КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдын 27-сентябрындагы З N 213-1 жана КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр Жыйынынын 1995-жылдын 28-сентябрындагы П N 167-1 токтомдору менен ратификацияланган

Москва ш.
1994-жылдын 9-сентябры

ЕВРАЗИЯЛЫК ПАТЕНТТИК КОНВЕНЦИЯ

I бөлүк. Евразиялык патенттик система
II бөлүк. Евразиялык патенттик уюм
III бөлүк. Патенттик укуктун материалдык ченемдери
IV бөлүк. Патенттик укуктук жол-жобо ченемдери
V бөлүк. Патенттик кооперация жөнүндө келишимди колдонуу (РСТ)
VI бөлүк. Өтмө жоболор
VII бөлүк. Ар түрдүү жоболор
VIII бөлүк. Маалыматтык кызматтар
IX бөлүк. Корутунду жоболор

Бул Конвенциянын катышуучулары – Мамлекеттер (мындан ары – Келишим түзүүчү мамлекеттер),
Ойлоп табууларды коргоо жаатында кызматташууну бекемдөөнү каалоону жетекчиликке алуу менен,
Келишим түзүүчү бардык мамлекеттердин аймагында колдонулуп жаткан бирдиктүү патенттин негизинде ушундай коргоону алуунун мамлекеттер аралык системасын түзүүгө умтулуу менен,
Ушул максатта, 1983-жылдын 20-мартындагы өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын 19-статьясына ылайык атайын макулдашуу болуп эсептелүүчү конвенцияны жана 1970-жылдын 19-июнундагы патенттик кооперация жөнүндө келишимдин 45 (1) статьясына ылайык региондук патент жөнүндө келишим түзүү менен,
Төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашылды:

I бөлүк

Евразиялык патенттик система

1-статья. Евразиялык патенттик системаны түзүү

(1) Келишим түзүүчү мамлекеттер, ойлоп табууларды коргоо боюнча өзүлөрүнүн улуттук системаларын өнүктүрүү бөлүгүндө өздөрүнүн толук эгемендүүлүгүн сактоо менен Евразиялык патенттик системаны бекитишет.

(2) Бул Конвенциянын эч бир жобосу өлкөлөрдүн кайсы жараны болбосун – Париж конвенциясынын катышуучусу же бул өлкөдө туруктуу жашоочу адам, өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясында караштырылган укуктар чектөөсү катары түшүнүлбөшү керек.

II бөлүк

Евразиялык патенттик уюм

2-статья. Евразиялык патенттик уюмду түзүү.

(1) Евразиялык патенттик системасынын иштөөсүнө жана евразиялык патенттерди берүүгө байланышкан административдик милдеттерди аткаруу үчүн Евразиялык патенттик уюм (мындан ары – Уюм) түзүлөт.

(2) Бардык Келишим түзүүчү мамлекеттер Уюмдун мүчөлөрү болуп саналышат.

(3) Администрациялык кеңеш жана Евразиялык патенттик ведомство (мындан ары – Евразиялык ведомство) Уюмдун органы болуп саналат.

(4) Евразиялык ведомствону Уюмдун жогорку кызмат адамы болуп саналган жана Уюмду көрсөтүүчү Президент жетектейт.

(5) Уюм юридикалык жактан статусу бар, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Уюм ошол мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык ар бир Келишим түзүүчү мамлекетте, юридикалык жак катары таанылуучу, укукка жөндөмдүүлүккө ээ.
Уюм кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү ала алат жана тескей алат жана сотто өзүнүн укуктарын коргой алат. Уюмдун штаб-квартирасынын жайгашкан жери – Москва шаары, Россия Федерациясы.

(6) Уюмдун расмий тили болуп орус тили саналат.

