн статьянын В бөлүгүнүн (3) пункту менен караштырылган укуктарын ишке ашырууга, аларга Союздун өлкөлөрүндө кабыл алынган гербдерин, желектерин жана башка мамлекеттик эмблемаларын же Союздун өлкөлөрүндө кабыл алынган расмий белгилерин жана энтамгаларын, ошондой эле жогоруда келтирилген (1) пунктта аталган эл аралык өкмөттөр ортосундагы уюмдардын айырмаланган белгилерин каттоону четтетүүгө же анык эмес деп таанууга  тоскоолдук кылбайт.

6 quater статья. [Белгилер: белгини өткөрүп берүү]

(1) Союздун өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык белгини өткөрүп берүү эгер ал өнөр жай же соода ишканасын өткөрүп берүү менен бир убакта жүргүзүлсө, анда мындай өткөрүп берүүнү таануу үчүн алуучуга жасап чыгаруунун же өткөрүп берилген белги менен жабдылган продуктуларды сатуунун өзгөчө укугу менен бирге ушул өлкөдө жайгашкан өнөр жай же соода ишканасынын бөлүгү жетишерлик болуп эсептелинет.

(2) Бул жобо Союздун өлкөлөрүнө,ушундай белгини анык өткөрүп берүү катарында карап чыгуу милдетин жүктөбөйт, аны алуучунун пайдалануусу негизинен кайсыларга ушул белги пайдаланылса, продуктунун келип чыгышына, мүнөзүнө же маанилүү сапаттарына карата коомду жаңылууга алып келмек

6 quinquies статья. [Белгилер: охрана знаков,Союздун бир өлкөсүндө, Союздун башка өлкөлөрүндө катталган белгилерди коргоо 

(“Кандай болсо, ошондой” деген тактоо)]

A. (1) Чыгарылган жерлеринде тийиштүү түрдө катталган ар бир товардык белги Союздун башка өлкөлөрүнө билдирилет жана ушул статьяда көрсөтүлгөн тактоолор менен кандай болсо, ошондой корголот. Бул өлкөлөр каттоону биротоло тастыктоо үчүн компетенттүү мекеме тарабынан берилген чыгарылган өлкөсүндөгү каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшүн талап кылат. Мындай күбөлүктүн эч кандай мыйзамдаштыруусу талап кылынбайт.

(2) Чыгарылган өлкөсү болуп өтүнүүчүнүн ал жерде анык жана маанилүү өнөр жай же соода ишканасы болгон Союздун өлкөсү, ал эми Союздун чегинде мындай ишканасы болбосо – ал жерде жашаган орду болгон Союздун өлкөсү, ал эми анын Союздун чегинде жашаган орду болбосо – эгер ал Союздун өлкөсүнүн жараны болгон учурда, ал жараны болгон өлкө эсептелинет.

B. Ушул статьянын аракетине кабылган товардык белгилер төмөнкүдөй учурларда каттоодон четтетилет же анык эмес деп таанылат:

1) эгер белгилер коргоо суралган өлкөдө үчүнчү жактар тарабынан алынган укуктарды козгосо;

2) эгер белгилер кандайдыр бир айырмалануучу белгилерден же соодада продуктулардын түрүн, сапатын, санын, арналышын, наркын, чыгарылган жерлерин же жасалган убактысын же жалпыга белгилүү болгон же коргоо суралган өлкөдө аккыйкат жана соода салттарына көнүмүш болгоун белгилөө үчүн кызмат кылган өзгөчө белгилерден же көрсөтмөлөрдөн ажыратылса;

3) эгер белгилер моралга же элдин тартибине каршы келсе жана өзгөчө эгер алар коомду жаңылышууга алып келсе. Мында белги жалгыз себеп боюнча гана элдин тартибине каршы келген катарында каралбайт, анткени бул жобонун өзү эл алдындагы тартипке тийиштүү, белгилер жөнүндө мыйзамдарды кайсы бир жобого тартпайт.

Бирок 10 bis статьянын колдонулушу сакталат.

C. (1) Белги коргоонун предмети боло алабы, муну аныктоо үчүн бардык чыныгы шарттарды, өзгөчө тилди пайдалануунун узактыгын эске алуу зарыл.

(2) Товардык белгилер бир негизде гана Союздун башка өлкөлөрүндө четтетилбейт, мында алар аталган чыгарылган өлкөсүндө катталган түрүндө белгилердин айырмаланган мүнөзүн жана белгилердин окшоштугун өзгөртпөгөн элементтери менен гана чыгарылган өлкөдө корголуучу белгилерден айырмаланат.

D. Эгер коргоо суралган белги чыгарылган өлкөдө каттоодон өткөрүлбөсө, эч ким ушул статьянын жоболорун пайдалана албайт.

E. Бирок чыгарылган өлкөдө белгини кайраданан   каттоо  эч убакта белги катталган Союздун башка өлкөлөрүндө кайрадан каттоо милдетин өзүнө тартпайт.

F. Артыкчылыктан келип чыккан өзгөчөлүктөр эгер чыгарылган өлкөдө ушул мөөнөт өткөндөн кийин жүргүзүлсө дагы, каттоо 4-статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттө белгини каттоого берилген өтүнмөлөрдө сакталат.

6 sexies статья. [Белгилер:тейлөө белгилери]

Союздун өлкөлөрү тейлөө белгилерин коргоого милдеттүү. Алар бул белгилерди каттоону караштырууга милдеттүү эмес.

6 septies статья. [Белгилер: акыркысынын уруксатысыз ээсинин агенти же өкүлү тарабынан каттоо]

(1) Эгер Союздун өлкөлөрүнүн биринде белгинин ээсинин агенти же өкүлү ээсинен уруксат албай туруп, өзүнүн жеке атынан бул белгини каттоого өтүнмө берсе, ээси өз пайдасына кайра каттоого өлкөнүн мыйзамы уруксат берсе, каттоого тоскоолдук кылууга же аны жокко чыгарууга талап кылууга укугу бар.

(2) Белгинин ээси (1) пунктта караштырылган шарттар болсо эгер ал ушундай пайдаланууга уруксат бербесе, агент же өкүл тарабынан белгини пайдаланууга тоскоолдук кылууга укугу бар.

(3) Улуттук мыйзамдар менен ушул статьяда караштырылган укуктарды ээси кайсы мөөнөттө пайдаланылышы керек экендигине мөөнөтү белгиленет.

