Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча МАКУЛДАШУУ

Марракеш ш.

1994-жылдын 15-апрели

1С тиркеме

Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча

МАКУЛДАШУУ

Мүчө-өлкөлөр,

Эл аралык сооданы өнүктүрүү жолундагы бурмалоолорду жана тоскоолдуктарды азайтууну каалап жана интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу жана бирдей коргоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча чаралар жана жол-жоболордун өзүлөрү мыйзамдуу соода кылуу үчүн тоскоол болбошун камсыз кылуу зарылдыгын эске алып;

Ушул максатта:

(a) 1994-жылдагы Тарифтер жана соодалашуулар боюнча генералдык макулдашуунун (ТСГМ) негизги принциптерин колдонууга;

(b) соодага байланышкан интеллектуалдык менчик укуктарынын көлөмүнүн болушуна жана пайдаланылышына тиешелүү бирдей ченемдер жана принциптер менен камсыз кылууга;

(c) улуттук укуктук системалардагы айырмачылыктарды эске алуу менен, соодага байланышкан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону натыйжалуу жана ылайыктуу каражаттар менен камсыз кылууга;

(d) өкмөттөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды болтурбоо жана жөнгө салуу үчүн көп тараптуу негизде натыйжалуу жана кечиктирилбес жол-жоболор менен камсыз кылууга; жана

(e) сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына кыйла толук катышууга багытталган өтмө келишүүлөргө тиешелүү болгон жаңы эрежелердин жана тартиптердин зарылдыгын таанып;

Контрафактылык товарлар менен эл аралык соода кылууга тиешелүү болгон принциптердин, эрежелердин жана тартиптин көп тараптуу системасына муктаждыкты таанып;

Интеллектуалдык менчик укуктары жеке жактардын укуктары болуп эсептелээрин таанып;

Мамлекеттик саясаттын негизинде жатуучу өнүктүрүүнүн жана техникалык прогресстин максаттарын камтуу менен, интеллектуалдык менчикти коргоонун улуттук системаларынын максаттарын таанып;

Ошондой эле аларга бекем жана жашоого жөндөмдүү технологиялык базаны түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн өлкө ичинде мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуунун максималдуу ийкемдүүлүгүнө карата кыйла начар өнүккөн мүчө-өлкөлөрдүн өзгөчө керектөөлөрүн таанып;

Көп тараптуу жол-жоболордун жардамы менен интеллектуалдык менчиктин соода аспектилери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча кыйла бекем милдеттенмелерге жетишүү жолу менен чыңалууну бошоңдотуунун маанилүүлүгүн белгилеп;

БСУ жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (мындан ары “ИМБДУ”нун ушул Макулдашуусу деп аталуучу), ошондой эле башка эл аралык уюмдардын ортосунда өз-ара колдоо көрсөтүү мамилелерин орнотууну каалап;

Ушуну менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышат:

I БӨЛҮК

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР ЖАНА НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕР

1-берене. Милдеттенмелердин мааниси жана аракеттенүү чөйрөсү

1. Мүчө-өлкөлөр ушул Макулдашуунун жоболорун аракетке келтиришет. Мүчө-өлкөлөр мындай коргоо ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген шартта, өзүлөрүнүн мыйзамдарында ушул Макулдашуу боюнча талап кылынгандан кыйла кеңири коргоону бере алышат, бирок милдеттүү эмес. Мүчө-өлкөлөр өзүлөрүнүн укуктук системаларынын жана практикасынын алкагында ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруунун ылайыктуу ыкмасын аныктоодо эркин болушат.

2. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн “интеллектуалдык менчик” деген термин II бөлүктүн 1-7-бөлүмдөрүндө караштырылуучу интеллектуалдык менчиктин бардык категорияларына тиешелүү.

3. Мүчө-өлкөлөр башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандарына ушул Макулдашууда караштырылган режимди беришет (1). Интеллектуалдык менчиктин ылайыктуу укугуна карата башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандары деп, эгерде алардын катышуучулары болуп БСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү эсептелишкен болсо, Париж конвенциясы (1967-жыл), Берн конвенциясы (1971-жыл), Рим конвенциясы жана интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө Келишим менен караштырылган коргоо берүү критерийлерине жооп бере алган жеке же юридикалык жактар түшүнүлөт (2). Рим конвенциясынын 5-беренесинин 3-пунктунда же 6-беренесинин 2-пунктунда караштырылган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануучу кайсы болбосун мүчө-өлкө эскертилген жоболордо караштырылгандай бул жөнүндө Интеллектуалдык менчик укугунун соода аспектилери боюнча кеңешке (“ТРИПС боюнча Кеңеш”) кабарлайт.

2-берене. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Конвенциялар

1. Ушул Макулдашуунун II, III жана IV бөлүктөрүнө карата мүчө-өлкөлөр Париж конвенциясынын (1967-жыл) 1-12 жана 19-беренелеринин жоболорун сакташат.

2. Эч нерсе ушул Макулдашуунун I-IV бөлүктөрүндө Париж конвенциясына, Берн конвенциясына, Рим конвенциясына жана интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө Келишимге ылайык мүчө-өлкөлөр бири биринин алдында ээ боло турган колдонулуп жаткан милдеттенмелерди чектөөгө тийиш эмес.

3-берене. Улуттук режим

1. Ар бир мүчө-өлкө башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандарына Париж конвенциясына, Берн конвенциясына, Рим конвенциясына жана интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө Келишимге ылайык караштырылгандардан тышкары, интеллектуалдык менчикти коргоого карата (3) өзүнүн жарандарына бергенден кем эмес жагымдуу режимди берет. Аткаруучуларга, фонограмма чыгаруучуларга жана уктуруу уюмдарына бул милдеттенме ушул Макулдашууда караштырылган укуктарга карата гана колдонулат. Берн конвенциясынын (1971-жыл) 6-беренесинде же Рим конвенциясынын 16-беренесинин 1(b) пунктунда белгиленген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануучу кайсы болбосун мүчө-өлкө эскертилген жоболордо караштырылгандай ТРИПС боюнча Кеңешке кабарлайт.

2. Мүчө-өлкөлөр 1-пунктка ылайык жол берилген өзгөчөлүктөрдү качан мындай өзгөчөлүктөр ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо үчүн зарыл болгон учурларда гана жана качан мындай практика соодада жабык чектөө болуп калуу үчүн колдонулбаган учурда мүчө-өлкөнүн юрисдикциясынын чектеринде иш боюнча кат алышуулар же агенттик дайындоо үчүн даректи тандоону камтуу менен, соттук жана административдик жол-жоболорго карата колдоно алышат.

4-берене. Эң көп ыңгайлуу шарт түзүү режими

Интеллектуалдык менчикти коргоого карата мүчө-өлкө тарабынан кайсы болбосун башка өлкөнүн жарандарына берилүүчү кайсы болбосун пайдалар, жеңилдиктер, артыкча укуктар же иммунитеттер бардык башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандарына кечиктирилбестен жана кыңк этпестен жайылтылат. Бул милдеттенмелер төмөнкүлөргө мүчө-өлкө тарабынан берилүүчү кайсы болбосун артыкчылыктарга, жеңилдиктерге, артыкча укуктарга же иммунитеттерге жайылтылбайт:

(a) соттук жардам жөнүндө же интеллектуалдык менчикти коргоо менен гана чектелбеген, жалпы мүнөздөгү мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө эл аралык макулдашуулардан келип чыккандарга;

(b) берилген режим улуттук режимдин эмес, башка өлкөдө берилген режимдин милдети болуп эсептелишине жол берүүчү Берн конвенциясынын (1971-жыл) же Рим конвенциясынын жоболоруна ылайык берилгендерге;

(c) ушул Макулдашуу боюнча караштырылбаган, аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын жана уктуруу уюмдарынын укуктарына таандык болгондорго;

(d) БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө киргенге чейин күчүнө кирген интеллектуалдык менчикти коргоого байланышкан эл аралык макулдашуулардан келип чыккандарга, мындай макулдашуулар жөнүндө ТРИПС боюнча Кеңеш кабардар болгон жана алар негизсиз болуп же башка мүчө-өлкөлөрдүн жарандарын укуктарын жөнү жок басынтуу болуп эсептелбеген шартта.

5-берене. Коргоо алуу же күчүндө кармоо жөнүндө көп тараптуу макулдашуу

3 жана 4-беренелерге ылайык милдеттенмелер интеллектуалдык менчик укуктарын алууга же күчүндө кармап турууга байланышкан ИМБДУнун колдоосу астында түзүлгөн көп тараптуу макулдашууларда караштырылган жол-жоболорго жайылтылбайт.

6-берене. Укуктарды жок кылуу

Ушул Макулдашууга ылайык талаш-тартыштарды жөнгө салуунун максаттары үчүн жана 3 жана 4-беренелердин жоболорун сактоодо бул Макулдашууда эч нерсе интеллектуалдык менчик укуктарын жок кылуу жөнүндө маселелерди чечүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

7-берене. Максаттар

Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана камсыз кылуу социалдык-экономикалык жыргалчылыкка жана укуктар менен милдеттенмелердин балансына жетишүүгө көмөк көрсөтүү менен, техникалык прогресске, технологияларды өндүрүүчүлөр менен техникалык билимдерди пайдалануучулардын өз-ара пайдасына өткөрүп берүүгө жана жайылтууга өбөлгө түзүүгө тийиш.

8-берене. Принциптер

1. Өзүлөрүнүн улуттук мыйзамдарын жана эрежелерин түзүүдө же өзгөртүүдө мүчө-өлкөлөр саламаттыкты сактоону жана тамактандырууну коргоого багытталган, ошондой эле мындай чаралар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келген шартта, секторлордо аларды социалдык-экономикалык жана техникалык өнүктүрүү үчүн турмуштук маанилүү мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл ала алышат.

2. Ылайыктуу чаралар, алар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келген шартта, укук ээлери тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарынын кыянаттык менен пайдаланылышын болтурбоо үчүн же актабаган түрдөгү сооданы чектеген же технологияларды эл аралык өткөрүп берүүгө жагымсыз таасир тийгизген тажрыйбага кайрылуу үчүн зарыл болушу мүмкүн.

II БӨЛҮК

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫНЫН КӨЛӨМҮНҮН ЖАНА ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫНЫН БОЛУУСУНА КАРАТА СТАНДАРТТАР

1-бөлүм

Автордук укук жана чектеш укуктар

9-берене. Берн конвенциясы менен байланыш

1. Мүчө-өлкөлөр Берн конвенциясынын (1971-жыл) 1-21-беренелеринин жоболорун жана ага карата тиркемелерди сакташат. Бирок, мүчө-өлкөлөр көрсөтүлгөн Конвенциянын 6 bis беренесине ылайык берилүүчү, же андан келип чыгуучу укуктарга карата ушул Макулдашууга ылайык укуктарга же милдеттенмелерге ээ болушпайт.

2. Автордук укуктун ченемдери менен коргоо идеяларга, жол-жоболорго, иш ыкмаларына же ушундай математикалык концепцияларга эмес, түшүндүрүүлөрдүн формасына жайылтылат.

10-берене. Компьютердик программалар жана маалыматтардын компиляциялары

  1. Компьютердик программалар, баштапкы текст, ошондой эле объектилик код катары Берн конвенциясына (1971-жыл) ылайык адабий чыгарма катарында корголот.

2. Тандалып алынуусу же жайгашуусу боюнча алардын мазмуну чыгармачыл эмгектин натыйжасы болуп эсептелүүчү машинада окула турган ошондой эле башка формадагы маалыматтардын же башка материалдардын компиляциясы ушундай катары корголот. Маалыматтардын өзүнө же материалдарга жайылтылбаган мындай коргоо маалыматтардын өзүнө же материалдарга тиешелүү болгон кимдир бирөөнүн автордук укугуна зыян келтирбейт.

11-берене. Кире укугу

Эң жок дегенде компьютердик программаларга жана кинематографиялык чыгармаларга карата мүчө-өлкөлөр авторлорго же алардын укук мураскерлерине автордук укук менен корголгон чыгармалардын түп нускаларын же көчүрмөлөрүн эл алдында коммерциялык киреге берүү же тыюу салуу укугун берет.

Эгерде мындай кире өз артынан ушул мүчө-өлкөдө авторлорго жана алардын укук мураскерлерине кайра чыгарууга берилген өзгөчө укукка маанилүү зыян келтирүүчү ушундай чыгармаларды кеңири масштабда көчүрмөлөөнү алып келбесе гана, мүчө-өлкө кинематографиялык чыгармаларга карата бул милдеттенмеден бошотулат.

12-берене. Коргоо мөөнөтү

Фото сүрөттүк чыгармалардан же колдонмо искусство чыгармаларынан тышкары чыгарманы коргоонун мөөнөтү жеке жактын жашоо мөөнөтүнөн башка негизде эсептелет, мындай мөөнөт чыгарма мыйзамдуу жарыяланган календардык жыл бүткөндөн кийин 50дөн кем эмес жылды, же чыгарма жаралган убакыттан тартып 50 жылдын ичинде мындай мыйзамдуу жарыялоо жок болгондо – чыгарма жаралган календардык жыл бүткөндөн кийин 50 жылдык мезгилди түзөт.

13-берене. Чектөөлөр жана алуулар

Мүчө-өлкөлөр өзгөчө укуктарга карата чектөөлөрдү же алууларды чыгармаларды кадимки пайдаланууга каршы келбеген жана негизсиз түрдө укук ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирбеген айрым бир өзгөчө учурларга чейин алып келишет.

14-берене. Аткаруучулардын, фонограмма (үн жазууларын) чыгаруучулардын жана уктуруу уюмдарынын укуктарын коргоо

1. Өзүнүн аткаруусун фонограммага жаздырууга карата аткаруучулар алардын уруксатысыз кабыл алынган төмөнкү аракеттердин алдын алуу мүмкүндүгүнө ээ: өзүнүн жазылбаган аткаруусун жаздыруунун жана мындай жазууну кайра чыгаруунун. Аткаруучулар ошондой эле алардын уруксатысыз кабыл алынган төмөнкү аракеттердин алдын алуу мүмкүндүгүнө ээ: сымсыз байланыш каражаттары аркылуу эфирдик берүүлөрдүн жана өзүнүн жандуу аткаруусун жалпыга жарыялоо үчүн кабарлоонун.