(7) Уюм, Келишим түзүүчү мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары Евразиялык ведомстволорунун кызматкерлери жана Уюмдун маселелерин чечүү үчүн тартылган башка адамдар кайсы болбосун башка эл аралык уюмдардын мамлекеттери жана анын кызматкерлерине берилүүчү Келишим түзүүчү ар бир мамлекеттин аймагында тийиштүү укуктар, артыкчылыктар жана иммунитеттерге ээ боло алат, ал эми Россия Федерациясынын аймагында, андан сырткары, Уюм тарабынан Россия Федерациясынын Өкмөтү менен түзүлгөн, Уюмдун штаб-квартирасы жөнүндө атайын макулдашуу менен жөнгө салынат.

3-статья. Административдик кеңеш

(1) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттер Административдик кеңеште көрсөтүлгөн. Ар бир Келишим түзүүчү мамлекет Административдик кеңеште бир добушка ээ. Кворум Келишим түзүүчү мамлекеттердин үчтөн экисин түзөт. Чечим тил табышуу негизинде, же эгерде тил табышууга жетишилбесе – үчтөн эки добуштан көбү же качан ушул Конвенция менен бир добуштуулук же көпчүлүк үчтөн эки добуштары караштырылган учурдан башкасында Келишим түзүүчү мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.

(2) Административдик кеңеш кезектеги отурумга ар календардык жылы жана кезексиз отурумга – Келишим түзүүчү мамлекеттердин эң аз дегенде үчөөсүнүн, Административдик кеңештин Төрагасынын же Евразиялык ведомствонун Президентинин демилгеси боюнча чогулат. Отурум Евразиялык ведомствонун Президенти тарабынан чакырылат.
(3) Административдик кеңеш:
(I) өзүнүн Жол-жобо эрежелерин бекитет.
(II) Административдик кеңештин Төрагасын жаңыртылган эки жылдык мөөнөткө кайрадан шайлайт;
(III) Евразиялык ведомствонун Президентин жаңыртылган алты жылдык мөөнөткө кайрадан дайындайт; дайындоо шарттары Уюмдун жана болочоктогу Президенттин ортосундагы контрактта жөнгө салынат;
(IV) Евразиялык ведомствонун Президентине, Президент тарабынан Европалык ведомствонун вице-президенттерин дайындоого карата сунуштама берет;
(V) Уюмдун Россия Федерациясы менен түзгөн Уюмдун штаб-квартирасы жөнүндө макулдашуусун жактырат;
(VI) Уюм менен мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын түзгөн макулдашууларын жактырат;
(VII) Патенттик нускамаларын, Финансылык нускамаларын жана Административдик нускамаларын көпчүлүк үчтөн эки добуш менен бекитет;
(VIII) көпчүлүк үчтөн эки добуш менен жылдык бюджетти кабыл алат, жылдык отчетту карайт жана Уюмдун жылдык эсебин жактырат;
(IX) Уюмдун милдеттерин чечүүгө багытталган башка аракеттерди жүзөгө ашырат.
(4) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (мындан ары ИМБДУ) Административдик кеңештин отурумдарына Уюм менен ИМБДУнун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун жоболоруна ылайык кеңеш добуш берүү укугу менен катышат.

4-статья. Евразиялык ведомство

(1) Евразиялык ведомство Уюмдун бардык административдик иш-милдеттерин аткарат. Ал Уюмдун катчылыгы болуп саналат.
(2) Евразиялык ведомствонун Президенти анын түзүмүн аныктайт жана кызматчыларын дайындайт. Ал Административдик кеңештин бардык отурумдарына катыша алат.
(3) Келишим түзүүчү ар бир мамлекет Евразиялык ведомствонун штатында Административдик нускама менен аныкталуучу шартсанга ээ.
(4) Евразиялык ведомство Россия Федерациясынын Москва шаарында жайгашкан.

5-статья. Финансылар

Евразиялык патенттик конвенциясына (1995-жылдын 1-декабрында Евразиялык патенттик уюмдун экинчи (кезектеги биринчи) отурумунда Административдик кеңеши тарабынан бекитилген) финансылык нускаманы караңыз.

