Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө»

Бишкек шаары

1998-жылдын 13-июну N 79

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
КР 2015-жылдын 12-январындагы № 4 Мыйзамы менен киргизилген
өзгөртүүлөр жана толуктоолор 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык
бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2006-жылдын 8-августундагы N 155, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын патенттери берилген селекциялык жетишкендиктерди түзүүгө, пайдаланууга жана укуктук коргоого байланыштуу келип чыккан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес мамилелер жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын күч-аракети бардык ботаникалык жана зоологиялык урууларга, түрлөргө таралат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

селекциялык жетишкендиктин автору (селекциячы) – чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендикти түзгөн адам;

тукум – коргоого жөндөмдүүлүгүнө карабай генетикалык жактан шартталган биологиялык жана морфологиялык касиеттерге жана белгилерге ээ болгон жаныбарлар тобу; ошондой болсо да, алардын кээ бирлери ошол топ үчүн мүнөздүү болушат жана аны жаныбарлардын башка түрлөрүнөн айырмалашат. Тукум ургаачы же эркек жаныбар же асыл тукумдук материал түрүндө болушу мүмкүн. Тукумдун корголо турган категориялары: тип, заводдук сызык, кросс сызыгы жана тукумдаштар болуп саналат.

асыл тукум жаныбар – тукум алуу үчүн калтырылган жаныбар;

асыл тукумдук материал – асыл тукум жаныбар, анын гаметалары же зиготалары (эмбриондор);

селекциялык жетишкендик – өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму;

корголуучу селекциялык жетишкендик – корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму;

сорт – белгилүү класстардын ичинен төмөнкү бир эле ботаникалык таксондун чегиндеги, коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттарын толук канааттандырган-канааттандырбагандыгына карабай, ошол генотипти же генотиптер айкалышын мүнөздөөчү белгилер менен аныкталышы мүмкүн болгон, ошол эле ботаникалык таксондогу өсүмдүктөрдүн бөлөк топторунан болбоду дегенде бир белгиси менен айырмаланган, өзгөргүс бир бүтүн өсүмдүктөр сортун алуу үчүн жарактуулук көз карашынан алганда бирдиктүү деп эсептелиши мүмкүн болгон өсүмдүктөр тобу.

Сорттун корголуучу категориялары: клон, сызык, биринчи муундагы аргын, популяция болуп саналат;

үрөн – сортту өстүрүп алуу үчүн колдонулган өсүмдүктөрдүн генеративдик жана вегетативдик органдары;

өсүмдүк материалы – сортту кайрадан өстүрүүдөн айырмаланган, башка максаттарда көбөйтүп чыгарууга же сатууга арналган бүтүндөй өсүмдүк же өсүмдүктүн бир бөлүгү, үрөндөр, көчөттөр, отургузулуучу уруктар, ар кандай өсүмдүктөрдүн жемиштери;

контрафакттык селекциялык жетишкендик – селекциялык жетишкендик, аны көбөйтүү жана (же) коммерциялык пайдалануу патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузууга алып келет.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Селекциялык жетишкендикти укуктук коргоо

Селекциялык жетишкендикке карата укук ушул Мыйзам менен корголот жана селекциялык жетишкендикке карата патент менен ырасталат. Патент селекциячынын автордугун, селекциялык жетишкендиктин приоритетин, селекциялык жетишкендикти пайдаланууга патент ээсинин өзгөчө укуктуулугун күбөлөндүрөт.

Селекциялык жетишкендикке карата патент тарабынанм берилген укуктук коргоонун көлөмү селекциялык жетишкендиктин баянында жазылган олуттуу белгилердин жыйындысы менен аныкталат.

3-статья. Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Селекциялык жетишкендиктердин коргоо жөндөмдүүлүгүнүн маселелери боюнча талаш-тартыштарды алгачкы карап чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте Апелляциялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.

Селекциялык жетишкендиктердин айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноосунун негизинде алардын коргоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат.

Жаныбарлардын зоологиялык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегин, copтторунун үрөндөрүн ишкананын аймагында жеке пайдалануу үчүн эки жыл өстүрүүгө уруксат берилген Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм
 Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттары жана патент алууга өтүнмөнү толтуруу жол-жобосу

4-статья. Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттары

Патент коргоого жөндөмдүүлүгүнүн белгиленген чендерине туура келген жана ботаникалык жана зоологиялык урууларга жана түрлөргө кирген селекциялык жетишкендикке берилет.

Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн сынактары төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) жаңылыктуулук.

Эгерде патент алууга өтүнмө берилген датага карата ошол селекциялык жетишкендиктин үрөнү же асыл тукумдук материалы селекциячы, анын укук мурастоочусу тарабынан же алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендикти: Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн-бул датадан бир жыл мурда;

башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн-төрт жыл мурда же эгерде ал жүзүмгө, декорациялык бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө тийиштүү болсо көрсөтүлгөн датадан алты жыл мурда башка адамдарга сатылбаса жана башкача түрдө берилбесе селекциялык жетишкендик жаңы деп эсептелет.

