Бишкек шаары

1998-жылдын 14-январы N 8

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Патент мыйзамы

(КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200, 2013-жылдын 25-январындагы N 8, 2015-жылдын 10-апрелиндеги N 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Патент мыйзамы тарабынан жөнгө салынуучу мамилелер

Ушул Мыйзам менен ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн (мындан ары – өнөр жай менчигинин объекттери) жаратууга, укуктук жактан коргоого жана пайдаланууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында пайда болгон мүлктүк, ошондой эле ага байланышкан мүлктүк эмес жекече мамилелер жөнгө салынат.

2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – Кыргызпатент) ушул Мыйзамга ылайык өнөр жай менчигинин объекттерине өтүнмөлөрдү карап чыгууга кабыл алат, алар боюнча экспертиза, мамлекеттик каттоо жүргүзөт, патенттерин берет, өнөр жай менчигинин объекттери жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоону ишке ашырат, ушул Мыйзамды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү басып чыгарат жана ал жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките турган Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Кыргызпатент Улуттук Патент фондуна жетекчиликти жүзөгө ашырат, аны сактоону жана сатып алуу жана эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк патент мекемелери менен алмашуу жолу аркылуу топтоону камсыз кылат.

Өнөр жай менчигинин объекттерине укуктук коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал ушул Мыйзамга ылайык, өз компетенциясына жараша өнөр жай менчигинин объекттери боюнча келип чыккан талаш-тартыштарды териштирүү боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат. Каршы пикирлерди Апелляциялык кеңештин карап чыгышынын тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

Кыргызпатенттин ишин каржылоонун булактары болуп республикалык бюджет каражаттары, патенттик алымдар, Кыргызпатент тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жана материалдар үчүн төлөнүүчү акылар жана башка бюджеттен тышкаркы булактар эсептелет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук жактан коргоо

Өнөр жай менчигинин объектине болгон укук ушул Мыйзам менен корголот жана патент менен ырасталат, ал өнөр жай менчигинин объектине болгон патент ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана өзгөчө укугун тастыктайт.

Алдын ала патент, ойлоп табууга патент жана пайдалуу моделге күбөлүк тарабынан берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү алардын формуласы менен, ал эми өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент, патент тарабынан берилүүчү укуктук коргоонун көлөмү – буюмдардын сүрөтүндө (макетте) көрсөтүлгөн жана маанилүү белгилеринин тизмесинде келтирилген маанилүү белгилеринин жыйындысы менен аныкталат.

Мамлекет тарабынан жашыруун деп таанылган өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболору аркылуу жөнгө салынат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги N 242 “Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому

4-статья. Патенттин күчүндө болуу мөөнөтү

Ойлоп табууга патент Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып жыйырма жыл бою күчүндө болот.

Пайдалуу моделге патент Кырызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып беш жыл бою күчүндө болот. Пайдалуу моделге патенттин күчүндө болуу мөөнөтү анын ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылат, бирок үч жылдан ашпайт.

Өнөр жай үлгүсүнө патент Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл бою күчүндө болот. Өнөр жай үлгүсүнө патенттин күчүндө болуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылат, бирок беш жылдан ашпайт.

Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн патентинин аракет мөөнөтүн узартуунун тартиби интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200, 2015-жылдын 10-апрелиндеги N 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 7 “Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому

II бөлүм 
Өнөр жай менчигинин объекттеринин патентке жарамдуулугунун шарттары

5-статья. Ойлоп табуунун патентке жарамдуулугунун шарттары

Эгерде ойлоп табуу катары сунуш кылынган объект жаңы, ойлоп табуучулук деңгээлде болсо жана өнөр жайында колдонууга жараса, ал укуктук жактан коргоого алынат.

Эгерде ойлоп табуу техниканын деңгээлинде белгисиз болсо, ал жаңы деп эсептелет.

Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот. Ойлоп табуучулук деңгээлди аныктоочу адиске карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Техниканын деңгээли ойлоп табуунун приоритет күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардын кайсынысын болбосун камтыйт.

Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо техникалык деңгээлдин маалыматтарына Кыргызпатентке мурда берилген башка авторлордун кайра чакырылып алынбаган мурда приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер да кирет.

Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, айыл чарбасында, саламаттык сактоодо жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылышы мүмкүн болсо, өнөр жайында колдонууга жарамдуу деп эсептелет.

Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында ойлоп табуунун маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин он эки айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт.

Түзүлүш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы клеткалары, ошондой эле мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммдарды жаңыча түрдө колдонуу, же техника менен технологиянын бардык тармактарындагы жаңы жетишкендиктердин кайсынысы болбосун ойлоп табуунун объекттери боло алышат.

Төмөнкүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:

1) ачылыштар;

2) илимий теориялар жана математикалык методдор;

3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;

4) шарттуу белгилер, расписаниелер, эрежелер;

5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору:

6) алгоритмдер жана эсептөөчү машиналар үчүн программалар турган турпатында;

7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;

8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;

9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар;

10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;

11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;

12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.

Ушул статьянын 9-бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында саналып өткөн объекттер өзүнчө мыйзамдар менен корголот.

Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу, эгерде булар ойлоп табуунун бир бөлүгү болуп саналса, ойлоп табуунун патентке жарамдуулугуна таасир этүүчү жагдай болуп таанылбайт.

(КР 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Пайдалуу моделдин патентке жарамдуулугунун шарттары

Пайдалуу моделдерге түзүлүштөр кирет.

Пайдалуу модель катары өтүнмө берилген объект, эгерде ал жаңы жана өнөр жайында пайдаланууга жарамдуу болсо, укуктук жактан коргоого алынат.

Эгерде пайдалуу моделдин маанилүү белгилеринин жыйындысы техниканын деңгээлинде али белгилүү болбосо, ал жаңы деп эсептелинет.

Техниканын деңгээли жөнүндөгү маалыматтар пайдалуу моделге өтүнмө берүүнүн приоритет күнүнө чейин жалпыга белгилүү болуп калган, өтүнмө берилген пайдалуу моделге окшош түзүлүштөр жөнүндөгү дүйнөдө жарыяланган маалыматтарды, алардын Кыргыз Республикасында колдонулушу жөнүндөгү маалыматтарды, Кыргыз Республикасында мурда башка адамдар тарабынан кайра чакыртылып алына элек ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөрдү жана Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табууларды жана пайдалуу моделдерди камтыйт.

Пайдалуу моделге тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында пайдалануу моделдин маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде ал суралып алынса, приоритет күнүнө чейин алты айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, пайдалуу моделдин жаңылыгына таасир берүүчү жагдай катары таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмөнүн ээсине жүктөлөт.

Эгерде пайдалуу моделди иш жүзүндө пайдаланууга мүмкүн болсо, анда ал өнөр жайында пайдаланууга жарамдуу болуп эсептелет.

Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын тогузунчу бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттер пайдалуу моделдер катары корголбойт.

7-статья. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулугунун шарттары

Буюмдун тышкы көрүнүшүн аныктоочу, анын көркөмдүк – конструктордук жактан чечилиши өнөр жай үлгүсүнө кирет. Мында буюм деп өнөр жайында же кол өнөрчүлүгүндө жасалган буюм түшүнүлөт.

Өнөр жай үлгүсү катары өтүнмө берилген объект, эгерде жаңы, оригиналдуу болсо, ал укуктук жактан корголот.

Эгерде буюмдун сүрөттөрүндө (макетинде) берилген жана маанилүү белгилердин тизмесинде келтирилген маанилүү белгилеринин жыйындысы өнөр жай үлгүсүнүн приоритет күнүнө чейинки дүйнөдөгү жалпыга белгилүү маалыматтарда белгисиз болсо, ал өнөр жай үлгүсү жаңы деп таанылат.

Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын аныктоодо, Кыргыз Республикасында өнөр жай үлгүлөрүнө башка адамдар тарабынан мурда берилген, кайра чакыртылып алынбаган өтүнмөлөр жана Кыргыз Республикасында патенттелген өнөр жай үлгүлөрү да эске алынат.

Өнөр жай үлгүсү, эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүгүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, оригиналдуу деп таанылат.

Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүн, анын формасын жана конфигурациясын, оймо-чиймесин жана түс айкалышын аныктоочу белгилер кирет.

Өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү маалыматтын өтүнмө берүүчү, автор же бул маалыматты автордон түздөн-түз же кыйыр түрдө алган ар кандай адам тарабынан ачык жарыяланышы, мында өнөр жай үлгүсүнүн маани-маңызы тууралу кабарлар өтүнмө берилген же эгерде суралып алынса, приоритет күнүнө чейин алты айдан мурда эмес жалпыга белгилүү болуп калса, өнөр жай үлгүсүнүн патентке жарамдуулугуна таасир берүүчү жагдай деп таанылбайт. Мында бул фактыны далилдөө милдети өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт.

Төмөндөгүлөр:

1) буюмдун жалаң гана техникалык милдеттери менен шартталган чечилиштер;

2) өнөр жайлык, гидротехникалык жана башка кыймылсыз курулуштардын архитектураларынын (чакан архитектуралык формаларынан башкасы) объекттери;

3) басма сөз продукциясы турган турпатында;

4) суюк, газ сымак, чубурма же ушуларга окшош заттардан турган туруксуз формадагы объекттер;

5) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү буюмдар өнөр жай үлгүлөрү катары таанылбайт.

III бөлүм
 Укук субъекттери

8-статья. Өнөр жай менчигинин объектисинин автору

Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен өнөр жай менчигинин объектисин жараткан жеке жак анын автору болуп таанылат.

Эгерде өнөр жай менчигинин объектисин жаратууга бир нече жеке жак катышса, алардын баары анын авторлору болуп эсептелинет. Авторлорго тиешелүү укуктардан пайдалануунун тартиби, алардын ортосундагы өз ара келишимде аныкталат.

Өнөр жай объектисин жаратууда өзүнүн жекече салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана көмөк көрсөтүшкөн, же болбосо ал объектиге жана аны пайдаланууга укуктарды толтуруп бекемдөөгө гана жардам беришкен жеке жактар автор катары таанылбайт.

Авторлук укук ажыратылгыс жекече укук болуп саналат жана мөөнөтсүз корголот.

9-статья. Патент ээси

Коргоо документин алуу укугу:

1) өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна (авторлоруна);

2) ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда жумуш берүүчүгө;

3) алардын укук мураскоруна, анын ичинде өткөрүп берүү иретинде тиешелүү укукту кабыл алган адамга таандык болот.

Эгерде жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы келишимде башкача каралбаса, өзүнүн кызмат милдетин же жумуш берүүчүдөн алган айкын тапшырманы аткарууга байланыштуу кызматкер жараткан өнөр жай менчигинин объектисине патенттерин алуу укугу жумуш берүүчүгө таандык болот.

Эгерде жумуш берүүчү автор өнөр жай менчигинин объектисин жараткандыгы жөнүндө жумуш берүүчүгө кабарлаган күндөн тартып төрт айдын ичинде Кыргызпатентке өтүнмө бербесе, башка бир адамга патентин

алуу укугун ыйгарбаса же өнөр жай менчигинин объектисинин жашыруун

сакталышы жөнүндө авторго билдирбесе, анда патентин алуу укугу

авторго өтөт. Мындай учурда жумуш берүүчү патент ээсине, келишим негизинде белгиленген компенсацияны төлөө менен өнөр жай менчигинин объектисин өзүнүн өндүрүшүндө пайдаланууга укуктуу болот.

Кызматкер тарабынан жумуш берүүчүнүн тажрыйбасын, материалдык, техникалык жана башка каражаттарды пайдалануу менен, бирок кызматкердин иш милдетин же жумуш берүүчүнүн айкын тапшырмасын аткарууга байланышсыз жаратылган өнөр жай менчигинин объектисине карата коргоо документин алуу укугу, эгерде аны менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишимде башкача каралбаса, кызматкерге таандык.

Мындай учурда жумуш берүүчү келишимдик негизде патент ээсине компенсация төлөп берүү менен өзүнүн менчик өндүрүшүндө өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга укуктуу.

9-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент алуу укугу, эгерде мамлекеттик келишимде бул укук Кыргыз Республикасына таандык болору белгиленбесе, мамлекеттик тапшырыкчынын атынан иш жүргүзүүчү аткаруучуга (подрядчыга) таандык болот.

Эгерде мамлекеттик келишимге ылайык патент алуу укугу Кыргыз Республикасына таандык болгон учурда, мамлекеттик тапшырыкчы ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоого алууга жарамдуу жыйынтык алынгандыгы жөнүндө аткаруучунун (подрядчынын) жазуу жүзүндөгү кабарлоосунан тартып алты айдын ичинде патент алуу боюнча өтүнмө бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы патент алуу укугуна өтүнмө бербеген учурда патент алуу укугуна аткаруучу (подрядчы) ээ болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда жаратылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө патент ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасына алынбаса, мамлекеттик тапшырыкчынын талабы боюнча, патент ээси ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн жумуштарды аткаруу же продукция берүүнү ишке ашыруу максаттарында ойлоп табуунун маалыматтарын, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн төлөөсүз лицензия берүүгө милдеттүү.

Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн патент ээси болбогон авторуна, ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык патент алган жак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 10-статьясынын жоболору колдонулат.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган өзгөчөлөнбөгөн төлөөсүз лицензия берүүдө, өзүнүн талабы боюнча ошондой лицензия берилген мамлекеттик тапшырыкчы тарабынан авторго сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы мамлекеттик келишим боюнча жумуштарды аткаруу үчүн мамлекеттик тапшырыкчыга бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен төлөнөт.

(КР 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Автордун сыйлык акы алууга укугу

Коргоо документин алуу укугуна ээ болбогон автор жумуш берүүчүдөн алардын ортосундагы макулдашуунун негизинде аныкталган өлчөмдө жана шарттарда төлөнүүчү сыйлык акыны алууга укуктуу.

Сыйлык акыны же компенсацияны төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө тараптар өз ара макулдашууга келе алышпаган учурда, талаш сот тартибинде каралат.

Келишим менен белгиленген сыйлык акыны же компенсацияны өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн буга күнөөлүү жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболоруна ылайык жоопко тартылат.

Кызматкердин өнөр жай менчигинин объектисин жаратышына байланыштуу пайда болуучу башка мамилелер Кыргыз Республикасынын кызмат иретиндеги ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

IV бөлүм
 Өнөр жай менчигинин объекттерине карата өзгөчө укук

11-статья. Патент ээсинин укугу

Патент ээсине өнөр жай менчигинин объекттерине бирден-бир укуктуулук, анын ичинде, эгерде мындай пайдалануу ушул Мыйзамга ылайык патент ээсинин бирден-бир укугун бузуу болуп саналбаган учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн объекттерди башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугу таандык.

Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу объектине болгон өзгөчө укук Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу расмий бюллетенде патент берүү тууралу маалыматтар жарыяланган күндөн тартып пайда болот.

Коргоо документи бир нече адамга таандык болгон өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу боюнча өз ара мамилелер алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда алардын ар бири корголуучу объектти өзү каалагандай пайдалана алат, бирок ага өзгөчө лицензия берүүгө же калган патент ээлеринин макулдугусуз коргоо документин башка адамга өткөрүп берүүгө акысы жок.

Бирден бир лицензия берүү же коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө патент ээлеринин ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда, өнөр жай менчигинин объектисине укукту бөлүштүрүү сот тартибинде чечилиши мүмкүн.

Алдын ала патент, патент менен корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу пайдалуу моделди камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу чарбалык жүгүртүүгө башкача киргизүү же ошол максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун алдын ала патенти, патенти менен корголуучу ыкманы колдонуу өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылат.

Өнөр жай менчигинин объектин пайдалануу деп патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объекттери камтыган продуктуну даярдоо, колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкманы колдонуу таанылат.

Эгерде продукт формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин ар бир белгисин камтыса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белгини камтыса бул продукт патент менен корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди камтыган деп таанылат. Эгерде формуланын өз алдынча пунктунда келтирилген ойлоп табуунун ар бир белгиси колдонулса, же пайдалануу күнүнүн башталышына карата техниканын ушул тармагында ошондой сапатта белгилүү болгон ага барабар белги колдонулса ойлоп табуунун патенти менен корголгон ыкма пайдаланылды деп таанылат.

Иштеткенде же эксплуатациялаганда өзүнүн милдетине ылайык ошол ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө ашырган түзүлүштү чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ошол максатта сактоо да, алдын ала патент, патент менен корголгон ыкманы пайдалануу деп таанылат.

Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган продуктуну чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максатта сактоо да продукт алуунун алдын ала патент, патент менен корголуучу ыкмасын пайдалануу деп таанылат. Мында жаңы продукт, тескерисинче далилдөө жок болсо патенттелген ыкма менен алынган деп эсептелинет.