(1) Уюм өзүнүн чыгашаларын алымдардын жана башка анын алуучу кирешелеринин эсебинен жабуу маанисинде өзүн өзү финансылоочу болуп саналат. Келишим түзүүчү мамлекеттердин эч бири Уюмга төгүм төлөөгө милдеттүү болуп эсептелбейт.

(2) Уюмдун бюджети төмөнкү булактардан түзүлөт:
(I) Евразиялык ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга төлөмдөрдүн жана алымдардын түшүшүнөн;
(II) Евразиялык ведомствонун басып чыгаруу ишмердүүлүгүнөн келип түшүүлөрдөн;
(III) Уюмга өткөрүп берилген тартуулардан, мурастык каражаттардан жана субсидиялардан;
(IV) Уюмдун ренталарынан, пайыздарынан жана башка кирешелеринен;

(3) Чыгашанын үстүнөн Уюмдун бюджетинин киреше бөлүгүн көтөрүү Евразиялык ведомствону өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

(4) 3(3) (V) статьяда эске алынган Уюмдун штаб-квартирасы жөнүндө макулдашуу Уюмдун финансылык каражаттары анын ишмердүүлүгү үчүн жетишсиз болгон учурларда Россия Федерациясы Уюмга аванс бере тургандыгы каралышы керек. Ал аванстын, өлчөмү жана шарттары алар берилүүчү ар бир шарттарда Уюмдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз алдынча макулдашуунун предмети болуп саналат.

III бөлүк

Патенттик укуктун материалдык ченемдери

6-статья. Патентке жарамдуу ойлоп табуулар

Евразиялык ведомство тандалган деңгээли бар жана өнөр жайга колдонууга боло турган жаңы болуп саналган ойлоп табууларга евразиялык патент берет.

7-статья. Евразиялык патент укугуна ээ болгон жактар

(1) Евразиялык патентке укук ойлоп табуучуга же мураскерине таандык. Муну менен эгерде ойлоп табуучу кызматкер болуп эсептелсе, анда евразиялык патентке укук кызматкердин негизги кызмат орду бар мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат, эгерде кызматкердин негизги кызмат орду бар болгон мамлекет аныкталбаган болсо, анда кызматкер менен байланышкан ишкердик ишмердүүлүгү менен алектенген жумуш берүүчүнүн мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.

(2) Евразиялык ведомствонун жол-жоболорунун максаты үчүн өтүнүүчү евразиялык патентти алууга укугу бар болуп эсептелет.

8-статья. Артыкчылык укугу.

Артыкчылык укугу өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык таанылат.

9-статья. Патенттик укук

(1) Евразиялык патенттин ээси пайдалануунун өзгөчө укугуна ээ болот, ошондой эле башкалардын патенттелген ойлоп табууларын пайдалануусуна уруксат берет же тыюу сала алат.
Караңыз: Евразиялык өтүнмөгө же евразиялык патентке укукту өткөрүп берүүнүн тартиби (2002-жылдын 18-январында Евразиялык патенттик ведомствонун №2 буйругу менен бекитилген).

(2) Евразиялык патенттин ээси өзүнүн укугун өткөрүп бере алат же ага лицензия бере алат.

(3) Евразиялык патент (мындан ары – евразиялык өтүнмө) берүүгө өтүнмө жарыялангандан кийин өтүнүүчүгө Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык убактылуу коргоо берилет.

10-статья. Укуктук коргоонун көлөмү

Евразиялык патент тарабынан берилген укуктук коргоонун көлөмү ойлоп табуунун формуласы менен аныкталат. Сыпаттама жана чийме ойлоп табуунун формуласын түшүндүрүү максаты үчүн гана кызмат кылат.

11-статья. Евразиялык патенттин аракеттенүү мөөнөтү

Евразиялык патенттин аракеттенүү мөөнөтү евразиялык өтүнмө берилген датадан тартып 20 жылды түзөт.

12-статья. Аргасыз лицензиялар

(1) Евразиялык патентти үчүнчү жактардын пайдалануусуна аргасыз лицензия, ал мамлекеттин аймагында эмес аракеттер менен, Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык берилиши мүмкүн.