Эгерде сорттун же тукумдун кандай материалын болсун сатуу-берүү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин башка адамдар тарабынан:

өтүнмө берүүчүгө атайылап зыян келтирүү максатында;

патент алууга укуктуулугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту, тукумду көбөйтүү үчүн, мындай жөнөтүүлөр өтүнмө берүүчүнүн контролдугу астында жүргүзүлгөн шартта, өтүнмө берүүчүнүн макулдугу менен кошумча материал жөнөтүүнү жүргүзө турган келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту же тукумду сыноо боюнча талаадагы сыноолорду же лабораториялык изилдөөлөрдү же контролдук сыноолорду жүргүзө турган келишимди аткарууда жасалса, селекциялык жетишкендиктин жаңылыктуулугу жоготулбайт;

2) Айырмалуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпыга белгилүү болгон селекциялык жетишкендиктин кайсынысынан болбосун өтө айырмаланып турса, айырмалуу деп эсептелинет.

Жалпыга белгилүүлүк селекциялык жетишкендикке карата төмөндөгүчө белгилениши мүмкүн:

– жогоруда аталган максаттар үчүн көбөйтүү, сактоо максаттарында аны өндүрүүнүн, кайра өндүрүүнүн, себүү кондициясына жеткирүүнүн натыйжасында билимдин жалпы белгилүү деңгээлинин бир бөлүгү болуп калган;

– сатууга сунуш кылынган, сатылган, ташылып кеткен же ташып келинген;

– расмий каталогдорго, маалымдама фондуларына киргизилген же жарыялоолордун биринде так сыпатталган, же болбосо Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилген учурларда;

3) бир түрдүүлүк.

Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү болушса, бир түрдүү деп эсептелет;

4) туруктуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде бир канча жолу көбөйтүлгөндөн кийин же көбөйтүүнүн өзгөчө цикли учурунда, көбөйтүүнүн ар бир циклинин аягында анын негизги белгилери өзгөрбөгөн бойдон калса, туруктуу деп эсептелет.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

5-статья. Патент алууга өтүнмө берүүгө укуктуу адамдар

Патент алууга өтүнмө берүү (мындан ары – өтүнмө) укугуна селекциячы, иш берүүчү же алардын мурас жолдоочусу (мындан ары – өтүнмө берүүчү) ээ болот.

Эгерде селекциялык жетишкендик бир нече адамдар тарабынан биргелештикте түзүлсө, аларга өтүнмөнү бирге берүү укугу берилет.

Өтүнмө, ишеним катка ылайык патент алууга байланышкан иштерди жүргүзгөн ишенимдүү адам аркылуу берилиши мүмкүн.

Башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жерлери же турган жери жок жеке же юридикалык жактары патент алуу жана аны күчүндө кармоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү адамдары аркылуу жүргүзүшөт.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы жана айыл чарба, мелиорация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемеде иштеген бүткүл мезгилдин ичинде селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө берүүгө укуксуз болушат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Кызматтык тартипте түзүлгөн селекциялык жетишкендик

Эгерде селекциялык жетишкендик кызматтык тапшырманы же кызматтык милдеттерди аткарууда түзүлсө, анда өтүнмө берүү укугу, эгерде селекция менен иш берүүчүнүн ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө таандык болот.

Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүдө селекциячы:

ээлеген кызматына тиешелүү милдеттерин аткарса;

селекциялык жетишкендикти түзүү максатында ага атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарса, ал жетишкендик кызматтык тартипте түзүлгөн деп эсептелет.

Эгерде иш берүүчү селекциячы ага түзүлгөн селекциялык жетишкендик жөнүндө маалымдаган датадан тартып төрт айдын ичинде өтүнмө бербесе же өтүнмө берүү укугун башка адамга бербесе, селекциячы өтүнмө берүүгө жана патентти өз атына алууга укуктуу болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине-авторго келишимдик негизде аныкталуучу компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укуктуу болот.

Эгерде селекциялык жетишкендик кызматкер тарабынан иш берүүчүнүн тажрыйбасын, материалын, техникалык жана башка каражаттарын пайдалануу менен, бирок кызматкердин кызматтык милдеттерин же иш берүүчүнүн айкын-ачык тапшырмасын аткаруусу менен байланышсыз түзүлсө, патент алуу укугу кызматкерге таандык болот. Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине келишимдик негизде аныкталган компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти приоритеттик пайдалануу укугуна ээ болот.

Кызматкердин селекциялык жетишкендикти түзүүсүнө байланыштуу келип чыгуучу башка мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-1-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн селекциялык жетишкендик

Эгерде селекциялык жетишкендик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлсө, анда селекциялык жетишкендикке табыштама берүү жана патент алуу укугу аткаруучуга (ишти көтөрүүчү) тийиштүү, эгерде анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы чыкса жана бул укук Кыргыз Республикасына тийиштүү экендиги мамлекеттик контракт менен белгиленбесе.

Эгерде мамлекеттик контрактка ылайык, патент алуу укугу Кыргыз Республикасына тийиштүү болсо, мамлекеттик тапшырыкчы селекциялык жетишкендик катарында укуктук коргоого жөндөмдүү чен-өлчөм алуу жөнүндөгү аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу түрүндөгү анын кабарламасы жиберген учурунан баштап, алты айдын ичинде патент алууга табыштама бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы табыштама бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда селекциялык жетишкендиктерге ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык патентти мамлекеттик эмес тапшырыкчы алган учурда, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талап кылуусу боюнча анын көрсөткөн жагына (жактарына) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн иштерди аткаруу же продукцияны жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу максатында ушул селекциялык жетишкендиктерди пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн лицензия берүүгө милдеттүү.

Патент ээси болуп саналбаган, селекциялык жетишкендиктин авторуна ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, патент алган жак аркылуу сыйакы төлөнөт. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 22-статьясынын жоболору колдонулат.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Патент алууга өтүнмө берүү

Патент алууга өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.

Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) арызды;

2) сорттун, тукумдун сыпаттамасын:

өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн – сорттун анкетасын;

жаныбарлардын тукумдары үчүн – айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча алардын колдонулуудагы усулга ылайык сыпаттамасын;

3) өтүнмө берүү үчүн тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу же өтүнмө берүү үчүн алымды төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз берүүчү документти.

Өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Селекциялык жетишкендикке өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары – Эрежелер) менен белгиленет.

Өтүнмө бир селекциялык жетишкендикке таандык болууга тийиш.

Өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган датага чейин каалаган учурда өтүнмөнү кайра чакыртып алууга укуктуу.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Селекциялык жетишкендиктин аталышы

Селекциялык жетишкендиктин анын уруулук тегин көрсөткөн аталышы болууга тийиш.

Селекциялык жетишкендиктин аталышы селекциялык жетишкендикти идентификациялоого мүмкүндүк берүүгө, кыскача болууга, ошондой эле же ага жакын ботаникалык, же зоологиялык уруунун болгон селекциялык жетишкендиктеринин аттарынан айырмаланууга тийиш. Ал жалаң цифралардан турбоого, селекциялык жетишкендиктин касиеттери, теги, мааниси, селекциячынын инсандыгы жагында адаштырбоого, коомдук адептүүлүктүн принциптерине каршы келбөөгө тийиш.

Селекциялык жетишкендикти пайдаланган кандай адам болсун, Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде ал кандай аталышта катталса, ошол аталышты колдонууга тийиш.

Эгерде селекциялык жетишкендиктин аталышы ушул статьянын талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө берүүчү аны Эрежелерде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө милдеттүү. Селекциялык жетишкендиктин аталышын өтүнмө берүүчүнүн демилгеси боюнча өзгөртүү үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

Сорт, тукум башка өлкөлөрдө Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган аталышында сунушталууга тийиш. Башка өлкөнүн компетенттүү органы селекциялык жетишкендиктин сунушталган аталышын, эгерде мындай аталыш анын аймагында кабыл алынбайт деп эсептебегенде гана каттайт. Кабыл алынбайт деп эсептеген учурда ал селекциячыдан башка аталышты сунуштоону талап кылышы мүмкүн.

Көрсөтүлгөн аймакта корголуучу селекциялык жетишкендикти сатыкка коюучу же аны башка өлкөлөргө сатуу-берүүнү жүзөгө ашыруучу ар кандай адам, эгерде ушул статьянын жетинчи бөлүгүнө ылайык мурда алынган укук мындай пайдаланууга тоскоолдук келтирбегенде гана, ушул селекциялык жетишкендиктин аталышын бул селекциялык жетишкендикке селекциячынын патентинин же укугунун мөөнөтү бүткөндөн кийин да пайдаланууга милдеттүү.

Үчүнчү жактардын мурда алынган укуктарына кол тийгизилбейт. Эгерде ушул статьянын алтынчы бөлүгүнө ылайык аны пайдаланууга милдеттүү болгон адамдын мурда алынган укуктун күчүнөн улам сорттун, тукумдун кандайдыр бир аталышын пайдалануусуна тыюу салынса, өтүнмө берүүчү ошол сорт, тукум үчүн башка аталыш берүүгө милдеттүү.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Селекциялык жетишкендиктин приоритеттик укугу

Селекциялык жетишкендиктин приоритети патент алууга өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.

Эгерде бир күндө бир эле селекциялык жетишкендикке эки (же андан көп) өтүнмө келип түшсө, приоритет мурдараак жөнөтүлгөн өтүнмөнүн датасы боюнча белгиленет. Эгерде экспертиза бул өтүнмөлөр бир эле датада жөнөтүлгөндүгүн аныктаса, патент мурдараак катталуу номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилиши мүмкүн.

Селекциялык жетишкендиктин приоритети, эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн датадан тартып он эки айдын ичинде келип түшсө, өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишим менен байланышкан чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн.

Биринчи өтүнмөнүн негизинде приоритет укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө берүүчү аны өтүнмө берүүдө көрсөтүүгө милдеттүү. Аларды алган орган тарабынан баштапкы өтүнмө материалдарынын ырасталган көчүрмөлөрү, ошондой эле эки өтүнмөнүн тең предмети болгон селекциялык жетишкендик бир эле нерсе экендигинин үлгүлөрү же башка далилдери үч айдын ичинде берилет.

Өтүнмө берүүчүгө приоритет бүткөндөн кийин же биринчи өтүнмө четке кагылган же кайра алынган учурларда, экспертиза максаттары үчүн талап кылынган зарыл болгон маалыматты, документтерди же материалдарды берүү үчүн жетиштүү убакыт (мындай четке кагуудан же кайра алуудан кийин) берилет.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүм
 Селекциялык жетишкендиктин экспертизасы

10-статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы

Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы алдын ала экспертизаны жана билдирилген селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолорду камтыйт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

11-статья. Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы

Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы ал берилгенден кийин эки айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган документтердин бар экендиги, селекциялык жетишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8-статьясынын талаптарына ылайык келиши текшерилет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгы белгиленет.

Алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнөт.

Өтүнмө берүүчү өтүнмө берген күндөн тартып жана өтүнмөнүн карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлаганга чейин өтүнмө ээси билдирилген селекциялык жетишкендиктин маани-маңызын өзгөртпөстөн, алым төлөнгөн болсо, өз демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарын толукташы, оңдошу же тактоосу мүмкүн.