2. Фонограммаларды чыгаруучулар өзүлөрүнүн фонограммаларын түз же кыйыр түрдө кайра чыгарууга уруксат берүүгө же тыюу салууга укуктуу.

3. Уктуруу уюмдары алардын уруксатысыз кабыл алынган төмөнкү аракеттерге тыюу салууга укуктуу: жазуу, жазууларды кайра чыгаруу жана берүүлөрдүн сымсыз каражаттары аркылуу кайра берүү, ошондой эле теле берүүлөрдү жалпыга маалымдоо үчүн билдирүү. Эгерде мүчө-өлкөлөр мындай укуктарды уктуруу уюмдарына бербесе, анда алар берүүлөрдүн объектилерине карата автордук укук ээлерине Берн конвенциясынын (1971-жыл) жоболорун эске алуу менен, жогоруда эскертилген аракеттерди болтурбоо мүмкүндүгүн берет.

4. 11-берененин жоболору компьютердик программаларга карата бул мүчө-өлкөнүн мыйзамдарында аныкталгандай, фонограмма чыгаруучуларга жана фонограммалардагы кайсы болбосун башка укук ээлерине карата mutatis mutandis колдонулат. Эгерде 1994-жылдын 15-апрелине мүчө-өлкө фонограммаларды киреге берүүгө карата укук ээлерине сый акыларды акыйкат төлөп берүүнүн колдонуудагы системасына ээ болгон болсо, фонограммалардын коммерциялык киреге берилиши кайра чыгарууга укук ээлеринин өзгөчө укуктарына маанилүү зыян келтирбей турган шартта ал ушундай системаны сактап кала алат.

5. Ушул Макулдашуу боюнча аткаруучуларга жана фонограмма чыгаруучуларга берилүүчү коргоонун мөөнөтү, жазуу жасалган же аткарылган календардык жылдын аягынан эсептегенде, эң аз дегенде 50 жылды түзөт. 3-пунктка ылайык берилген коргоонун мөөнөтү, берүү болгон календардык жылдын аягынан эсептегенде, эң аз дегенде 20 жылды түзөт.

6. 1, 2 жана 3-пункттарга ылайык берилүүчү укуктарга карата, кайсы болбосун мүчө-өлкө Рим конвенциясы тарабынан жол берилген көлөмдө шарттарды, чектөөлөрдү, алып салууларды жана эскертүүлөрдү караштыра алат. Бирок, Берн конвенциясынын (1971-жыл) 18-беренесинин жоболору ошондой эле фонограммалардагы аткаруучулардын жана фонограмма чыгаруучулардын укуктарына карата mutatis mutandis колдонулат.

2-бөлүм

Товардык белгилер

15-берене. Корголуучу объектилер

1. Алардын жардамы менен бир ишкананын товарларын же тейлөө кызматтарын башка ишкананын товарларынан же тейлөө кызматтарынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун белгилеме же кайсы болбосун белгилемелердин айкалышы товардык белги боло алат. Мындай белгилемелер, тактап айтканда жеке аттарды, тамгаларды камтуу менен сөздөр, сандар, сүрөт элементтери жана түстөрдүн айкалышы, ошондой эле мындай белгилемелердин кайсы болбосун айкалышы товардык белги катары катталышы мүмкүн. Эгерде белгилемелер тиешелүү товарларга же тейлөө кызматтарына карата айырмалоочу жөндөмгө ээ болбосо, мүчө-өлкөлөр аны пайдалануу процессинде алынган айырмалоочу жөндөмдүүлүгүнө жараша белгини каттоо мүмкүндүгүн кое алышат. Каттоонун шарты катары мүчө-өлкөлөр белгилемелер көз менен көрүп кабыл алынгандай болушун талап кыла алышат.

2. 1-пункт, мүчө-өлкө, башка негиздер Париж конвенциясынын (1967-жыл) жоболорун бузбаган шартта, алар боюнча товардык белгини каттоодон баш тарта албайт дегенди билдирбейт.

3. Мүчө-өлкөлөр пайдаланылышына жараша каттоо мүмкүндүгүн кое алышат. Бирок товардык белгинин факт жүзүндө пайдаланылышы каттоого өтүнмө берүү үчүн шарт болуп эсептелбейт. Өтүнмө берилген датадан тартып үч жыл ичинде белги факт жүзүндө пайдаланылбаган негизде гана өтүнмө кабыл алынбашы мүмкүн эмес.

4. Аларга карата товардык белги колдонулуучу товарлардын же тейлөө кызматтарынын мүнөзү эч качан товардык белгини каттоо үчүн тоскоолдук болуп эсептелбейт.

5. Мүчө-өлкөлөр ар бир товардык белги жөнүндө маалыматтарды аны каттоого чейин же андан кийин кечиктирбестен жарыялашат жана каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүү үчүн жетишээрлик мүмкүнчүлүк беришет. Андан тышкары мүчө-өлкөлөр товардык белгини каттоого каршы каршылык билдирүүгө мүмкүндүк бере алышат.

16-берене. Берилүүчү укуктар

1. Катталган товардык белгинин ээси, эгерде ушундай пайдалануунун натыйжасында аралашып кетүү мүмкүндүгү пайда болсо, катталган товардык белгиге карата бирдей же ошого окшош товарлар жана тейлөө кызматтары үчүн соодада бирдей же ошого окшош белгилерди анын макулдугусуз үчүнчү жактардын пайдалануусуна уруксат бербөөгө өзгөчө укукка ээ. Бирдей товарлар же тейлөө кызматтары үчүн бирдей белгилеме пайдаланылган учурда аралашып кетүү мүмкүндүгүнө жол берилет. Жогоруда баяндалган укуктар эч кандай колдонулуп жаткан артыкчылыктуу укуктарга зыян келтирбейт жана пайдалануунун негизинде укук берүү мүмкүндүгүн көз карандылыкка коюучу мүчө-өлкөлөргө таасир тийгизбейт.

2. Париж конвенциясынын (1967-жыл) 6 bis беренесинин жоболору тейлөө кызматтарына mutatis mutandis колдонулат. Товардык белги жалпыга белгилүү болуп эсептелээрин аныктоодо мүчө-өлкөлөр ушул товардык белгиге байланыштуу жарнактык компаниянын натыйжасында ушул мүчө-өлкөдө алынган белгилүүлүктү камтуу менен, товардык белгинин тиешелүү коомчулуктун чөйрөсүндөгү белгилүүлүгүн эске алышат.

3. Париж конвенциясынын (1967-жыл) 6 bis беренесинин жоболору эскертилген товарлар же тейлөө кызматтары үчүн ушул товардык белгини пайдалануу эскертилген товарлар же тейлөө кызматтары менен катталган товардык белгинин ээсинин ортосундагы өз-ара байланышка көрсөткөн учурда жана мындай пайдалануу учурунда катталган товардык белгинин ээсинин кызыкчылыктарын чектөө мүмкүндүгү бар болгон шартта, товардык белги катталгандардан айырмалануучу товарларга же тейлөө кызматтарына карата mutatis mutandis колдонулат.

17-берене. Алып салуулар

Мүчө-өлкөлөр, мындай алып салуулар товардык белгинин ээсинин жана үчүнчү жактардын мыйзамдык кызыкчылыгын эске алган шартта, сыпаттоочу терминдерди ак ниет пайдалануу сыяктуу, товардык белги тарабынан берилүүчү укуктардын ичинен чектелген алып салууларды караштыра алышат.

18-берене. Коргоо мөөнөтү

Товардык белгини биринчи каттоонун күчүнүн мөөнөтү жана каттоону ар бир жолу узартуу жетиден кем эмес жылды түзөт. Товардык белгини каттоо чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.

19-берене. Пайдаланууну талап кылуу

1. Эгерде пайдалануу каттоону күчүндө кармап туруу үчүн талап болуп эсептелсе, анда, эгерде товардык белгинин ээси ушундай пайдалануу үчүн тоскоолдуктардын болгондугуна негизденген маанилүү себептерге көрсөтсө гана, каттоо, белги үзгүлтүксүз, эң жок дегенде үч жыл ичинде пайдаланылбаган соң гана жокко чыгарылышы мүмкүн. Мисалы товардык белги менен корголуучу товарларга же тейлөө кызматтарына карата импорттук чектөөлөр же өкмөттүн башка талаптары аны пайдалануу үчүн тоскоолдуктарды жараткан товардык белгинин ээсинин эркинен тышкары пайда болгон кырдаалдар белгини пайдаланбоо үчүн маанилүү себеп катары таанылат.

2. Белгинин ээси контролго алган шартта товардык белгинин башка жак тарабынан пайдаланылышы товардык белгини пайдалануу менен каттоону күчүндө кармоо максаты үчүн таанылат.

20-берене. Башка талаптар

Соодада товардык белгини пайдалануу, башка товардык белги менен пайдалануу, өзгөчө формада пайдалануу же анын бир ишкананын товарларын же тейлөө кызматтарын башка ишканалардын товарларынан жана тейлөө кызматтарынан айырмалоо жөндөмүнө зыян келтиргендей ыкма менен пайдалануу сыяктуу атайын талаптар менен негизсиз чектелбөөгө тийиш. Бул шарт товар чыгарууну же тейлөө кызматтарын катар жүргүзүүчү, бирок ушул ишкананын спецификалык товарларын же тейлөө кызматтарын айырмалоочу товардык белги менен байланышсыз ишкананы бирдейлештирүүчү товардык белгини пайдаланууну караштыруучу талапты жокко чыгарбайт.

21-берене. Лицензиялаштыруу жана ыйгарып берүү

Мүчө-өлкөлөр товардык белгилерди лицензиялаштыруунун жана ыйгарып берүүнүн шарттарын аныктай алышат; мында товардык белгилерди мажбурлап лицензиялаштырууга уруксат берилбейт жана катталган товардык белгинин ээси товардык белги таандык болгон ишкананы өткөрүп берүү менен бирге, же мындай өткөрүп берүүсүз товардык белгини ыйгарып берүүгө укуктуу.

3-бөлүм

Географиялык көрсөткүчтөр

22-берене. Географиялык көрсөткүчтөрдү коргоо

1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн географиялык көрсөткүчтөр товарды мүчө-өлкөдө же аймакта, же ошол аймактагы жерде келип чыккан катары аныктоочу белгилер болуп саналышат, мында берилген товардын өзгөчө сапаты, бедели, же башка мүнөздөмөлөрү негизинен анын географиялык келип чыгуусу боюнча аныкталат.

2. Географиялык көрсөткүчтөргө карата мүчө-өлкөлөр кызыкдар болгон жактарга төмөнкүлөрдү болтурбоого мүмкүндүк берүүчү укуктук каражаттарды караштырышат:

(a) бул товар чыныгы келип чыккан жерден айырмаланган географиялык райондон келип чыккандыгын, бул ушул товардын географиялык келип чыгуусуна карата коомду адашууга алып келе тургандыгын көрсөткөн же ассоциацияны чакырган белгилемени же товарды көрсөтүү үчүн кайсы болбосун каражаттарды пайдаланууну;

(b) Париж конвенциясынын (1967-жыл) 10 bis беренесинин маанисинде ак ниет эмес атаандаштык актысы болуп саналган кайсы болбосун пайдаланууну;

3. Мүчө-өлкө ex officio, эгерде бул анын мыйзамдары менен чечилген болсо, же кызыкдар болгон тараптын өтүнүч каты боюнча көрсөтүлгөн аймакта келип чыкпаган товарларга карата географиялык көрсөткүчтү камтыган же андан турган товардык белгини каттоодон баш тартса же каттоону жараксыз деп тааныса, эгерде берилген мүчө-өлкөдө мындай товарларга карата товардык белгиде көрсөткүчтү пайдалануу алардын чыныгы келип чыккан жерине карата элди адаштырууга алып келиши мүмкүн болсо.

4. 1, 2 жана 3-пункттарга ылайык коргоо, келечекте товар келип чыга турган аймакка, районго же жерге карата факт жүзүндө туура болгон, товарлардын башка аймакта келип чыккандыгына карата коомчулукка жалган көрсөтмө берген географиялык көрсөткүчкө карата колдонулат.

23-берене. Винолор жана спирт ичимдиктери үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү кошумча коргоо

1. Ар бир мүчө мамлекет кызыкдар болгон жактарга, берилген географиялык көрсөткүч менен белгиленген жерде келип чыкпаган винолор үчүн винолорду бирдейлештирүүчү, же ал тургай, эгерде товарлардын чыныгы келип чыккан жери көрсөтүлсө, же географиялык көрсөткүч котормосунда пайдаланылса же “түрү”, “тиби”, “стилинде”, “имитаця” же башка ушул сыяктуу (4) түшүндүрмөлөр менен коштолсо, берилген географиялык көрсөткүч менен белгиленген жерде келип чыкпаган спирттик ичимдиктер үчүн күчтүү спирттик ичимдиктерди бирдейлештирүүчү географиялык көрсөткүчтөрдү пайдаланууну болтурбоого мүмкүндүк берүүчү укуктук каражаттарды караштырат.

2. Эгерде буга анын улуттук мыйзамдары менен, же ушул географиялык келип чыгууга ээ болбогон винолого жана күчтүү спирт ичимдиктерине карата кызыкдар болгон тараптардын өтүнүч каты боюнча уруксат берилген болсо, винолорду бирдейлештирүүчү географиялык көрсөткүчтү камтыган же андан турган винолор үчүн товардык белгини, же күчтүү спирт ичимдиктерин бирдейлештирүүчү географиялык көрсөткүчтү камтыган же андан турган күчтүү спирт ичимдиктери үчүн товардык белгини каттоого жол берилбейт, же мүчө-өлкө ex officio тарабынан жараксыз деп таанылат.

3. Винолор үчүн бирдей географиялык көрсөткүч болгон учурда, 22-берененин 4-пунктунун жоболору сакталган шартта ар бир көрсөткүчкө коргоо берилет. Ар бир мүчө-өлкө кызыкдар болгон өндүрүүчүлөр үчүн жана керектөөчүлөрдү адашууга алып келүүнү болтурбоо үчүн акыйкат режимди камсыз кылуудагы керектөөнү эске алуу менен аларга ылайык бирдей көрсөткүчтөр бири биринен айырмалана турган практикалык шарттарды аныктайт.