(2) Аргасыз лицензия берүү жөнүндө чечим аргасыз лицензия берилген аймактагы сотторго же Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарына, даттанууга берилиши мүмкүн.

13-статья. Евразиялык патенттин жарамдуулугу жана укуктарды жүзөгө ашыруу

(1) Конкреттүү Келишим түзүүчү мамлекеттердеги евразиялык патенттин жарамдуулугуна тиешелүү кайсы болбосун талаш-тартыш же конкреттүү Келишим түзүүчү мамлекеттердеги евразиялык патентти бузуу – ушул Конвенциянын жана Патенттик нускаманын негизинде, ошол мамлекеттин улуттук соту же башка компетенттүү органдары тарабынан чечилет. Чечим Келишим түзүүчү мамлекеттин аймагында гана күчкө ээ боло алат.

(2) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттерде евразиялык патентти бузгандыгы үчүн, улуттук патентти бузуулар сыяктуу эле жарандык-укуктук же башка жоопкерчилик караштырылат.
(3) Келишим түзүүчү мамлекеттердин кайсы болбосун улуттук соту же башка компетенттүү органы доочудан, аларга берилген Келишим түзүүчү мамлекеттин мамлекеттик тилине евразиялык патенттин котормосун көрсөтүүсүн талап кыла алат.

14-статья. Патенттик нускама. Материалдык ченемдер

Патенттик нускама, төмөндөгүлөрдү камтуу менен бирге патенттик укуктун ченемдерине тиешелүү деталдарды камтыйт:
(I) жаңылыгын, ойлоп табуучулук деңгээлин жана өнөр жайда колдонуучулугун, ошондой эле ойлоп табуунун ачылып берилишин камтыган, ойлоп табуулардын патенттик жарамдуулук шарттарын аныктоосун;
(II) ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн таанууга жолтоо болбогон жагдайларын;
(III) ойлоп табуунун биримдүүлүк талаптарын;
(IV) артыкчылык укугун белгилениши жана аракетин;
(V) патенттелген ойлоп табууга өзгөчө укукка аныктамасын;
(VI) мурда пайдалануу укугун;
(VII) ойлоп табуунун формулаларынын түшүнүктүүлүгүн;
(VIII) евразиялык патентте жана евразиялык өтүнмөдө эскертилген ойлоп табуучунун укугун;
(IX) евразиялык өтүнмөгө же евразиялык патентке укук мураскорлук жана укукту өткөрүп берүүнүн башка түрлөрүн;
(Х) евразиялык өтүнмөлөр боюнча иш кагаздарынын жашырындуулугун.

IV бөлүк

Патенттик укуктун жол-жобо ченемдери

15-статья. Евразиялык өтүнмө жана евразиялык патентти берүү

(1) Евразиялык өтүнмө берилиши мүмкүн:
(I) Ушул статьянын (II) пунктчасынын жоболорун эске алуу менен, Евразиялык ведомствого;

(II) Евразиялык өтүнмө Келишим түзүүчү мамлекеттердин өтүнүүчүлөрү үчүн, Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук патенттик ведомствосу (мындан ары – улуттук ведомство) аркылуу берилет, эгерде бул ошол мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо. Улуттук ведомство аркылуу берилген евразиялык өтүнмө, Евразиялык ведомствого ошол эле күнү берилгендей натыйжага ээ болот, эгерде ал Патенттик нускамада белгиленген мөөнөттө Евразиялык ведомствого кайра жөнөтүлгөн болсо. Улуттук ведомство бул өтүнмөлөрдүн формалдуу белгилери боюнча евразиялык өтүнмөлөрдүн экспертөөсү үчүн Патенттик нускамада жана ушул Конвенцияда белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерет жана эгерде ал туура келсе, өтүнмө көрсөтүлгөн талаптарга туура келет деп эсептесе, андан ары иш кагаздарын жүргүзүү үчүн Евразиялык ведомствого өтүнмөнү жөнөтөт.