Продуктунун тажрыйба үлгүсүн жасоо, эксперимент иретинде текшерүү жана сыноо өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу деп таанылбайт.

Патент ээси алган коргоо документин ар кандай жеке адамга жана юридикалык жакка өткөрүп бериши мүмкүн. Коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон өтпөгөн келишим жараксыз деп эсептелет.

Патенттер жана аларды алуу укугу мурас боюнча өтөт.

Өнөр жай менчигинин объектине патент менен ырасталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Патент ээсинин милдеттери жана мажбурлоо лицензиялары

Патент ээси же ага укугу өткөрүлүп берилген адамдар тарабынан коргоо документи берилген күндөн тартып үч жыл бою өнөр жай менчигинин объектиси пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул товар жана кызмат көрсөтүү рыногуна тийиштүү товарларда жана тейлөө кызматтарын жетишсиз сунуштоого алып келсе, өнөр жай менчигинин корголуучу объектисин пайдаланууну каалаган жана ага даяр кандай гана адам болсун, патент ээси калыптанган тажрыйбага ылайык шарттарда лицензиялык келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн объектини пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын ага берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укугу бар.

Эгерде патент ээси өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланбоо же жетишсиз пайдалануу жүйөлүү себептер менен шартталганын далилдей албаса, сот пайдалануунун чегин, төлөмдөрдүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин аныктоо менен көрсөтүлгөн лицензияны берет. Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбага ылайык белгиленген баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш.

Калыптанган тажрыйбага ылайык шарттарда лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан, башка бир ойлоп табууга алдын ала патенттин, патенттин же пайдалуу моделге күбөлүктүн ээсинин укуктарын бузбай туруп ойлоп табууну пайдалана албаган патент ээси, коргоо документи башка адамга таандык болгон, ойлоп табууга жана пайдалуу моделге карата анын ойлоп табуусу олуттуу экономикалык маанидеги техникалык маанилүү жетишкендикке жаткан шарттарда ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрыла алат.

Көрсөтүлгөн лицензия сот тарабынан берилгенде патенттери башка адамга таандык болгон ойлоп табууну же пайдалануу моделди пайдалануунун чектери, мажбурлоо лицензиясын өзүнө берүүнү талап кылган, ойлоп табууну патенттеген адамдын пайдалануусу үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталышы, ошондой эле төлөмдөрдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана тартиби аныкталышы керек. Мында төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбага ылайык аныкталган баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш.

Өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар), ошондой эле улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү патент ээсине теңдеш сый акы төлөө менен мажбурлоо лицензиясын берүүгө укугу бар, мында өнөр жай менчигинин патенттелген объектисин пайдалануунун көлөмү жана узактыгы уруксат берилген максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыккан талаштар сот аркылуу чечилет.

Мажбурлоо лицензиясы дайыма жөнөкөй лицензия болуп саналат, аны башка бир адамга кайта өткөрүп берүүгө болбойт.

(КР 2015-жылдын 10-апрелиндеги N 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Патент ээсинин бирден бир укугун бузуу катары таанылбай турган аракеттер

Төмөндөгүлөр:

1) көрсөтүлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же кокусунан турган жана транспорт каражатынын муктаждыгы үчүн пайдаланылган шартта алдын ала патенттер, патенттер же күбөлүктөр менен корголгон өнөр жай менчигинин объектилерин камтыган каражаттарды башка өлкөлөрдүн конструкцияларында же транспорт (деңиз, дарыя, аба, кургактагы жана космостук) каражаттарын эксплуатациялоодо колдонуу. Мындай аракеттер, эгерде транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын ээлерине ушундай эле укуктарды берген өлкөлөрдүн жеке адамдарына же юридикалык жактарына таандык болсо, патент ээсинин бирден бир укугун бузуу деп таанылбайт;

2) өнөр жай менчигинин объектисин камтыган каражаттарга илимий изилдөө же эксперимент жүргүзүү;

3) мындай каражаттарды, кийин патент ээсине теңдеш сый акы төлөп берүү менен өзгөчө шарттарда (табигый кырсыктар, кыйроолор, ири авариялар, эпидемиялар) колдонуу;

4) эгерде бул каражаттар чарбалык жүгүртүүгө патент ээлери берген укуктарга ылайык мыйзамдуу жол менен киргизилсе, алдын ала патенттер, патенттер же күбөлүктөр менен корголгон өнөр жай менчигинин объектилери камтыган каражаттарды колдонуу патент ээсинин бирден бир укугун бузуу катары таанылбайт. Мында патент ээсинин уруксаты менен өнөр жай менчигинин патенттелген объектисин камтыган же патенттелген ыкманы колдонуу менен даярдалган каражатты алуучу киши, эгерде макулдашууда мындан башкача каралбаса, бул каражатты кошумча уруксат албай эле пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

5) эгерде ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүлөрүн жеке, үй-бүлөлүк, үйдөгү же ишкердик иши менен байланышпаган башка таламдарды канааттандыруу үчүн пайдалануунун максаты пайда же киреше алуу болуп саналбаса, ушундай пайдалануу.

6) эгерде төмөнкүдөй продукт же бул буюм патент ээси же патент ээсинин уруксаты менен башка жактар тарабынан ар кандай өлкөнүн аймагына жарандык жүгүртүүгө мурда киргизилген болсо, ойлоп табуу же пайдалуу модель пайдаланылган продуктуну же болбосо өнөр жай үлгүлөрү пайдаланылган буюмду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, колдонуу, сатуу тууралуу сунуш кылуу, сатуу, продуктуну жарандык жүгүртүүгө башкача киргизүү же бул максаттар үчүн сактоо.

(КР 2015-жылдын 10-апрелиндеги N 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Мурда пайдалануу укугу жана убактылуу укуктук коргоо

Өнөр жай менчигинин объектинин приоритеттик күнүнө чейин анын авторуна байланышпай Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай менчигинин объектисине окшош чечилишти түзгөн жана пайдаланган же буга зарыл болгон даярдыкты жасаган ар кандай жеке адам же юридикалык жак аны андан ары көлөмүн кеңейтпестен мындай пайдалануу бекер пайдалануу укугун сактап калат.

Мурда пайдалануу укугу жеке адамга же юридикалык жакка окшош чечилиш пайдаланылган же ага зарыл даярдыктар жасалган өндүрүш менен кошо гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Өтүнмөсү берилген ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып патент берилгендиги жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө чейин жарыяланган формуланын көлөмүндө убактылуу укуктук коргоо берилет, бирок ал берилген патентте камтылган формула менен аныкталган көлөмдөн ашпаган көлөмдө болот.

Эгерде өтүнмө чакыртып алынса, же чакыртып алынды деп эсептелсе, же эгерде патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса жана чечимге каршы даттануу мүмкүнчүлүгү калбай калса, убактылуу укуктук коргоо берилген эмес деп эсептелинет.

Өтүнмөсү берилген ойлоп табууну ага убактылуу укуктук коргоо берилген мезгилдин ичинде пайдаланган жеке же юридикалык жак патент ээсине патент алгандан кийин акча компенсациясын төлөйт. Компенсациянын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

Ушул статьянын бешинчи бөлүгүнүн жоболору ошондой эле өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышкан мамлекеттердин аймагында расмий уюштурулган же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөдө өнөр жай менчигинин мындай объекттерин камтыган каражаттар жайгаштырылган күндөн тартып өнөр жай менчигинин объекттерине карата да колдонулат, бирок алар патент алууга өтүнмө Кыргызпатентке аталган күнгө чейин алты айдан кечикпей берилген шартта гана колдонулат.

Өнөр жай менчигинин объектин артыкчылык алынган күндөн тартып пайдалана баштаган, бирок ойлоп табуунун патентине берилген өтүнмө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле пайдалуу моделдер же өнөр жай үлгүлөрү каттоого алынгандыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө чейин баштаган адам өтүнмө ээсинин талабы боюнча аны андан ары пайдаланууну токтотууга милдеттүү.

Бирок мындай адам мындай пайдалануунун натыйжасында өтүнмө ээси тарткан зыяндарды ага төлөп берүүгө милдеттүү эмес. Ушул статьянын 7-бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин талаптары аткарылбаган учурда мыйзамды бузуучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык патент ээсинин укугун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган ченемдер колдонулат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга укук берүү

Патент ээси болуп саналбаган адамдардын кимиси болбосун, коргоо документи менен корголгон өнөр жай менчигинин объектисин лицензиялык келишимдин негизинде патент ээсинин уруксаты менен гана пайдаланууга акылуу.