4. Винолор үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү коргоону камсыз кылуу максаттарында ТРИПС боюнча Кеңеште ушул системага катышуучу мүчө-өлкөлөрдө корголуучу винолор үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү кабарлоонун жана каттоонун көп тараптуу системасын түзүүгө тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп турат.

24-берене. Эл аралык сүйлөшүүлөр; алып таштоолор

1. Мүчө-өлкөлөр 23-беренеге ылайык айрым географиялык көрсөткүчтөрдү коргоону күчөтүү максаттарында сүйлөшүүлөргө кирүүгө макулдашышат. Төмөндө келтирилген 4-8-пункттардын жоболору мүчө-өлкө тарабынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн же эки тараптуу же көп тараптуу келишимдерди түзүүдөн баш тартуу үчүн колдонулбайт. Мындай сүйлөшүүлөрдүн алкагында мүчө-өлкөлөр аларды пайдалануу мындай сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп эсептелген айрым географиялык көрсөткүчтөргө карата бул жоболорду дайыма пайдалануу жөнүндөгү маселени карап чыгууга даяр болууга тийиш.

2. ТРИПС боюнча Кеңеш ушул бөлүмдүн жоболорун дайыма карап чыгып турат; биринчи мындай карап чыгуу БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө киргенден кийин эки жыл ичинде жүргүзүлөт. Ушул жоболордон келип чыгуучу милдеттенмелердин сакталышын козгоочу кайсы болбосун маселени, мүчө-өлкөнүн өтүнүч каты боюнча кызыкдар болгон мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу же көп тараптуу консультациялар аркылуу канааттандырарлык чечим табуу ишке ашпай калган маселелерге карата кайсы болбосун мүчө-өлкө менен же мүчө-өлкөлөр менен консультацияларды өткөрүүчү Кеңешке алып чыгууга болот. Кеңеш ушул бөлүмдү аткарууга же анын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүүгө арналган мындай аракеттерге кам көрөт.

3. Бул бөлүмдү аткарууда мүчө-өлкө БСУ жөнүндөгү Макулдашуу күчүнө кирген датага чейин түздөн-түз ушул мүчө-өлкөдө колдонулуп келген географиялык көрсөткүчтөрдү коргоону бошоңдотпойт.

4. Бул бөлүмдө эч нерсе мүчө-өлкөдөн, товарларга же тейлөө кызматтарына байланыштуу винолорду же күчтүү спирт ичимдиктерин бирдейлештирүүчү башка мүчө-өлкөнүн конкреттүү географиялык көрсөткүчтөрүн анын жарандарынын ичинен кимиси тарабынан болбосун же анын аймагында жашаган, эскертилген мүчө-өлкөнүн аймагындагы ошол эле же ошого окшош товарларга же тейлөө кызматтарына карата эскертилген географиялык көрсөткүчтү дайыма пайдалануучу, же (а) 1994-жылдын 15-апрелине чейин эң аз дегенде 10 –жыл ичинде, же (b) эскертилген датага чейин ак ниет пайдаланган жактардын мындай пайдалануусуна жана пайдалануусун улантуусуна тоскоолдук кылууну талап кылбайт.

5. Эгерде товардык белгини каттоого өтүнмө же аны каттоо ак ниет ишке ашырылган болсо, же товардык белгиге укук аны ак ниет пайдалануу жолу менен, же:

(a) бул IV бөлүктө аныкталгандай, берилген мүчө-өлкөдө бул жоболорду колдонуу датасына чейин; же

(b) географиялык көрсөткүч келип чыккан өлкөдө коргоо алганга чейин алынган болсо,

ушул бөлүмдүн жоболорун аткаруу үчүн кабыл алынган чаралар товардык белгини каттоого укукту, же анын чыныгылыгынын, же мындай товардык белги келип чыккан географиялык көрсөткүч менен бирдей же окшош болгондугунун негизинде товардык белгини пайдаланууга укукту чектебейт.

6. Бул бөлүмдө эч нерсе мүчө-өлкөдөн алар үчүн тиешелүү көрсөткүч көрсөтүлгөн мүчө-өлкөнүн аймагындагы мындай товарлардын же тейлөө кызматтарынын жалпы кабыл алынган аталышы катары сүйлөгөн тилине көнүмүш термин менен бирдей болгон товарларга же тейлөө кызматтарына карата кайсы болбосун башка мүчө-өлкөнүн географиялык көрсөткүчтөрүнө тиешелүү жоболорду колдонууну талап кылбайт. Бул бөлүмдө эч нерсе мүчө-өлкөдөн БСУ жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датага, тиешелүү географиялык көрсөткүч эскертилген мүчө-өлкөнүн аймагында өстүрүлгөн жүзүмдүн сортунун биринчи аталышы менен окшош жүзүмдөн алынган продукцияга карата кайсы болбосун башка мүчө-өлкөнүн географиялык аталышына тиешелүү болгон ушул бөлүмдүн жоболорун колдонууну талап кылбайт.

7. Мүчө-өлкө, товардык белгини пайдаланууга же каттоого байланыштуу ушул бөлүмдүн негизинде жасалган кайсы болбосун сурам, эгерде мындай дата ушул мүчө-өлкөдө мыйзамсыз пайдалануу кеңири белгилүү болуп калган датадан мурдагы болсо, географиялык көрсөткүч пайдаланылбаган же ак ниет эмес катталган шартта, же ушул мүчө-өлкөдө товардык белги катталган датадан кийин, товардык белги ушул датага жарыяланган шартта, корголуучу көрсөткүчтү мыйзамсыз пайдалануу ушул мүчө-өлкөдө кеңири белгилүү болуп калгандан кийин беш жыл ичинде берилүүгө тийиш экендигин караштыра алат.

8. Бул бөлүмдүн жоболору, качан мындай ысымды пайдалануу коомчулукту адашууга алып келген учурдан тышкары, соодада өзүнүн ысмын же андан мурдагы иштиктүү адамдын ысмын пайдаланууга карата кайсы болбосун адамдын укугана эч кандай зыян келтирбейт.

9. Бул Макулдашуу корголбогон, же келип чыккан өлкөдө коргоо токтотулган, же ушул өлкөдө колдонуудан чыккан географиялык көрсөткүчтөрдү коргоого милдеттендирбейт.

4-бөлүм

Өнөр жай үлгүлөрү

25-берене. Укуктук коргоо берүүнүн шарттары

1. Мүчө-өлкөлөр өнөр жай үлгүлөрүнө жаңы түзүлгөндүгүнө же оригиналына көз карандысыз коргоо беришет. Мүчө-өлкөлөр, эгерде алар мурда белгилүү үлгүлөрдөн же алардын белгилүү мүнөздүү белгилеринин айкалышынан маанилүү айырмаланбаса, үлгүлөр жаңы же оригиналдуу болуп эсептелбей тургандыгын караштыра алышат. Мүчө-өлкөлөр, аларды түзүү негизинен техникалык же функционалдык ой менен шартталган үлгүлөргө мындай коргоо жайылтылбай тургандыгын көрсөтө алышат.

2. Ар бир мүчө-өлкө текстилдик үлгүлөргө, атап айтканда кайсы болбосун чыгымдарга, экспертизага же жарыялоолорго ылайыктуу коргоо алуунун шарттары мындай коргоону суроону же берүүнү өзүн актабагандай кыйындатпай тургандыгына кепилдик берет. Мүчө-өлкөлөр бул милдеттенмелерди өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзамдардын же автордук укук боюнча мыйзамдардын алкаында сактоого укуктуу.

26-берене. Коргоо

1. Корголуучу өнөр жай үлгүсүнүн ээси, эгерде мындай аракеттер коммерциялык максаттарда жасалса, үчүнчү жактарга анын уруксатысыз, корголуучу үлгүдөн көчүрүлүп алынган же окшоштурулуп жсалган үлгүнү өз ичине камтыган буюмду чыгарууга, сатууга же алып кирүүгө тоскоолдук кылууга укуктуу.

2. Мүчө-өлкөлөр, үчүнчү тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен, мындай алып салуулар корголуучу өнөр жай үлгүлөрүн кадимки колдонууга негизсиз каршы келбеген жана корголуучу өнөр жай үлгүсүнүн ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарына актабаган түрдө зыян келтирбеген шартта өнөр жай үлгүлөрүн коргоодон чектелген алып салууларды караштыра алышат.

3. Берилген коргоонун күчүнүн мөөнөтү 10 дон кем эмес жылды түзөт.

5-бөлүм

Патенттер

27-берене. Патенттөө объектилери

1. Ушул берененин 2 жана 3-пункттарынын жоболору сакталган учурда, алар жаңылыкка ээ болгон, ойлоп табуучулук деңгээлди камтыган жана өнөр жайлык колдонулуучу болуп эсептелген (5) шартта, алардын продукт же бардык техникалык тармактарда ыкма болуп саналгандыгына көз карандысыз, кайсы болбосун ойлоп табууга патенттер берилет. 65-берененин 4-пунктунун, 70-берененин 8-пунктунун жана ушул берененин 3-пунктунун жоболору сакталган учурда патенттер берилет жана патенттерге негизденген укуктар ойлоп табуу түзүлгөн жерге, техникалык тармагына, ошондой эле продуктулардын чет өлкөдөн алынып келгендигине же ошол жерде даярдалгандыгына көз карандысыз ишке ашырылышы мүмкүн.

2. Мүчө-өлкөлөр, мындай пайдалануу алардын мыйзамдарында тыюу салынгандыгына байлануштуу мындай алып салуу жасалбаган шартта, адамдардын, жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн жашоосун жана саламаттыгын коргоону камтуу менен, коомдук тартипти жана моралды коргоо үчүн же курчап турган чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүдөн качуу максатында, алардын аймагынын чегинде аларды коммерциялык пайдалануу зарыл болгон ойлоп табууларды патенттелүүчү тармактан чыгарып сала алышат.

3. Мүчө-өлкөлөр ошондой эле патенттелүүчү ойлоп табуулардын тармагынан төмөнкү ойлоп табууларды алып сала алышат:

(a) адамдардын жана жаныбарлардын дартын аныктоо, дарылоонун терапевтик жана хирургиялык ыкмалары;

(b) микроорганизмдерден башка өсүмдүктөр жана жаныбарлар, ошондой эле биологиялык эмес жана микробиологиялык процесстерден башка өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды кайра өндүрүүнүн маңызы боюнча биологиялык процесстери. Биорк мүчө-өлкөлөр патент берүү жолу менен, же sui generis натыйжалуу системасын колдонуу жолу менен өсүмдүктөрдүн сортторуна, же кайсы болбосун алардын айкалыштарына коргоо беришет. Ушул пункттун жоболору БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө киргенден кийин төрт жылдан соң кайра каралат.

28-берене. Берилүүчү укуктар

1. Патент анын ээсине төмөнкү өзгөчө укуктарды берет:

(a) эгерде объект болуп буюм эсептелсе, – үчүнчү жактарга ээсинин макулдугусуз төмөнкү аракеттерди жасоого тоскоолдук кылууга: даярдоого, пайдаланууга, сатуу үчүн сунуштоого, сатууга же аталган буюмду ушул максаттарда алып кирүүгө (6);

(b) эгерде патенттин объектиси болуп ыкма эсептелсе – үчүнчү жактарга ээсинин макулдугусуз ыкманы пайдалануудан турган аракеттерди, ошондой эле төмөнкү аракеттерди жасоого: түздөн-түз эскертилген ыкма менен алынган продуктуларды пайдаланууга, сатуу үчүн сунуштоого, сатууга же ушул максаттарда алып кирүүгө тоскоолдук кылууга.

2. Патент ээлери ошондой эле патентке укуктарды ыйгарып берүүгө, аны мураскерлик боюнча өткөрүп берүүгө жана лицензиялык келишимдерди түзүүгө укуктуу.

29-берене. Патент берүүгө өтүнмөнүн ээлерине коюлуучу талаптар

1. Мүчө-өлкөлөр патент сураган өтүнмө ээсинен ойлоп табууну жетишээрлик түшүнүктүү жана толук ачып берүүнү, аны берилген тармактагы адис тарабынан ишке ашырууга мүмкүн болушун талап кылышат, ошондой эле өтүнмө ээсинен анын өтүнмө берилген датага, же качан артыкчылык суралганда, – өтүнмөнүн артыкчылык датасына ойлоп табуунун авторуна белгилүү болгон ойлоп табууну ишке ашыруунун эң мыкты ыкмасын көрсөтүүсүн талап кыла алышат.

2. Мүчө-өлкөлөр өтүнмө ээсинен чет өлкөдө берилген өтүнмөлөр жана алар башка өлкөлөрдө алган патенттер жөнүндө маалыматты берүүнү талап кыла алышат.

30-берене. Берилген укуктардан алып салуу

Мүчө-өлкөлөр, мындай алуулар патентти ченемдүү пайдаланууга негизсиз каршы келбеген жана үчүнчү жактардын мыйзамдык кызыкчылыктарын эске алуу менен, патент ээсинин мыйзамдык кызыкчылыктарын негизсиз чектебеген шартта патент менен берилүүчү өзгөчө укуктарды чектелген алууну караштыра алышат.

