Өнөр жай үлгүсүнө патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери

Өнөр жай үлгүсүнө патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 22-апрелинде катталган.  Катталган номуру 39-03

Бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча

мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент)

Коллегиясынын №4 токтому

2003-жыл, 27-март

Өнөр жай үлгүсүнө патент берүү  үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери 

I БӨЛҮМ. ӨНӨР ЖАЙ ҮЛГҮСҮНӨ ПАТЕНТ БЕРҮҮ ҮЧҮН ӨТҮНМӨ ТҮЗҮҮ ЖАНА БЕРҮҮ

    1. Өтүнмөнү берүү

2. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө

3. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну

4. Уруксат берилбеген элементтер

5. Терминология жана белгилер

6. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө

II БӨЛҮМ. КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН ПАТЕНТ АЛУУ БОЮНЧА ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

7. Өкүлдү дайындоо

8. Кыргызпатент менен кат жазышуу

9. Өтүнмөнүн документтерине оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү

10. Патент алууга укукту ыйгарып берүү

11. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу

12. Өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө эксперттөө белгилеген материалдар менен таанышуу

13. Өтүнүүчүнүн катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу

14. Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу

15. Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү

III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ӨТҮНМӨНҮ КАРАП ЧЫГУУ

16. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү

17. Өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү

18. Өтүнмөнүн алдын ала эксперттөөсү

19. Маңызы боюнча өтүнмөнүн эксперттөөсү

20. Кошумча материалдарды текшерүү

21. Өнөр жай үлгүсүн каттоо

22. Патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

IV БӨЛҮМ. ӨТМӨ ЖОБОЛОР

23. Күчүнө кириши

Өнөр жай үлгүсүнө патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун бул Эрежелери Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 2-статьясына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин түшүндүрүүсүн камтыйт.

    Кыскартылыштардын тизмеси

    Эрежелер – өнөр жай үлгүсүнө патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун Эрежелери;

Мыйзам  – Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамы;

Кыргызпатент – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча  мамлекеттик агенттиги;

Өтүнмө – Өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө;

Конвенциялык өтүнмө – Кыргыз Республикасынын редакциясында колдонулган өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык берилген өтүнмө;

ӨЖЭК –  Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоо.

    I БӨЛҮМ

ӨНӨР ЖАЙ ҮЛГҮСҮНӨ ПАТЕНТ БЕРҮҮ ҮЧҮН ӨТҮНМӨ ТҮЗҮҮ ЖАНА БЕРҮҮ

    1. Өтүнмө берүү

1.1. Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу жактар

Мыйзамдын 17-статьясынын 1-бөлүгүнө жана 9–статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берүүгө жана патент алууга өнөр жай үлгүсүнүн автору (авторлору), жумуш берүүчү, алардын укук мураскору, анын ичинде ыйгарып укук берүү тартибинде тийиштүү укук алган жак  (мындан ары өтүнүүчүлөр) укуктуу.

Патент алууга укукту өтүнүүчү тарабынан ыйгарып  берүү Кыргызпатентке өнөр жай үлгүсүн каттоодон өткөрүүгө чейин берилген өтүнмөдө же арызда бул тууралуу көрсөтүлгөн жолу аркылуу жүргүзүлөт жана эгер патентти алууга укукту ыйгарып  берүүдө башкасы айтылбаса, өтүнүүчүнүн укукту ыйгарып берүүсү болуп эсептелет.

Өнөр жай үлгүсүнүн автору – ал анын чыгармачылык эмгеги менен жаратылган жеке жак, төмөнкү учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу:

– эгерде өнөр жай үлгүсү кызматтык болуп эсептелбесе;

– эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп эсептелбесе, бирок автор жана жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен автор менен патент алууга укугу караштырылса же эгерде  түзүлгөн кызматтык өнөр жай үлгүсү жөнүндө анын автору кабарланган күнүнөн төрт айдын ичинде жумуш берүүчү тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берилбесе, башка тарапка патент алуу укугун ыйгарып бербесе же өнөр жай үлгүсүн жашырын сактоо жөнүндө билдирбесе.

Кандайдыр-бир документ менен өтүнмө берүүгө укукту тастыктоо талап кылынбайт.

1.2. Берүүнүн процедурасы

Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз же почто же телеграф, телепринтер, телефакс же башка ушул сыяктуу берүү каражаттары аркылуу жиберилет.

1.3. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берүү

Өтүнмө өтүнүүчү менен түздөн-түз же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу бериле алат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасынын катышуусунда эл аралык макулдашуу менен башка тартип белгиленбесе, өтүнмө берүүнүн күнүн аныктоого, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөлөрүн берүүгө, жогоруда көрсөтүлгөн процедураларга карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана кабарлоолорун алууга, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөөгө байланыштуу процедуралардан тышкары, патентти алуу, ошондой эле өнөр жай үлгүсүн коргоо менен байланыштуу  иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт.

2. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө

2.1. Өнөр жай үлгүсү жана анын түрлөрү

Мыйзамдын 7-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык  өнөр жай үлгүлөрүнө сүрөтүү-конструктордук буюмдардын анын сырткы түрүн аныктоочу чечим тиешелүү. Мында буюм деп өнөр жай же майда өндүрүш буюмзаты түшүндүрүлөт.

Өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү, мейкиндиктүү же алардын айкалышында болушу мүмкүн.

Көлөмдүү өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү-мейкиндикдүү түзүмүнүн негизинде жаткан, мисалы, айыл чарба машинасынын, мотоциклдин, асма кайыктын моторунун ж.б. сырткы түрүн аныктоочу көркөм-конструктордук  чечимдер, композициясы көрсөтүлөт.

Мейкиндиктүү өнөр жай үлгүлөрү элементтердин сызыктуу-графикалык байланышы менен мүнөздөлөт жана накта көлөмгө ээ эмес, мисалы  килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. сырткы түрүн аныктоочу көркөм-конструктордук  чечимдер.

2.2. Өнөр жай үлгүсү деп таанылбаган чечимдер

Мыйзамдын 7-статьясынын 9-бөлүгүнө ылайык өнөр жай үлгүлөрү деп төмөнкүлөр эсептелбейт:

– буюмдун техникалык милдети менен гана шартталган чечимдер;

– өнөр жайлык, гидротехникалык жана башка стационардык курулмалардын, архитектуралардын объектилери (кичинекей архитектуралык формалардан башка);

– ушул сыяктуу басма продукт;

– суюктук, газ түрүндөгү, чубурма же ага окшош заттардын туруктуу эмес формаларынын объектиси;

– коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык ынанымдарга карама-каршы болгон буюмдар.

2.3. Өнөр жай үлгүлөрүнүн бирдейлигин талап кылуу

Мыйзамдын 20-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайыктуу өтүнмө бир өнөр жай үлгүсүнө же  өнөр жай үлгүлөрүнүн бирдейлик талабын канааттандыргандай өз ара байланышкан өнөр жай үлгүлөрүнүн тобуна тийиштүү болушу керек.

Бир өнөр жай үлгүсү деп айрым буюмдун да,жалпы милдети бар (мисалы эмерек гарнитуру, сервиз ж.б.) буюмдардын комплектинин да көркөм-конструктордук  чечимдери таанылат.

Айрым буюм деп бүтүн буюм да (мисалы, автомобиль), жана анын бөлүгү болгон буюм да (мисалы, бампер, фара) түшүндүрүлөт.

Өнөр жай үлгүлөрүнүн тобу (мындан ары варианттар) деп бир эле буюмдун (комплекттин) бирдей эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу маанилүү белгилердин жыйындысын айырмалаган көркөм-конструктордук  чечимдер түшүндүрүлөт.

2.4. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн курамы

Мыйзамдын 20-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

– өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты, ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арыз;

– буюмдун сырткы түрү жөнүндө майда-чүйдө толук көрсөтүп берүүчү буюмдун (макеттин) сүрөттөөсүнүн комплекти;

– эгер алар өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачуу үчүн керек болсо буюмдун жалпы түрүнүн чиймеси, эргономикалык схемасы, конфекциялык картасы;

– өнөр жай үлгүсүнүн баяндамасы;

– анын маанилүү белгилеринин тизмеси.

2.5. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер

(1) Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө өтүнмөнү берүү үчүн бажы төлөмүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документ же өтүнмөнү берүүдө же өтүнмөнү берүү күнүнөн эки айдын ичинде кошумча бажы төлөмүн төлөө шарты менен берилген бажы төлөмүн төлөөдөн бошоткон жана анын ченөлчөмүн азайтуу үчүн негиздер тиркелет (Мыйзамдын 20-статьясынын 3-бөлүгү).

Белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн документтер берилбесе өтүнмө кайра сурап алынган деп таанылат.

(2) Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө өтүнүүчү менен ага берилген жана анын  ыйгарым укугун тастыктаган ишенимкат же талаптагыдай түрдө таризделген ишенимкаттын көчүрмөсү тиркелет.

Кыргыз Республикасында таризделген Кыргызпатенттин астында өкүлчүлүккө ишенимкат жөнөкөй жазуу түрүндө жазылат жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинин сыртында таризделген ишенимкат ал жасалган өлкөнүн мыйзам чыгаруусу менен караштырылган мөөнөткө жана тартипте түзүлөт, анын ишенимдүүлүгүндө шек болгон учурда – Кыргызпатенттин талабы менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүндө же тең үзүр ынанымдын негизинде мыйзамдаштыруу керектиги жок болгон гана учурлардан башка Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.

Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жеке жактын же юридикалык жактын кызыкчылыктарын өкүлдүгүнө ишенимкат  ушул жактын өзү менен жана анын өтүнүүчү менен берилген ылайык ишенимкаты бар патенттик ишенимдүү өкүлү менен бериле алат.  Акыркы учурда эскертилген эки ишенимкат же талаптагыдай түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү берилет.

Ишенимкат төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

– ишенимкат аны берген жак менен кол коюлушу керек;

– ишенимкат патенттик ишенимдүү өкүл сапатында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;

– ишенимкатта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укугунун көлөмү көрсөтүлүшү керек;

– ишенимкатта анын жасалган күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал анык эмес.

Эгерде ишенимкат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына жазылса анда өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштер каалаганы менен жүргүзүлөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишенимкатта ал ыйгарым укукталган каалаган аракети өтүнүүчүнүн аракети деп саналат.

(3) Конвенциялык артыкчылыкты суроо менен өтүнмөгө (мындан ары конвенциялык өтүнмө) өтүнмөнүн Кыргызпатентке түшкөн күнүнөн төрт айдан кеч эмес берилген өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын мамлекет-катышуучусунда өтүнүүчү менен берилген биринчи өтүнмөнүн (мындан ары биринчи өтүнмө) көчүрмөсү  тиркелет. Эгерде биринчи өтүнмөлөрдөн бир нече болсо бул бардык өтүнмөлөрдүн көчүрмөсү тиркелет.

Биринчи өтүнмө түшкөн күндөн алты ай аяктагыча, бирок алты ай аяктагандан кийин эки айдан кеч эмес түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты суроодо өтүнмөгө бажы төлөмүн  төлөгөндүгү боюнча жана көрсөтүлгөн алты айлык мөөнөттө өтүнмөнү берүүгө тоскоол болгон шарттар өтүнүүчүдөн көз каранды эмес экендигин көрсөткөн жана алар Кыргызпатентке белгилүү экендигин  божомолдогон негиздер жок болсо мындай шарттар бар экендигин тастыктаган документ тиркелет.

Конвенциялык артыкчылыкты орнотуу суранычы өтүнмөнү берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын ылайыктуу графасында көрсөтүлөт) же Кыргызпатентке өтүнмөнүн түшкөн күнүнөн эки айдын ичинде бериле алат.

2.6. Документтерди көрсөтүү

2.6.1. Өтүнмөнүн тили

Мыйзамдын 17-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык патент берүү жөнүндө арыз кыргыз же орус тилинде көрсөтүлөт. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, өтүнүүчүнүн же патенттин ээсинин аталышы (аты) кыргыз жана орус тилдеринде берилиши керек.  Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, жана өтүнмөнү эксперттөөсүн жүргүзүү ишинде берилген документтер башка тилде берилсе аларга кыргыз же орус тилинде котормосу тиркелет.

Кыргыз же орус тилиндеги которулган өтүнмө Кыргызпатентке түшкөн күндөн үч айдан кеч эмес өтүнүүчү менен берилиши керек.

Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча көрсөтүлгөн материалдардын берүү мөөнөтүн узартуу же аны бузуу учурунда калыбына келтирүү кескин себептери жана тиешелүү бажы төлөмүн төлөгөндүгүн тастыктоодо мүмкүн (Мыйзамдын 17-статьясынын 3-бөлүгү).

2.6.2. Нускалардын саны

Арыз эки нускада берилет.

Баяндоо, жалпы түрдөгү чиймелер эки нускада көрсөтүлөт.

Буюмдун (макеттин) жалпы түрдөгү сүрөттөөсү алты нускада, башка сүрөттөөлөр – эки нускада берилет.

Калган документтер бир нускада берилет.

3. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну

3.1. Патент берүү жөнүндө арыз

(1) Патент берүү жөнүндө арыз ушул Эрежелердин тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.

Эгерде кандайдыр бир маалыматтарды тиешелүү графаларда жайгаштыруу мүмкүн болбосо аларды ошол эле формаларда  кошумча баракта арыздын тиешелүү: «кошумча баракта тиркемени кара» графасын көрсөтүү менен көрсөтүлөт.

(2) «Арыз» сөзүнүн астында жайгашкан арыздын графалары Кыргызпатентке түшкөндөн кийин реквизиттерди киргизүү үчүн арналган жана өтүнүүчү менен толтурулбайт.

(3) Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө суранычты камтыган графада «атына» деген сөздөн кийин патент суралуучу жак жөнүндө кыргыз же орус тилинде маалыматтар берилет: жеке жактын аты-жөнү (же атасынын аты, эгерде ал бар болсо), фамилиясы атынын астында көрсөтүлөт, юридикалык жактын расмий аталышы, жана алардын тиешелүү жашаган жери, турган орду, өлкөнүн расмий аталышы жана дареги кошо көрсөтүлөт.

Мындан кийин ушул эле графада 71 коду менен өтүнүүчү (өтүнүүчүлөр) боюнча окшош маалыматтар берилет.  Өнөр жай үлгүсүнүн авторлору болгон өтүнүүчүлөрдүн жашаган жери жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн графада берилбейт, 97 коддун астындагы графада баяндалат.