Лицензиялык келишим боюнча патент ээси (лицензия берүүчү) корголуучу объектини келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө пайдалануу укугун башка жакка (лицензия алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми лицензия алуучу лицензия берүүчүгө келишимде шартталган төлөмдөрдү берип турууга жана келишимде каралган башка аракеттерди ишке ашырууга милдеттенме алат.

Бирден бир лицензия учурунда лицензия алуучуга келишимде белгиленген чектерде өнөр жай объектисин пайдаланууга бирден бир укук берилет, мында лицензия берүүчүнүн лицензия алуучуга берилбеген көлөмдө өнөр жай объектисин пайдалануу укугу сакталат.

Бирден бир эмес лицензия учурунда лицензия берүүчү лицензия алуучуга өнөр жай менчигинин объектисин пайдалануу укугун берүү менен бирге патенттен келип чыккан бардык укуктарды, анын ичинде лицензияны үчүнчү жакка берүү укугун өзүнө сактап калат.

Лицензия, лицензия берүүчү менен лицензия алуучунун ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ушул статьяда көрсөтүлгөндөн айырмаланган жоболорду камтышы мүмкүн.

Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алым төлөнгөн шартта Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз деп эсептелинет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим алар Кыргызпатентте каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.

Патент ээси Кыргызпатентке ар кандай адамга өнөр жай менчигинин объектисин келишимде көрсөтүлгөн шарттарда пайдалануу укугун берүү жөнүндө (ачык лицензия) арыз бере алат. Мындай учурда ошондой арыз жөнүндө Кыргызпатент маалыматтарды жарыялагандан кийинки жылдан баштап патентти күчүндө сактап туруу үчүн төлөм акы элүү процентке төмөндөйт.

Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө патент ээсинин арызы кайра чакырылып алынууга тийиш эмес.

Келишим түзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү, ошондой эле келишим түзүүнүн шарттары боюнча талаштар сотто каралат.

(КР 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Коргоо документин бузуу

Патент менен корголгон өнөр жай менчигинин объектин ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды сактабастан пайдалануу патентти бузуу деп табылат.

Патент ээси:

коргоо документин бузууну токтотууну;

коргоо документинин бузулушуна күнөөлүү жактын келтирген зыяндарынын, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруп берүүсүн жана моралдык зыяндын компенсациясын төлөп берүүсүн;

келтирген чыгымдарды ордун толтуруунун ордуна коргоо документин бузуучу алган кирешени өндүрүп алууну;

документти бузуучулардын чыгымдардын ордун толтуруунун же кирешесин төлөөнүн ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу эмгек акынын 10дон 50000ге чейинки өлчөмдөгү, соттун кароосу боюнча аныкталган суммада компенсация төлөөсүн;

чарбалык жүгүртүүгө киргизилген же ушул максат менен сакталып турган жана коргоо документин бузуучу катары таанылган продуктуларды, ошондой эле коргоо документин атайын бузууга арналган каражаттарды өз пайдасына алып берүүнү;

өзүнүн ишкердик аброюн калыбына келтирүү үчүн соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.

Коргоо документин бузуучуга талап коюу, эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, бирден бир лицензиянын ээси тарабынан, эгерде бул лицензиялык келишимде каралса, анда бирден-бир эмес лицензиянын ээси тарабынан жарыяланышы мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V бөлүм
 Патенттерин алуу

17-статья. Патенттерин берүүгө өтүнмө берүү

Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык коргоо документин алууга укугу бар адам (мындан ары – өтүнмө ээси) тарабынан коргоо патентин берүүгө Кыргызпатентке өтүнмө берилет.

Патентин берүү жөнүндөгү арыз мамлекеттик же расмий тилдеринде берилет. Ойлоп табуунун же пайдалуу моделдин формуласы, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай менчигинин объектисинин аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилдеринде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөнү экспертизадан өткөрүүдө көрсөтүлгөн документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдериндеги котормосу тиркелет. Мамлекеттик же расмий тилиндеги котормо, өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирилбей өтүнмө ээси тарабынан берилиши керек.

Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү себептердин болгондугу жана тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ал мөөнөт узартылышы же калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке адамдар, же чет өлкөлүк юридикалык тараптар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү патенттериин алуу, ошондой эле өнөр жай менчигин коргоого байланышкан иштерди, өтүнмө берилген күндү белгилөөгө, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылык суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана билдирүүлөрүн алууга, патентти күчүндө сактагандыгы үчүн алым төлөөгө байланышкан жол-жоболордон бөлөктөрүн Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктары патентти суратып жаткан адам берген ишеним кат менен ырасталат.

Кыргызпатент патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин аныктайт жана аны ишке ашырат.

(КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын, 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Ойлоп табууга алдын ала патент, патент берүүгө өтүнмө

Ойлоп табууга алдын ала патент же патент берүүгө өтүнмө (мындан ары – ойлоп табууга өтүнмө) бир ойлоп табууга же ойлоп табуулардын биримдигин талап кылууну канааттандыргыдай өз ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна таандык болууга тийиш.

Ойлоп табууга өтүнмө төмөндөгүлөрдү:

1) ойлоп табуунун авторун (авторлорун) жана патент же алдын ала патент сурап жаткан жакты (жактарды), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин көрсөтүү менен алдын ала патент же патент берүү жөнүндөгү арызды;

2) бул тармактагы адис тарабынан иш жүзүнө ашыруу үчүн ойлоп табууну жетиштүү түрдө толук ачып көрсөтүүчү анын сүрөттөмөсүн;

3) ойлоп табуунун маңызын көрсөтүүчү жана сүрөттөмөгө толук негизделген анын формуласын;

4) ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо чиймелерди жана башка материалдарды;

5) рефератты камтууга тийиш.

Ойлоп табууга өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негизди ырастоочу документ тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөө шартында эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда өтүнмө кайтарылып алынган болуп эсептелинет.

Кыргызпатентке өтүнмө берүү күнү ушул Мыйзамдын 21-статьясынын биринчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык приоритетти аныктоого зарыл болгон документтер келип түшкөн күн боюнча, ал эми көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда эң акыркы келип түшкөн документтин күнү боюнча аныкталат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Пайдалуу моделге күбөлүк берүүгө өтүнмө

Пайдалуу моделге патент берүүгө өтүнмө (мындан ары – пайдалуу моделге өтүнмө) бир пайдалуу моделге же пайдалуу моделдердин биримдигин талап кылууну канааттандыргыдай өз ара байланышкан пайдалуу моделдердин тобуна таандык болууга тийиш.

Пайдалуу моделге өтүнмө төмөндөгүлөрдү:

1) пайдалуу моделдин авторун (авторлорун) жана патент сурап жаткан жакты (жактардын), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин көрсөтүү менен күбөлүк берүү жөнүндөгү арызды;

2) иш жүзүнө ашыруу үчүн пайдалуу моделди жетиштүү түрдө толук ачып көрсөтүүчү анын сүрөттөмөсүн;

3) пайдалуу моделдин сүрөттөмөсүнө толук негизделген формуласын;

4) эгерде алар пайдалуу моделдин маңызын түшүнүүгө зарыл болсо, чиймелерди;

5) рефератты камтууга тийиш.

Пайдалуу моделге өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнүшүн же өтүнмө берүүгө алым төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негизди ырастоочу документ тиркелет, ал өтүнмө берүү учурунда же кошумча алым төлөө шартында эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда өтүнмө кайтарылып алынган болуп эсептелет.

Кыргызпатентке өтүнмө бериле турган күн ушул Мыйзамдын 21-статьясынын биринчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык приоритетти аныктоого зарыл болгон документтер келип түшкөн күн боюнча, ал эми көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда эң акыркы келип түшкөн документтин күнү боюнча аныкталат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент, патент берүүгө өтүнмө

Өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент же патент берүүгө өтүнмө (мындан ары – өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө) бир өнөр жай үлгүсүнө же өнөр жай үлгүлөрүнүн биримдигин талап кылууну канааттандыруучу өз ара байланыштагы өнөр жай үлгүлөрүнүн тобуна таандык болууга тийиш.