7-статья. [Белгилер: маркалануучу продуктунун мүнөзү]

Ал үчүн товардык белги арналган продуктунун мүнөзү эч убакта белгини каттоого тоскоолдук кылбайт.

7 bis статья. [Белгилер: жамааттык белгилер]

(1) Союздун өлкөлөрү эгер бул жамааттар өнөр жай же соода ишканасынын ээлери болуп эсептелбесе дагы, алардын болушу чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына каршы келбеген, жамааттарга таандык болгон жамааттык белгилерди каттоого жана коргоого милдеттүү.

(2) Ар бир өлкө өзү эгер бул белги элдин кызыкчылыгына туура келбесе, жамааттык белгини коргоонун өзгөчө шарттарын белгилейт жана коргоо берүүдөн баш тарта алат.

(3) Ал чыгарылган өлкөнүн мыйзамга каршы келбейт жана дагы бул жамаат коргоо суралган өлкөдө эмес же ал ушул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык эмес негизделген деген негизде ушундай белгилерди коргоодон жамаатка баш тартылбайт.

8-статья. [Фирмалык аталыштар]

Фирмалык аталыштар милдеттүү түрдө өтүнмө берүүсүз же каттоосуз жана ал товардык белгинин бөлүгү болуп эсептелгендигине карабастан Союздун бардык өлкөлөрүндө корголот.

9-статья. [Белгилер, фирмалык аталыштар: мыйзамсыз түрдө товардык белги жана фирмалык аталыш менен жабдылган продуктуларды ташып кирүүдө камакка алуу]

(1) Мыйзамсыз түрдө товардык белги жана фирмалык аталыш менен жабдылган кайсы продуктуга болбосун ушул белги же фирмалык аталыш мыйзамдуу түрдө коргоого ээ болгон Союздун өлкөлөрүнө ташып кирүүдө камакка алынат.

(2) Мыйзамсыз түрдө маркировкалоо жүргүзүлгөн өлкөдө же продукт ташып киргизилген өлкөлөрдө бирдей камакка алынат.

(3) Прокуратуранын же кайсы болбосун башка компетенттүү органдын же кызыкдар тараптын – жеке же юридикалык жактын талабы боюнча ар бир өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык камакка алынат.

(4) Бийлик органдары продуктуларды транзит менен ташып өтүүдө камакка албашы керек.

(5) Эгер өлкөнүн мыйзамдары ташып кирүүдө камакка алууну караштырбаса, камак ташып кирүүгө тыюу салуу же өлкөнүн ичинде камакка алуу менен алмаштырылат.

(6) Эгер өлкөнүн мыйзамдары ташып кирүүдө камакка алууну, ташып кирүүгө тыюу салууну, өлкөнүн ичинде камакка алууну караштырбаса, анда ушундай мыйзамдарды ылайыгына карата өзгөртүүгө чейин бул чаралар ушул өлкөнүн жарандарын ушундай учурларда камсыз кылуучу ушундай аракеттер жана каражаттар менен алмаштырылат.

10-статья.  [Жалган көрсөтмөлөр: продуктулардын чыгарылышы же жасап чыгаруучунун жеке өзү жөнүндө жалган көрсөтмөлөр менен жабдылган продуктуларды ташып кирүүдө камакка алуу ж.у.с.]

(1) Мурунку статьянын жоболору продуктулардын чыгарылышы же жасап чыгаруучунун жеке өзү, өнөр жайчы же соодагер жөнүндө жалган көрсөтмөлөр түз же кыйыр пайдаланылган учурларда колдонулат.

(2) Кызыкдар болгон тарап катарында ал жеке же юридикалык жак болгондугуна карабастан, продукту чыгарылган жери катарында жалган көрсөтүлгөн жерге же ушул жер жайгашкан районго же чыгарылышы жөнүндө жалган көрсөтмө колдонулган жалган көрсөтүлгөн өлкөгө негизделген  ушул продуктуну өндүргөн, жасап чыгарган же саткан кайсы болбосун жасап чыгаруучу, өнөр жайчы же соодагер таанылат.

10 bis статья. [Акыйкатсыз атаандаштык]

(1) Союздун өлкөлөрү Союзга катышкан өлкөлөрдүн жарандарына акыйкатсыз атаандаштыктан үзүрлүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

(2) Акыйкатсыз атаандаштыктын акты болуп өнөр жай жана соода иштеринде акниет үрп-адаттарга каршы келген атаандаштыктын ар кандай акты эсептелинет.

(3) Негизинен, төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) атаандаштын ишканасына, продуктуларына же өнөр жай же соода ишмердүүлүгүнө карата кандай болбосун ыкма менен чаташтырууга алып келген бардык аракеттер;

2) атаандаштын ишканасын, продуктуларын же өнөр жай же соода ишмердүүлүгүнүн беделин кетирүүгө жөндөмдүү коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүдө жалган далилдөөлөр;

3) коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүдө аларды пайдалануу товарлардын мүнөзүнө, жасап чыгаруу ыкмасына, жасап чыгаруу ыкмасына, касетине, пайдаланууга жарамдуулугуна же санына карата коомду чаташтырууга алып келген көрсөтмөлөр жана далилдөөлөр.

10 ter статья. [Товардык белгилер, фирмалык аталыштар, жалган көрсөтмөлөр, акыйкатсыз атаандаштык: сотко кайрылуу укугун коргоо каражаттары]

(1) Союздун өлкөлөрү Союздун башка өлкөлөрүнүн жарандарына 9, 10 и 10 bis статьяларда көрсөтүлгөн бардык аракеттерди үзүрлүү тыюу салуу үчүн мыйзамдык каражаттарды камсыз кылуу милдеттенишет.

(2) Мындан тышкары, алар ушул өлкөнүн союздары жана бирикмелери үчүн коргоо сураган өлкөнүн мыйзамы белгиленген ченемде уруксат берген 9, 10 жана  10 bis статьяларында караштырылган аракеттердин алдын алуу максаты менен сот же административдик органдар аркылуу аракет кылуучу кызыкдар болгон өнөр жайчыларга, жасап чыгаруучуларга же соодагерлерге жана алардын иш жүргүзүүсү алардын өлкөлөрүнүн мыйзамдарына каршы келбей турганына мүмкүнчүлүк берген союздарга жана бирикмелерге чараларды караштырууга милдеттенме алышат.