Эгерде өтүнмө аны жол-жоболоштурууга жана түзүүгө карата белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе же экспертизанын максаттары үчүн кошумча материалдар талап кылынса, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде оңдолгон же жок материалдарды берүү жагы сунуш кылынат.

Эгерде алдын ала экспертизанын жүрүшүндө селекциялык жетишкендиктин аталышы белгиленген талаптарга дал келбей турганы аныкталса, өтүнмө ээсине кабарлама жиберилет, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде башка аталышты берүү жагы сунуш кылынат.

Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган суроо-талапка же кабарламага жооп берүү мөөнөтү алты айга чейин узартылат.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды бербесе, селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртпөсө же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнмө бербесе, өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат.

Алдын ала экспертиза оң жагына чечилгенде өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарланат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнү жарыялоо

Өтүнмө жөнүндө маалыматтар селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы аяктаган датадан тартып төрт айдан кечиктирбестен расмий бюллетенде жарыяланат. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин ар кандай адам анын материалдары менен таанышууга укуктуу. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

Эгерде жарыяланган датага чейин патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса, же ал кайра чакыртып алынса, же болбосо даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн, ал боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланбайт.

Селекциялык жетишкендиктин автору, эгерде ал патент ээси болбосо, өтүнмө жөнүндө жарыяланган маалыматтарда автор катары аталуудан баш тарта алат.

Өтүнмө жарыяланган датадан тартып алты айдын ичинде анын жаңылыгына карата ар кандай таламдаш адамдын дооматы эске алынат.

Дооматты таламдаш адам каршы пикир түрүндө Апелляциялык кеңешке берет. Каршы пикир берүү жана кароо үчүн алым төлөнөт.

Каршы пикир боюнча Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда, ар бир тарап чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо арызын бере алат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо

Өтүнмө жарыяланган датадан тартып жана патент берилген датага чейинки мезгилге карата өтүнмө берүүчүгө селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо берилет.

Патент алгандан кийин патент ээси, селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо мезгилинде өтүнмө берүүчүнүн уруксатысыз ушул Мыйзамдын 24-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди жасаган адамдан компенсация алууга укуктуу болот.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

14-статья. Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо

Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

Сортко сыноолорду жүргүзүү үчүн алым төлөнөт.

Өтүнмө ээси экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылган материалдар менен таанышып, сыноолордун жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат.

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу жана өткөрүлгөн мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимге макул болбосо ал Апелляциялык кеңешке өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн жана сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүгө укуктуу.

(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Апелляциялык кеңешке каршы пикир бергендиги үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

Апелляциялык кеңештин чечимине карата өтүнмө ээси кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттанышы мүмкүн.

Ушул Мыйзамдын 11-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр жүйөлүү себептер болгондо жана алым төлөнгөндө калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV бөлүм
 Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

16-статья. Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

Патент берүү жөнүндө чечим чыгарылгандан жана тийиштүү алым төлөнгөндөн кийин селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталат.

Алым өтүнмө берүүчү экспертизанын селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндөгү чечимин алган датадан тартып эки айдын ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча алым төлөнгөн шартта төлөнөт.

Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтарды киргизүү тартибин жана алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Селекциялык жетишкендиктин патенти өтүнмө берүүчүгө берилет. Эгерде патент алуу жөнүндөгү өтүнмөдө бир нече өтүнмө берүүчүлөр көрсөтүлсө, патент өтүнмөдө биринчи көрсөтүлгөн өтүнмө берүүчүгө берилет жана өтүнмө берүүчүлөр тарабынан алардын ортосундагы макулдашуу боюнча бирге пайдаланылат.

(Бешинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Алтынчы бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Патент ээси болбогон селекциялык жетишкендиктин авторуна ушул Мыйзамдын 21-статьясына ылайык автордун күбөлүгү берилет.

Патент ээсинин талабы боюнча берилген патентке айкын-ачык жана техникалык жаңылыштыктарга оңдоолор киргизилет.

Патент жоголгон же ага зыян келтирилген учурда патент ээсине тийиштүү алым төлөнгөн шартта дубликат берилет.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Патентти колдонуу мөөнөтү

Селекциялык жетишкендикке патентти колдонуу мөөнөтү өтүнмө берилген селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып жыйырма беш жылды түзөт.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

18-статья. Патентти күчүндө сактоо

Патент ээси патентти күчүндө сактоо үчүн жыл сайын алым төлөөгө милдеттүү. Патент берилген календардык жылдан кийинки биринчи жыл жыл сайын төлөнүүчү алым төлөөнүн биринчи жылы болуп саналат.

19-статья. Патент жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Патент берүү жөнүндө маалыматтар Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып эки айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

20-статья. Патенттик алымдар

Селекциялык жетишкендикке өтүнмө берүү үчүн, экспертиза өткөрүү жана селекциялык жетишкендикке патент берүү үчүн, аны күчүндө сактоо үчүн, ошондой эле башка юридикалык жактан маанилүү аракеттер жасоо үчүн алым алынат.

Жасалгандыгы үчүн алым алынган аракеттердин тизмеси, алардын өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн азайтуунун же алымдарды кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы N 259 “Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн пошлиналардын Жобосун бекитүү тууралуу” токтому

Алымдар өтүнмө берүүчү, патент ээси же алар менен макулдашуу боюнча ар кандай жеке жана юридикалык жактар тарабынан төлөнүп берилет.

(Төртүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V бөлүм
 Селекциялык жетишкендиктин авторунун укуктары

21-статья. Селекциялык жетишкендиктин автору

Чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендик түзүлгөн жеке адам селекциялык жетишкендиктин автору катары таанылат. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүгө бир нече адам катышса, алардын бардыгы авторлоштор катары эсептелет. Авторлошторго таандык укуктарды пайдалануу тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

Сортту, тукумду түзүүгө жекече салым кошпогон, авторго (авторлорго) болгону техникалык, уюштуруучулук же материалдык жардам көрсөткөн, же селекциялык жетишкендикке карата укуктарды толтурууга көмөк көрсөтүшкөн гана адамдар авторлоштор катары таанылбайт.

Селекциячынын авторлугун ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Селекциялык жетишкендиктин авторуна, ажыратылгыс жекече мүлктүк эмес укук болгон жана мөөнөтсүз корголуучу автордук укук таандык болот. Автордук жөнүндөгү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

Селекциялык жетишкендиктин автору эмес патент ээси менен патент ээси эмес автордун ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

Автор патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу.

Автордун күбөлүгү жоголгон же ага зыян келтирилген учурда авторго тийиштүү алым төлөнгөн шартта дубликат берилет.

(Сегизинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Патент ээси болбогон, селекциялык жетишкендиктин авторуна сый акы төлөө

Патент ээси болуп эсептелбеген, селекциялык жетишкендиктин автору патент ээсинен өзү түзгөн селекциялык жетишкендикти пайдалангандык үчүн патент колдонулган мөөнөт ичинде сый акы алууга укуктуу болот. Акынын өлчөмү жана аны төлөө шарттары патент ээси менен автор ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат.

Эгерде сорт, тукум бир нече авторлор тарабынан түзүлсө, акы алар ортосундагы макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт.

Тараптар ортосунда акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө макулдашууга жетишилбесе, талаш-тартыш сот тартибинде каралат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI бөлүм
 Патент ээсинин укуктары жана милдеттери

23-статья. Патент ээси

Патент алуу укугу:

селекциялык жетишкендиктин авторуна (авторлоруна);

ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларда иш берүүчүгө;

алардын укук мураскоруна, анын ичинде өткөрүп берүү тартибинде тийиштүү укук алган адамга таандык болот.

24-статья. Патент ээсинин укуктары

Патент ээсине селекциялык жетишкендикти пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.

Патент ээсинин өзгөчө укугу корголуучу селекциялык жетишкендиктин үрөн, асыл тукумдук материалы менен төмөндөгүдөй аракеттерди:

өндүрүүнү жана кайра өндүрүүнү;

кийинки көбөйтүү үчүн эгүү кондициясына жеткирүүнү;

сатууга сунуш кылууну;

сатууну жана сатып-өткөрүүнүн башка түрлөрүн;

Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууну;

Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү;

жогоруда саналып өткөн максаттарда сактоону жүзөгө ашыруу укугун билдирет.

Патентке карата укук жана патенттен улам келип чыккан селекциялык жетишкендикти пайдаланууга карата укук патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим же лицензиялык келишим боюнча ар кандай жеке же юридикалык жакка берилиши мүмкүн.

Патент ээсинин өзгөчө укугу ошондой эле патент ээсинин уруксатысыз чарбалык жүгүртүүгө киргизилген өсүмдүк материалдарына жана коргоого алынган сорттун өсүмдүк материалынан жасалган товардык продукцияга да жайылтылат.

Патент ээсинин уруксаты ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган:

эгерде бул корголуучу сорт же тукум өз кезегинде башка селекциялык жетишкендиктердин белгилерин олуттуу түрдө мурастаган селекциялык жетишкендиктер болушпаса, корголуучу сорттун (баштапкы сорттун), тукумдун (баштапкы тукумдун) белгилерин олуттуу түрдө мурасташкан;

корголуучу сорттон, тукумдан айкын айырмаланбаган;

үрөн өндүрүү үчүн корголуучу сортту көп жолу пайдаланууну талап кылган үрөндөр, асыл тукум материалы менен аракеттерди жасоо үчүн зарыл болот.

Башка баштапкы корголуучу селекциялык жетишкендиктин белгилерин олуттуу түрдө мурастоочу селекциялык жетишкендик катары, баштапкыдан айкын айырмалануу менен:

баштапкы селекциялык жетишкендиктин же баштапкы селекциялык жетишкендиктин олуттуу белгилерин өзү мурастаган селекциялык жетишкендиктин эң жалпы олуттуу белгилерин мурастаган, мында селекциялык жетишкендиктин генотибин же генотиптер тобун чагылдыруучу негизги белгилерди сактап калган;

баштапкы сорттон, тукумдан жекече тандап алуу, индуцирияланган мутанттан тандап алуу, ген инженериясы сыяктуу ыкмаларды колдонуудан улам келип чыккан чектөөлөрдөн бөлөк, баштапкы селекциялык жетишкендиктин генотибине же генотиптеринин тобуна ылайык келген селекциялык жетишкендик катары таанылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

25-статья. Патент ээсинин укуктарын бузуу катары таанылбаган аракеттер

Патент ээсинин төмөндөгүдөй аракеттери укук бузуу катары таанылбайт:

керт башы үчүн жана коммерциялык эмес максаттарда жасалган аракеттер;