Патент суралган Кыргыз Республикасынын уюмдары жана мекемелери үчүн ОКПО коду көрсөтүлөт. Эгерде ОКПО коду коюлбаса тиешелүү жерде «коюлган эмес» деп көрсөтүлөт.

Патент атына суралган Кыргыз Республикасынын чегинин сыртында жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл  дүйнөлүк уюмунун  (ИМБДУ) ST.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду көрсөтүлөт (эгерде ал коюлса).

Эгерде патент атына суралуучу жактардан жана/же өтүнүүчүлөрдөн бир нече болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтар ар бири үчүн берилет.

Эгерде патент өтүнүүчүнүн (өтүнүүчүлөрдүн) атына суралган учур болсо, анда патент атына суралуучу жак (жактар) жөнүндө маалыматтардын ордуна «атына» деген сөздөн кийин «өтүнүүчү (өтүнүүчүлөр)» деген сөздөр көрсөтүлөт.

(4) Артыкчылыкты орнотуу жөнүндө суранычты камтыган графа Кыргызпатентке өтүнмө берилген күнүнө караганда эртерээк артыкчылык суралганда гана толтурулат.  Мындай учурда тийиштүү чакмакта «Х» белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн негиздер белгиленет жана төмөнкүлөр көрсөтүлөт: мурунку өтүнмөнүн номуру, анын же кошумча материалдардын негизинде артыкчылык суралат жана артыкчылык суроонун датасы (мурун өтүнмө же ал боюнча кошумча материалдар берилген күнү).

Эгерде мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде артыкчылык суралса, бардык өтүнмөлөрдүн номуру жана тийиштүү учурларда суралган артыкчылыктын бир нече күндөрү көрсөтүлөт. Конвенциялык артыкчылыкты  суроодо ИМБДУнун ST.3 стандарты боюнча биринчи өтүнмө берген өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

(5) Графада 54 коду менен өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн аталышы кыргыз жана орус тилинде жазылат, ал ойлоп табуунун баяндоосунда келтирилген аталышына дал келиши керек.

(6) Графада 98 коду менен кат жазышуу үчүн дарек, адресаттын аты же аталышы, алар тез почто аркылуу жеткирүүнүн жөнөкөй талаптарын канааттандырышы керек жана телефон, телекс, факстын номуру (эгер ал бар болсо)  берилет.

Кат жазышуу үчүн адресат сапатында Кыргыз Республикасында жашаган өтүнүүчүнүн (өтүнүүчүлөрдүн ичинен биринин)  – жеке жактын жашаган жеринин дареги же өтүнүүчүнүн – юридикалык жактын Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дареги көрсөтүлсө болот.

(7) Өтүнмө берилгенге чейин өтүнүүчү тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл дайындалган учурда гана толтурулуучу графада 74 кодунда ал тууралуу маалыматтар берилет: фамилиясы, аты, Кыргызпатенттеги катталган номуру, Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги, телефону, телекси, факстын номуру (эгер ал бар болсо).

(8) «Тиркелүүчү документтердин тизмеси» деген графа тийиштүү чакмакта «Х» белгисин жана тиркелүүчү документтердин ар бир нускасына нускалардын жана барактардын санын коюу аркылуу толтурулат. Арыздын формасында алардын түрү караштырылбаган тиркелүүчү документтер үчүн («башка документ») алардын так арналышы көрсөтүлөт.

(9) «Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктун пайда болушу үчүн негиз» деген графада «Х» белгисин коюу менен өтүнмө берүү жана патент алуу үчүн тийешелүү негизи (негиздери) белгиленет. Аталган графа качан өтүнүүчүлөрдүн курамы авторлордун курамы менен туура келген учурдан тышкары, өтүнүүчүнүн (өтүнүүчүлөрдүн) атына патент суралганда   толтурулат.

(10) 72, 97 коду астындагы графаларда өнөр жай үлгүлөрүнүн автору (авторлору) жөнүндө төмөнкүдөй маалымат берилет: фамилиясы, аты  (жана атасынын аты, эгерде ал бар болсо), өлкөнүн аталышы (ИМБДУ ST.3 стандарты боюнча коду) жана жашаган жеринин дареги.

(11) Эгер автор өтүнүүчүгө патент алууга укукту ыйгарып берсе, графанын оң жагындагы 97 кодго ээ болгон графада анын колу жана датасы жазылат.

(12) 72 жана 97 кодуна ээ болгон графанын астында түздөн-түз жайгашкан графа автор (авторлор) патент берүү жөнүндө маалыматты жарыялоодо мындай (мындайлар) сапатында аны (аларды) эскертпегенди сураган (сурашкан) учурларда гана толтурулат. Мындай учурда кереги жогу чийилет, жарыялоодо эскертпегенди каалаган авторлордун ар биринин фамилиясы, аты (жана атасынын аты, эгерде ал бар болсо) берилет, жана алардын колдору коюлат.