11 статья. [Ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер: белгиленген көргөзмөлөрдө убактылуу коргоо]

(1) патентке жөндөмдүү ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө, ошондойэле ушул өлкөлөрдүн биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий таанылган эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүлүүчү продуктулар үчүн товардык белгилерге өз ички мыйзамдарына ылайык убактылуу коргоо беришет.

(2) Бул убактылуу коргоо 4-статьяда белгиленген мөөнөттү узартпайт. Эгер кийинчерек артыкчылык укугу талап кылынса, анда ар бир өлкөнүн компетенттүү мекемеси продукту көрсөтүүгө коюлган көргөзмөгө имаратынын датасынан тартып эсептелет.

(3) Ар бир өлкө көрсөтүлүүчү предметтин окшоштугун жана көргөзмөгө өтүүчү имараттын датасын тастыктоо үчүн зарыл болгон документтерди талап кылат.

12-статья. [Өнөр жай менчик иштери боюнча атайын атайын кызматтар]

(1) Союздун ар бир өлкөсү өнөр жай менчик иштери боюнча атайын улуттук кызмат жана ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө жана товардык белгилерге алынган патенттер менен коомду тааныштыруу үчүн борбордук сактагыч түзүүгө милдеттенме алат.

(2) Бул кызмат расмий мезгилдүү бюллетень чыгарат. Ал үзгүлтүксүз төмөнкүлөрдү жарыяланып турат:

(a) патенттелген ойлоп табуулардын кыскача аталышы менен патент ээлеринин фамилиялары;(b) катталган белгилердин репродукциялары.

13-статья. [Союздун Ассамблеясы]

(1) (a) Союздун Ассамблеясы бар, ал 13-17 чейинки статьяларга байланыштуу Союздун өлкөлөрүнөн турат.

(b) Ар бир өлкөнүн Өкмөтүнүн кызыкчылыгын бир делегат көрсөтөт, анын орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери бар.

(c) Ар бир делегациянын чыгымдарын аны дайындаган өкмөт өзүнө алат.

(2) (a) Ассамблея:

(i) Союзду сактоого жана өнүктүрүүгө жана бул Конвенцияны пайдаланууга тийиштүү бардык маселелерди карап чыгат;

(ii) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмун (мындана ары  “Уюм” деп аталат) түзгөн конвенцияда караштырылган Интеллектуалдык менчиктин эл аралык бюросуна 13-17 чейинки статьяларга байланыштуу эмес, Союздун өлкөлөрүнүн эскертүүлөрүнө тийиштүү көңүл буруу менен, кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоого карата көрсөтмөлөрдү берет.

(iii) Союзга кирген Уюмдун Генералдык директорунун отчётун жана ишмердүүлүгүн кайра карап чыгат жана бекитетт жана ага Союздун компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык зарыл болгон нускамаларды берет;

(iv) Ассамблеянын Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн шайлайт;

(v) өзүнүн Аткаруу комитетинин отчётун карап чыгат жана бекитет жана ишмердүүлүгүн жактырат, ошондой эле ага нускамаларды берет;

(vi) Союздун программасын белгилейт, эки жылдык бюджетти кабыл алат жана анын финансылык отчётун бекитет.

(vii) Союздун финасылык регламентин бекитет;

(viii) Союздун максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болуп эсептелинген эксперттер комитетин жана жумушчу топторун түзөт;

(ix) анын отурумдарына байкоочулар катарында Союздун мүчөлөрү болуп эсептелинбеген кайсы өлкөлөр жана өкмөттөр ортосундагы жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар киргизилерин аныктайт;

(x) 13-17 чейинки статьяларга карата оңдоолорду кабыл алат;

(xi) Союздун максаттарын ишке ашырууга арналган кандай болбосун башка тийиштүү аракеттерди жүргүзөт;

(xii) бул Конвенциядан келип чыккан бардык башка милдеттерди аткарат;

(xiii) анын макулдугу болгон шартында, Уюмду түзгөн Конвенция менен берилген ушундай укуктарды ишке ашырат.

(b) Уюм башкарган башка Союздар үчүн кызыкчылык келтирген маселелер боюнча Ассамблея Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин угуп, чечим кабыл алат.

(3) (a) (b) пунктчасынын жоболорун сактоо шартында, делегеат бир өлкөнүн гана кызыкчылыгын көрсөтөт.

(b) өзгөчө макулдашууга ылайык бириккен жана жалпы ведомство түзгөн, алардын ар бири үчүн 12-статьяда караштырылган өнөр жай менчиктин атайын улуттук кызматынын мааниси бар  Союздун өлкөлөрү алардын биринде талкуулоо учурунда бирге кызыкчылыгын көрсөтүшөт.

(4) (a) Ар бир өлкө – Ассамблеянын мүчөсү бир добушка ээ.

(b) Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн жарымы кворум түзөт.

(c) (b) пунктчасынын жоболоруна карабастан, эгер кайсы бир сессияда болгон өлкөлөрдүн саны жарымынан азын түзсө, бирок Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн үчтөн бирине барабар же жогору болсо, ал чечим кабыл алат, бирок анын жол-жоболорунун жеке эрежелерине кирген чечимдерден тышкары, Ассамблеянын бардык чечимдери төмөнкүдөй шарттарды сактаганда гана күчүнө кирет. Эл аралык бюро анда көрсөтүлбөгөн Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнө айтылган чечимдерди жөнөтөт жана чечимдерди жиберген датадан тартып эсептегенде, үч айдын ичинде алар ушул чечимдер үчүн добуш береби, каршыбы же калысбы, буларды жазуу түрүндө билдирүүгө чакырат. Эгер ушул мөөнөт өткөндөн кийин ушундай түрдө добуш бергендердин же калыстардын саны сессиянын кворумуна жетүү үчүн жетишсиз болгон санга жетсе, мындай чечимдер бир эле убакта зарыл болгон көпчүлүк сакталган шартында, күчүнө кирет.

 d) 17 (2) статьянын жоболорун сактаган шартында Ассамблея берилген добуштун үчтөн эки көпчүлүгү менен өз чечимин кабыл алат.

(e) Калыс болгондордун саны эсепке алынбайт.

(5) (a) (b) пунктчасында караштырылган учурдан тышкары, делегат бир өлкөнүн атынан гана добуш бере алат.

