34-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар

191-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча Бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө жалпы жоболор

1. Бажы органдары Кодекстин 52-главасына жана ушул главага ылайык, Кодекстин 124-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинде каралган интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чараларды көрөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чаралар укук ээсинин арызы боюнча, интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин, товардык белгилерин, тейлөө белгилерин жана товарлар чыккан жерлердин аталыштарын камтуучу товарларга карата көрүлөт.

192-берене. Укук ээсинин арыз берүүсү жана аны кароо тартиби

1. Укук ээси же анын кызыкчылыгын жактоочу жак (мындан ары – арыз ээси) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттер жасалганда, интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду деп эсептеген учурларда, тиешелүү интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

Арыз интеллектуалдык менчик объекттеринин бирине карата берилет.

2. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) укук ээси тууралуу, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе – өкүлү да тууралуу;

2) интеллектуалдык менчик объекти жөнүндө;

3) интеллектуалдык менчик объектине карата укукту Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын коргоосунун мөөнөтү жөнүндө;

4) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүшү же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттердин жүргүзүлүшү укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келе турган товарлар жөнүндө;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык, товарлардын коддору жөнүндө алгачкы төрт белгинин деңгээлинен кем эмес түрдө.

Арызга интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун бар экенин жана ал кимге таандык экенин ырастоочу документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарылдык болгон учурда – анын кызыкчылыгын коргоочу адамга укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.

Арыз ээси анын пикири боюнча интеллектуалдык менчик объектине карата укук ээсинин укугун бузуу фактысын ырастоого жарай турган товарлардын үлгүлөрүн жана (же) башка маалыматтарды арызга тиркеши мүмкүн.

3. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу декларантка, менчик ээсине, товарларды алуучуларга же башка жактарга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндөгү) тиркелет.

4. Арыз ээси берген маалыматтардын туура экенин текшерүү максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан берилген маалыматты ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Суралган документтер суроо-талап алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө арызды карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүү жөнүндө же арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талапты жөнөткөн учурда, көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт жооп алынганга чейин токтотуп турулат. Мында арызды кароонун жаппы мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш.

Кабыл алынган чечим жөнүндө бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.

Арыз ээсинен суралган документтер берилбеген учурда арыз чакыртып алынды деп эсептелет жана андан ары каралбайт, бул туурасында жазуу жүзүндө же электрондук формада арыз ээсине билдирилет.

6. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун арыз ээсине таандык экенин ырастабаса же арыз ээси анык эмес маалыматтарды берсе, интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

7. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда арыз ээси бул тууралуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.

8. Товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чыгымдарды камсыздоодо арыз ээси бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү тууралуу чечимди алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин берүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу суммасы 7000 (жети миң) эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.

Арыз ээси интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү мөөнөтүнө камсыздандыруу келишимин берүү боюнча чараларды көрөт.

193-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.

3. Бажы реестрине бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчик объекттери киргизилет.

4. Интеллектуалдык менчик объекти бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:

1) арыз ээси жазуу жүзүндө кайрылганда;

2) интеллектуалдык менчик объектин коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн жыйым төлөнбөгөндө;

3) интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулганда.

5. Төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө жол берилет:

1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) – интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматты же аларга тиркелген документтерди өзгөртүү тууралуу;

2) кызыкдар жактардан – соттун чечими күчүнө киришинин негизинде интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестринде укук ээси катары көрсөтүлгөн жактардын интеллектуалдык менчик объектине укугу чектелгендиги же мындай укугунан ажыратылгандыгы тууралуу.

Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

194-берене. Интеллектуалдык менчик обьекттерине карата укуктарды бажы органдары тарабынан коргоо мөөнөтү

Бажы контролу жүзөгө ашырылып жатканда коргоону колдонуунун мөөнөтү интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чыккан күндөн тартып, арызга тиркелген документтерди колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле арызда укук ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алганда эки жылдан ашпайт.

Укуктарды коргоону колдонуунун мөөнөтү арыз ээсинин арызынын негизинде, ушул главанын талаптары аткарылган шартта ар бир жолу эки жылга чектелбеген санда узартылышы мүмкүн. Коргоону колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз ээси 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым төлөөгө милдеттүү.

Укук ээсинин интеллектуалдык менчик объектине карата укуктарын бажы органдары тарабынан коргоонун мөөнөтү укук ээсинин тиешелүү интеллектуалдык менчик объектине карата айрыкча укуктарын колдонуунун мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.