(13) Арыздын экинчи барагынын акыркысынын алдындагы графасы патентти алууга укугу автордун укук мураскору тарабынан берилген учурда  гана толтурулат. Анда мындай укук мураскору жөнүндө маалыматтар берилет: жеке жактын фамилиясы, аты, жашаган жеринин дареги же датасын коюу менен колу коюулуп бекитилген юридикалык жактын расмий аталышы жана турган ордунун дареги (автордун укук мураскору юридикалык жак болуп эсептелсе, жетекчинин колу коюлат).

(14) Арыздын акыркы «Колу» деген графаны кол коюу күнүн көрсөтүү менен толтуруу бардык учурларда милдеттүү. Арыз өтүнүүчү менен жана эгерде ал өтүнүүчү болбосо патент атына суралуучу жак менен кол коюлат.  Юридикалык жактын атынан анын кызмат ордун көрсөтүү менен арызга уюмдун жетекчиси менен колу коюлат. Колу мөөр менен бекитилет.

Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилгенде арызга патенттик ишенимдүү өкүлү менен колу коюлат.

(15) Жогорудагы (13) жана (14) подпункттарда көрсөтүлгөн арыздын графаларындагы колдор кол койгон жактын атынын жана атасынын атынын чечмелөөсү көрсөтүлөт.

(16) Кошумча баракта тигил же бул маалыматтарды көрсөтүүдө колдорду талап кылган учурда ага ушул эле тартипте кол коюлат.

Ар бир кошумча баракта өтүнүүчүнүн же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колунун бардыгы сөзсүз болушу керек.

3.2. Буюмдун, макеттин сүрөттөөсүнүн комплекти

3.2.1. Сүрөттөөнүн бекитилгендиги

Буюмдун сырткы түрүн көрсөтүүчү сүрөттөө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү жөнүндө сүрөттөлгөн маалыматты камтыган негизги документ болуп саналат.

Сүрөттөөлөр буюмдун сырткы түрү жөнүндө укуктук коргоонун көлөмүн аныктоочу анын маанилүү белгилеринин жыйындысын табууга мүмкүнчүлүк берген толук майда-чүйдөсүн көрсөтүүнү бериши керек.

Буюмдун сүрөттөөсү деп көбөйтүүчү техниканын жардамы менен алынган фотосүрөттөр, сүрөттөр жана алардын көчүрмөсү, ошондой эле компьютердик графиканы пайдалануу менен аткарылган сүрөттөөлөр түшүндүрүлөт.

3.2.2. Сүрөттөөгө талаптар

(1) Өтүнмө, эреже катары, буюмдун сырткы түрүнүн 3/4  ракурсунда астында, оң жагындагы, сол жагындагы, артынкы түрүндө, а кереги болсо  үстүн, астын ак-кара сүрөттөөсүн камтышы керек.

Планда жалпак өнөр жай үлгүсү үчүн түр көрсөтүлөт.

Текстиль буюмдарынын жалпак өнөр жай үлгүсү сүрөттөлүштө кайталануучу раппорт менен чагылдырылышы керек.

Буюмдардын комплекти (топтому) сүрөттөлүштө жалпы көрүнүшү толук көрсөтүлүшү керек, б.а. комплектке (топтомго) кирүүчү бардык буюмдар менен. Андан сырткары, комплектке (топтомго) кирген ар бир буюм өз алдынча сүрөттөлүштөрдө кошумча көрсөтүлөт. Өзгөчө учурларда, буюмдун комплекти (топтому) бир сүрөттөлүштө жалпы көрүнүшү толук курамы менен көрсөтүлбөй калса, өз алдынча сүрөттөлүштө комплектин (топтомдун) фрагменттери көрсөтүлүшүнө жол берилет.

Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир варианты сүрөттөлүштөрдүн өз алдынча комплекти менен көрсөтүлүшү керек.

Жабылуучу, бүктөлүүчү, трансформациялоонуучу ж.у.с. сүрөттөлүштө бул буюмдар ачык көрүнүшүндө (маселен, муздаткычтар, телефон будкалары) же кураштырылган көрүнүшүндө (маселен, ашкана комбайндары, чаң соргучтар) көрсөтүлүшү керек.

(2) Түстүү графикалык (көркөм-колорирлөө) чечим өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин бири болуп саналган учурларда, буюмдун жалпы көрүнүшү, түстүү чечимдин слайды же чиймеси бир түстүү сүрөттөлүшкө тиркелиши керек.

(3) Сүрөттөлүш ачык жана даана болушу керек.

Эгерде буюм фото сүрөттө көрсөтүлсө, ал бир кылка жарыктандырууда, эреже боюнча нейтралдуу фонддо бөлөк буюмдарсыз тартылышы керек. Өнөр жай үлгүсүнүн айрым майда-бараттары фото сүрөттө жарыктандырууда гана эмес, көлөкө тарапта дагы жакшы көрүнүшү керек.

