Өнөр жай менчик объектине мажбурлоочу лицензия берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө ЖОБО

Өнөр жай менчик объектине мажбурлоочу лицензия берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1998-жылдын 24-декабрындагы N 862

токтому менен бекитилген

Өнөр жай менчик объектине мажбурлоочу лицензия берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө

ЖОБО 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 15-майындагы N 233

токтомунун редакциясында)

1. Ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө мажбурлоочу лицензия берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары – өнөр жай менчик объекти) Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аталган өнөр жай менчик объектилерин пайдаланууга мажбурлоочу лицензия берүүнүн шарттарын жана тартибин белгилейт.

2. Алдын ала патент, патент (мындан ары – патент) менен корголуучу өнөр жай менчик объектисин пайдалануу төмөнкү шарттардын бири болгондо гана, патент ээсинин уруксатысыз пайдаланууга болот:

а) эгер өнөр жай менчик объекти патент берген датадан тартып, үч жылдын ичинде патент ээси же ага укук берилген жактар (мындан ары – укук ээси) тарабынан пайдаланылбаса, Кыргыз Республикасынын товарлар жана тейлөө кызматынын рыногунда тиешелүү товарлар менен тейлөө кызматын жетишерлик эмес сунуштоого алып келсе;

б) өзгөчө кырдаалдарда (жаратылыш кырсыктары, катастрофалар, ири авариялар) же улуттук коопсуздук кызыкчылыгында;

в) Кыргыз Республикасы ушундай объектини коммерциялык эмес пайдаланган учурда;

г) зарыл учурда, сот же монополияга каршы орган тарабынан атаандаштыкка каршы (монополиялык) деп таанылган практиканы оңдоо.

3. Өнөр жай менчик объектин квалификациялуу пайдаланууну каалаган жана даяр кайсы жак болбосун ага аталган объектини пайдаланууга мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

Сот аталган доо арызды кароону Сот ишин жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүргүзөт.

4. Доо арыз берген жак укук ээси тарабынан өнөр жай менчик объектин пайдаланбагандыгынын же жетишсиз пайдалангандыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасында тиешелүү товарлар менен тейлөө кызматына реалдуу керектөөнү тастыктаган маалыматтарды, ошондой эле коммерциялык практикада белгиленген тиешелүү шартта белгиленген мезгилде укук ээси менен лицензиялык келишим түзүүгө аракеттенгендиги жана бул аракеттер четтетилгендиги тууралуу маалыматтарды  бериши керек.

Көрсөтүлгөн талаптар ушул Жобонун 2-пунктунун “б” жана “в” пунктчаларында каралган учурларда, колдонулбайт. Ушул Жобонун 2-пунктунун “б” пунктчасында каралган учурда, укук ээсине ушундай пайдалануу жөнүндө кыска мөөнөттөрдө, ал эми ушул Жобонун 2-пунктунун “в” пунктчасында каралган учурунда, кечиктирилбестен кабарланат, мында корголуучу өнөр жай менчик объектинин көлөмү менен пайдаланылышынын узактыгы укук ээсине өлчөмдөш компенсацияны төлөө менен ага уруксат берилген, максаттар менен чектелет.

Эгер укук ээси өнөр жай менчик объектинин пайдаланылбагандыгын же жетишерлик эмес пайдаланылышын жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын тастыктай албаса, сот аны пайдаланууга мажбурлоочу лицензия бере алат.

5. Сот мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө чечим чыгарганда төмөнкүдөй жоболорду эске алуу керек:

а) мажбурлоочу лицензия өнөр жай менчик объектинин жеке сапаттарына негизделиши керек;

б) мажбурлоочу лицензиянын көлөмү менен пайдаланылышынын узактыгы ал үчүн коюлган максат менен чектелет;

в) төлөмдөрдүн өлчөмү белгиленген коммерциялык практикага ылайык аныкталган ушу сыяктуу лицензиянын баасынан төмөн белгилениши керек;

г) жарым өткөргүчтөрдүн технологияларына мажбурлоочу лицензия Кыргыз Республикасы тарабынан коммерциялык эмес максатта же сот же монополияга каршы органдын чечими менен атаандаштыкка каршы (монополиялык) деп таанылган практиканы оңдоо үчүн гана берилет;

д) мажбурлоочу лицензия өзгөчө лицензия болуп саналбайт жана башка жакка кайра ыйгарып берүүгө болбойт. Өнөр жай менчигинин аталган объектин пайдаланууга укук мажбурлоочу лицензия берилген жак тарабынан берилиши мүмкүн, башка жакка анда объект пайдаланылып жаткан тиешелүү өндүрүш менен бирге гана берилет;

е) мажбурлоочу лицензия Кыргыз Республикасынын рыногунун керектөөлөрүн камсыздоо үчүн гана берилиши керек.