31-берене. Укук ээсинин уруксатысыз пайдалануунун башка түрлөрү

Эгерде мүчө-өлкөнүн мыйзамдары укук ээсинин уруксатысыз мамлекеттин же мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген үчүнчү жактардын пайдалануусун камтуу менен, патент объектисин башка пайдаланууга (7) жол берсе, төмөнкү жоболор сакталат:

(a) мындай пайдаланууга уруксат берүү объектинин жеке сапаттарына негизденет;

(b) эгерде мындай пайдалануу башталганга чейин болжоштурулган пайдалануучу алгылыктуу коммерциялык шарттарда укук ээсинен уруксат алууга аракеттерди жасаган болсо жана белгиленген мезгил ичинде бул аракеттер ийгиликсиз болуп келген болсо, ушундай учурда гана мындай пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн. Бул талап өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда, же эң зарыл болгон башка жагдайларда, же мамлекет тарабынан коммерциялык эмес пайдаланылган учурларда мүчө-өлкө тарабынан алынып салынышы мүмкүн. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда, же эң зарыл болгон башка жагдайларда, ошондой болсо дагы, укук ээси мүмкүн болушунча тезирээк кабардандырылат. Мамлекет тарабынан коммерциялык эмес пайдаланылган учурда, эгерде өкмөт же жалдануучу адам же мекеме патенттик издөө жүргүзбөстөн колдонуудагы патент өкмөт тарабынан же өкмөттүн кызыкчылыгында пайдаланылып жаткандыгын же пайдаланыла тургандыгы жөнүндө билсе же тастыктоочу негиздерге ээ болсо, анда укук ээси бул жөнүндө кечиктирилбестен кабардандырылат.

(c) мындай пайдалануунун көлөмү жана узактыгы алар үчүн ага уруксат берилген максатта чектелет, ал эми жарым өткөргүчтөр технологиялары учурунда ал мамлекет тарабынан коммерциялык эмес пайдалануу үчүн же ал соттук же административдик жол-жоболордун натыйжасында атаандаштыкка каршы катары аныкталган практиканы оңдоо үчүн гана арналат;

(d) мындай пайдалануу өзгөчө болуп эсептелбейт;

(e) ишкананын ошол бөлүгү менен бирге ыйгарып берүүдөн же мындай пайдаланууну ишке ашырган анын материалдык эмес активдерин бирөөгө ыйгарып берүүдөн тышкары, мындай пайдалануу башка бирөөгө ыйгарылып берилбейт;

(f) кайсы болбосун мындай пайдаланууга биринчи кезекте мындай пайдаланууга уруксат берген мүчө-өлкөнүн ички рыногунун керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн уруксат берилет;

(g) эгерде жана качан ушуга алып келген жагдайлар иштөөсүн токтоткондо же кайра калыбына келтирилиши күмөн болсо, мындай уруксат алган жактардын мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо тиешелүү түрдө сакталганда, мындай пайдаланууга уруксат жокко чыгарылат. Компотенттүү орган далил келтирилген арыз боюнча ушул жагдайлар дагы эле иштөөсүн улантып жаткандыгы жөнүндө маселени кайра карап чыгуу үчүн ыйгарым укукка ээ болууга тийиш;

(h) укук ээсине ар бир учурдун жагдайын жана уруксат берүүнүн экономикалык наркын эске алуу менен тиешелүү сый акы төлөнөт;

(i) мындай пайдаланууга уруксат берүүгө тиешелүү болгон кайсы болбосун юридикалык күч соттук кайра кароого же ушул мүчө-өлкөнүн өзүнчө жогорку органы тарабынан башка көз карандысыз кайра кароого жатат;

(j) мындай пайдаланууга карата кайра каралган сый акыга тиешелүү болгон кайсы болбосун чечим соттук кайра кароого же ушул мүчө-өлкөнүн өзүнчө жогорку органы тарабынан башка көз карандысыз кайра кароого жатат;

(k) мүчө-өлкөлөр (b) жана (f) пунктчаларында баяндалган шарттарды колдонууга милдеттүү эмес, эгерде мындай уруксат берүү соттук же административдик жол-жоболордун натыйжасында атаандаштыкка каршы катары аныкталган практиканы оңдоо үчүн берилген болсо. Атаандаштыкка каршы практиканы оңдоо зарылдыгы мындай учурларда сый акынын өлчөмүн аныктоодо көңүлгө алынышы мүмкүн. Эгерде жана качан ушундай уруксат берүүгө алып келүүчү шарттар балким кайрадан пайда болот деген мүмкүндүк бар болгондо, компетенттүү органдар уруксат берүүнү жокко чыгаруудан баш тартууга ыйгарым укуктуу болууга тийиш;

(l) эгерде мындай пайдалануу өз кезегинде башка патентке (“биринчи патент”) укуктарды бузуусуз пайдаланылышы мүмкүн болбогон патентти (“экинчи патент”) колдонууга жол берсе, төмөнкү кошумча шарттар колдонулат:

(I) экинчи патентте билдирилген ойлоп табуу биринчи патентте билдирилген ойлоп табууга салыштырмалуу чоң экономикалык мааниге ээ болгон маанилүү техникалык жетишкендикти камтууга тийиш;

(II) биринчи патенттин ээси экинчи патентте билдирилген ойлоп табууну пайдалануу үчүн алгылыктуу шартта, айкаш лицензияга укуктуу болот;

(III) биринчи патентке тиешелүү уруксат берилген пайдалануу экинчи патентке укуктарды ыйгарып берүүдөн тышкары, ыйгарып берүүгө жатпайт.

32-берене. Патентти жокко чыгаруу /патентке укуктан ажыратуу

Патентти жокко чыгарууга тиешелүү кайсы болбосун чечим же патентке укуктан ажыратуу сот тартибинде кайра каралышы мүмкүн.

33-берене. Коргоо мөөнөтү

Берилген коргоонун мөөнөтү, өтүнмө берилген датадан тартып эсептегенде 20 жыл өткөнчө бүтпөйт (8).

34-берене. Ыкмага патенттер: далилдөөлөрдүн түйшүктөрү

1. Эгерде патенттин объектиси болуп продуктуну алуунун ыкмасы эсептелсе, 28-берененин 1(b) пунктунда эскертилген ээсинин укуктарынын бузулушуна карата граждандык иштерди жүргүзүүнүн максаттары үчүн, сот бийликтери жоопкерден окшош продуктуну алуунун ыкмасы патенттелген ыкмадан айырмалана тургандыгы жөнүндө далилди талап кылууга укуктуу. Ушунун натыйжасында мүчө-өлкөлөр эң аз дегенде төмөнкүдөй учурлардын биринде патент ээсинин макулдугусуз чыгарылган кайсы болбосун окшош продукт, анын карама-каршысынын далилдери жок болгон учурда, патенттелген ыкма менен алынган болуп эсептеле тургандыгын караштырышат, эгерде:

(a) эгерде патенттелген ыкма менен алынган продукт жаңы болуп эсептелсе;

(b) окшош продукт ушул ыкманы колдонуу менен даярдалгандыгы жөнүндө маанилүү ыктымалдык бар болсо жана патент ээси, белгиленген күч аракеттерди жумшоо менен, чындыгында кайсы ыкма пайдаланылгандыгын аныктай албаса.

2. Эгерде (а) пунктунда эскертилген шарт аткарылган болсо гана, же (b) пунктунда эскертилген шарт аткарылган болсо гана, кайсы болбосун мүчө-өлкө өз тандоосу боюнча 1-пунктта көрсөтүлгөн далилдөөнүн түйшүктөрүн болжоштурулган укук бузуучуга жүктөөнү караштырат.

3. Каршы далилдер келтирилгенде алардын өндүрүштүк жана коммерциялык сырларын коргоо боюнча жоопкерлердин мыйзамдык кызыкчылыктары эске алынат.

6-бөлүм

Интегралдык микросхемалардын топологиялары

(топографиялары)

 

35-берене. Интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө келишим (ИМИМ) менен байланыш

Мүчө-өлкөлөр (мындан ары ушул Макулдашууда “топологиялар” деп аталуучу) интегралдык микросхемалардын топологияларына Интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө келишимдин 2-7-беренелерине (6-берененин 3-пунктунан тышкары), 12-беренесине жана 16-берененин 3-пунктуна ылайык коргоо берүүнү жана андан тышкары төмөнкү жоболорду сактоону макулдашышат.

36-берене. Коргоонун көлөмү

37-берененин 1-пунктунун жоболору сакталган учурда, эгерде алар укук ээсинин уруксатысыз жасалган болсо (9), мүчө-өлкөлөр төмөнкү аракеттерди мыйзамсыз деп эсептешет: корголуучу топологияны, корголуучу топологияны камтыган интегралдык микросхеманы, же ушундай интегралдык микросхеманы камтыган буюмду алып кирүүнү, сатууну, же коммерциялык максаттарда башкача жайылтууну, анткени анда мыйзамсыз кайра чыгарылган топологиянын болуусу улантылууда.

37-берене. Укук ээсинин уруксатын талап кылбаган аракеттер

1. 36-беренеге карабастан, эгерде интегралдык микросхеманы же ушундай интералдык микросхеманы камтыган буюмду алууда мындай аракеттерди жасаган же жасоо жөнүндө буйрук берген адам ага мыйзамсыз кайра чыгарылган топология киргизилгендигин билбесе жана билүү үчүн маанилүү негизге ээ болбосо, мындай учурда бир дагы мүчө-өлкө мыйзамсыз кайра чыгарылган топологияны камтыган интегралдык микросхемага же ушундай интегралдык микросхеманы камтыган кайсы болбосун буюмга карата эскертилген беренеде каралгандар жөнүндө кайсы болбосун аракеттерди жасоону мыйзамдуу деп эсептебейт. Мүчө-өлкөлөр мындай адам топологияны мыйзамсыз кайра чыгаруу жөнүндө негиздүү кабар алгандан кийин, эскертилген адам колдо бар запаска же ошол убакытка чейин тапшырык берилген продукцияга карата мамиле боюнча аракеттердин кайсынысын болбосун жасай ала тургандыгын, бирок укук ээсине ушундай топологияга келишимдик лицензия боюнча төлөнүшү керек болуучу караштырылган чегерүүлөргө эквиваленттүү сумманы төлөөгө милдеттүүлүгүн караштырышат.

2. Топологияны кайсы болбосун ыктыярсыз лицензиялаштыруу же аны укук ээсинин уруксатысыз өкмөт тарабынан же өкмөттүн кызыкчылыгында пайдалануу учурунда, 31-берененин (a)-(k) пунктчаларында баяндалган шарттар mutatis mutandis колдонулат

38-берене. Коргоонун мөөнөтү

1. Коргоо берүүнүн шарты катары каттоону талап кылуучу мүчө-өлкөлөрдө топологияны коргоонун мөөнөтү каттоого өтүнмө берилген датадан же дүйнөнүн кайсы бир жеринде ишке ашырылган биринчи коммерциялык пайдалануудан тартып эсептелген он жылдык мезгил өткөнгө чейин бүтпөйт.

2. Коргоо берүүнүн шарты катары каттоону талап кылбаган мүчө-өлкөлөрдө топологияны коргоонун мөөнөтү дүйнөнүн кайсы бир жеринде ишке ашырылган биринчи коммерциялык пайдалануу датасынан тартып 10 дон кем эмес жылды түзөт.

3. 1 жана 2-пункттарга карабастан, мүчө-өлкө коргоо топология түзүлгөн соң 15 жылдан кийин өзүнүн күчүн токтото тургандыгын караштыра алат.

7-бөлүм

Жабык маалыматты коргоо

39-берене.

1. Ак ниет эмес атаандаштыктан натыйжалуу коргоо процессинде, бул Париж конвенциясынын (1967-жыл) 10 bis беренесинде караштырылгандай, мүчө-өлкөлөр 2-пунктка ылайык жабык маалыматты коргошот, ал эми өкмөттөргө же өкмөттүк мекемелерге берилүүчү маалыматтар – 3-пунктка ылайык корголот.

2. Жеке жана юридикалык жактарга алардын көзөмөлүндө мыйзамдуу турган маалыматтын ачылышына, же мындай маалымат төмөнкүдөй шартта болгондо алардын уруксатысыз башка жактар тарабынан чынчыл коммерциялык практикага каршы келген ыкма менен (10) алынышына же пайдаланылышына тоскоолдук кылуу мүмкүндүгү берилет:

(a) ал бүтүндөй же белгилүү бир конфигурацияда жана анын компоненттеринин тандоосунда жалпыга белгилүү болуп эсептелбеген жана демейде ушуга окшогон маалыматка ээ болгон чөйрөдөгү адамдарга оңой жеткиликтүү болуу маанисинде жашыруун болуп саналган шартта;

(b) өзүнүн жашырындуулугуна байланыштуу коммерциялык баалуулукка ээ; жана

(c) бул маалыматты мыйзамдуу көзөмөлдөөчү жак тарабынан анын жашырындуулугун сактоого багытталган кадамдардын мындай жагдайлара тиешелүү объектиси болуп эсептелет.

3. Мүчө-өлкөлөр аларда жаңы химиялык заттар пайдаланылган фармацевтикалык же агрохимиялык продуктуларды сатууга уруксат берүү үчүн шарт катары алардын алынышы маанилүү күч аракеттер менен коштолгон сыноолор жөнүндө жабык маалыматтарды же башка берилмелерди берүүнү талап кылуу менен, мындай маалыматтарды ак ниет эмес коммерциялык пайдалануудан коргошот. Андан тышкары, мүчө-өлкөлөр качан бул калкты коргоо кызыкчылыгында зарыл болгон учурдан тышкары, мындай маалыматтарды ачылуудан коргошот, же эгерде чаралар колдонулбаса, анда алар бул маалыматтардын ак ниет эмес коммерциялык пайдалануудан корголо тургандыгына кепилдик беришет.

8-бөлүм

Келишимдик лицензиялар аркылуу атаандаштыкка каршы практиканы контролдоону ишке ашыруу

40-берене.

1. Мүчө-өлкөлөр атаандаштыкты чектеген интеллектуалдык менчик укуктарына тиешелүү лицензиялык практиканын же шарттардын айрым түрлөрү сатууга жагымсыз таасирин тийгизе тургандыгы жана технологияны өткөрүп берүүгө жана жайылтууга тоскоолдук келтириши мүмкүндүгү жөнүндө келишим түзүшөт.

2. Ушул Макулдашууда эч нерсе мүчө-өлкөлөргө өзүлөрүнүн мыйзамдарында лицензиялык практиканын түрлөрүн же айрым бир учурларда тиешелүү рыноктордо атаандаштыкка жагымсыз таасир көрсөтүү менен, интеллектуалдык менчик укуктарын кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелиши мүмкүн болгон шарттарды көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт. Жогоруда караштырылгандай, ушул Макулдашуунун башка жоболоруна ылайык, мүчө-өлкө мындай практиканы болтурбоо жана аны контролдоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл ала алат, ал мисалы, ушул мүчө-өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарынын жана эрежелеринин негизинде, сатып алуучу тарабынан лицензия сатуучуга техникалык маалыматтын лицензиясын кайра өткөрүп берүү боюнча өзгөчө шарттарды, юридикалык күчүн талашууну болтурбоо шарттарын жана лицензиялык шарттардын мажбурлоочу пакетин камтышы мүмкүн.