3.2.3. Өлчөм.

3.2.3. Сүрөттөлүш 18х24 өлчөмүндө көрсөтүлөт.

Тышөлчөмү боюнча чоң эмес буюмдун же макет үчүн, маселен, колго тагылуучу (чөнтөк) сааттар, кичикалькуляторлор, чөнтөк зажигалкалар ж.у.с. сүрөттөлүш 13×18 же 9×12 см өлчөмүндө көрсөтүлүшү керек.

3.2.4. Номер коюу

3.2.4. Сүрөттөлүшкө төмөндөгүдөй тартипте номер коюлат: жалпы көрүнүш, башка көрүнүштөр, түстүү сүрөттөлүш, жакын окшоштуктун сүрөттөлүшү (эгерде ал өтүнүүчү тарабынан көрсөтүлсө).

Бир көрүнүштөгү сүрөттөлүшкө бир номер коюлат.

3.2.5. Жазуулар

3.2.5. Сүрөттөлүштүн арткы бетине ырааттуу түрдө өйдөдөн төмөн карай сүрөттөлүштүн номери, өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, ошондой эле “жалпы көрүнүш”, “капталынан көрүнүш”, “алдынан көрүнүш”, “артынан көрүнүш”, “үстүнөн көрүнүш” ж.у.с. түшүндүрүүсү көрсөтүлөт.

Жакын окшоштук (аны өтүнүүчү көрсөткөн учурларда) катары тандалган буюмдун сүрөттөлүшүнүн арткы бетине сүрөттөлүштүн номери жана буюмдун аталыштарынан сырткары “жакын окшоштук” түшүнүгүн берүү зарыл.

3.3. Өнөр жай үлгүсүн сыпаттоо

3.3. 1. Сыпаттоонун арналыштары

3.3.1. Өнөр жай үлгүсүн сыпаттоо сүрөттөлүштө чагылдырылган буюмдун сырткы көрүнүшүн ачуу жазуу түрүндө болушу керек.

3.3.2. Сыпаттоонун түзүмү

Сыпаттоо өнөр жай үлгүсүнүн аталышы менен башталат, өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсүнө кирген МКПОнун иштеп жаткан редакциясынын рубрикасынын индекси белгиленген учурларда, – бул рубриканын индекси төмөндөгүдөй бөлүктөрдү камтыйт:

– өнөр жай үлгүсүнүн арналыштары жана колдонуу тармагы;

– өнөр жай үлгүсүнүн окшоштуктары;

– сүрөттөлүштөрдүн жана башка иллюстрацияланган өнөр жай үлгүсүнүн көрсөтүлгөн материалдарынын (чийме, эргономикалык чийме, конфекциялык карта – аларды көрсөтүү учурларында) тизмеси;

– өнөр жай үлгүсүнүн мааниси;

– өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайта өндүрүү мүмкүнчүлүгү;

– өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси.

– 3.3.3. Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы

3.3.3. Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын арналыштарын мүнөздөшү жана МКПОго, айрым учурларда – жалпы кабыл алынган тармактык терминологияга туура келиши керек.

Көп белгилүү эмес жана жаңы арналыштагы өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын колдонуу тармагына көрсөтүүнү камтышы керек.

Өтүнүүчүнүн суранычы боюнча аталышка автордун аты, ошондой эле өтүнүүчү сунуштаган атайын аталыш киргизилиши мүмкүн.

Аталышка жарнамалык маалыматтарды, товардык белгинин жазуусу менен дал келген же көпчүлүк буюмдардын кыскартылган белгилери катары кабыл алынган тамгалардын же сөздөрдүн айкалыштарын, ошондой эле жергиликтүү же жаргондук терминдерди киргизүүгө болбойт.

Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, ал жекелик санда пайдаланылбаган же жуп буюмдардын аталыштары жөнүндө сөз болгон учурлардан сырткары, жекелик санда баяндалышы керек.

Өнөр жай үлгүлөрүнүн топторунун аталыштары, варианттарына карата өнөр жай үлгүсүнүн тобунун биринин аталышын, кошумчаланганы кашаада “варианттар” деген сөз аркылуу көрсөтүлүшүн камтыйт. Маселен, “Кресло (3-варианты)”.

3.3.4. Сыпаттоо бөлүгүнүн мазмуну

3.3.4.1. Өнөр жай үлгүсүнүн арналыштары жана колдонуу тармагы

3.3.4.1. Бул бөлүктө сыпаттоого өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсүнүн арналыштары жана колдонуу тармагы жөнүндө маалыматтары келтирет, ошондой эле аны пайдалануусунун айрыкча тармагы көрсөтүлөт. Бөлүк: “Өнөр жай үлгүсү …өтүнүлөт” же “Сырткы көрүнүштүн көркөм-конструктордун чечими …өтүнүлөт” деген сөздөр менен башталышы керек.