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө төмөндөгүлөрдү:

1) өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана патент же алдын ала патент сурап жаткан жактын (жактардын), ошондой эле алардын жашаган жерин же турган жерин көрсөтүү менен патент же алдын ала патент берүү жөнүндөгү арызды;

2) буюмдун тышкы түспөлүн толук элестетүүчү буюмдун (макеттин) сүрөттөрүнүн тобун;

3) буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачып көрсөтүү үчүн зарыл болсо, эргономикалык схемасын, конфекциялык картасын;

4) өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөмөсүн;

5) өнөр жай үлгүсүнүн олуттуу белгилеринин тизмесин камтууга тийиш.

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн же өтүнмө берүүгө алым төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди ырастоочу документ тиркелет, ал өтүнмө берүү учурунда же кошумча алым төлөө шартында эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Көрсөтүлгөн документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, анда өтүнмө кайтарылып алынган болуп эсептелинет.

Кыргызпатентке өтүнмө бериле турган күн ушул Мыйзамдын 21-статьясынын биринчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык приоритетти аныктоо үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн күн боюнча, ал эми көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда эң акыркы документ келип түшкөн күн боюнча аныкталат.

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн документтерине карата башка талаптар Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

21-статья. Өнөр жай менчигинин объектинин артыкчылыгы

Ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин артыкчылыгы Кыргызпатентке төмөндөгүлөрдү камтыган өтүнмөнүн берилген күнүнө карата белгиленет:

1) ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө өтүнмө ээсин көрсөтүү менен берилген арыз;

2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин сыпаттамасын же өтүнмөсү берилген ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин бардык орчундуу белгилери камтылган сыпаттаманын бир бөлүгү, же аталган сыпаттаманын белгиси катары чиймеси, же ушул статьянын үчүнчү, алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана онунчу бөлүктөрүндө каралган ар кандай түрдөгү мурда берилген өтүнмөгө шилтеме. Эгерде өтүнмөдө бул документтер жок болсо, билдирүү алган күндөн тартып аларды эки айдын ичинде тапшыруусу зарыл экендиги жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине токтоосуз билдирет.

Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы Кыргызпатентке төмөндөгүлөрдү камтыган өтүнмөнүн берилген күнүнө карата белгиленет:

1) өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө өтүнмө ээсин көрсөтүү менен берилген арызды;

2) буюмдун (макеттин) сүрөтүнүн комплектин, өнөр жай үлгүсүнүн орчундуу белгилеринин тизмесин. Эгерде өтүнмөдө бул документтер жок болсо, Кыргызпатент өтүнмө ээсине аларды билдирүү алган күндөн тартып эки айдын ичинде тапшырууга тийиш экендиги жөнүндө токтоосуз билдирет.

Эгерде ойлоп табууга, пайдалуу моделге өтүнмө Кыргызпатентке көрсөтүлгөн күндөн тартып он эки ай ичинде, ал эми өнөр жай үлгүсүнө алты ай ичинде келип түшсө, приоритет өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париждик конвенциянын катышуучусу болгон мамлекетке биринчи өтүнмө берилген күн (конвенциялык приоритет) боюнча белгилениши мүмкүн. Бул мөөнөттү эсептегенде биринчи өтүнмө берилген күн кошулбайт.

Эгерде өтүнмө ээсине байланыштуу болбогон жагдайлар боюнча конвенциялык приоритетти сураган өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбей калса, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн, бирок ал эки айдан ашпайт.

Конвенциялык артыкчылык укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси өтүнмөнү берген кезде же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде аны көрсөтүүгө жана мурда берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн тиркөөгө же аны Кыргызпатентке өтүнмө түшкөн күндөн тартып төрт айдан кечикпестен берүүгө милдеттүү.

Приоритет, эгерде кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары толтуруунун, өтүнмө ээси билдирилген чечилиштин маңызын өзгөртүүчүлөр катары таанылгандыгына байланыштуу кошумча материалдарды көңүлгө алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин билдирүүсүн алган күндөн тартып үч ай өткөнчө берилсе, кошумча материалдар берилген күн боюнча белгилениши мүмкүн.

Приоритет, эгерде ушундай приоритетти сураган кийинки өтүнмөнүн күнү ойлоп табууга бир кыйла эртерээк берилген өтүнмөнүн күнүнөн он эки айдан кечикпесе жана пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө берилген өтүнмөдөн алты айдан ашпаса, ошол эле өтүнмө ээсинин ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү, Кыргызпатентке бир кыйла эртерээк берилген өтүнмөсүнүн күнү боюнча аныкталышы мүмкүн. Мында бир кыйла эртерээк берилген өтүнмө кайра чакырылып алынган өтүнмө деп эсептелет.

Приоритет бир нече эрте берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, алардын ар бири үчүн көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн.

Приоритет, бир кыйла эртерээк приоритет суралган өтүнмөнүн берилген күнү боюнча белгилениши мүмкүн эмес.

Өзүнчө бөлүнгөн өтүнмө боюнча өнөр жай менчигинин объектине приоритет, эгерде бөлүнүп берилген өтүнмө, эң алгачкы өтүнмө боюнча коргоо документин берүүдөн баш тартуу жөнүндө даттанууга мүмкүндүгү түгөнгөн чечим кабыл алганга чейин келип түшсө, ал эми көрсөтүлгөн өтүнмө боюнча коргоо документи берилген учурда – өнөр жай менчигинин объектиси Мамлекеттик реестрде катталган күнгө чейин келип түшсө, приоритет Кыргызпатентке бул өнөр жай менчигинин объектисин ачып көрсөтүүчү эң алгачкы өтүнмө келип түшкөн күн боюнча белгиленет.

Эгерде экспертиза жүргүзүүдө өнөр жай менчигинин окшош объектилери приоритетти бир эле күндө алышканы аныкталса, анда коргоо документи Кыргызпатентке бир кыйла эртерээк жөнөтүлгөн күнү далилденген өтүнмө боюнча берилет, ал эми бул күндөр дал келгенде – Кыргызпатенттин эң алгачкы каттоо номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо

Өтүнмө берилген күндөн тартып эки ай ичинде өтүнмө ээси анын материалдарына билдирилген өнөр жай менчигинин объектисинин маңызын өзгөртпөй, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүүгө укуктуу.

Мындай оңдоолор менен тактоолор өнөр жай менчигинин объекттерине өтүнмөлөр боюнча жана алым төлөнгөн шартта көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин да киргизилиши мүмкүн, бирок коргоо документин берүү жөнүндөгү чечим чыкканга чейин киргизилиши керек.

23-статья. Ойлоп табууга өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Ойлоп табууга өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала калысбаа өткөрөт.

Өтүнмө менен бир мезгилде Кыргызпатентке берилиши мүмкүн болгон өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчү боюнча же өтүнмө берилген күндөн тартып отуз айдын ичинде өтүнмөнү кароо маани-мазмуну жагынан калысбаа өткөрүү менен же өткөрбөй эле ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде өтүнүч көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде берилбесе. Өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-1-статья. Ойлоп табууга өтүнмөнү формалдуу калысбаадан өткөрүү

Ойлоп табууга берилген өтүнмөгө формалдуу калысбаа жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде ушул Мыйзамдын 18-статьясында каралган зарыл документтердин курамы, аларды толтуруунун тууралыгы текшерилет, берилген сунуштун укуктук коргоого алынуучу объекттерге шайкештиги каралат.

Эгерде формалдуу калысбаанын жыйынтыгында өтүнмө укуктук коргоого кирбей турган объекттерге берилгендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмөнү жол-жоболоштуруу жана түзүүгө карата белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча анын ээсине суроо-талап жиберилет жана анда суроо-талап алынган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде оңдолгон же жетишпеген материалдарды берүү сунуш кылынат.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде суралган материалдарды же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүчүн бербесе, өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет.

Эгерде өтүнмө формалдуу калысбаанын талаптарын канааттандырса, өтүнмө ээсине өтүнмөнүн берилген күнү көрсөтүлүп, анын кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү жиберилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

23-2-статья. Ойлоп табууга өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөрүү

Өтүнмөгө алдынала калысбаасын жүргүзүүдө Кыргызпатент оң жыйынтык формалдуу калысбаа бүткөн күндөн тартып он айдын ичинде өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптардын аткарылышын, билдирилген ойлоп табуунун өтүнмө ээси берген материалдар боюнча патентке жарамдуулук шарттарына, мурун алынган артыкчылыктуу чакыртылып алынбаган өтүнмөлөргө, Кыргыз Республикасынын берилген коргоо документтеринин фондуна, ошондой эле жарыяланган евразиялык өтүнмөлөр менен патенттерге шайкештигин, ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилейт, өтүнмөнүн ойлоп табуунун биримдиктүү талаптарына шайкештигин текшерет.