3. Ар бир мүчө-өлкө сурам боюнча консультациялар жөнүндө сурам жөнөтүлгөн мүчө-өлкөнүн жараны болуп эсептелген же анын аймагында жашаган интеллектуалдык менчик укугунун ээси ушул бөлүмдө караштырылган маселелер боюнча консультациялар жөнүндө сурам жасаган мүчө-өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу менен практиканы ишке ашырып жатат деп божомолдогонго негизи бар жана алардын ар бири мыйзамга ылайык жана толук эркиндик үчүн зыян келтирбестен алар тарабынан акыркы чечимдин кабыл алынышын баштай ала турган кайсы болбосун аракеттер үчүн зыян келтирбестен мындай мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууну каалаган кайсы болбосун башка мүчө-өлкө менен консульацияга кирет. Сурам жөнөтүлгөн мүчө-өлкө консультацияларга толук жана жакшы көңүл бурат жана сурам жасаган мүчө-өлкө менен аларды жүргүзүү үчүн тиешелүү мүмкндүктөрдү берет жана талкуудагы маселе боюнча эл үчүн жашыруун эмес маалыматты жана андагы болгон башка маалыматты берүү аркылуу, улуттук мыйзамдар сакталган жана сурам жасаган мүчө-өлкө тарабынан бул маалыматтын жашырындуулугунун кепилдигине тиешелүү өз-ара алгылыктуу макулдашуулар түзүлгөн шартта кызматташат.

4. Эгерде бир мүчө-өлкөнүн жарандары же анын аймагында жашаган жактар мыйзамдарды жана акыркысы ушул бөлүмдүн маңызы боюнча эрежелерди бузууда күнөөлүүлүгү боюнча башка мүчө-өлкөдө сот жол-жоболоруна дуушар болушса, анда биринчисине анын сурамы боюнча башка мүчө-өлкө менен консультацияларды 3-пунктта караштырылган ошол эле шарттарда жүргүзүү мүмкүндүгү берилет.

III БӨЛҮК

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКАРЫН КОРГООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ

1-бөлүм

Жалпы милдеттенмелер

41-берене.

1. Мүчө-өлкөлөр алардын мыйзамдары ушул бөлүктө караштырылган жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча чукул чараларды, ошондой эле андан аркы укук бузууларга карата маанилүү роль ойногон соттук коргоонун каражаттарын камтуу менен, ушул Макулдашуу жайылтылган интеллектуалдык менчик укуктарын бузуунун кайсы болбосун актысына каршы натыйжаларды ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү укуктарды коргоону камсыз кылуу боюнча жол-жоболордун караштырылышын камсыз кылат. Бул жол-жоболор мыйзамдуу соодада тоскоолдуктардын түзүлүшүнөн качуу жана аларды кыянаттык менен пайдаланууга каршы коргоону камсыз кылуу үчүн колдонулат.

2. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуучу жол-жоболор тең жана адилеттүү болууга тийиш. Алар өтө татаал же кымбат баалуу болууга тийиш эмес жана мөөнөттөрдүн негизсиз көбөйтүлүшүнө же өзүн актабаган кечиктирүүлөргө алып келбөөгө тийиш.

3. Иштин маңызы боюнча чечимдер мүмкүн болушунча негиздемелери менен жазуу түрүндө берилет. Алар эң жок дегенде соттук териштирүүлөрдүн тараптарына негизсиз кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. Иштин маңызы боюнча чечимдер өзгөчө алар боюнча тараптар өз ойлорун айтууга мүмкүндүк берилген далилдерге негизденет.

4. Соттук териштирүүлөрдүн тараптары акыркы административдик чечимдердин, ошондой эле эң аз дегенде иштин маанилүүлүгүнө тиешелүү болгон мүчө-өлкөнүн мыйзамдарынын юрисдикциялык жоболорун эске алуу менен иштин маңызы боюнча алгачкы соттук чечимдердин укуктук аспектилеринин сот органдары тарабынан кайра каралышы жөнүндө өтүнүч кат жазуу мүмкүндүгүнө ээ болушат.

5. Бул бөлүк бүтүндөй мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу системасынан айырмаланган интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуучу соттук системаны түзүү боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерди караштырбайт, ошондой эле негизинен өз мыйзамдарын колдонууну камсыз кылуу боюнча мүчө-өлкөлөрдүн компетенциясын козгобойт дегенди түшүндүрөт. Бул бөлүктө эч нерсе интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуунун жана мыйзамдын жалпы аткарылышынын ортосундагы каражаттарды бөлүштүрүүгө карата кандайдыр бир милдеттенмелерди түзбөйт.

2-бөлүк

Жарандык-укуктук жана административдик жол-жоболор жана соттук коргоо каражаттары

42-берене. Тең жана адилет чаралар

Мүчө-өлкөлөр укук ээлерине (11) ушул Макулдашууда караштырылган кайсы болбосун интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн жарандык соттук жол-жоболорго таянуу мүмкүндүгүн беришет. Жоопкерлер доо үчүн негизди камтыган жетишээрлик кеңири жазуу жүзүндөгү кабарлоону өз убагында алууга укуктуу. Тараптарга көрсөтүлгөн көз карандысыз адвокат болууга уруксат берилет, ал эми процессуалдык ченемдер милдеттүү түрдө жеке катышуунун өтө түйшүктүү талаптарын белгилөөгө тийиш эмес. Мындай жол-жоболордун бардык тараптарына ылайыктуу түрдө өз доолорун негиздөөгө жана ишке тиешелүү болгон бардык далилдерди көрсөтүүгө укук берилет. Процессуалдык ченемдер, эгерде бул колдонуудагы конституциялык талаптарга каршы келбесе, бирдейлештирүүнүн жана жашыруун маалыматты коргоонун каражаттарын караштырат.

43-берене. Далилдер

1. Эгерде тараптар өз доосун бекемдөө үчүн жетишээрлик негизденген далилдерин берсе жана өз доосунун негиздерине карата каршы тараптын тескөөсүндө турган далилдердин бар экендигине көсрөтсө, анда сот органдары жашыруун маалыматты коргоону камсыз кылуучу тиешелүү шарттар сакталган учурда, бул далилдерди берүүгө каршы тарапка жазылган сурамды жөнөтүүгө укуктуу.

2. Качан соттук териштирүүлөрдүн тараптары билип туруп жана эч кандай себепсиз зарыл болгон маалыматка кирүү мүмкүндүгүнөн баш тартса, же башкача жол менен белгиленген мөөнөт ичинде аны бербесе, же болбосо укуктарды камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алууну маанилүү кыйындатса, мындай учурларда мүчө-өлкө, тараптарга арыздар же далилдер боюнча угуу мүмкүндүгү берилген шартта, маалыматка кирүү мүмкүндүгүнөн баш тартуу жагымсыз түрдө чагылдырылган даттанууну же арызды камтуу менен аларга берилген маалыматтын негизинде макул тапкан же тескери алдын ала же акыркы чечимдерди кабыл алууга сот органдарына ыйгарым укуктарды бере алат.

44-берене. Соттук тыюу салуулар

1. Сот органдары кайсы болбосун тарапка укук бузуулардан алыс болууну, атап айтканда интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга байланышкан импорттолуучу товарлардын алардын юрисдикциясында турган тармакка мындай товарлар бажылык тазалоодон өтөөр замат келип түшүүсүн болтурбоону караштыруучу аныктамаларды чыгарууга укуктуу. Мүчө-өлкөлөр мындай объектилер боюнча бүтүмдөр өз артынан интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга алып келээрин билбеген же билүүгө маанилүү негиздери болбогон адам тарабынан алынган же тапшырык берилген корголуучу объектилерге карата мындай ыйгарым укуктарды берүүгө милдеттүү эмес.

2. Ушул бөлүктүн башка жоболоруна карабастан жана укук ээсинин уруксатысыз өкмөт тарабынан же өкмөт ыйгарым укук берген үчүнчү жактар тарабынан укуктардын колдонулуш маселесине тиешелүү болгон II бөлүктүн жоболору сакталган шартта, мүчө-өлкөлөр 31-берененин (h) пунктчасына ылайык сый акы төлөп берүү менен мындай пайдаланууга каршы бар болгон соттук коргоонун каражаттарын чектей алышат. Башка учурларда соттук коргоо каражаттары ушул бөлүккө ылайык колдонулат, же качан бул каражаттар мүчө-өлкөнүн мыйзамдарына каршы келген учурда, декларациялуу чечимдерге жана тиешелүү компенсацияга кайрылуу мүмкүндүгү берилет.

45-берене. Зыяндарды калыбына келтирүү

1. Сот органдары ал мыйзамга каршы аракеттерди жасап жаткандыгын билген же билүүгө жетишээрлик негизге ээ болгон укук бузуучуга караштырылуучу анын интеллектуалдык менчик укуктарын бузгандыгына байланыштуу укук ээси тарткан чыгымдарды зыянды компенсациялоо үчүн жетишээрлик суммада калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

2. Сот органдары ошондой эле укук бузуучуга караштырылуучу адвокаттын тиешелүү гонорарын кошууга мүмкүн болгон чыгымдарды укук ээсине калыбына келтирүүчү чечим чыгарууга укуктуу. Тиешелүү учурларда мүчө-өлкөлөр сот органдарына пайданы төлөтүүнү жана/же белгиленген чыгымдарды алдын ала төлөтүүнү, ал тургай укук бузуучу ал мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткандыгын билбеген же билүүгө жетишээрлик негизге ээ болбогон учурларда дагы талап кылууга укук бере алышат.

46-берене. Соттук коргоонун башка каражаттары

Укук бузууларды токтотуунун натыйжалуу каражаттарын түзүү үчүн, сот органдары, алар укук бузуландыгын белгилеген товарлардын укук ээсине кандайдыр бир зыян келтирүүсүнөн качуу максатында, соода тармагынан кандайдыр бир компенсациясыз алынууну, же эгерде бул колдонуудагы конституциялык талаптарга каршы келбесе, аларды жок кылууну караштыруучу чечим чыгарууга укуктуу. Сот органдары ошондой эле, интеллектуалдык менчик укуктарын бузуучу товарларды түзүүдө пайдаланылган материалдардын жана жабдуулардын, жаңы укук бузуулардын болуу мүмкүндүгүн азайтууга алып келүү үчүн, кандайдыр бир компенсациясыз соода тармактарынан алынуусун жазып эскертүүчү чечимдерди кабыл алууга укуктуу. Мындай сурамдарды карап чыгууда укук бузуулардын жана жазылып эскертилген коргоо каражаттарынын олуттуулугунун ченемдерин, ошондой эле үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын көңүлгө алуу зарыл. Товардык белгилер мыйзамсыз пайдаланылган товарларга карата, мындай товарларды соода тармагына чыгарууга уруксат берүү зарыл болгон учурдан тышкары, мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгини жөн эле алып коюу жетишээрлик болуп эсептелбейт.

47-берене. Маалыматка укук

Мүчө-өлкөлөр, эгерде бул укук бузуунун олуттуулугуна шайкеш келсе, контрафактылык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана жайылтууга катышкан үчүнчү жактардын инсандыгы жөнүндө жана аларды жайылткан каналдар тууралуу укук ээсине маалымдоого укук бузуучуну милдеттендирүү укугун сот органдарына бере алышат.

48-берене. Жоопкердин келтирилген зыяндын ордун толтуруусу

1. Сот органдары, анын сурамы боюнча чаралар кабыл алынган жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча жол-жоболор ак ниетсиз пайдаланылган жактын, мыйзамсыз милдеттенмелер жана чектөөлөр салынган жакка ушундай ак ниетсиз пайдалануунун натыйжасында келтирилген зыян үчүн тиешелүү компенсация төлөп берүүсүн жазып эскерткен чечим чыгарууга укуктуу. Сот органдары ошондой эле, жоопкердин адвокаттын тиешелүү гонорарын камтышы мүмкүн болгон чыгымдарынын ордун толтурушун өтүнмө ээсине жазып эскертүүчү чечим чыгарууга укуктуу.

2. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого же коргоону камсыз кылууга тиешелүү болгон кайсы болбосун мыйзамга караштуу актыны колдонууда, мүчө-өлкөлөр мамлекеттик органдарды жана алардын кызматкерлерин, мындай мыйзамдык актыны колдонуунун жүрүшүндө алар тарабынан ушундай аракеттер ак ниет ишке ашырылганда же ишке ашырууга ниеттенген учурда гана соттук коргоонун тиешелүү каражаттарын аларга карата колдонуудан бошотушат.

49-берене. Административдик жол-жоболор

Иштин маңызы боюнча административдик жол-жоболорду колдонуунун натыйжасында соттук коргоонун кайсы болбосун жарандык-укуктук каражаты эскертилип жазылышы мүмкүн болгон өлчөмдөгү мындай жол-жоболор негизинен ушул бөлүмдө баяндалгандарга барабар принциптерге шайкеш келүүгө тийиш.

3-бөлүм

Убактылуу чаралар

50-берене.

1. Сот органдары төмөнкүлөргө багытталган кечиктирилбес жана натыйжалуу убактылуу чараларды кабыл алууну эскертип жазуучу аныктама чыгарууга укуктуу:

(a) интеллектуалдык менчиктин кайсы болбосун укугунун бузулушунун келип чыгуусунун алдын алууга жана атап айтканда алардын юрисдикциясынын алдында турган товарлардын, анын ичинде бажылык тазалоодон кийин түздөн-түз импорттолуучу товарлардын келип түшүүсүн болтурбоо;

(b) болжолдонгон укук бузууларга тиешелүү болгон тиешелүү далилдердин сакталышына.

2. Сот органдары, атап айтканда, кайсы болбосун кармалып туруу укук ээсине оңдолбос зыян келтириши мүмкүн болгон же далилдин жок кылынып коюшу мүмкүн болгон учурда, бул кайсы жерде ылайыктуу болсо, ошол жерде убактылуу чараларды inaudita altera parte кабыл алууга укуктуу.