(2) Эгерде евразиялык өтүнмө Евразиялык ведомствого берилсе, Евразиялык ведомствого өтүнмөнү, издөө, жарыялоо жана башка жол-жобо аракеттери үчүн бирдиктүү жол-жоболук алым төлөнөт. Эгерде евразиялык өтүнмө улуттук ведомство аркылуу берилсе, формалдуу белгилери боюнча эксперттөөнүн талаптарына ылайыктуулугун текшерүү жүргүзгөндүгү жана кайра жөнөткөндүгү үчүн улуттук ведомствого алым төлөнөт, ошол учурда ушул ведомствого евразиялык өтүнмөнү кайра жөнөтүүдө Евразиялык ведомствого бирдиктүү жол-жобо катары алым төлөнөт.

Ушул статьянын (2) пунктуна ылайык төлөнүүчү алымдын өлчөмү жөнүндө 1995-ж. 1-декабрында Евразиялык патенттик уюмдун Административдик кеңешинин экинчи (кезектеги биринчи) отурумунда бекитилген Евразиялык патенттик уюмдун алымдары жөнүндө Жобону караңыз.

(3) Евразиялык ведомство евразиялык өтүнмөлөрдүн Конвенциялардын жана Патенттик нускамалардын формалдуу талаптарына ылайык келишин текшерет жана бул өтүнмө боюнча издөө жүргүзөт. Издөөнүн жыйынтыгы боюнча издөө жөнүндө отчет түзөт жана өтүнүүчүгө жөнөтүлөт.

(4) Евразиялык өтүнмө Евразиялык ведомство тарабынан издөө жөнүндө отчет менен чогуу, ал берилген күндөн тартып, же эгерде артыкчылык суралган болсо, артыкчылыктын датасынан баштап18 ай өткөндөн кийин кечиктирилбей жарыяланат. Өтүнүүчүнүн жолдомосу боюнча Евразиялык ведомство евразиялык өтүнмөнү көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурдараак жарыялайт. Мындай учурда издөө жөнүндө отчет ал келип түшкөн соң өзүнчө жарыяланат.
(5) Издөө жөнүндө отчет жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин Евразиялык ведомствого берилиши керек болгон өтүнүүчүнүн жолдомосу боюнча, Евразиялык ведомство маңызы боюнча евразиялык эксперттөө жүргүзөт.

(6) Ушул статьянын (5) пунктунда эскертилген жолдомо берилген учурда, экспертиза үчүн Евразиялык ведомствого төлөнүүчү алым алынат.

(7) Евразиялык патент берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Евразиялык ведомствонун штаттык кызматкерлери болуп саналган ар бир үч эксперттен түзүлгөн коллегиясы тарабынан Евразиялык ведомствонун атынан жана эгерде башка тартип кабыл алынбаса ар түрдүү Келишим түзүүчү мамлекеттердин Административдик кеңеши, жарандары тарабынан бир добуштан кабыл алынат.

(8) Евразиялык патентти берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө Евразиялык ведомствонун чечими менен макул болбогондо өтүнүүчү ошол баш тартуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Евразиялык ведомствого, ушул статьянын (7) пунктуна ылайык Евразиялык ведомствонун коллегиясында каралууга тийиш болгон даттануу бере алат. Коллегиянын курамына ушул даттануунун маңызы боюнча мурда чечим кабыл албаган, жок дегенде эки эксперт киргизилүүгө тийиш.

(9) Бул статьянын (8) пунктунда эскертилген даттанууну бергендиги үчүн Евразиялык ведомствого төлөнүүчү алым алынат.

(10) Евразиялык патентти бергендиги үчүн Евразиялык ведомствого евразиялык патент берүүгө даярдыгы жөнүндө Евразиялык ведомствонун билдирүүсүн өтүнүүчү алган күндөн тартып үч айдын ичинде алым төлөнөт.

(11) 17-статьянын жоболорун эсепке алуу менен евразиялык патент анын жарыяланган күнүнөн баштап бардык Келишим түзүүчү мамлекеттердин аймагында аракетке ээ болот.