(3) (b) пунктунда караштырылган Союздун өлкөлөрү Ассамблеянын сессияларында өзүнүн жеке делегациялары менен болушуна умтулуулары керек. Эгер өзгөчө кырдаалдардын күчү менен көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн ичинен кайсы бири өзүнүн жеке делегациялары менен келбесе, ал делегацияга башка өлкөлөрдүн бири анын атынан ыйгарым укук берилип, добуш берүүсүнө мүмкүндүк берүүгө укуктуу. Мындай ыйгарым укуктар мамлекет башчысы же компетенттүү министр тарабынан кол коюлган документте белгиленет.

(6) Ассамблеянын мүчөлөрү болуп эсептелбеген Союздун өлкөлөрү анын отурумдарына байкоочулар катарында киргизилет.

(7) (a) Ассамблея өзгөчө учурдан тышкары, Уюмдун Генералдык Ассамблеясы сыяктуу эле ошол эле убакта жана ошол эле жерде эки жылда бир жолу кезектеги сессияга чогулат.

(b) Ассамблея Аткаруу комитетинин талабы боюнча же Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн төрттөн биринин талабы боюнча Генералдык директор чакырган чукул арадагы сессияга чогулат.

 (8) Ассамблея жол-жобонун өз эрежелерин кабыл алат.

14-статья. [Аткаруу комитети]

(1) Ассамблеянын Аткаруу комитети бар.

(2) (a) Аткаруу комитет Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн ичинен Ассамблея тарабынан тандалган өлкөлөрдөн турат. Мындан тышкары, анын аймагында Уюмдун штаб-квартирасы болгон өлкө 16 (7) (b) статьялардын жоболорун сактаган шартында ex officio комитетинде бир орунга ээ.

(b) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-өлкөсүнүн Өкмөтү бир делегаттан турат, анын орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери бар.

(с) Ар бир делегациянын чыгымдарын аны дайындаган өкмөт өзүнө алат.

(3) Аткаруу комитетинин мүчө-өлкөлөрүнүн саны Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнүн санынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Толтурууга тийиштүү болгон орундардын санын аныктоодо төрткө бөлгөндөн кийинки калдык эсепке алынбайт.

(4) Аткаруу комитетинин мүчөлөрүн  тандоодо Ассамблея акыйкаттуу түрдө географиялык бөлүштүрүүгө, ошондой эле Аткаруу комитетин түзгөн өлкөлөрүнүн ичинде болгон Союзга байланыштуу түзүлгөн атайын макулдашуулардын катышуучу-өлкөлөрү үчүн тийиштүү көңүл бурат.

(5) (a) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү алар шайланган Ассамблеянын сессиянын жабылышынан Ассамблеянын кийинки сессиянын жабылышына чейин өз милдеттерин аткарат.

(b) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү алардын курамынын үчтөн экисинен жогору болбогон санында кайра шайланышы мүмкүн.

(c) Ассамблея Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн шайланышынын жана мүмкүн болгон кайра  шайланышынын  толук эрежелерин аныктайт.

(6) (a) Аткаруу комитети:

(i) Ассамблеянын күн тартибинин долбоорун даярдайт;

(ii) Ассамблеяга Генералдык директор даярдаган Союздун программасынын долбооруна жана эки жылдык бюджетине тийиштүү сунуштарды киргизет;

(iii) (чыгарып салынган);

(iv) Ассамблеяга Генералдык директордун тийиштүү эскертүүлөрү менен мезгилдүү отчётун жана финансылык текшерүүлөрдүн жылдык актыларын берет.

(v) Ассамблеянын чечимдерине ылайык жана Ассамблеянын эки кезектеги сессияларынын ортосунда келип чыккан кырдаалды эске алып, Генералдык директор тарабынан Союздун программасын аткарууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт;

(vi) ушул Конвенцияга ылайык ага жүктөлгөн бардык башка милдеттерди аткарат.

(b) Аларды Уюм башкарган башка Союздар үчүн кызыкчылык келтирген маселелер боюнча Аткаруу комитети Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин угуп, чечим кабыл алат.

(7) (a) Аткаруу комитети Уюмдун Координациялык комитети сыяктуу эле мүмкүнчүлүгүнө жараша, Генералдык директордун чакыруусу боюнча жылына бир жолу кезектеги сессияга чогулат.

(b) Аткаруу комитети Генералдык директордун же анын өз демилгеси боюнча же Төраганын сунушу боюнча же Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн төрттөн биринин талабы боюнча  чакырылган кезексиз сессияга чогулат.

(8) (a) Аткаруу комитетинин ар бир мүчө-өлкөсү бир добушка ээ.

(b) Аткаруу комитетинин мүчө-өлкөлөрүнүн жарымы кворум түзөт

(c) Чечим берилген добуштардын жөнөкөй көпчүлүг менен кабыл алынат.

(d) Калыстардын добушу эсепке алынбайт.

(e) Делегат бир гана өлкөнүн кызыкчылыгын билдирет жана анын атынан гана добуш берет.

(9) Аткаруу комитетинин мүчөлөрү болуп эсептелинбеген Союздун өлкөлөрү анын отурумдарына байкоочулар катарында киргизилет.

(10) Аткаруу комитети жол-жоболордун өз эрежелерин кабыл алат.

15-статья.  [Эл аралык бюро]

(1) (a) Союздун административдик милдеттери Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча эл аралык конвенция тарабынан түзүлгөн Союздун бюросунун мураскору болуп эсептелинген Эл аралык бюро тарабынан ишке ашырылат.

(b) Эл аралык бюро Союзун ар башка органдарынын Катчылыгынын милдеттерин аткарат.

(c) Уюмдун Генералдык Директору Союздун башкы кызмат адамы болуп эсептелинет жана Союздун кызыкчылыгын билдирет.

(2) Эл аралык бюро өнөр жай менчигин коргоого тийиштүү маалыматтарды чогултат жана жарыялайт. Союздун ар бир өлкөсү өнөр жай менчигин коргоого тийиштүү ар бир жаңы мыйзамдын текстин жана бардык расмий текстерди үзгүлтүксүз түрдө Эл аралык бюрого берет.  Мындан тышкары, ал Эл аралык бюрого өнөр жай менчик жаатындагы өз компетенттүү кызматтардын бардык басылмаларын жиберет, алар өнөр жай менчигин коргоого карата түз мамилеси бар жана аларды Эл аралык бюро өз ишмердүүлүгүндө пайдалуу деп таба алат.