Өтүнмө ээси тиешелүү алым төлөп жатып ойлоп табууга өтүнмө боюнча тездетилген алдын ала калысбаа өткөрүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде өтүнмө Кыргызпатентке берилген күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин же артыкчылык берүү суралса, артыкчылык берилген күндөн тартып патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган же патент берилген, бирок жогоруда аталган мөөнөттөн алда канча мурдараак артыкчылык суранган өтүнмө келип түшкөн учурда патент берүү жөнүндө чечим же берилген патент жокко чыгарылат.

Эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык кошумча материалдар берилсе алдын ала калысбаанын жүрүшүндө алар билдирилген ойлоп табуунун маани-мазмунун өзгөртүп жибербей тургандыгы текшерилет.

Эгерде кошумча материалдарда өтүнмөнүн алгачкы материалдарында болбогон ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө тийиш болгон белгилер камтылса, билдирилген ойлоп табуунун маани-мазмунун өзгөртүп жиберет.

Ойлоп табууга өтүнмөнүн маани-мазмунун өзгөртүү жагындагы кошумча материалдар кароо учурунда этибарга алынбайт жана өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн.

Биримдүүлүктүн талаптарын бузуу менен берилген өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине сунуштардын кайсынысын кароо керектиги тууралу эки айлык мөөнөттүн ичинде кабарлап, өтүнмөдөгү тиешелүү документтерди тактоо жагы сунуш кылынат.

Алгачкы өтүнмөнүн материалдарына кирген башка чечимдер өзүнчө бөлүнгөн өтүнмөлөр катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн.

Өтүнмө ээси ойлоп табуунун биримдүүлүгүнүн талаптарын бузгандыгы жөнүндө кабарлоо алган күндөн тартып эки айдын ичинде сунуштардын кайсынысын кароо керек экендигин билдирбеген жана такталган документтерди бербеген учурда формулада биринчи көрсөтүлгөн сунуш каралат.

Алдын ала калысбаа жүргүзүү учурунда Кыргызпатент өтүнмө ээсинен ансыз калысбаа өткөрүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды талап кылууга акылуу. Калысбаанын суроо-талабы боюнча берилүүчү кошумча материалдар суроо-талапты алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө берилүүгө тийиш.

Өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде суралган материалдарды же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө расмий өтүнүч бербеген учурда өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет.

Эгерде өтүнмөнү маани-маңызы жагынан калысбаадан өткөрбөстөн патент берүү жөнүндө расмий өтүнүч болсо, алдын ала калысбаадан оң жыйынтык алган өтүнмөгө карап туруп патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат жана мындай патент өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги менен берилет.

Алдынала жүргүзүлгөн калысбаа жыйынтыгы оң болгондо жана өтүнмөнүн маани-мазмуну боюнча негизги калысбаасын өткөрүү жөнүндө өтүнүч болсо, же аталган өтүнүч, же өтүнмөнүн маани-мазмуну боюнча калысбааны өткөрүүсүз патент берүү жөнүндө өтүнүч жок болсо, өтүнмө ээсине алдынала жүргүзүлгөн калысбаанын оң жыйынтыгы тууралу кабарландыруу жиберилет.

Эгерде алдын ала калысбаанын жыйынтыгында билдирилген сунуш патентке жараксыз деп табылса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала калысбаанын чечимине каршы болсо, аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Апелляциялык кеңешке каршылык билдирүү бере алат. Каршылык билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш.

Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбосо, ал аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде доо менен сотко кайрыла алат.

Өтүнмө берилген күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин же, эгерде артыкчылык суралып жатса, артыкчылык берилген күндөн тартып, өтүнмө чакыртып алынган же ал боюнча патент берүү жөнүндө же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган мезгилден башка учурда Кыргызпатент расмий бюллетенде өтүнмө жөнүндөгү маалыматтарды жарыялайт. Жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент аныктайт.

Тиешелүү алым төлөнгөн болсо, өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент өтүнмө берилген күндөн тартып же, эгерде артыкчылык суралса, артыкчылык берилген күндөн тартып он сегиз айдан мурдагы өтүнмө жөнүндө маалымат жарыялай алат.

Алдын ала калысбаа бүткөндөн кийин өтүнмөнү маани-мазмуну жагынан алдын ала калысбаадан өткөрбөстөн патент берүү жөнүндө расмий өтүнүч келип түшкөндө патент берүү жөнүндө расмий чечим аталган расмий өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде чыгарылат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Маани-мазмун жагындагы ойлоп табууга өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Кыргызпатент өтүнүч берилген күндөн тартып он сегиз айдын ичинде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрөт. Өтүнмө ээси үчүнчү жактардан келип түшкөн өтүнүчтөр тууралу кабарланат.

Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүүдө билдирилген ойлоп табуунун ушул Мыйзамдын 5-статьясында аныкталган патент жарамдуулугунун шарттарына ылайык келиши текшерилет.

Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүү мезгилинде Кыргызпатент ансыз калысбаа өткөрүүгө мүмкүн болбогон кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын өтүнмөнүн ээсинен талап кылууга укуктуу.

Кошумча материалдар калысбаанын суроо-талабы боюнча келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде ойлоп табуунун маани-маңызы өзгөртүлбөстөн берилиши керек. Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде суралган материалды бербесе же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кылбаса өтүнмө чакыртылып алынган болуп таанылат.

Ойлоп табуунун маани-маңызын өзгөртүп жиберүүчү бөлүгүндө, кошумча материалдарга карата ушул статьянын он биринчи жана он экинчи бөлүктөрүндөгү жана 23-2-статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндөгү тартип жайылтылат.

Эгерде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрүүнүн жыйынтыгында Кыргызпатент билдирилген сунуштун өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө ойлоп табуунун патентке жарамдуулук шарттарына дал келишин аныктаса, ойлоп табуунун өтүнмө ээси сунуш кылган жана ал макул болгон формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.

Билдирилген сунуштун өтүнмө ээси суранган укуктук коргоонун көлөмүндө ойлоп табуунун патент жарамдуулугунун шарттарына дал келбеси аныкталган учурда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмө ээси маани-мазмун жагынан калысбаанын патент берүүдөн баш тартышы тууралу чечимине каршы Апелляциялык кеңешке аны алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде каршылык билдирүү бере алат. Каршылык билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал түшкөн күндөн тартып төрт айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш.

Өтүнмө ээси Алелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон кезде ал аны алган күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде доо менен сотко кайрыла алат.

Өтүнмө ээси калысбаанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышып чыгууга укуктуу. Өтүнмө ээси суранган патенттик материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатент суроо-талап алынган күндөн тартып бир айдын ичинде жөнөтөт.

23-2-статьянын он бешинчи бөлүгү жана ушул статьянын тогузунчу бөлүгү менен белгиленген мөөнөттөрдөн башка, 23-1, 23-2-статьялары жана ушул статьяда каралган өтүнмө ээси тарабынан өткөрүп жиберилген мөөнөттөр жүйөлүү себептер болсо жана алымдар төлөнсө, Кыргызпатент тарабынан кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

Мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө расмий өтүнүчтү өтүнмө ээси өтүп кеткен мөөнөт бүткөн күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен бериши мүмкүн.

Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар ойлоп табуунун патент жарамдуулугун техникалык деңгээли менен салыштырып баалоо аркылуу ишке ашыра турган техникалык деңгээлин аныктоо үчүн ойлоп табууга өтүнмө жагынан маалыматтык издөө өткөрүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Маалыматтык издөөнү өткөрүүнүн жана ал жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин Кыргызпатент аныктайт.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

25-статья. Пайдалуу моделге өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Пайдалуу моделге өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала калысбаа өткөрөт.

Пайдалуу моделге өтүнмөнүн формалдуу калысбаасын өткөргөн учурда ушул Мыйзамдын 23-1-статьясында каралган жоболор тиешелүү даражада колдонулат.

Пайдалуу моделге өтүнмөнүн алдын ала калысбаасын өткөргөн учурда Мыйзамдын 23-2-статьясынын биринчи-онунчу, он үчүнчү-он бешинчи бөлүктөрүндө жана 24-статьясынын он биринчи-он үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жоболор тиешелүү даражада ылайык колдонулат.