3. Сот органдары, өтүнмө ээси укук ээси болуп эсептелээрине жана анын укугу бузулуп жаткандыгына же мындай бузуу болбой койбостугуна жетишээрлик деңгээлде ынануу үчүн жана өтүнмө ээсинин күрөөгө коюусун же жоопкерди коргоо же кыянатчылык менен пайдаланууну болтурбоо үчүн жетишээрлик бирдей баада кепилдик берүүсүнө алдын ала эскертип жазуу үчүн, өтүнмө ээсинен кайсы болбосун керектүү далилдерди берүүсүн талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде убактылуу чаралар inaudita altera parte кабыл алынса, тиешелүү тараптарга бул жөнүндө кечиктирилбестен, эң кеч болгондо ушул чаралар ишке ашырылгандан кийин кабарланат. Кайра кароо, угулууга карата укукту камтуу менен, ушул чаралар өзгөртүлүшү, алып салынышы же тастыкталышы керектиги тууралуу чечим жөнүндөгү кабарлоону алгандан кийин тиешелүү убакыт ичинде чараларды кабыл алуу максатында жоопкердин сурамы боюнча ишке ашырылат.

5. Убактылуу чараларды ишке ашыруучу орган өтүнмө ээсинен тиешелүү товарларды бирдейлештирүү үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүнү талап кыла алат.

6. Эгерде иштин маңызы боюнча чечим кабыл алынуучу соттук териштирүү мүчө-өлкөнүн мыйзамдары тарабынан буга жол берилүүчү учурларда, ушундай чараларды эскертип жазуучу аныктаманы чыгаруучу соттук орган тарабынан аныкталуучу тиешелүү мезгил ичинде башталбаса, 1 жана 2-пункттардын негизинде ишке ашырылган убактылуу чаралар жоопкердин сурамы боюнча, 4-пунктка зыян келтирбестен алынып салынат же алардын аракети башка жол менен убактылуу токтотулат, ал эми мындай аныктама жок болгон учурда бул мезгил мезгилдердин чичнен кайсынысы кыйла узагыраак болуп эсептелгенине жараша 20 жумуш күнүнөн ж 31 календардык күндөн ашпоого тийиш.

7. Өтүнмө ээсинин кайсы болбосун аракетинин же жаңылыштыгынын себеби боюна убактылуу чаралар алынып салынган же токтотулган учурда, же эгерде натыйжада интеллектуалдык менчик укугунун бузулгандыгы же бузуу коркунучу болбогондугу белгиленген болсо, анда сот органдары жоопкердин сурамы боюнча ушул чаралардан улам келтирилген кайсы болбосун зыяндын компенсациясын жоопкерге өтүнмө ээсинин төлөп берүүсүн эскертип жазуучу чечим чыгарууга укуктуу.

8. Кайсы болбосун убактылуу чара административдик жол-жоболорду ишке ашыруунун натыйжасында эскертип жазылышы мүмкүн болгон даражада, мындай жол-жоболор мааниси боюнча ушул бөлүмдө баяндалган принциптерге маңызы боюнча барабар болгон деңгээлде шайкеш келүүгө тийиш.

4-бөлүм

Чек аралык чараларга карата өзгөчө талаптар (12)

51-берене. Бажы органдарына кайрылууда товарларды чыгарууну убактылуу токтотуу

Төмөндө баяндалган жоболорго ылайык, мүчө-өлкөлөр товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу менен товарларды, же автордук укукту бузуучу (14) товарларды алып кирүү болушунан шек саноого жетишээрлик негизи бар укук ээсине компетенттүү административдик же сот органдарына эркин кайрылууда мындай товарларды чыгаруунун бажы органдары тарабынан убактылуу токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүгө мүмкүндүк түзүүчү чараларды кабыл алышат.

Мүчө-өлкөлөр ушул бөлүмдүн талаптары сакталган шартта, интеллектуалдык менчик укуктарынын башка бузууларын камтыган товарларга карата ушундай арыз берүү мүмкүндүгүн берет. Мүчө-өлкөлөр ошондой эле экспортко арналган контрафактылык товарларды өз аймагынан чыгарууну убактылуу токтотуунун тиешелүү чараларын караштыра алышат.

52-берене. Арыз

51-беренеге ылайык чараларды демилгелөөчү кайсы болбосун укук ээси, компетенттүү бийликтерди ынандыруучу, импорттоочу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, интеллектуалдык менчиктин укук ээсинин укугунун бузулушу prima facie орун алгандыгы жөнүндө тиешелүү далилдерди көрсөтүүсү, ошондой эле аларды бажы органдарынын оңой таануусу үчүн, товарлардын жетишээрлик кеңири сыпаттамасын берүүсү зарыл. Тиешелүү убакыт ичинде компетенттүү органдар өтүнмө ээсине алар арызды алгандыгы тууралуу, ал эми компетенттүү органдар тарабынан мындай чечим кабыл алынган учурда – бажы органдары чара кабыл ала турган мезгил жөнүндө кабарлашат.

53-берене. Күрөө же баасы бирдей кепилдик

1. Компетенттүү органдар өтүнмө ээсинен жоопкерди жана компетенттүү органдарды коргоо жана кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо үчүн жетишээрлик болгон күрөөнү же баасы бирдей кепилдикти берүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай күрөө же баасы бирдей кепилдик бул чараларга кайрылууну негизсиз токтотууга тийиш эмес.

2. Эгерде ушул бөлүмгө ылайык берилген арызга ылайык, өнөр жай үлгүлөрүн, патенттерди, интегралдык микросхемалардын топологияларын, же жабык маалыматты камтыган товарларды эркин жүгүртүүгө чыгаруу кандайдыр бир соттук же башка көз карандысыз орган тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде бажы органдары тарабынан токтотулган болсо жана эгерде 55-беренеде караштырылган мезгил ыйгарым укуктуу орган тарабынан ылайыктуу түрдө шарттуу бошотуу берилбестен өтүп кетсе жана импорт үчүн башка бардык талаптар аткарылган шартта, мындай товарлардын ээси, импортер же алуучусу, суммасы укук ээсин кайсы болбосун укук бузуучудан коргоого жетишээрлик болуп эсептелген күрөө киргизилген учурда, аларды чыгарууга карата укуктарга ээ болуулары абзел. Мындай күрөөнү киргизүү укук ээси таянышы мүмкүн болгон соттук коргоонун кайсы болбосун башка каражаттарына зыян келтирбөөгө тийиш, мында, эгерде укук ээси тиешелүү мезгил ичинде сотто доолап алууга карата укукка жетише албаса, күрөө кайтарылып берилет деп түшүндүрүлөт.

54-берене. Убактылуу токтотуу жөнүндө кабарлоо

Импортер жана өтүнмө ээси 51-беренеге ылайык, товарларды чыгаруунун убактылуу токтотулушу жөнүндө кечиктирилбестен кабардандырылат.

55-берене. Убактылуу токтотуунун узактыгы

Товарларды эркин жүгүртүүгө чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө кабарлоону өтүнмө ээсине бергенден кийин 10 жумушчу күндөн ашпаган мезгил ичинде, иштин маңызы боюнча чечимге алып баруучу соттук териштирүүлөрдү жоопкерден тышкары кандайдыр бир тарап баштагандыгы тууралуу же ыйгарым укуктуу органдар тиешелүү түрдө товарларды чыгаруунун убактылуу токтотулушун улантуучу убактылуу чараларды кабыл алгандыгы тууралуу бажы органдары кабардандырылбаса, эгерде мында импортко же экспортко карата башка бардык шарттар аткарылган болсо, анда товарлар чыгарылат; тиешелүү учурларда бул акыркы мөөнөт дагы 10 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн. Эгерде иштин маңызы боюнча чечимге алып баруучу соттук териштирүүлөр башталган болсо, тиешелүү мегзил ичинде бул чараларды өзгөртүү, алып салуу же тастыктоо керектиги жөнүндө чечим кабыл алуу максатында угулууга укуктуулук менен кайра кароо жоопкердин сурамы боюнча ишке ашырылат. Жогоруда баяндалган учурларга карбастан, эгерде убактылуу соттук чечимге ылайык товарларды чыгарууну убактылуу токтотуу ишке ашырылса же улантылса, анда 50-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулат.

56-берене. Импорттоочуга жана товардын ээсине келтирилген зыянды төлөп берүү

Тиешелүү органдар өтүнмө ээсине импортердун (чет өлкөдөн товарларды клтирүүчү адамга), жүктү алуучунун жана товарлардын ээсине товрларды мыйзамсыз кармаган же эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларды кармаган учурда алар тарабынан келтирилген кайсы болбосун зыянды 55-беренеге ылайык тиешелүү компенсациялоону жазып эскертүүчү чечим чыгарууга укуктуу.

57-берене. Инспектирлөөгө жана маалыматтоого укук

Жашыруун маалыматты зыянсыз коргоого карата мүчө-өлкөлөр укук ээсине, анын дооматын негиздөө максатында, бажы органдары тарабынан кармалган кайсы болбосун товарларды инспектирлөө үчүн жетишээрлик мүмкүнчүлүк берүүгө компетенттүү органдарга ыйгарым укук бөлүшөт. Компетенттүү органдар ошондой эле импорттоочуга кайсы болбосун мындай товарларды инспектирлөө үчүн бирдей баалуу мүмкүнчүлүк берүүгө ыйгарым укуктуу. Эгерде иштин маңызы боюнча оң чечим кабыл алынса, мүчө-өлкөлөр жүктү жөнөтүүчүнүн, импорттоочунун жана жүктү алуучунун аты-жөнү жана даректери жөнүндө, ошондой эле ушул товарлардын саны тууралуу укук ээсине маалымоого компетенттүү органдарга ыйгарым укук беришет.

58-берене. Еx officio аракеттери

Эгерде мүчө-өлкөлөр компетенттүү органдардан өз демилгеси боюнча аракеттенүүнү жана аларга карата алардын интеллектуалдык менчик укуктарынын бузулгандыгынын далили prima facie бар болгон товарларды эркин жүгүртүүгө чыгарууну убактылуу токтотууну талап кылышса, анда:

(a) компетенттүү органдар кайсы убакытта болбосун ушул ыйгарым укуктарды ишке ашырууда аларга жардам бере ала турган кайсы болбосун маалымат үчүн укук ээсине кайрыла алышат;

(b) импортточу жана укук ээси товарларды эркин жүгүртүүгө чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө кечиктирилбестен кабардандырылат. Эгерде импорттоочу компетенттүү органдарга товарларды эркин жүгүртүүгө чыгарууну убактылуу токтотууга каршы пикирин берсе убактылуу токтотуу 55-беренеде белгиленген mutatis mutandis шарттарда ишке ашырылат;

(c) мүчө-өлкөлөр мамлекеттик органдарды жана алардын кызматкерлерин алар тарабынан мындай аракеттер ыктыярдуу ишке ашырылган же ишке ашырууга ниеттенген учурда гана аларга карата тиешелүү соттук коргоонун каражаттарын колдонуудан бошотушат.

59-берене. Соттук коргоо каражаттары

Укук ээсине жеткиликтүү болгон доого карата башка укуктар үчүн зыян келтирбестен жана жоопкердин укугун сактоо менен сот органында кайра кароо талап кылынган учурда, компетенттүү органдар 46-беренеде баяндалган принциптерге ылайык интеллектуалдык менчик укуктарын бузуучу товарларды жок кылууну же алууну жазып эскертүүчү чечим чыгарууга укуктуу. Мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгилери бар товрларга карата органдар мындай товарларды өзгөрүлбөгөн абалда реэкспорттоого же аларга карата өзгөчө учурлардан тышкары, башка бажылык жол-жоболорду колдонууга уруксат беришпейт.

60-берене. Аз сандагы товарларды алып кирүү

Мүчө-өлкөлөр жүргүнчүлөрдүн жеке кол жүгүндөгү же аз партия менен жөнөтүлгөн коммерциялык эмес мүнөздөгү товарлардын аз санына карата жогоруда баяндалган жоболорду колдонбой коё алышат.

5-бөлүм

Жазык жол-жоболору

61-берене.

Мүчө-өлкөлөр эң болбоду дегенде, билип туруп мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгилер колдонулган же коммерциялык масштабдарда жасалган, автордук укук бузулган учурларда колдонулуучу жазык жол-жоболорун жана жазалоолорду караштырышат. Бөгөт коюунун чаралары турмөгө камоону жана/же тиешелүү оордуктагы кылмышка байланыштуу колдонулуучу жазанын олуттуулугуна шайкеш келүүчү токтотуунун каражаты болуп кызмат кылуу үчүн жетишээрлик болгон акчалай айып пулдарды камтыйт. Тиешелүү учурларда бөгөт коюунун колдонулуп жаткан чаралары ошондой эле өзгөчө укук бузууда пайдаланылган контрафактылык товарларга жана кайсы болбосун материалдарга жана жабдууларга арест салууну, конфискациялоону жана жок кылууну камтыйт. Мүчө-өлкөлөр интеллектуалдык менчик укуктарын башка бузуулар, атап айтканда, эгерде алар билип туруп жана коммерциялык максаттарда ишке ашырылган болсо, ушундай учурларда аларды колдонуу максатында жазык жол-жоболорун жана жазаларды караштыра алышат.

IV БӨЛҮК

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК УКУКТАРЫН АЛУУ ЖАНА КҮЧҮНДӨ САКТОО ЖАНА УШУГА БАЙЛАНЫШТУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОР

INTER PARTES

62-берене.

1. II бөлүктүн 2-6-бөлүмдөрүнө ылайык караштырылган интеллектуалдык менчик укуктарын алуунун же күчүндө кармоонун шарттары катары, мүчө-өлкөлөр тиешелүү жол-жоболордун жана формалдуулуктардын сакталышын талап кыла алышат. Мындай жол-жоболор жана формалдуулуктар ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келүүгө тийиш.