(3) Эл аралык бюро ай сайын  журнал чыгарат.

(4) Эл аралык бюро Союздун өлкөлөрүнүн сурамы боюнча өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча маалыматтарды билдирет.

(5) Эл аралык бюро өнөр жай менчигин коргоону жеңилдетүүгө багытталган изилдөөлөрдү жүргүзөт жана тейлөө кызматын көрсөтөт.

(6) Генералдык директор жана ал дайындаган кайсы болбосун кызматкер Ассамблеянын, Аткаруу комитетинин жана эксперттердин жана жумушчу топтордун кайсы болбосун комитетинин бардык отурумдарына катышат. Генералдык директор же ал дайындаган кайсы болбосун кызматкер өз кызмат абалы боюнча ушул органдардын катчысы болуп эсептелинет.

(7) (a) Эл аралык бюро Ассамблеянын көрсөтмөлөрүнө ылайык жана Аткаруу комитети менен кызматташууда 13-17 чейин статьяларда камтылбаган Конвенциянын жоболорун кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдайт.

(b) Эл аралык бюро кайра карап чыгуу боюнча конференцияларды даярдоо маселелери боюнча өкмөттөр ортосундагы жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен кеңеше алат.

(c) Генералдык директор жана ал дайындаган кызматкерлер бул конференцияларда добуш берүүгө укуксуз катыша алышат.

(8) ) Эл аралык бюро ага жүктөлгөн кайсы болбосун башка милдеттерди аткарат.

16-статья.  [Финансы]

(1) (a) Союздун бюджети бар.

(b) Союздун бюджети Союздун өзүнүн келип түшүүлөрүн жана чыгымдарын, Союздар үчүн жалпы болгон чыгымдардын бюджетине анын төгүмүн, ошондой эле тийиштүү учурларда Уюмдун Конференциясынын бюджетине чегерүүлөрдү камтыйт.

(c) Союздар үчүн жалпы болгон чыгымдар болуп бул Союзга, бирок аларды Уюм башкарган бир убакта эле бир же бир нече башка Союзга кирбегендер эсептелинет. Бул жалпы чыгымдарга Союздун үлүшү ушул чыгымдардагы анын кызыкчылыгына туура келет.

(2) Союздун бюджети башка Союздардын бюджеттери менен координациялоо талаптарын эске алуу менен тийиштүү түрдө кабыл алынат.

(3) Союздун бюджети төмөнкүдөй булактардан каржыланат:

(i) Союздун өлкөлөрүнүн төгүмдөрүнөн;

(ii) Союзга тийиштүү Эл аралык бюро тарабынан көрсөтүлгөн тейлөө кызматтары үчүн жыйымдардан жана төлөмдөрдөн;

(iii) Союзга тийиштүү Эл аралык бюронун басылмаларын сатуудан түшкөндөрдөн жана ушундай басылмаларга укук берүүдөн;

(iv) сыйлыктардан, мураска калган каражаттардан жана субсидиялардан;

(v) ренталардан, пайыздардан жана ар түрдүү кирешелерден.

(4) (a) Союздун ар бир өлкөсү бюджетке өзүнүн төгүмүн аныктоо үчүн белгилүү бир класска кирет жана төмөнкүдөй түрдө белгиленген бирдиктердин санынан өз жылдык төлөмүн төлөйт:

I 25 класс

II 20 класс

III 15 класс

IV 10 класс

V 5 класс

VI 3 класс

VII 1 класс

(b) Ар бир өлкө, эгер ал мурун муну кылбаса, ратификациялык  грамотаны же кошулуу жөнүндө актыны өткөрүү менен бир убакта ал кирүүнү каалаган классты көрсөтөт.  Кайсы өлкө болбосун классты өзгөртө алат. Эгер өлкө эң эле төмөн классты тандаса, ал бул тууралуу Ассамблеянын кезектеги сессиясында билдирет. Мындай өзгөртүү аталган сессиядан кийинки календардык жылдын башталышынан тартып аракетине кирет.

(c) Ар бир өлкөнүн жылдык төгүмү бардык өлкөлөр төлөөгө тийиш болгон Союздун бюджетине төгүмдөрдүн жалпы суммасына киргендерге кандай болсо, ошондой эле анын бирдиктеринин саны бардык төлөм төлөгөн өлкөлөрдүн бирдиктердин жалпы санына кирген суммага барабар.

(d) Төгүмдөр ар бир жылдын биринчи январынан тартып төлөнөт.

(e) Төгүмдөрдү төлөө боюнча бересеси  болгон өлкө ал мүчөсү болуп эсептелинген Союздун бардык өлкөлөрүндө добуш берүү укугун жоготот. Бирок ушул органдардын кайсынысы болбосун бересени төлөбөгөндүгү өзгөчө жана жүйөлүү кырдаалдан келип чыкканы билдирилгенде, бобуш берүү укугу менен пайдалануусуна уруксат берилет.

(f) Жаңы финасылык мезгилдин башталышына чейин бюджет кабыл алынбаган учурда, финасылык регламент менен караштырылган тартипке ылайык мурунку жылдын деңгээлиндеги бюджет жүргүзүлөт.

(5) Союздун атынан Эл аралык бюро көрсөткөн тейлөө кызматтарына төлөнүүчү жыйымдардын жана төлөмдөрдүн өлчөмү Генералдык директор тарабынан белгиленет, ал бул тууралуу Ассамблеяга жана Аткаруу комитетине билдирет.

(6) (a) Союздун жүгүртмө каражаттар фонду бар, ал Союздун ар өлкөсү төлөөчү бир жолку төлөмдөн турат. Эгер жүгүртмө каражаттар фонду жетишсиз болсо, Ассамблея аны көбөйтүү тууралуу маселени чечет.

(b) Аталган фондуга ар бир өлкөнүн баштапкы төлөмүнүн өлчөмү же ушул фондуну көбөйтүүдө анын үлүшү  фонд түзүлгөн же аны көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынган жылдагы ушул өлкөнүн төгүмүнө пропорциялуу.