Алдын ала калысбаадан оң жыйынтык менен өткөн өтүнмө боюнча пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат жана патент өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги менен берилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 200 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Өтүнмөнү кайра өзгөртүү

Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндөгү маалыматтар жарыяланганга чейин, бирок патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн кечиктирбестен өтүнмө ээси аны тиешелүү арыз берүү жолу менен пайдалуу моделдин өтүнмөсүн кайра өзгөртүүгө укуктуу.

Өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчү боюнча пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табуунун өтүнмөсүнө кайра өзгөртүүнү өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күнгө чейин жасаса болот.

Аталган кайра өзгөртүүлөрдө артыкчылык жана биринчи өтүнмөнүн берилген күнү сакталат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала калысбаа өткөрөт. Өтүнмө менен бир эле мезгилде берилиши мүмкүн болгон же ал берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде берилген өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчүн кароо аны маани-мазмуну жагынан негизги калысбаадан өткөрүп же өткөрбөстөн эле ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде расмий өтүнүч көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, өтүнмө чакыртып алынды деп табылат.

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү формалдуу калысбаадан өткөргөндө ушул Мыйзамдын 23-1-статьясында камтылган жоболор тийиштүү түрдө колдонулат.

Өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөргөндө Кыргызпатент төрт ай ичинде өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптардын сакталгандыгын, билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө ээси берген материалдарынын патентке жарамдуулугун Кыргызпатент берген коргоо документтеринин фондуна, алда канча мурдараак алынган артыкчылыктары чакыртып алынбаган өтүнмөлөргө ылайык келишин текшерет, өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилейт, өтүнмөнүн өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талаптарына туура келишин текшерет.

Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү алдын ала калысбаадан өткөргөндө тийиштүү түрдө ушул Мыйзамдын 23-2-статьясынын үчүнчү-он бешинчи, он сегизинчи бөлүктөрүндө камтылган жоболор колдонулат.

Өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактардын расмий өтүнүчү боюнча Кыргызпатент өтүнүч берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөрөт. Өтүнмө ээсине үчүнчү жактардан түшкөн расмий өтүнүчтөр жөнүндө кабарланат.

Өтүнмөнү маани-мазмун жагынан калысбаадан өткөргөндө тийиштүү түрдө ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи-он үчүнчү бөлүктөрүндө камтылган жоболор колдонулат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Менчик өнөр жай объекттерин каттоо, патент берүү жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо жана патент берүү

Кыргызпатент патент берүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин патентти каттагандыгы жана бергендиги үчүн алым төлөнгөн болсо Кыргыз Республикасынын Ойлоп табуулар боюнча мамлекеттик реестрине, Кыргыз Республикасынын Пайдалуу моделдер боюнча мамлекеттик реестрине же Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрү боюнча мамлекеттик реестрине тиешелүү түрдө ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн киргизет, патент берилгендиги жөнүндө расмий бюллетенде маалыматтарды жарыялайт жана патент кимдин атына суранса, ошол адамга патент берет.

Патент бир нече адамдын аттарына суранса, аларга бир патент берилет.

Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документти өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде же аталган эки айлык мөөнөт бүткөн күндөн тартып кошумча акы төлөө менен үч айдын ичинде берет.

Патенттин катталгандыгы жана берилгендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ белгиленген тартипте берилбегенде менчик өнөр жай объекти катталбайт, патент жөнүндө жарыяланбайт жана ал берилбейт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет.

Расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент аныктайт.

Патент берилгендиги жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен ар кандай адам тааныша алат.

Патенттин формасын жана автордун күбөлүгүн, ошондой эле аларда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамын Кыргызпатент белгилейт.

Берилген патенттен жана автордун күбөлүгүнөн чындыкка жатпаган жана техникалык каталар табылган учурда патент ээси менен автордун талабы боюнча Кыргызпатент тарабынан алым төлөнбөстөн тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Патент ээси болуп саналбаган өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна анын каалоосу боюнча Кыргызпатент тарабынан автордун күбөлүгү берилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46, 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

29-статья. Өнөр жай менчигинин обьекттерин каттоо жөнүндө маалы маттарды жарыялоо

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

30-статья. Патенттеринин берүү

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

VI бөлүм
 Патенттердин колдонулушун токтотуу жана калыбына келтирүү

(Бөлүмдүн аталышы КР 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Патенттерди талашуу

Патент анын бүткүл аракет мөөнөтү ичинде аны берүүгө каршылык билдирилген төмөнкүдөй учурларда:

1) ушул Мыйзамда белгилеген патентке жарамдуулук шарттарына корголуучу чечим ылайык келбесе;

2) ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласында же өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинде өтүнмөнүн эң алгачкы материалдарында жок белгилер бар болсо;

3) алдын ала патентте, патентте же күбөлүктө автор (авторлор) же алардын ээлери туура эмес көрсөтүлсө толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Каршылык билдирүүчү адам аны негиздөөгө, ошондой эле алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тапшырууга милдеттүү.

Коргоо документин берүүгө ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган негиздер боюнча каршылык билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып алты айлык мөөнөт ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш; патент ээси каршылык билдирүү менен тааныштырылууга тийиш.

Каршылык билдирген адам, ошондой эле патент ээси аны карап чыгууга катыша алышат. Мында Апелляциялык кеңеш патент берүүгө каршылык билдирүүдө көрсөтүлгөн далилдердин чегинен чыкпайт.

Коргоо документин берүүгө карата каршылык билдирүү жөнүндөгү Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда тараптардын кайсынысы болбосун чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөт ичинде сотко доо коюп кайрыла алат.

32-статья. Патентти жараксыз деп табуу жана анын колдонулушун токтотуу

Патент Апелляциялык кеңештин чечиминин же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп табылат.

Патенттин колдонулушу төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул Мыйзамга ылайык белгиленген анын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

2) патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндө – патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөө үчүн белгиленген мөөнөтү аяктаган күндөн тартып;

3) патент ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде, эгерде баш тартуу үчүнчү жактардын таламдарына залал келтирбесе – патент ээсинин арызына байланыштуу патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланган күндөн тартып.

Кыргызпатент расмий бюллетенде толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп табылган патенттер жөнүндө жана күчүн жоготкон патенттер жөнүндөгү маалыматтарды жарыялайт.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин пайдалануу укугу

Эгерде ойлоп табууга патенттин колдонулушу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн айынан токтотулса жана патенттин колдонулушунун мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнмөсү боюнча алым боюнча карызды жана ушундай өтүнмө бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөн шартта мындай патенттин колдонулушу Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

Ойлоп табууга патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык аны калыбына келтирүү датасына чейин ойлоп табууга патенттин колдонулушу токтотулган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланган же ага карата зарыл болгон даярдыктарды жасаган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак мындай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат (кийин пайдалануу укугу).

(КР 2013-жылдын 25-январындагы N 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII бөлүм
 Авторлордун жана патент ээлеринин укуктары жана жеңилдиктери

33-статья. Авторлордун укуктары жана жеңилдиктери

Автор арызы боюнча өтүнмөнү карап чыгуунун кайсы баскычында болбосун өнөр жай менчигинин объектисине өзүнүн ысмын же атайын аталышын ыйгарууну талап кылууга укуктуу.

Эң маанилүү жана кеңири пайдаланылуучу ойлоп табуулардын авторлору “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” деген ардактуу наам берүүгө көрсөтүлүшү мүмкүн.

34-статья. Өнөр жай менчигинин объекттерин жаратууга жана пайдала нууга мамлекеттик жактан түрткү берүү

Илимий-техникалык өнүгүүгө түрткү берүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын чыңдоо, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай менчигинин объекттерин түзүү жана пайдалануу максаттарында Кыргызпатенттин алдында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик фондусу түзүлөт (мындан ары – Мамлекеттик фонд).

Мамлекеттик фонд патенттелген өнөр жай менчигинин объекттерине карата аларды өндүрүшкө жайылтуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалануу максатында мамлекеттин атынан патент ээсинин укугун сатып алууга акылуу.

Мамлекеттик фонд өзүнүн ишин Кыргызпатент тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүргүзөт.

Мамлекеттик фондуну каржылоонун булактары болуп республикалык бюджеттин каражаттары, патенттик алымдардан чегерип алуу, фондунун ишинен түшкөн жыйымдар, каражаттар жана башка келип түшкөн кирешелер эсептелет.