2. Эгерде интеллектуалдык менчик укугу берүү же каттоо жолу менен алынса, мүчө-өлкөлөр мындай укукту алуунун негизги шарттарынын сакталышын эсепке алуу менен, берүүнүн же каттоонун жол-жоболору тиешелүү мезгил ичинде укукту берүү же каттоо коргоонун мөөнөтүн негизсиз кыскартуудан качууга мүмкүндүк бергидей болуусун камсыз кылышат.

3. Париж конвенциясынын (1967-жыл) 4-беренесинин жоболору тейлөө белгилерине карата mutatis mutandis колдонулат.

4. Эгерде мүчө-өлкөнүн мыйзамдары административдик жокко чыгаруу сыяктуу жана inter partes, каршы пикир, алып салуу же жокко чыгаруу сыяктуу жол-жоболорду караштырса, анда бул жол-жоболор интеллектуалдык менчик укуктарын алууга же күчүндө кармоого тиешелүү жол-жоболор менен бирге 41-берененин 2 жана 3-пункттарында белгиленген жалпы принциптер менен жөнгө салынат.

5. 4-пунктта эскертилген кайсы болбосун жол-жобонун бирин ишке ашыруунун жүрүшүндөгү акыркы административдик чечимдер соттук же квазисоттук органдардын кайра кароосуна жатат. Бирок мында мындай жол-жоболордун негизи чечимдерди жараксыз деп таануу жөнүндө жол-жоболордун предмети болушу мүмкүн болгон шартта канааттандырылбаган каршы пикир же административдик жокко чыгаруу учурунда чечимдерди мындай карап чыгуу үчүн мүмкүндүк берүү милдеттенмеси жок.

V БӨЛҮК

ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ЖӨНГӨ САЛУУ

63-берене. Ачыктык

1. Мүчө-өлкө тарабынан күчүнө киргизилген жана ушул Макулдашуунун предметине тиешелүү болгон мыйзамдар жана эрежелер, акыркы сот чечимдери жана жалпы мүнөздөгү административдик токтомдор (интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жана кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоонун болушу, көлөмү, алуу) жарыялоого жатат же иш жүзүндөгү түшүнүүлөр боюнча мындай жарыялоо максатка ылайыктуу болгон учурда, алар, алар менен өкмөттүк органдар жана укук ээлери таанышуу үчүн улуттук тилде элге ачык жеткиликтүү болуш үчүн берилет. Бир мүчө-өлкөнүн өкмөтү же өкмөттүк органы менен башка мүчө-өлкөнүн өкмөтү же өкмөттүк органынын ортосунда колдонулган ушул Макулдашуунун предметине тиешелүү болгон макулдашуулар ошондой эле жарыялоого жатат.

2. Мүчө-өлкөлөр ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгууда ушул Кеңешке көмөк көрсөтүү максатында, 1-пунктта эскертилген мыйзамдар жана эрежелер жөнүндө ТРИПС боюнча Кеңешти кабардандырышат. Кеңеш ушул милдеттенмени аткарууда мүчө-өлкөлөргө жүктөлгөн түйшүктү азайтуу үчүн алдын ала күч-аракеттерди жумшайт жана эгерде мындай мыйзамдарды жана эрежелерди камтыган жалпы реестрди уюштуруу жөнүндө маселе боюнча ИМБДУдан алынган консультациялар ийгиликтүү болсо, мындай мыйзамдар жана эрежелер тууралуу Кеңешти түздөн түз кабардандыруу милдеттенмесинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Кеңеш ошондой эле ушуга байланыштуу Париж конвенциясынын (1967-жыл) 6 ter статьясынын жоболорунан келип чыгуучу ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерге ылайык кабарлоолорго карата талап кылынышы мүмкүн болгон кайсы болбосун аракетти карап чыгат.

3. Ар бир мүчө-өлкө БСУнун башка мүчө-өлкөсүнүн жазуу жүзүндөгү сурамына жооп кылып 1-пунктта сөз болуп жаткан жөнүндө ушуга окшогон маалыматты берүүгө даяр болууга тийиш. Интеллектуалдык менчик жаатындагы өзгөчө соттук чечим, же административдик эреже, же эки тараптуу макулдашуу ушул Макулдашуу боюнча анын укуктарын козгоду деп эсептөөгө негизи бар болгон мүчө-өлкө ошондой эле ушуга окшогон өзгөчө соттук чечимдерге же административдик токтомдорго, же эки тараптуу макулдашууларга кирүү мүмкүндүгүн алууга жазуу жүзүндө сурам жасай алат, же ага алар жөнүндө жетишээрлик кеңири маалымат берүүнү өтүнө алат.

4.   1, 2 жана 3-пункттардагы эч нерсе мүчө-өлкөлөрдөн мыйзамды колдонууга тоскоол боло турган же башкача түрдө коомдук кызыкчылыктарга каршы келе турган, же айрым мамлекеттик же жеке ишканалардын коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтире турган жашыруун маалыматты ачууну талап кылбайт.

64-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу

1. 1994-жылдагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун (ГАТТ) XXII жана XXIII беренелеринин жоболору, эгерде анда башкасы атайын каралбаса, алар Талаш-тартыштарды чечүү жөнүндө келишимге ылайык кандай иштелип чыкса жана колдонулса, ушул Макулдашуу боюнча консультацияларга жана талаш-тартыштарды жөнгө салууга карата ошондой колдонулат.

2. 1994-жылдагы ГАТТтын XXIII статьясынын 1(b) жана 1(c) пунктчалары БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып беш жыл ичинде ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга карата колдонулбайт.

3. 2-пунктта эскертилген мезгил ичинде, ТРИПС боюнча Кеңеш ушул Макулдашууга ылайык 1994-жылдагы ГАТТтын XXIII статьясынын 1(b) жана 1(c) пунктчаларында караштырылган типтеги каршы пикирлерди колдонуу чөйрөсүн жана берүү учурларын изилдейт жана өзүнүн сунуштарын Министрлер конференциясына жактыруу үчүн көрсөтөт. 2-пунктта эскертилген мындай сунуштарды жактыруу же мөөнөтүн узартуу боюнча Министрлер конференциясынын кайсы болбосун чечими, консенсустун негизинде гана колдонулат, ал эми кабыл алынган сунуштар бардык мүчө-өлкөлөр үчүн андан аркы формалдуу жол-жоболорсуз күчүнө кирет.

VI БӨЛҮК

ӨТМӨ КЕЛИШИМДЕР

65-берене. Өтмө келишимдер

1.  2, 3 жана 4-пункттар сакталган шартта бир дагы мүчө-өлкө БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген датадан кийин 1 жылдык жалпы мөөнөт өткөнгө чейин ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга милдеттүү эмес.

2. Өнүгүп бара жаткан мүчө-өлкө 1-пунктта аныкталгандай, төрт жылдык кошумча мөөнөткө, 3, 4 жана 5-статьялардан тышкары, ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууну кийинкиге жылдырууга укуктуу.

3. Борбордоштуруп пландалган экономикадан эркин ишкерликтеги рыноктук экономикага өтүү процессинде турган жана өзүнүн интеллектуалдык менчик системасын структуралык реформалоону ишке ашырып жаткан жана интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды жана эрежелерди даярдоонун жана ишке ашыруунун спецификалык көйгөйлөрүнө кбылган кайсы болбосун башка мүчө-өлкө, ошондой эле бул 2-пунктта көрсөтүлгөндөй, кийинкиге жылдыруу мезгилинен пайдалана алат.

4. Ушул Макулдашуу өнүгүп бара жаткан мүчө-өлкөнү 2-пунктта аныкталгандай, эскертилген мүчө-өлкөгө карата ушул Макулдашууну колдонуунун жалпы датасына анын аймагында жетишээрлик коргоого жөндөмдүү болуп эсептелбеген техника тармактарындагы продуктуларга патенттик коргоону жайылтууну канчалык өлчөмдө милдеттендирсе, ал ошончолук техниканын ушундай тармактары үчүн II бөлүктүн 5-бөлүмүнүн продуктуларына патенттер жөнүндө жоболорду колдонууну беш жылга кошумча мезгилге кийинкиге калтыра алат.

5. Өткөөл мезгилден пайдаланган мүчө-өлкө 1, 2, 3 же 4-пункттарга ылайык, ушундай мезгил ичинде анын мыйзамына, эрежелерине жана ишке киргизилген кайсы болбосун өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келүү даражасынын төмөндөшүнө алып келбөөсүн камсыз кылат.

66-берене. Начар өнүккөн мүчө-өлкөлөр

1. Начар өнүккөн мүчө-өлкөлөрдүн спецификалык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн, алардын экономикалык, финансылык жана административдик чектөөлөрүн жана турмушка жөндөмдүү техникалык базаны түзүү үчүн ийкемдүүлүктөгү алардын керектөөлөрүн эске алуу менен, 3, 4 жана 5-беренелерден тышкары, ал кабыл алынган датадан тартып он жыл ичинде, 65-берененин 1-пунктуна ылайык аныкталгандай, ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуунун талаптары, мындай мүчө-өлкөлөргө коюлбайт. Начар өнүккөн мүчө өлкөнүн тийиштүү деңгээлде далилденген сурамы боюнча ТРИПС боюнча Кеңеш бул мезгилди узартат.

2. Өнүккөн мүчө-өлкөлөр бекем жана турмушка жөндөмдүү техникалык базаны түзүү максаттарында начар өнүккөн мүчө-өлкөлөргө технологияларды берүүнү демилгелөө жана көмөк көрсөтүү үчүн алардын аймактарында жайгашкан ишканаларга жана мекемелерге өбөлгө түзүшөт.

67-берене. Техникалык кызматташуу

Ушул Макулдашуунун аткарылышына көмөк көрсөтүү максатында, өнүккөн мүчө-өлкөлөр сурам боюнча жана өз-ара макулдашылган шарттарда өнүккөн жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн кызыкчылыгында техникалык жана финансылык кызматашууну камсыз кылышат. Мындай кызматташуу интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу жана укуктук коргоо боюнча, ошондой эле мындай укуктарды кыянатчылык менен пайдалануунун алдын алуу боюнча мыйзамдарды жана эрежелерди иштеп чыгууга жардамды камтыйт жана ушул маселелер боюнча, анын ичинде кадрларды даярдоого тиешелүү иш алып баруучу улуттук ведомстволорду жана мекемелерди түзүүгө жана чыңдоого карата колдоолорду камтыйт.

VII БӨЛҮК

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК ИШ-ЧАРАЛАР; КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

68-берене. Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча кеңеш

ТРИПС боюнча кеңеш ушул Макулдашуунун иштешине жана атап айтканда, мүчө-өлкөлөр тарабынан андан келип чыгуучу өз милдеттеринин аткарылышына көзөмөлдү ишке ашырат жана мүчө-өлкөлөргө интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилерине байланышкан маселелер боюнча консультацияларды алууга мүмкүндүк берет. Ал ошондой эле мүчө-өлкөлөр тарабынан ага жүктөлгөн кайсы болбосун башка милдеттерди аткарат жана атап айтканда, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболоруна байланыштуу алар сураган кайсы болбосун жардамды берет. Өз милдеттерин аткарууда ТРИПС боюнча Кеңеш консультация ала алат жана ал ылайыктуу деп эсептеген кайсы болбосун булакка маалымат алуу үчүн кайрыла алат. ИМБДУ консультативдик катышкан учурда Кеңеш өзүнүн биринчи отурумун өткөргөн датадан тартып бир жылдын ичинде эскертилген Уюмдун органдары менен кызматташуу жөнүндө тиешелүү келишимдерге жетишүү үчүн алдын ала чараларды кабыл алат.

69-берене. Эл аралык кызматташтык

Мүчө-өлкөлөр интеллектуалдык менчик укуктарын бузуучу товарлар менен эл аралык соода кылууну жоюу үчүн өз-ара кызматташуу жөнүндө келишим тузушөт. Бул максатта алар өзүлөрүнүн административдик органдарында байланыш пункттарын уюштурушат, бул жөнүндө кабарлашат жана бул укуктарды бузуучу товарлар менен соода кылуу жөнүндө маалыат менен алмашууга даяр экендигин көрсөтүшөт. Атап айтканда, алар мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгилери бар товрлар менен жана автордук укуктарды бузуу менен өндүрүлгөн товарлар менен соода кылууга карата бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашууга жана өз-ара аракеттешүүгө өбөлгө түзүшөт.

70-берене. Бар болгон объектилерди коргоо

1. Ушул Макулдашуу мүчө-өлкө тарабынан ушул Макулдашууну колдонуу датасына чейин жасалган иш-аракеттерге карата милдеттенмелердин келип чыгышы үчүн негиздерди бербейт.

2. Эгерде ушул Макулдашууда башкасы караштырылбаса, ал көрсөтүлгөн датага ушул мүчө-өлкөдө корголгон же ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык коргоого жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келген же андан кийин ылайык келе турган айрым мүчө-өлкөлөргө карата ушул Макулдашуу күчүнө кирген датага бар болгон интеллектуалдык менчиктин бардык объектилерине карата милдеттенмелерди жаратат. Ушул пункттун жоболоруна, ошондой эле ушул берененин 3 жана 4-пункттарына келсек, анда бар болгон чыгармаларга карата автордук укуктарга байланышкан милдеттенмелер Берн конвенциясынын (1971-жыл) 18-беренесинин гана негизинде аныкталат, ал эми фонограмма чыгаруучулардын жана бар болгон фонограммалардагы аткаруучулардын укуктарына тиешелүү милдеттенмелер, ал ушул Макулдашуунун 14-беренесинин 6-пунктуна ылайык канчалык колдонулса, ошончолук Берн конвенциясынын (1971-жыл) 18-беренесинин негизинде гана аныкталат.

3. Ушул Макулдашуу колдонулуп баштаган датага бул мүчө-өлкө үчүн мамлекеттик менчик болгон интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоону калыбына келтирүү боюнча эч кандай милдеттенмелер пайда болбойт.