(c) Бул пропорция жана төлөө шарты Ассамблея Уюмдун Координациялык комитетинин пикирин уккандан кийин, Генералдык директордун сунушу боюнча белгиленет. (7) (a) Анын аймагында Уюмдун өз штаб-квартирасы бар өлкө менен түзүлгөн штаб-квартира жөнүндө макулдашууда жүгүртмө каражаттар фонду жетишсиз болуп калган учурда, бул өлкөнүн аванс бериши караштырылган. Ушул аванстардын суммасы жана алар эмнеге берилгендигинин шарттары ар бир учурда ушундай өлкө менен Уюмдун ортосундагы өзгөчө макулдашуунун предмети болуп эсептелинет. Ушундай өлкө аванс берүү милдеттенмеси менен  байланышкан убакта, ал өз абалы боюнча Аткаруу комитетинде бир орду болот.

(b) (а) пунктчасында айтылган өлкөдөй эле, Уюм дагы аванс берүү жөнүндө милдеттенмени жазуу түрүндө кабарлоо берүү аркылуу жокко чыгара алат. Жокко чыгаруу кабарлоо берилген жыл бүткөндөн үч жылдан кийин күчүнө кирет.

(8) Финансылык текшерүү Союздун бир же бир нече өлкөлөрү же алардын макулдугу менен Ассамблея дайындаган тышкы текшерүүчүлөр тарабынан финасылык регламенттин эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

17-статья. [13-17 чейин статьяларга карата оңдоолор]

(1) 13, 14, 15, 16-статьяларга жана ушул статьяга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар Ассамблеянын кайсы болбосун мүчө-өлкөсү, Аткаруу комитети же Генералдык директор тарабынан киргизилет. Мындай сунуштарды Генералдык директор Ассамблеянын мүчө-өлкөлөрүнө аларды Ассамблея карап чыгуусуна чейин  эң кеминде алты ай калганда жиберет.

(2) (1) пунктта караштырылган статьяларга карата кандай оңдоолор болбосун Ассамблея тарабынан кабыл алынат, бул үчүн берилген добуштун төрттөн үч көпчүлүгү талап кылынат; бирок 13-статьяга жана бул пунктка карата кандай оңдоо болбосун берилген добуштун бештен төрт көпчүлүгү менен кабыл алынат.

(3) (1) пунктта караштырылган статьяларга карата кандай оңдоолор болбосун ал ушул оңдоону кабыл алган учурда Ассамблеянын мүчөлөрү болгон өлкөлөрдүн төрттөн үчүнөн ар бир өлкөнүн конституциялык жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн, аны кабыл алуу жөнүндө жазуу түрүндөгү кабарлоону Гералдык директор алгандан кийин бир айдан кийин күчүнө кирет. Ушундай түрдө кабыл алынган көрсөтүлгөн статьяларга карата кандай оңдоо болбосун оңдолр күчүнө кирген учурда Ассамблеянын мүчөлөрү болуп эсептелинген же ушул датадан кийин анын мүчөлөрү болгон  бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү түрдө колдонулат; бирок Союздун өлкөлөрүнүн финансылык  милдеттенмелерин көбөйтүүчү кандай оңдоо болбосун ушундай оңдоону алар кабыл алгандыгы тууралуу кабарлоо алган өлкөлөр үчүн гана милдетүү болуп эсептелинет.

18-статья. 1-12 чейин жана 18-30 чейин статьяларды кайра карап чыгуу]

(1) Бул Конвенция Союздун системасын жакшыртууга арналган ага өзгөртүүлөрдү киргизүү максаты менен кайра карап чыгууга кабылат.

(2) Ушул максаттарда Союздун өлкөлөрүндө кезеги менен аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн конференциялары өткөрүлөт.

(3) 13-17 чейинки статьяларга оңдоолорду киргизүү 17-статьянын жоболору менен жөнгө салынат.

19-статья.  [Атайын макулдашуулар]

Союздун өлкөлөрү эгер бул макулдашуулар ушул Конвенциянын жоболоруна каршы кебесе, өнөр жай менчигин коргоо боюнча өз ара атайын макулдашууларды түзүүгө укугу бар.

20-статья. . [Союздун өлкөлөрүнүн ратификациялоосу же кошулуусу; күчүнө кириши]

(1) (a) Бул Актыга кол койгон Союздун ар бир өлкөсү  аны ратификациялай алат, эгер ага кол койбосо, ага кошула алат. Ратификациялык грамоталар жана кошулуу жөнүндө актылар Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет.

(b) Союздун ар бир өлкөсү  өзүнүн ратификациялык грамотасында  же кошулуу жөнүндө актысында ратификация же кошулуу төмөнкүлөргө жайытылбагандыгын билдирет:      (i) 1 –12 чейин статьялар; же

(ii) 13 –17 чейин статьялар.

(c) (b) пунктчасына ылайык ушул пунктчада аталган статьялардын эки топтун бирин чыгарган  Союздун ар бир өлкөсү өз ратификациясынын же кошулуусунун аракетинин чөйрөсүнөн  кийинчерээк кайсы убакта болбосун ал өз ратификациясынын же кошулуусунун аракетин статьялардын ушул топторуна жайылтарын билдирет.  Мындай билдирүү Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет.

(2) (a) 1-12 чейин статьялар онунчу ратификациялык грамоталар жана кошулуу жөнүндө актылар сактоого өткөрүлгөндөн үч айдан кийин (1) (b) (i) пункт менен караштырылган билдирүү кылбастан, ратификациялык грамоталарын жана кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген Союздун биринчи он өлкөлөрүнө карата күчүнө кирет.

(b) 13-17 чейин статьялар онунчу ратификациялык грамоталар жана кошулуу жөнүндө актылар сактоого өткөрүлгөндөн үч айдан кийин (1) (b) (ii) пункт менен караштырылган билдирүү кылбастан, ратификациялык грамоталарын жана кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген Союздун  кайсы болбосун өлкөсүнө карата күчүнө кирет.

(c) (1) (b) (i) и (ii) пунктта караштырылган статьялардын эки тобунун ар биринде (а) жана (b) пунктчалардын жоболоруна ылайык биринчи күчүнө кирген шартында, ошондой эле 1-17 статьялардын (1) (b)пунктунун жоболорун сактаган шартында ратификациялык грамоталарын жана кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген Союздун биринчи он өлкөлөрүнө карата күчүнө кирет. Акыркы учурунда бул Акт ушундай түрдө датасы көрсөтүлгөн ушул өлкөгө карата күчүнө кирет.