(12) Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомстволордун алдында өкүлчүлүк кылуу укугу бар жана Евразиялык ведомстводо патенттик ишенимдүү өкүл катары катталган, кайсы болбосун адам Евразиялык ведомствонун алдында өкүл катары чыга алат. Эгерде өтүнүүчү кайсы-бир Келишим түзүүчү мамлекеттин аймагында туруктуу жашабаса, же туруктуу турган орду болбосо, ал мындай, Келишим түзүүчү мамлекеттердин кайсы биринде туруктуу жашаган же туруктуу турган жери бар адамдарга евразиялык өтүнмөлөрдү бере алат, ошондой эле Евразиялык ведомство менен өз алдынча же патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана патенттик ишенимдүү өкүлдөр болуп эсептелбеген өкүлдөр аркылуу иш алып бара алат.

Евразиялык патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө жобо 1995-жылы 5-декабрда Евразиялык патенттик ведомствонун Президенти тарабынан бекитилген.

16-статья. Евразиялык өтүнмөлөрдү улуттук патенттик өтүнмөлөргө кайра түзүү

(1) Евразиялык ведомствонун евразиялык патент берүүдөн баш тартуусу жөнүндө билдирүүнү өтүнүүчү алган күндөн, же өтүнүүчүнүн 15(8) статьяга ылайык берилген даттануусун канааттандыруудан Евразиялык ведомствонун баш тартуусу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн алты ай өткөнгө чейин өтүнүүчү Евразиялык ведомствого улуттук жол-жоболор боюнча өзү патент алууну каалаган Келишим түзүүчү мамлекетти көрсөтүү менен сунуштама бере алат.

(2) Ушундай жол менен көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү мамлекеттердин ар биринде, ага карата ушундай чечим кабыл алынган жана ушундай жолдомонун предмети болуп саналган евразиялык өтүнмө, эгерде евразиялык өтүнмөнүн артыкчылык датасы бар болгон болсо, ошол эле дата менен, улуттук мыйзамда караштырылган бардык натыйжалары менен улуттук ведомствого берилген туура таризделген улуттук өтүнмө катары эсептелет жана өтүнүүчү талап кылынган улуттук алымдарды улуттук ведомствого төлөгөн шартта, улуттук ведомстводо андан аркы жол-жоболор жүргүзүлөт.

17-статья. Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу

(1) Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн жыл сайын алым төлөнөт.

(2) Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым, анын берилген күнүнөн кийин жыл сайын евразиялык өтүнмөлөрдү берүү күнүнө ылайык күнү төлөнөт.

(3) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекетте евразиялык патенттин аракетин узартуу үчүн ал патенттин аракетин узартууну каалаган патент ээси, ар бир Келишим түзүүчү мамлекеттин аталышын көрсөтүүсү керек. Мындай көрсөтмө бир эле мезгилде евразиялык патентти кармап туруу үчүн алымды төлөө менен Евразиялык ведомствого багытталат. Бул алым ар бир көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү мамлекетке карата төлөнөт.

18-статья. Алым

Евразиялык патенттик уюмдун алымдары жөнүндө жобо 1995-жылы 1-декабрда Евразиялык патенттик уюмдун экинчи (кезектеги биринчи) отурумунда Административдик кеңеши тарабынан бекитилген.

(1) Евразиялык өтүнмөгө же евразиялык патентке тийиштүү алымдар, ошондой эле Евразиялык ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга бардык төлөмдөр Евразиялык ведомствого төлөнөт жана ушул статьянын (2) пунктунун жоболорун эске алуу менен Уюмга таандык болот.

15(2) статьяда айтылып өткөн, формалдуу белгилер боюнча экспертизанын талаптарына ылайык келүүсүнө жана жөнөтүүлөргө евразиялык өтүнмөнү текшерүү үчүн алым евразиялык өтүнмө берилген улуттук ведомствого төлөнөт жана ага таандык.