4. Ушул Макулдашууга ылайык мыйзамдарды колдонууга байланыштуу мыйзам бузуучу болуп калган корголуучу объетилерди камтуучу жана аларды чыгаруу башталган же БСУ жөнүндө Макулдашуунун мүчө-өлкөсү тарабынан тиешелүү кабыл алынган датага чейин аларга карата маанилүү инвестициялар жумшалган конкреттүү буюмдарга тиешелүү кайсы болбосун аракеттерге карата, кайсы болбосун мүчө-өлкө, мындай мүчө-өлкө үчүн ушул Макулдашуу колдонулуп башталган датадан кийин мындай аракеттерди улантууга карата укук ээси таянышы мүмкүн болгон укуктук коргоо каражаттарын чектөөнү караштыра алат. Бирок мындай учурларда мүчө-өлкө, эң аз болгондо акыйкат сый акыны төлөп берүүнү караштырат.

5. Мүчө-өлкө ушул мүчө-өлкөгө карата ушул Макулдашууну колдонууну баштоо датасына чейин алынган оригиналдарга же көчүрмөлөргө карата 11-берененин жана 14-берененин 4-пунктунун жоболорун колдонууга милдеттүү эмес.

6. Мүчө-өлкөлөр, эгерде пайдаланууга уруксат ушул Макулдашуу белгилүү болгон датага чейин өкмөт тарабынан берилген болсо, укук ээсинин уруксатысыз пайдалануу үчүн техника тармактарына карата укугун басмырлабастан патенттик укук берилүүчү 31-берененин жоболорун же 27-берененин 1-пунктунда баяндалган талаптарды колдонууга милдеттүү эмес.

7. Эгерде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо каттоо шартында берилсе, анда бул мүчө-өлкө үчүн ушул Макулдашуунун колдонуу датасына кароодо турган коргоо берүүгө өтүнмөгө ушул Макулдашуунун жоболорунда караштырылган кыйла кеңири коргоону суроого багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилет.

8. Эгерде мүчө-өлкө БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып фармацевтикалык жана агрохимиялык продуктуларга 27-берене боюнча анын милдеттенмелерине жараша патенттик коргоо бербесе, эскертилген мүчө-өлкө:

(a) VI бөлүктүн жоболоруна көз карандысыз мындай ойлоп табууларга патенттерди берүүгө анын жардамы менен өтүнмө берүүгө боло турган жол-жобону БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып караштырат;

(b) ушул Макулдашууну колдонуу датасынан тартып, ушул өтүнмөлөргө патентке жөндөмдүүлүк критерийлерин колдонот, ушул Макулдашууда баяндалгандай, эгер айтылган критерийлер айтылган мүчө-өлкөдө өтүнмө берилген датада колдонулса, же өтүнмөнүн артыкчылык датасына – артыкчылыгы болсо, же суралган болсо;

жана

(c)  ушул Макулдашууга ылайык (b) пунктчасында эскертилген коргоо критерийлерин канааттандырган өтүнмөлөр үчүн, патент берилген датадан тартып жана ушул Макулдашуунун 33-беренесине ылайык өтүнмө берилген датадан тартып санаганда, патенттин күчүнүн калган мөөнөтүнө патенттик коргоону камсыздайт.

9. Эгерде 8(a) пунктуна ылайык мүчө-өлкөдө патентке өтүнмөнүн объектиси продукт болуп эсептелсе, анда сатууга өзгөчө укук VI бөлүктүн жоболоруна карабастан, эскертилген мүчө-өлкөдө сатууга уруксат алгандан кийин беш жылдык мөөнөткө, же ушул мүчө-өлкөдө продуктуга патент берилгенге, же аны берүүдөн баш тартылганга чейин, кайсы мезгилдин кыскалыгына жараша, БСУ жөнүндө Макулдашуу күчүнө киргенден кийин патентке өтүнмө берилген жана эскертилген продуктуга патент башка мүчө-өлкөдө берилген жана сатууга уруксат башка ушундай мүчө-өлкөдө алынган шартта берилет.

71-берене. Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо жана оңдоолорду киргизүү

1. ТРИПС боюнча Кеңеш 65-берененин 2-пунктунда эскертилген өткөөл мезгил өткөндөн кийин ушул Макулдашуунун аткарылышын карайт. Кеңеш Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган тажрыйбаны эске алуу менен, анын аракетин бул датадан кийин эки жыл өткөн соң карайт жана андан кийин мындай кароону ар бир эки жылда жүргүзөт. Кеңеш ошондой эле кароону ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү үчүн негиз болуп кызмат кыла ала турган, буга тиешеси бар кайсы болбосун жаңы окуялардын багытында жүргүзө алат.

2. Башка көп тараптуу макулдашууларда жетишилген жана колдонулуп жаткан жана БСУнун бардык мүчөлөрү тарабынан эскертилген макулдашууларга ылайык кабыл алынган интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун кыйла жогорку деңгээлин эске алуу менен корректировкалоо максатындагы гана оңдоолор ТРИПС боюнча Кеңештин консесус аркылуу жетишилден сунуштарынын негизинде БСУ жөнүндө Макулдашуунун X-беренесинин 6-пунктуна ылайык аракеттерди ишке ашыруу үчүн Министрлер конференциясына берилиши мүмкүн.

72-берене. Эскертмелер

Башка мүчө-өлкөлөрдүн макулдугусуз ушул Макулдашуунун кайсы болбосун жобосуна карата эч кандай эскертмелер жасалышы мүмкүн эмес.

73-берене. Коопсуздук түшүнүктөрү боюнча жокко чыгаруулар

Ушул Макулдашууда эч нерсе төмөнкүлөрдөй түшүндүрүлбөөгө тийиш:

(a) кайсы болбосун мүчө-өлкөгө ал маалыматтын ачылышын ал анын коопсуздугунун негизги кызыкчылыгына каршы келүүчү катары караган, кайсы болбосун маалыматты берүүсүн талап кылуу; же

(b) мүчө-өлкөгө ал өз коопсуздугунун негизги кызыкчылыктарын коргоо үчүн төмөнкүлөргө карата зарыл деп эсептеген кайсы болбосун аракеттерди кабыл алууга тоскоолдук кылуу:

(I) ажыроочу материалдарга же алардан алынган материалдарга карата;

(II) куралдар, ок-дары жана согуштук техника, ошондой эле башка товарлар жана куралдуу күчтөрдү жабдуу максаттары үчүн түз же кыйыр ишке ашырылган материалдар менен соода кылууга карата;

(III) эгерде алар согуш учурунда же башка өзгөчө кырдаалдарда эл аралык мамилелерде колдонулса; же

(c) эл аралык тынчтыкты же коопсуздукту колдоо максаттарында Бириккен улуттар уюмунун Уставы боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн мүчө-өлкөнүн кайсы болбосун аракеттерди алдын ала кабыл алуусуна тоскоолдук кылуу.

Эскертүүлөр:

(1) Ушул Макулдашуудагы БСУнун мүчөсүнүн айрым бир бажы аймагына тиешлүү учурдагы “жарандар” деген сөз туруктуу жашап турган жеке жактарды же юридикалык жактарды же эскертилген бажы аймагында иштеп жаткан жана жалган эмес өнөр жайлык же соода ишканасын билдирет.

(2) Бул Макулдашууда “Париж конвенциясы” Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясын билдирет; “Париж конвенциясы (1967-жыл)” бул конвенциянын 1967-жылдын 14-июнундагы Стокгольм актысын билдирет; “Берн конвенциясы” адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Берн конвенциясын билдирет; “Берн конвенциясы (1971-жыл)” бул Конвенциянын 1971-жылдын 24-июлундагы Париж актысын билдирет; “Рим конвенциясы” 1961-жылдын 26-октябрында кабыл алынган артист-аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын жана уктуруу уюмдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча Эл аралык конвенцияны билдирет; “Интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө келишим” (ИМИМ келишими) 1989-жылдын 26-майында Вашингтондо кабыл алынган интегралдык микросхемаларга карата интеллектуалдык менчик жөнүндө келишимди билдирет; “БСУ жөнүндө макулдашуу” БСУну уюштуруу жөнүндө Макулдашууну билдирет.

(3) 3 жана 4-беренелердин максаттары үчүн, “коргоо” интеллектуалдык менчик укуктарынын болуусун, алууну, күчүндө кармоону жана коргоону камсыз кылууну козгоочу маселелерди, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын пайдаланууну камтыган жана ушул Макулдашууда өзгөчө көңүл бурулган маселелерди камтыйт.

(4) 42-берененин биринчи сүйлөмүнө карабастан, бул милдеттенмелерге карата, мүчө-өлкөлөр мунун ордуна административдик аракеттердин жардамы менен аткарууга мажбурлоону караштыра алышат.

(5) ушул берененин максаттары үчүн мүчө-өлкө “ойлоп табуучулук деңгээли” жана “өнөр жайында колдонулуучу болуп эсептелишет” деген терминдерди ылайыгына жараша “анык эмес” жана “пайдалуу” деп эсептей алат.

(6) Бул укук товарларды пайдаланууга, сатууга, алып кирүүгө же башка бөлүштүрүүгө карата ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү башка бардык укуктар сыяктуу эле 6-берененин жоболору менен жөнгө салынат.

(7) “Башка пайдалануу” 30-берененин негизинде жол берилгенден айырмаланган пайдаланууга кирет.

(8) Алгачкы патент берүү системасы жок мүчө-өлкөлөр коргоонун мөөнөтү алгачкы патент берүү системасында өтүнмө берилген датадан тартып эсептелээрин караштыра алышат деп түшүнүлөт.

(9) “Укук ээси” деген термин ушул бөлүмдө ИМИМ Келишиминдеги ошол эле “укук берилген жак” деген терминди түшүндүрөт.

(10) Ушул жобонун максаттары үчүн “чынчыл коммерциялык практикага каршы келүүчү ыкма” деген түшүнүк, эң аз дегенде келишимди бузгандык, ишенимден кеткендик же ишенимден кетүүгө көмөк көрсөтүү практикасы дегенди түшүндүрөт жана аны алуу ушундай практикага кире тургандыгы аларга белгилүү болгон же одоно шалакылыктын натыйжасында белгисиз бойдон калган үчүнчү жактардын жабык маалымат алуусун камтыйт.

(11) Ушул бөлүктүн максаттары үчүн “укук ээси” деген термин мындай укуктарга талаптанууга мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу бар федерацияларды, ассоциацияларды камтыйт.

(12) Эгерде мүчө-өлкө аны менен маанилүү даражада бажы союзунун бир бөлүгүн түзгөн башк мүчө-өлкө менен товарларды чек ара аркылуу алып өтүүнү контролдоонун бардык чараларын алып салган болсо, анда эскертилген чек арада ушул бөлүмдүн жоболорун колдонуу талап кылынбайт.

(13) Укук ээси тарабынан же анын макулдугу менен башка өлкөдө рынокто чарба жүргүзүүгө, же транзиттик товарларга киргизилген товарлардын импортуна ушул чараларды колдонуу милдеттүү деп эсептелбейт деп түшүнүлөт.

(14) Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:

(a) “товардык белги мыйзамсыз колдонулган товарлар” деген түшүнүк мындай товарларга карата мыйзамдуу катталган товардык белгиге окшош товардык белги менен аларды уруксатсыз таңгактоону, маркалоону камтыган, же маанилүү белгилери боюнча мындай товардык белгиден айырмалоого болбогон жана ушуга байланыштуу импорттоочу өлкөнүн мыйзамына ылайык товардык белгинин ээсинин укуктарын бузган кайсы болбосун товарды билдирет.

(b) “автордук укукту бузуучу товарлар” деген түшүнүк, эгерде эскертилген көчүрмөнү түзүү импорттоочу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык автордук укукту же чектеш укуктарды бузуу болуп эсептелсе, укук ээсинин же товар чыгарылган өлкөдө ага ылайыктуу түрдө ыйгарым укук берилген жактын макулдугусуз түзүлгөн жана түз же кыйыр түрдө кандайдыр бир буюмдан жасалган көчүрмө болуп эсептелген кайсы болбосун товарды билдирет.

Бишкек ш., Өкмөт үйү

1996-жылдын 22-ноябры N 546

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан

ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө

СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдалануунун жана аларга автордук сый акыларды төлөөнүн тартиби жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аларга СССРдин тиешелүү автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү берилген, ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө берилген СССРдин коргоо документтери – СССРдин патенттери, СССРдин автордук күбөлүктөрү жана СССРдин күбөлүктөрү күчүндө экендиги белгиленсин.

2. Менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жактар жана ишкердик иши менен иштеген жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ойлоп табууга СССРдин автордук күбөлүктөрү жана өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана өнөр жай үлгүлөрүн буга атайын уруксат албастан пайдаланары белгиленсин.

Ойлоп табууга өтүнмө берген датадан тартып, 20 жыл же өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген датадан тартып, 15 жыл мөөнөт өткөнгө чейин аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланып баштаган юридикалык же жеке жак аны пайдаланып баштагандан тартып, 3 айлык мөөнөттө ойлоп табуунун же өнөр жай үлгүсүнүн авторуна (авторлоруна) бул тууралуу билдирүүгө жана автор (авторлор) менен ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Аталган сый акы ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык же жеке жак тарабынан төлөнөт жана анын өлчөмү чектелбестен тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

3. СССРдин автордук күбөлүгү жана СССРдин күбөлүгү менен корголуучу ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акы эгер бул пайдалануу ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталса, ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууну баштаган датага колдонудуп жаткан мыйзамдарга ылайык төлөнөрү белгиленсин.

Мындай учурда, ушундай ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалангандыгы үчүн сый акынын өлчөмү мамлекеттик пенсияларды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен көбөйөт. Мында ушул ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдалануунун ар бир жылына колдонулуучу коэффициенттер, ошондой эле аталган мыйзамдар менен белгиленген кийинки жогорулатуучу коэффициенттер эсепке алынат.

Мурда төлөнгөн сый акылар ушул токтомдун чыгышына байланыштуу, кайра эсептөөгө болбойт.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин автордук күбөлүктөрү менен корголуучу ойлоп табууларды жана СССРдин күбөлүктөрү менен корголуучу өнөр жай үлгүлөрүн пайдалангандыгы үчүн сый акы министрликтер жана ведомстволор тарабынан өз убагында төлөнбөсө, ушул токтомдун 3-пунктунда каралган тартипте аталган ойлоп табууну же өнөр жай үлгүсүн пайдаланган ар бир юридикалык жак тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                                          А.Джумагулов