3.3.4.2. Өнөр жай үлгүсүнүн окшоштуктары

Бул бөлүктө сыпаттоого табылган окшоштуктун мүнөздөмөсү келтирилет жана алардын кайсынысы өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсүнө абдан жакын болуп саналары көрсөтүлөт (жакын окшоштук болуп).

Өнөр жай үлгүсүнүн окшоштуктары – бул өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсү маанилүү белгилери боюнча аны менен бирдей, ошол эле арналыштагы буюмдун сырткы көрүнүшүнө карата көркөм-конструктордук чечимдер, анын артыкчылык датасына чейин жалпы элге түшүнүктүү болгон маалыматтардын ичинен белгилүүсү.

Бул бөлүктө окшоштукту мүнөздөөдө, алар тийиштүү болгон, көркөм конструкциялоо тармагын өнүктүрүү тенденциясы чагылдырылат. Окшоштуктарды мүнөздөөдө мында продукцияга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка тараптардын өтүнмөлөрүнө жана патенттерине карата барк албаган сүйлөөлөргө жол бербестен, белгилүү көркөм-конструктордук чечимдердин жетишпестиктерин көрсөтүү керек.

Бул бөлүктө келтирилген окшоштуктар камтыган маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары дагы көрсөтүлөт.

Жакын окшоштук – маанилүү белгилеринин жыйындысы боюнча өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсү менен өтө бирдей окшоштук.

Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары бар болсо, эгерде окшоштуктардын ичинен бири бардык варианттар үчүн бир эле убакта өтө жакын болуп саналбаса, алардын ичинен ар бири үчүн өтө жакын окшоштукту көрсөтүүгө болот.

Буюмдардын топтомдо (комплектте) ишке ашырылган өнөр жай үлгүсү үчүн баарыдан мурда бардык топтомго (комплектке) тиешелүү жакын окшоштук табылат. Эгерде бирдиктүү жакын окшоштук табылбаган учурда, топтомду (комплектти) (чогултулган жакын окшоштукту) түзүүчү буюмдардын ичинен бири менен окшош буюмдардын ар бирин бир нече көркөм-конструктордун чечимдердин жакын окшоштуктары катары келтирүүгө жол берилет.

3.3.4.3. Өнөр жай үлгүсүнүн жана башкалардын сүрөттөлүшүнүн тизмеси

иллюстрацияланган өнөр жайдын көрсөтүлгөн материалдарынан үлгү

Бөлүктө сүрөттөлүштөр, ошондой эле чиймелер, схемалар, конфекциялык карталар, слайддар, эгерде алар көрсөтүлсө, аларга номер коюуга ылайык саналат жана алардын ар биринде эмне сүрөттөлгөнүн кыскача көрсөтүү келтирилет.

3.3.4.4. Өнөр жай үлгүсүнүн мааниси

3.3.4.4.1. Өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачып берүүчү маалыматтар

(1) Өнөр жай үлгүсүнүн мааниси өтүнүүчү тарабынан көрсөтүлгөн анын эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрү менен буюмдун сырткы көрүнүшүн аныктаган, сүрөттөлүштө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысын мүнөздөйт.

Белги, эгерде ал ушундай өзгөчөлүктөргө ээ буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүгө таасир этсе, маанилүүгө тийиштүү болот.

Өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачуу үчүн сүрөттөлүштөрдө, аларга шилтемелер менен көрсөтүлгөн (ошондой эле буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесинде, эргономикалык схемада, конфекциялык картада, эгерде алар бар болсо) анын маанилүү белгилеринин жыйындысын жазуу жүзүндө сыпаттоо келтирилет.

Мында абдан жакын окшоштуктан айырмалануучу болуп саналган өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери бөлүнөт.

Бул бөлүктө сыпаттама өтүнүлгөн өнөр жай үлгүсү ишке ашырылган буюмдардын эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн дагы белгилейт жана эгерде бул анык эмес болсо, көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөргө ээ болгон буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүдө маанилүүлүккө алып келүүчү белгилердин таасирин түшүндүрөт.

Аны башкалардын катарынан бөлүүчү буюмдун эстетикалык өзгөчөлүгү конфигурация, оймо-чийме, түстөрдүн айкалышы жана алардын комбинациясы түрүндө көрсөтүлүшү керек.

Эстетикалык (эргономикалык) өзгөчөлүктөр, маселен, төмөндөгүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:

– элементтердин композициясынын кабыл алуу ырааттуулугуна жардам берүүчү бардык белгилерди негизгинин айланасына бириктирүүнүн натыйжасында бөлүктөрдүн кошумча баш ийүүчүлүгү камсыз кылынган (чоң өлчөмгө ээ объект үчүн);

– механизмдерди жөнгө салуу зонасына толук жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган (автомобилде белгиленген энергоагрегат үчүн);

– машинанын күчүн жана кубаттуулугун билдирген образ түзүлгөн (экскаватор үчүн);

– көрүү образы машинанын өндүрүштүк эмес, тиричилик мүнөзүн чагылдырат (багбанчылык-огороддук кичи-трактор үчүн).