(2) Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн бардык алымдар Евразиялык ведоствого төлөнөт. Уюмдардын жана көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү мамлекеттердин ортосунда евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн үлүштөрдү бөлүштүрүү мамилеси Административдик кеңештин үчтөн эки көпчүлүк добуш берүү шартында белгиленет, Келишим түзүүчү мамлекеттердин патент ээлери тарабынан көрсөтүлгөн ар бир алынган алымдын өлчөмүнөн бештен биринен кем эмеси Уюмга таандык; бул алымдын калган бөлүгү көрсөтүлгөн Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомствосуна которулат.

(3) Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымдын өлчөмү ар бир Келишим түзүүчү мамлекетке карата, ошол мамлекеттер тарабынан белгиленет. Евразиялык патентти күчүндө кармап туруу үчүн алымды кайсы валюта менен төлөө Административдик кеңеш тарабынан белгиленет.

19-статья. Патенттик нускама. Жол-жоболоштуруу ченемдери.

Патенттик нускама евразиялык патенттик жол-жоболорго тиешелүү төмөндөгүлөрдү кошууну камтыйт:
(I) Евразиялык өтүнмөлөрдүн формасына жана мазмунуна талаптар;
(II) патенттик ишенимдүү өкүлгө талаптар, аларды аттестациялоо жана каттоо тартиби;
(III) берүү күнү;
(IV) мөөнөттөрдү эсептөө;
(V) артыкчылыкты суроо;
(VI) валюталар жана алымды төлөөнүн тартиби;
(VII) Евразиялык өтүнмөлөрдү өзгөртүү жана оңдоо;
(VIII) патенттик издөө жана эксперттөө;
(IX) Евразиялык ведомствонун документациясы жана маалымат кызматтары;
(X) евразиялык өтүнмөлөрдү жана патенттерди жарыялоо;
(XI) Евразиялык патенттердин тизмеси;
(XII) Евразиялык ведомствонун бюллетени;
(XIII) Евразиялык патенттерди административдик жокко чыгаруу шарттары жана жол-жоболору;
(XIV) Евразиялык өтүнмөлөрдү улуттук өтүнмөлөргө кайра өзгөртүү;
(XV) бир нече ойлоп табуучу, өтүнүүчү, патент ээлери же өкүлдөр бар болгондо тиешелүү жоболорду колдонуу;
(XVI) Евразиялык ведомствонун өтүнүүчүлөр, патент ээлери, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана башка үчүнчү жактар менен байланышы жана көрсөтүлгөн жактарды Евразиялык ведомствонун документтери менен тааныштыруу тартиби.

V бөлүк

Патенттик кооперация жөнүндө келишимди колдонуу (РСТ)

20-статья. Патенттик кооперация жөнүндө келишимди колдонуу

Патенттик кооперация жөнүндө келишим жана ага Нускама Евразиялык патенттик системанын алкагында колдонулат, алардын ортосунда айырма болгон учурда ушул Конвенция жана Нускама биринчи колдонулат. Евразиялык ведомство алуучу ведомство, ошондой эле Патенттик кооперация жөнүндө келишимге ылайык көрсөтүлгөн жана тандалган ведомство болуп саналат жана Административдик кеңештин ыйгарым укугу боюнча көрсөтүлгөн Келишимге ылайык Эл аралык издөө органынын жана Эл аралык болжолдуу эксперттөө органынын статусун сурай алат.

VI бөлүк

Өтмө жоболор

21-статья Издөө. Коллегиялар

(1) Административдик кеңештин ыйгарым укугу боюнча Евразиялык ведомство, улуттук жана региондук патенттик ведомство Патенттик кооперация жөнүндө келишимге ылайык жүргүзүлүүчү ошол эле типтеги издөө техникасынын бардык же кээ бир тармактарындагы иштерин жүзөгө ашырууга жөндөмдүү болгон шартта, улуттук же региондук патенттик ведомство менен евразиялык өтүнмө боюнча убактылуу зарылчылык болуп турганда, ушундай улуттук же региондук ведомство тарабынан издөө жүргүзүү жөнүндө келишим түзө алат.
Караңыз. Ошону менен бирге Роспатент менен Евразиялык патенттик уюмдун Евразиялык патенттик ведомствонун ортосундагы ойлоп табууну укуктук коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу (Москва, 1998-ж. 1-декабры).