эксперименттик максаттарда жасалган аракеттер;

коргоого алынуучу сортту, тукумду ушул Мыйзамдын 24-статьясынын бешинчи бөлүгүндө каралган учурлардан башка учурда, жаңы селекциялык жетишкендикти түзүү үчүн баштапкы материал катарында пайдалануу боюнча аракеттер, мындай селекциялык жетишкендиктерге карата ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттер;

дыйкан (фермердик) чарба тарабынан алынган өсүмдүк материалын өзүнүн ишканасынын аймагында сортту өстүрүү үчүн үрөн катары ушул ишкананын эки жыл бою пайдаланышы.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегине ылайык колдонулат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Селекциялык жетишкендикти сактоо

Патент ээси патент күч-аракеттеринде болгон мөөнөт ичинде сортту, тукумду, алар корголуучу селекциялык жетишкендиктерди мамлекеттик реестрде катталган датадагы сорттун, тукумдун баяндалышында көрсөтүлгөн белгилери сакталгандай кармоого милдеттүү.

(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII бөлүм
 Патент ээсинин укуктарын коргоо

27-статья. Патент ээсинин укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамда каралган патент ээсинин укуктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

Эгерде бул лицензиялык келишимде каралса, патентти бузуучуга лицензия алуучу да талаптар коюшу мүмкүн.

Патент ээсинин өзгөчө укуктарына карата ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган, анын ичинде патент ээсинин уруксатысыз Кыргыз Республикасына үрөн, асыл тукум материалын алып келген жеке же юридикалык жак патент бузуучу, ал эми селекциялык жетишкендик – контрафакттык болуп саналат.

Мындай селекциялык жетишкендиктер мыйзам тарабынан эч качан корголбогон же корголбой калган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү, бирок ушул Мыйзам тарабынан корголгон селекциялык жетишкендиктер да контрафакттык деп таанылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

28-статья. Патент ээсинин укуктарын коргоо

Патент ээси укук бузуучудан:

а) патент ээсинин укуктарын таанууну;

б) укуктар бузулганга чейин өкүм сүргөн жоболорду калыбына келтирүүнү жана укуктарды бузуучу же аны бузуу үчүн коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну;

в) чыгашалардын, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруп берүүнү;

г) чыгашалардын ордун толтуруунун ордуна патент ээсинин укуктарын бузуунун натыйжасында укук бузуучу алган кирешени өндүрүп алууну;

д) өздөрүнүн укуктарын коргоого байланышкан, башка ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу.

Ушул статьянын “в” жана “г” пункттарында көрсөтүлгөн чаралар патент ээсинин тандап алуусу боюнча колдонулат.

Патент ээси өз укуктарын коргоо үчүн сотко, ошондой эле алардын компетенцияларына ылайык тергөө органдарына кайрылууга укуктуу.

Контрафакттык үрөн, асыл тукум материал соттун чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган контрафакттык үрөн, асыл тукум материал патент ээсинин суроосу боюнча алар патент ээсине берилген учурлардан бөлөктө жок кылынууга тийиш.

Патент ээсинин укуктарынын бузулушу жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгондо тергөө органы же сот контрафакттык деп болжолдонгон селекциялык жетишкендикти издөө жана ага камак салуу үчүн чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

VIII бөлүм
 Патентти жараксыз деп таануу, патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу, патенттин колдонулушун калыбына келтирүү

(Бөлүмдүн аталышы КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

29-статья. Патентти жараксыз деп табуу

Патент жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып ар кандай адам патентти жараксыз деп таянуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикир менен кайрыла алат. Патентти жараксыз деп таануу жөнүндө каршы пикирди берүү жана кароо үчүн алым төлөнөт.

(Экинчи бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Патент:

эгерде патент берүү датасына карата селекциялык жетишкендик жаңылыктуулук, бир түрдүүлүк, туруктуулук же айырмалуулук шарттарына ылайык келбесе;

эгерде патентте патент ээси катары көрсөтүлгөн адам патент алуу үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбосо жараксыз деп табылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

30-статья. Патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Патенттин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

эгерде патент ээси белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө сактоо үчүн алым төлөбөсө;

эгерде патент ээси суроо-талап боюнча белгиленген мөөнөт ичинде селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн үрөндү, асыл тукум материалын, документтерин жана башка маалыматтарды бербесе же селекциялык жетишкендикти жеринде инспекциялоону жүргүзүү үчүн шартты камсыз кылбаса;

эгерде селекциялык жетишкендик бир түрдүүлүк жана туруктуулук шарттарына андан ары ылайык келбей калса жоюлат.

Патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

30-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин колдонуу укугу

Патентти колдоо үчүн патенттик алымдын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке карата патенттин колдонулушу патент таандык болгон адамдын өтүнмөсү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн. Мындай өтүнмө өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна аталган патенттик алымын төлөгөн күндөн тартып 5 жыл ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмөгө патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү патенттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ тиркелүүгө тийиш.

Патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.

Патенттин колдонуу мөөнөтү токтотулган күн менен патенттин колдонулушунун калыбына келтирилгендиги жөнүндөгү маалымат расмий бюллетенинде жарыяланган күндүн ортосунда патенттелген селекциялык жетишкендикти Кыргыз Республикасынын аймагында иштете баштаган, же болбосо аталган мезгилде буга карата даярдыктарды көргөн ар кандай адам мындай пайдалануунун көлөмүн (кийин пайдалануу укугун) кеңейтпей туруп аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат.