(3) Ратификациялык грамоталарын жана кошулуу жөнүндө актыларын сактоого өткөрүп берген Союздун  кайсы болбосун өлкөсүнө карата 18-30 чейин статьялар (1) (b) пунктта караштырылган статьялардын топторунун ичинен кайсынысы болбосун эрте көрсөтүлгөн датасына (2) (a), (b) же (c) пунктуна ылайык ушул өлкөгө карата күчүнө кирет.

21-статья.  [Союздун мүчөсү болуп эсептелинбеген өлкөлөргө кошулуу; күчүнө кириши]

(1) Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы өлкө болбосун бул Актыга кошула алат жана ушуну менен бирге Союздун мүчөсү боло алат. Кошулуу жөнүндө актылар Генералдык директорго сактоого өткөрүлүп берилет.

(2) (a) Ушул Актынын жоболору күчүнө киргенге чейин бир же андан көбүрөөк ай калганга чейин кошулуу жөнүндө өз актысын сактоого өткөрүп берген Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы болбосун өлкөгө карата  бул  Акт эгер кошулуу жөнүндө актыда эң кеч датасы көрсөтүлбөсө, аталган жоболор 20 (2) (a) же (b) статьяларына ылайык баштапкы жолу күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет бирок:

(i) эгер 1-12 чейин статьялар ушул датада күчүнө кирбесе, мындай өлкө ушул жоболор күчүнө киргенге чейинки мезгилде жана анын ордуна Лиссабон Актысынын 1-12 чейин статьялары менен байланыштуу болот;

(ii) эгер 13-17 чейин статьялар ушул датада күчүнө кирбесе, мындай өлкө ушул жоболор күчүнө киргенге чейинки мезгилде жана анын ордуна Лиссабон Актысынын 13 жана 14 (3), (4) жана (5) статьялары менен байланыштуу болот;

Эгер кошулуу жөнүндө актыда өлкө эң кечирээк датасын белгилесе, бул Акт ушундай түрдө белгиленген датада күчүнө кирет.

(b) Ушул Актынын статьяларынын кайсы болбосун топторунун күчүнө киргенден кийинки датада же ага кеминде бир ай кийин датада кошулуу жөнүндө өз актысын  сактоого өткөргөн Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы болбосун өлкөгө карата бул Акт эгер кошулуу жөнүндө актыда эң кечирээк датасы көрсөтүлбөсө, Генералдык директор тарабынан кошулуу жөнүндө акт жөнүндө кабарлоо жиберилген датадан үч айдан кийин (а) пунктчасынын жоболорун сактоодо күчүнө кирет. Акыркы учурунда бул Акт ушул өлкөгө карата ушундай түрдө көрсөтүлгөн датада күчүнө кирет.

(3) Толугу менен же ушул датага чейин бир айдан кем болбогон убакыттын ичинде ушул актынын  күчүнө кирген датасынан кийин кошулуу жөнүндө актыны сактоого өткөргөн Союздун мүчөсү болуп эсептелбеген кайсы болбосун өлкөгө карата бул Акт эгер кошулуу жөнүндө актыда эң кечирээк датасы көрсөтүлбөсө, Генералдык директор тарабынан кошулуу жөнүндө акт жөнүндө кабарлоо жиберилген датадан үч айдан кийин күчүнө кирет.

22-статья. [Ратификациялоонун же кошулуунун натыйжалары]

20 (1) (b) жана 28 (2) статьяларда караштырылган мүмкүн болгон чыгарып салуулардан тышкары, ратификациялоо же кошулуу ушул Акт менен белгиленген бардык жоболорду таанууну жана бардык артыкчылыктарды алууну автоматтуу түрдө өзүнө тартат.

23-статья.  [Мурунку актыларга кошулуу]

Бул акт толугу менен күчүнө киргенден кийин өлкө бул Конвенциянын мурунку Актыларына кошула албайт. 

24-статья. [Аймактар]

(1) Кайсы өлкө болбосун өз ратификациялык грамотасында же кошулуу жөнүндө актысында же кайсы болбосун убакта Генералдык директорго жазуу түрүндө кабарлоосунда бул Конвенция алардын эл аралык мамилесине ал жооп берүүчү арызда же кабарлоодо көрсөтүлгөн бардык же айрым аймактарга пайдаланыларын билдирет.

(2) Ушундай билдирүү кылган же ушундай кабарлоо жиберген кайсы өлкө болбосун  ушундай аймактардын бардыгына же айрымдарына ушул Конвенциянын пайдаланылышын токтотуу жөнүндө Генералдык директорго кайсы убакта болбосун кабарлайт.

(3) (a) (1) пунктка ылайык жиберилген кайсы болбосун арыз ратификациялоо же кошулуу датасынан тартып эле күчүнө кирет, алар жөнүндө документтер арызга киргизилет, ал эми аталган пунктка ылайык жиберилген кандай кабарлоо болбосун Генералдык директорго ал тууралуу кабарлоо жиберилгенден үч айдан кийин күчүнө кирет.

(b) (2) пунктка ылайык жиберилген кандай кабарлоо болбосун Генералдык директор аны алгандан он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

25-статья.  [Улуттук алкакта Конвенцияны пайдалануу]

(1) Бул Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелген ар бир өлкө өз Конституциясына ылайык ушул Конвенцияны пайдаланууну камсыздоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттенме алат.

(2) Ратификациялык грамотасын же кошулуу жөнүндө актысын өткөрүү учурунда ар бир өлкө ушул Конвенциянын жоболорун өз ички мыйзамдарына ылайык ишке ашыруусу керек экендиги караштырылган.

26-статья.  [Жокко чыгаруу]

(1) Бул Конвенция мөөнөтү чектелбестен күчүндө болот.

(2) Кайсы өлкө болбосун ушул Актыны Генералдык директорго кабарлоо жиберүү аркылуу жокко чыгара алат. Мындай жокко чыгаруу бардык мурунку Актыларды жокко чыгаруу болуп эсептелинет жана ушуну жасаган өлкөгө гана жайылтылат, ошол эле убакта Союздун калган өлкөлөрүнө карата Конвенция күчүндө калат жана аткарылышы зарыл.

(3) Жокко чыгаруу Генералдык директор кабарлоо алган күндөн тартып эсептегенде бир жылдан кийин күчүнө кирет.