Мамлекет өнөр жай менчигинин объекттерин пайдаланган авторлорго жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салуунун жеңил шартын орнотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга башка укуктарды жана жеңилдиктерди берет.

VIII бөлүм
 Патент ээлеринин жана авторлордун укуктарын коргоо

35-статья. Талаш-тартыштарды сот тартибинде кароо

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

Соттор, өздөрүнүн компетенциясына ылайык төмөндөгүдөй:

1) өнөр жай менчигинин объекттерине авторлук жөнүндө;

2) коргоо документин берүү жөнүндө;

3) патент ээсин аныктоо жөнүндө;

4) мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө;

5) өнөр жай менчигинин объектисин пайдаланууга бирден бир укукту жана патент ээсинин башка мүлктүк укуктарын бузуу жөнүндө;

6) өнөр жай менчигинин корголуучу объектисин пайдаланууга лицензиялык келишимдерди түзүү жана аларды аткаруу жөнүндө;

7) мурда пайдалануу укугу жөнүндө;

8) ушул Мыйзамдын 10 -статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган келишимге ылайык жумуш берүүчү тарабынан авторго сый акы төлөп берүү жөнүндө талаш-тартыштарды;

9) укуктарды коргоого байланышкан башка талаш-тартыштарды карашат.

36-статья. Авторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Авторлукту ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо, өнөр жай менчигинин объектиси жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболорунда каралган жоопкерчилик тартууга алып келет.

IX бөлүм
 Корутунду жоболор

37-статья. Патенттик алым

Өнөр жай менчигинин объекттерине коргоо документтерин алууга өтүнмө берүү үчүн, экспертизадан өткөрүү жана өнөр жай менчигинин объекттерине патенттерди берүү үчүн, аларды күчүндө кармап туруу үчүн, алардын аракетте болушу үчүн, аракет мөөнөтүн узартуу үчүн, ошондой эле юридикалык жактан маанилүү башка аракеттерди жасагандыгы үчүн алым алынат. Алым алынуучу аракеттердин толук тизмеси, анын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, ошондой эле алым төлөөдөн бошотуунун, анын өлчөмүн азайтуунун же алымды кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Алым өтүнмө ээси, патент ээси, же алардын макулдугу боюнча жеке адамдардын же юридикалык тараптардын кайсынысы тарабынан болбосун Кыргызпатентке төлөнөт.

Кыргызпатенттин эсебине алым түрүндө, анын ичинде валюталар түрүндөгүлөр, кызматтар жана материалдар үчүн төлөм түрүндө келип түшкөн бардык каражаттар Кыргызпатент тарабынан техникалык жабдуу үчүн, автоматташкан системаны түзүү жана колдонуу үчүн, патенттик маалымат фондусун топтоо үчүн, кадрларды даярдоо жана аларга өбөлгө түзүү үчүн пайдаланылат.

38-статья. Өнөр жай менчигинин объектисин чет өлкөлөрдө патенттөө

Кыргыз Республикасында түзүлгөн өнөр жай менчигинин объекттерине чет өлкөлөргө өтүнмөлөрдү берүү, Кыргызпатентке тийиштүү өтүнмө берилгенден үч айдан кийин ишке ашырылат.

Кыргызпатент зарыл учурларда, Кыргызпатент тарабынан белгиленген тартипте өтүнмөдө мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардын бар-жогун текшерүүнү аяктагандан кийин өнөр жай менчигинин объекттерин, көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда, чет өлкөлөрдө патенттөөгө уруксат бере алат.

Кыргыз Республикасында түзүлгөн өнөр жай менчигинин объекттерине карата чет өлкөлөргө же эл аралык уюмдарга өтүнмө ушул статьяда белгиленген тартиптин бузулушу менен берилген учурда, Кыргыз Республикасындагы ошол өнөр жай менчигинин объектисине коргоо документи берилбейт.

39-статья. Чет элдик жеке адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары

Чет элдик жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жараша же өз ара эриш-аркактык принцибинин негизинде ушул Мыйзамда жана өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук коргоого тиешелүү нормативдик башка актыларда каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын адамдары жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

Кыргыз Республикасында жашап турушкан атуулдугу жок адамдар, эгерде ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдык башка актыларында бөлөкчө айтылбаса, ушул Мыйзамда жана өнөр жай менчигинин объекттерин укуктук коргоого тиешелүү башка нормативдик укуктук актыларда каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

40-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамдагы эрежелерден башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

41-статья. Өтмө жоболор

Бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүгө байланыштуу ушул Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, төмөндөгүлөр белгиленсин:

1) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш кагаздарына карата кабыл алынган ойлоп табууларга же өнөр жай үлгүлөрүнө Кыргыз Республикасынын алдын ала патентин берүүгө өтүнмөлөр боюнча өтүнмө ээси негизги калысбааны өткөрүү менен ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө же тиешелүү алым төлөө жөнүндө талаптарды сактаганда өтүнмө ээсине жоопкерчиликти жүктөө менен патент берүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Эгерде өтүнмө ээси чара көрбөсө өтүнмө чакыртып алынды деп эсептелинет;

2) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейинки ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы патенттери боюнча өтүнмө берген күнүнөн тартып 5 жылдык мөөнөт бүтө элек болсо, алдын ала патенттин ээси калысбаа өткөрүү менен ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде мындай расмий өтүнүч болбосо, Кыргыз Республикасынын патенти калган мөөнөткө өтүнмө ээсине жоопкерчилик жүктөө менен Кыргыз Республикасынын патентине кайрадан жол-жоболоштурулат;

3) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган мыйзам күчүнө киргенге чейинки ойлоп табууга, же өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы алдын ала патенттери боюнча өтүнмө берген күнүнөн тартып 5 жылдык мөөнөт бүткөн болсо, алар калган мөөнөткө өтүнмө ээсине жоопкерчилик жүктөө менен Кыргыз Республикасынын патенттерине кайрадан жол-жоболоштурулат;

4) бирдиктүү коргоо документине (патентке) өтүүнү караштырган Мыйзам күчүнө киргенге чейинки иш кагаздарына кабыл алынган пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын күбөлүгүн берүүгө өтүнмөлөр боюнча тиешелүү алым төлөө жөнүндө талаптар сакталганда пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө чечим чыгарылат;

5) пайдалуу моделге колдонулуучу Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделинин патентине кайрадан жоболоштурулат.

Жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду өткөрүүнүн мөөнөттөрү менен тартиби Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамы жарыяланган учурдан баштап колдонууга киргизилсин.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

1997-жылдын 16-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

корголууда:

Бишкек ш., Өкмөт үйү

1996-жылдын 22-ноябры N 546

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан

ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө

СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдалануунун жана аларга автордук сый акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аларга СССРдин тиешелүү автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү берилген, ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө берилген СССРдин коргоо документтери – СССРдин патенттери, СССРдин автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү күчүндө экендиги белгиленсин.

2. Менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жактар жана ишкердик иши менен иштеген жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн буга атайын уруксат албастан пайдаланары белгиленсин.

Ойлоп табууга өтүнмө берген датадан тартып, 20 жыл же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датадан тартып, 15 жыл мөөнөт өткөнгө чейин аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланып баштаган юридикалык же жеке жак аны пайдаланып баштагандан тартып, 3 айлык мөөнөттө ойлоп табуунун же өнөр жай үлгүсүнүн авторуна (авторлоруна) бул тууралуу билдирүүгө жана автор (авторлор) менен ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Аталган сый акы ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык же жеке жак тарабынан төлөнөт жана анын өлчөмү чектелбестен тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

3. СССРдин автордук күбөлүгү жана СССРдин күбөлүгү менен корголуучу ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы эгер бул пайдалануу ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталса, ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну баштаган датага колдонудуп жаткан мыйзамдарга ылайык төлөнөрү белгиленсин.

Мындай учурда, ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акынын өлчөмү мамлекеттик пенсияларды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен көбөйөт. Мында ушул ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун ар бир жылына колдонулуучу коэффициенттер, ошондой эле аталган мыйзамдар менен белгиленген кийинки жогорулатуучу коэффициенттер эсепке алынат.

Мурда төлөнгөн сый акылар ушул токтомдун чыгышына байланыштуу, кайра эсептөөгө болбойт.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин автордук күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу өнөр жай үлгүлөрүн пайдалангандыгы үчүн сый акы министрликтер жана ведомстволор тарабынан өз убагында төлөнбөсө, ушул токтомдун 3-пунктунда каралган тартипте аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык жак тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                          А.Джумагулов