Кийин пайдалануу укугу бул селекциялык жетишкендикти колдонгон же бул даярдыкка карата керек болгон нерселер жасалган жердеги биргелешкөн өндүрүштөгү жеке же юридикалык жакка гана берилиши мүмкүн.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө саналып өткөн укуктар кайсы бир адамга аталган иш-аракеттерди жасоого лицензия берүүнү камтыбайт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-статья. Апелляциялык кеңешинин чечимдерине даттануу

Апелляциялык кеңештин патент берүү же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө, патентти жараксыз деп табуу жөнүндө чечимине өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттана алат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IX бөлүм
 Лицензиялар

32-статья. Лицензиялык келишим

Лицензиялык келишим (өзгөчө же өзгөчөлүксүз лицензия) боюнча патент ээси (лицензия берүүчү) селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугун башка адамга (лицензия алуучуга) берилүүчү укуктарын келишимде шартталган көлөмүндө, мөөнөттөрдө, аймакта жана төлөө тартибинде өткөрүп берет.

Өзгөчөлүксүз лицензияны өткөрүп берген учурда лицензия алуучуга селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугу лицензиялык келишимде каралган мөөнөткө жана өткөрүлүп берилген укуктардын көлөмүнүн чектеринде берилет. Өзгөчөлүксүз лицензия берүү лицензия берүүчүгө үчүнчү жактарга лицензия берүүгө же селекциялык жетишкендикти өзү пайдаланууга тоскоолдук кылууга тийиш эмес. Лицензия лицензия алуучу тарабынан үчүнчү жактарга өткөрүлүп берүүгө тийиш эмес. Лицензия алуучу сублицензиялар берүүгө укуктуу болбойт.

Өзгөчө лицензияны өткөрүп берген учурда лицензия алуучуга селекциялык жетишкендикти макулдашылган шарттарда, аймакта жана эскертилген мөөнөт ичинде пайдаланууга өзгөчө укук берилет. Өзгөчө лицензия берүүдө лицензия берүүчү селекциялык жетишкендикти пайдаланууга, ошондой эле ошол аймакта үчүнчү жактарга лицензия берүүгө укуксуз болот. Лицензия алуучу лицензия берүүчү менен макулдашылган шарттарда үчүнчү жактарга сублицензиялар берүүгө укуктуу болот.

Лицензия алуучуга, ага патент тарабынан берилүүчү укуктардан келип чыкпаган чектөөлөрдү жүктөгөн же патентти сактоо үчүн зарыл болуп саналбаган лицензиялык келишимдин шарттары жараксыз болот.

Лицензиялык келишим, патент берүү жөнүндөгү келишим интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат, ансыз алар жараксыз деп эсептелинет. Каттоо жөнүндө маалыматтар Расмий бюллетенде жарыяланат. Лицензиялык келишимди, патент берүү жөнүндөгү келишимди каттаткандыгы үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

33-статья. Ачык лицензия

Патент ээси расмий бюллетенинде өтүнмөде шартталган төлөмдөр төлөнгөн шартта бул жөнүндө патент ээсине маалымдалган датадан тартып, ар кандай жак анын селекциялык жетишкендигин пайдаланууга укуктуу экендиги жөнүндө билдирүү жарыялай алат.

Патентти күчүндө сактоо үчүн алымдын өлчөмү ачык лицензия берүү жөнүндө өтүнмө жарыяланган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып 50 процентке төмөндөтүлөт.

Төлөмдөрдүн өлчөмүн көрсөтүү менен ачык лицензия берүү жөнүндө маалыматтар жана ачык лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет.

(Төртүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ачык лицензиянын күч-аракетин токтотуу жөнүндө арыз берүү үчүн жана расмий бюллетенде ачык лицензиянын күч-аракетин токтотуу тууралу маалыматтарды жарыялоо үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Мажбурлоочу лицензия

Эгерде патенттин ээси же ага карата укукту өткөрүп алган жак патент берилген күндөн тартып үч жыл ичинде өлкөнүн айыл чарбасы үчүн турмуштук өтө маанилүү болгон селекциялык жетишкендикти пайдаланбаса жана рынокту жетиштүү деңгээлдеги үрөн менен камсыз кылбаса, ошону менен бирге таламдаш жак менен макулдашуу түзүүдөн баш тартса, акыркы аталган жак бул селекциялык жетишкендикти пайдалануу боюнча ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Өзгөчө кырдаалдардын учурларында (табигый кырсыктар, кыйроолор ж.б.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү патент ээсине кыска мөөнөттүн ичинде кабарлама берип жана ошонун өлчөмүндө компенсация төлөп берип, патент ээсинин макулдугусуз селекциялык жетишкендикти пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу, муну менен бирге патенттелген селекциялык жетишкендикти кайсы максаттар үчүн пайдаланууга уруксат берилсе, аны пайдалануунун көлөмү жана узактыгы ушул максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыгуучу талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет.

Эгерде патент ээси селекциялык жетишкендикти пайдаланбагандыгы жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын далилдебесе, сот пайдалануунун чектерин, төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн жана тартибин аныктоо менен көрсөтүлгөн лицензияны бере алат. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбасына ылайык аныкталган баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш.

Мажбурлоочу лицензия берүүдө лицензия алуучуга өзгөчөлүксүз лицензиянын укуктарынын көлөмүндө селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берилет.