(2) Азырынча бул зарыл болуп турганда, 15(7) статьяда эскертилген үч эксперттен турган коллегия, ошондой эле Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук ведомстволору тарабынан сунушталган эксперттерден түзүлүшү дагы мүмкүн.

VII бөлүк

Ар түрдүү жоболор

22-статья. Улуттук патенттик системалардын көз карандысыздыгы

(1) Бул Конвенция кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекеттердин улуттук патенттерди берүү укугуна зыян келтирбейт.

(2) Бул Конвенция кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекеттердин ар кандай эл аралык уюмдарга өз алдынча катышуусу жана өнөр жай менчигин коргоо тармагында ар түрдүү эл аралык кызматташуу формаларын өнүктүрүүсү үчүн жолтоо болуп саналбайт.

23-статья. Конвенцияны кайра кароо

(1) Бул Ковенция каалаган учурда Келишим түзүүчү мамлекеттер тарабынан кайра карала алат.

(2) Конвенцияны кайра карап чыгуу максаттарында Келишим түзүүчү мамлекеттердин конференциясын чакыруу жөнүндө маселени Административдик кеңеш чечет.

24-статья. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу

Бул Конвенцияны түшүнүү же колдонуу маселелери боюнча кандайдыр-бир талаш-тартыштар пайда болгон учурда ИМБДУнун Генералдык директору талаш-тартышка катышып кайсы тараптын болбосун өтүнүчү боюнча тараптарды талаш-тартыштарды чечүүгө алып келүү үчүн ортомчу катары чыгат.

VIII бөлүк

Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр

25-статья. Патенттик маалыматтарды таратуу

(1) Ар бир Келишим түзүүчү мамлекет Евразиялык ведомствонун Бюллетенин жана евразиялык өтүнмөлөрдүн жана патенттердин сыпаттамаларын бекер алат.

(2) бул статьянын (1) пункттун эске алуу менен Евразиялык ведомствонун эч кандай жарыялоолору Административдик кеңештин уруксатысыз бекер таратылбайт.

IX бөлүк

Корутунду жоболор

26-статья. Кол коюу. Конвенциянын күчүнө кириши

(1) Бул Конвенцияга орус тилинде кол коюлат.

(2) Ушул Конвенциянын мүчөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун кайсы болбосун мүчө-өлкөсү үчүн, ошондой эле Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын жана Патенттик кооперация жөнүндө келишим менен байланышкан мамлекеттер үчүн ачык. Конвенциянын катышуучусу болуп калуу үчүн мамлекет Конвенцияга кол коюп, ратификациялык грамотасын сактоого тапшырууга, же кошулуу жөнүндө актысын сактоого тапшырууга тийиш.

(3) Бул Конвенцияга карата эч кандай эскертүүлөргө жол берилбейт.

(4) Ушул Конвенция аны ратификациялаган же ага кошулган биринчи үч мамлекетке карата ИМБДУнун Генералдык директоруна сактоого жогоруда аталган документтердин үчүнчүсү берилгенден кийин үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кайсы болбосун башка мамлекетке карата бул Конвенция өзүнүн ратификацияланган грамотасын, же кошулуу жөнүндө актысын сактоого тапшыргандан кийин үч айдан кийин күчүнө кирет.

27-статья. Конвенцияны жокко чыгаруу

Келишим түзүүчү кайсы мамлекет болбосун ИМБДУнун Генералдык директоруна жөнөтүлгөн билдирүү жолу менен бул Конвенцияны жокко чыгара алат. Жокко чыгаруу ИМБДУнун Генералдык директору билдирүүнү алган күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет.

28-статья. Депозитарий

ИМБДУнун Генералдык директору бул Конвенциянын депозитарийи болуп саналат.

Москва шаарында 1994-жылдын 9-сентябрында орус тилинде бир түп нускада түзүлгөн.

(кол коюулар)