6. Белгиленген практикага ылайыктуу шарттарда лицензиялык келишим түзүүдөн баш тарткан, ошол эле учурда ойлоп табууга башка патенттин же пайдалуу моделге күбөлүктүн ээсин бузбастан, ойлоп табууну пайдалана албаган патент ээси сотко коргоо документи башка тиешелүү болгон, ойлоп табууга же пайдалуу моделге карата анын ойлоп табуусу экономикалык жактан маанилүү болгон техникалык жетишкендикти билдирген шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга ага мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

Аталган лицензия берилгенде, сот тарабынан ага мажбурлоочу лицензия берүүнү талап кылган жак тарабынан патенттелген ойлоп табууну пайдалануу үчүн зарыл болгон көлөмдө, ошондой эле өлчөмү, мөөнөтү жана төлөмдөрдүн тартиби, ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдалануу чеги белгилениши керек.

Мындай лицензияны кайра ыйгарып берүүгө болбойт. Ушул пункттун негизинде алынган ойлоп табууну же пайдалуу моделди пайдаланууга укук ага байланыштуу ушул укук берилген, ойлоп табууга патентти ыйгарып берүүдө берилиши мүмкүн.

7. Сот же монополияга каршы органдын чечими боюнча атаандаштыкка каршы (монополиялык) деп таанылган практиканы оңдоо үчүн сот мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө чечим чыгарганда ушул Жобонун 4-пунктта жана 5-пункттун “е” пунктчасында каралган шарттарды колдонбоого укуктуу. Атаандаштыкка каршы практиканы оңдоонун зарылчылыгы мындай учурларда, сый акынын өлчөмүн аныктоодо эске алынат. Сот ушундай уруксат берүүгө алып келген шарттар кайрадан келип чыгышы мүмкүн болсо, уруксат берүүнү жокко чыгарууга укуктуу.

8. Мажбурлоочу лицензия берүү жөнүндө чечим эгер ушуга алып келген кырдаал токтотулса жана кайра кайталанышы күмөндүү болсо, мажбурлоочу лицензияны алган жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын тиешелүү түрдө сактоо каралат. Сот жүйөлүү арыз боюнча бул кырдаалдардын болушу улантылып жатабы, ушул жөнүндө маселени кароого укуктуу.

9. Ушул Жобо менен каралган иштер боюнча соттун чечимдеринин көчүрмөлөрү аларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигине жөнөтүлөт.

Бишкек ш., Өкмөт үйү

1996-жылдын 22-ноябры N 546

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан

ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө

СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдалануунун жана аларга автордук сый акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аларга СССРдин тиешелүү автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү берилген, ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө берилген СССРдин коргоо документтери – СССРдин патенттери, СССРдин автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү күчүндө экендиги белгиленсин.

2. Менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жактар жана ишкердик иши менен иштеген жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн буга атайын уруксат албастан пайдаланары белгиленсин.

Ойлоп табууга өтүнмө берген датадан тартып, 20 жыл же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датадан тартып, 15 жыл мөөнөт өткөнгө чейин аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланып баштаган юридикалык же жеке жак аны пайдаланып баштагандан тартып, 3 айлык мөөнөттө ойлоп табуунун же өнөр жай үлгүсүнүн авторуна (авторлоруна) бул тууралуу билдирүүгө жана автор (авторлор) менен ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Аталган сый акы ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык же жеке жак тарабынан төлөнөт жана анын өлчөмү чектелбестен тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

3. СССРдин автордук күбөлүгү жана СССРдин күбөлүгү менен корголуучу ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы эгер бул пайдалануу ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталса, ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну баштаган датага колдонудуп жаткан мыйзамдарга ылайык төлөнөрү белгиленсин.

Мындай учурда, ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акынын өлчөмү мамлекеттик пенсияларды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен көбөйөт. Мында ушул ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун ар бир жылына колдонулуучу коэффициенттер, ошондой эле аталган мыйзамдар менен белгиленген кийинки жогорулатуучу коэффициенттер эсепке алынат.

Мурда төлөнгөн сый акылар ушул токтомдун чыгышына байланыштуу, кайра эсептөөгө болбойт.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин автордук күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу өнөр жай үлгүлөрүн пайдалангандыгы үчүн сый акы министрликтер жана ведомстволор тарабынан өз убагында төлөнбөсө, ушул токтомдун 3-пунктунда каралган тартипте аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык жак тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                          А.Джумагулов