(4) Ушул статья менен караштырылган жокко чыгаруу укугу Ал Союздун мүчөсү болуп калган датадан беш жыл өткөнгө чейин эч кандай өлкө пайдалана албайт.

27-статья.  [Мурунку Актыларды колдонуу]

(1) Бул  Акт ал колдонула турган өлкөлөр ортосунда мамилелердин ордун алмаштырууга 1883-жылдын 20-мартындагы Париж конвенциясын жана аны кайра карап чыгуу боюнча кийинки актыларды колдонот.

(2) (a) Ушул Акт колдонулбаган же толугу менен эмес колдонулган, бирок аларга 1958-жылдын 31-октябрындагы Лиссабон акты колдонулган өлкөлөргө колдонулат же тийиштүү акыркысы толугу менен же (1) пункттагы анын  күчүн бул Акт ордун алмаштырбаган чегинде колдонулбайт.

(b) Бирдей түрдө, бул Акт дагы, же анын кайсы бир бөлүгү, Лиссабон актысы дагы аларга колдонулбаган өлкөлөргө 1934-жылдын 2-июнундагы Лондон Актысы күчүндө болот.

(c) Бирдей түрдө, бул Акт дагы, же анын кайсы бир бөлүгү, Лиссабон актысы, Лондон Актысы дагы аларга колдонулбаган өлкөлөргө 1925-жылдын 6-ноябрындагы Гаага Актысы күчүндө болот.

(3) Ушул Актыга кошулган Союздун мүчөлөрү болуп эсептелбеген өлкөлөр аны ушул Актынын тарабы болуп эсептелбеген, же ушул Актынын тарабы болуп эсептелип, 20 (1) (b) (i) статьялар менен караштырылган билдирүүнү жасаган Союздун кайсы болбосун өлкөсү менен болгон мамилесинде колдонот. Мындай өлкөлөр ал анын тарабы болуп эсептелген акыркы мурунку Актысын жоболорун алар менен болгон мамилесинде колдонот.

28-статья.  [Талаш-тартышты чечүү]

(1) Сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбеген талкуулоого же ушул Конвенцияны колдонууга тийиштүү Союздун бир же бир нече өлкөлөрүнүн ортосундагы кандай талаш-тартыш болбосун эгер көрсөтүлгөн өлкөлөр талаш-тартышты жөнгө салуунун башка ыкмасы тууралуу бири-бири менен сүйлөшпөсө, Соттун Статусуна ылайык, көрсөтүлгөн кайсы өлкөсүнүн болбосун Эл аралык сотуна арыз берилет.

 (2) Ушул Актыга кол койгон же ратификациялоо грамотасын  же кошулуу жөнүндө актысын өткөрүп берген учурда, кайсы өлкө болбосун ал (1) пункттун жоболоруна байланыштуу деп эсептебегендигин билдирет.  Ушундай өлкө менен Союздун башка өлкөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштарды айтсак, анда (1) пункттун жоболору аларга жайылтылбайт.

(3) (2) пункттун жоболоруна ылайык арыз берген кайсы өлкө болбосун аны Генералдык директорго жиберген кабарлоо аркылуу кайсы убакта болбосун кайра чакырта алат.

29-статья.  [Кол коюу, тилдер, депозитарийдин милдеттери]

(1) (a) Бул Акт француз тилинде бир нускага кол коюлат жана Швеция Өкмөтүнө сактоого өткөрүлүп берилет.

(b) Расмий текстер Ассамблея аныктаган англис, испан, италия, немец, португал жана орус тилдеринде, кызыкдар болгон өкмөттөр менен кеңешкенден кийин Генералдык директор тарабынан иштелип чыгат.

(c) Ар түрдүү текстерди талкуулоодо келишпестиктер келип чыккан учурда, француз тилиндеги текстке артыкчылык берилет.

(2) Ушул Акт 1968-жылдын 13-январына чейин Стокгольмдо кол коюу үчүн ачылган.

(3) Генералдык директор Швециянын Өкмөтү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү түрдө ушул актынын кол коюлган текстинин эки көчүрмөсүн Союздун бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жана кайсы болбосун өлкөнүн өкмөтүнүн сурамы боюнча жиберет.

(4) Генералдык директор бул Актыны Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгында каттоодон өткөрөт.

(5) Генералдык директор Союздун бардын өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кол коюу, ратификациялык грамоталарды жана кошулуу жөнүндө актыларды сактоого өткөрүү жөнүндө жана 20 (1) (c) статьяларга ылайык ушу жасалган же ушул документтерде камтылган арыздар жөнүндө, ушул Актынын кайсы болбосун жоболорунун күчүнө кириши жөнүндө, жокко чыгаруу жөнүндө кабарлоолорду жана 24-статьяга ылайык жиберилген кабарлоолор жөнүндө билдирет.

30-статья.  [Өтмө кырдаалдар]

(1) Биринчи Генералдык директор кызмат ордуна киришине чейин ушул Актыдагы Уюмдун Эл аралык бюросуна же Генералдык директорго болгон шилтемелер Союздун бюросуна же ылайыгына карата анын Директоруна шилтеме болуп эсептелет.

(2) 13-17 чейин статьялар менен байланыштуу Союздун өлкөлөрү Уюмду түзүүчү Конвенция күчүнө киргенден кийин, беш жылдын ичинде алар муну кааласа, ушул статьялар менен байланыштуу болгон бул Актынын 13-17 чейинки статьялардын күчү менен берилүүчү укуктарды пайдалана алышат. Ушундай укуктарды пайдалангысы келген кайсы өлкө болбосун ушул максат менен Генералдык директорго жазуу түрүндө кабарлоо жиберет, ал аны алган күндөн тартып күчүнө кирет. Мындай өлкөлөр белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин Ассамблеянын мүчөлөрү болуп эсептелинет.

(3) Союздун бардык өлкөлөрү толугу менен Уюмдун мүчөлөрү болгончо, Уюмдун Эл аралык бюросу ошондой эле Союздун Бюросу катарында иштейт, ал эми Генералдык директор Бюронун Генералдык директору катарында милдеттерди аткарат.

 (4) Качан гана Союздун бардык өлкөлөрү толугу менен Уюмдун мүчөлөрү болгондо, Союздун бюросунун укуктары, милдеттери жана мүлкү Уюмдун Эл аралык бюросуна өткөрүлүп берилет.

Документ бүттү