Сот ылайыктуу шартта тиешелүү акы төлөп берилгенден кийин патент ээсин лицензия алуучуга мажбурлоочу лицензияны натыйжалуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сандагы көбөйтүлгөн материалды берүүгө милдеттендире алат.

Мажбурлоочу лицензия төмөндөгүдөй шарттар болгондо берилет:

мажбурлоочу лицензияга арыз берүүчү финансылык, техникалык, илимий жактардан патент ээсинин укугун натыйжалуу пайдаланууга жарагыдай абалда болууга тийиш;

патент ээси арыз берүүчүгө корголуучу селекциялык жетишкендикти коомдун керектөөсү үчүн жетиштүү ыкмада өндүрүүгө же көбөйтүлүүчү материал менен соода жүргүзүүгө уруксат берүүдө мажбурлоочу лицензия берүүдөн баш тартса же ылайыктуу шарттарда мындай уруксат берүүгө даяр болбосо;

патент ээси селекциялык жетишкендикти талап кылынган ыкмада пайдаланууга уруксат бере албай турган негиздер болбосо.

Мажбурлоочу лицензиянын узактыгы сот тарабынан аныкталат.

Мажбурлоочу лицензия жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат жана корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет.

Мажбурлоочу лицензия берилгендиги жөнүндө маалыматтарды каттоо жана расмий бюллетенде жарыялоо үчүн лицензия алуучу тийиштүү алым төлөйт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

X бөлүм
 Эл аралык кызматташтык

35-статья. Башка мамлекеттерге өтүнмө берүү укугу

Өтүнмө берүүчү селекциялык жетишкендиктин коргоого алынышына өтүнмөнү башка мамлекеттин компетенттүү органдарына бере алат жана бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган органга кабарлайт.

Селекциялык жетишкендикке карата укуктарды Кыргыз Республикасынын чектеринен тышта коргоого байланышкан чыгымдарды өтүнмө берүүчү көтөрөт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

36-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара иштешүү принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Эл аралык келишимдердин колдонулушу

Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандардан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

XI бөлүм
 Корутунду жоболор

38-статья. Селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль

Коргоого алынуучу селекциялык жетишкендиктердин Мамлекеттик реестринде катталган селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58, 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

39-статья. СССРдин ойлоп табуулар жана ачылыштар иштери боюнча мамлекеттик комитетинде катталган селекциялык жетишкен диктердин күбөлүктөрүнүн, автордук күбөлүктөрдүн укуктук тартиби

(КР 2015-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

40-статья. Өтмө жоболор

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин селекциялык жетишкендиктерге берилген Кыргыз Республикасынын патенттери андагы көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүн сактайт.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча он чечим чыгарылган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча селекциялык жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патенттери төмөндөгүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен берилет: өсүмдүктөрдүн сортторуна – коргоого алынуучу селекциялык жетишкендштердин мамлекеттик реестринде билдирилген селекциялык жетишкендиктеринде катталган күндөн тартып 30 жылга; жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна – 35 жылга берилет.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча чечим чыгарылбаган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча кароонун андан аркы жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

“Эркин Тоо” газетасынын 1998-жылдын 26-июнунда N 81-82 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде:

– ушул Мыйзамга ылайык корголо турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык түрлөрүнүн урууларынын тизмесин бекитүү;

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августундагы N 572 “Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ботаникалык жана зоологиялык тектери менен түрлөрүнүн тизмелерин бекитүү жөнүндө” токтому

– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1998-жылдын 26-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Бишкек ш., Өкмөт үйү

1996-жылдын 22-ноябры N 546

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан

ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө

СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдалануунун жана аларга автордук сый акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аларга СССРдин тиешелүү автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү берилген, ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө берилген СССРдин коргоо документтери – СССРдин патенттери, СССРдин автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү күчүндө экендиги белгиленсин.

2. Менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жактар жана ишкердик иши менен иштеген жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн буга атайын уруксат албастан пайдаланары белгиленсин.

Ойлоп табууга өтүнмө берген датадан тартып, 20 жыл же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датадан тартып, 15 жыл мөөнөт өткөнгө чейин аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланып баштаган юридикалык же жеке жак аны пайдаланып баштагандан тартып, 3 айлык мөөнөттө ойлоп табуунун же өнөр жай үлгүсүнүн авторуна (авторлоруна) бул тууралуу билдирүүгө жана автор (авторлор) менен ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Аталган сый акы ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык же жеке жак тарабынан төлөнөт жана анын өлчөмү чектелбестен тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

3. СССРдин автордук күбөлүгү жана СССРдин күбөлүгү менен корголуучу ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы эгер бул пайдалануу ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталса, ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну баштаган датага колдонудуп жаткан мыйзамдарга ылайык төлөнөрү белгиленсин.

Мындай учурда, ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акынын өлчөмү мамлекеттик пенсияларды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен көбөйөт. Мында ушул ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун ар бир жылына колдонулуучу коэффициенттер, ошондой эле аталган мыйзамдар менен белгиленген кийинки жогорулатуучу коэффициенттер эсепке алынат.

Мурда төлөнгөн сый акылар ушул токтомдун чыгышына байланыштуу, кайра эсептөөгө болбойт.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин автордук күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу өнөр жай үлгүлөрүн пайдалангандыгы үчүн сый акы министрликтер жана ведомстволор тарабынан өз убагында төлөнбөсө, ушул токтомдун 3-пунктунда каралган тартипте аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык жак тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                          А.Джумагулов