Ушул эле бөлүктө сыпаттамада анын сырткы көрүнүшүнүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен шартталган буюмдун жакшы жактары көрсөтүлүшү керек.

(2) Эргономикалык өзгөчөлүктөрдү далилдөө үчүн приборлордун, станоктордун жана башка ушундай көлөмдүү өнөр жай үлгүсүнүн сырткы көрүнүшүн сыпаттоодо өнөр жай үлгүсү катары өтүнүлгөн буюмдун өтө маанилүү композициялык жана функционалдык элементтер, түйүндөр жана тетиктер менен өз ара иштешин жана/же колдонулушун мүнөздөө керек.

Маселен, эгерде өтүнүүчү эргономикалык өзгөчөлүк катары отургучту (оператордун жумуш орду үчүн) жөнгө салуунун эсебинен башкаруу органдарынын толук жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну көрсөтсө, анда отургучту жөнгө салуу диапазону жана жетүү мүмкүндүгү белгиленген эргономикалык схемага шилтеме келтирилиши керек.

Эгерде эргономикалык өзгөчөлүк эки же андан көп буюмдун ишин бир буюмга бириктирүүгө мүмкүндүк берүүчү, буюмдун трансформация кылуусунан түзүлсө, анда мүмкүн болгон трансформация жалпы көрүнүштүн кошумча сүрөттөлүшүнөн көрсөтүлүшү керек. Сыпаттамада буюмду трансформация кылуу кантип жүзөгө ашырыларын, мында конструктивдик өзгөчөлүктөрүн, кошумча элементтерин ж.у.с. мүнөздөө менен көрсөтүү керек.

“Тележка-сумка” трансформация кылынган өнөр жай үлгүсүнүн мисалы болуп саналат.

(3) Комплектти (топтомду) сыпаттоодо анын курамына кирген бардык жалпы арналышты ишке ашыруучу милдеттерди аткаруучу буюмдар көрсөтүлөт. Буюмдун комплектинин (топтомунун) бардык элементтеринин көркөм-конструктордук чечими бирдиктүү түрдө, мисалы, жаңы түргө өтүүнүн пластикалык жана/же стилистикалык принциптерин пайдалануу менен аткарылышы керек.

(4) Өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачууда аны ишке ашыруунун ар түрдүү формасын мүнөздөөчү альтернативдик түшүнүк түрүндөгү белгинин түрүнө жол берилбейт. Эгерде белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формалары башка белгилердин жыйындысында ошол эле эстетикалык жана/энергономикалык өзгөчөлүктөрү менен буюмдун сырткы түрүн аныктаса, анда өнөр жай үлгүсүнүн варианттары, таандык белгилерден көрсөтүлгөн ишке ашыруу формалардан мүнөздөөчү бирөө менен гана сыпатталат.

(5) Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары бар болсо, бардык варианттар үчүн өтө жакын болуп ошол эле окшоштук саналган жана варианттар бул окшоштуктан айырмалоочу белгилер менен гана айырмаланган учурларда, варианттардын ичинен бирөөсүнүн маанилүү белгилеринин жыйындысы толугу менен сыпатталат, калгандарынын ар биринин маанисин ачуу толук сыпатталган вариантынан алардын айырмачылыктарын сыпаттоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Башка учурларда өнөр жай үлгүсүнүн өтүнүлгөн ар бир вариантынын мааниси ушул пункттун (1)-(3) пунктчаларында баяндалгандарга ылайык толугу менен ачылат.

3.3.4.4.2. Мүнөздөмө үчүн колдонулуучу белгилер

Көркөм-конструктивдик чечимдер

(1) Татаал композицияга ээ негизинде өнүккөн көлөмдүк-мейкиндик түзүм жаткан (маселен, станок, айыл чарба машинасы, мотоцикл ж.у.с.) буюмдун көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөөсүндө, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:

– болгон композициялык элементтер;

– элементтердин өз ара жайгашышы;

– композициялык элементтердин формасы.

(2) Бир блоктук композициялар (маселен, телевизор, радиоприемник, щиттик прибор, кутуча) менен буюмдардын көркөм-конструктордук чечиминин, ошондой эле элементардык геометриялык көлөмдөрдүн дал келишинен тургузулган чечиминин (маселен, эмерек секциялык блок) мүнөздөөсүндө, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:

– композициялык элементтердин курамы жана бөлүштүрүлүшү;

– эреже катары, буюмдун фронталдык бетинде жайгашкан бул элементтердин пластикалык, графикалык, түстүү жана фактуралык чечимдери.

(3) жалпак композицияга ээ (маселен, кездеме, косынка, жоолук) көркөм-конструктордук чечимдердин мүнөздөөсүндө, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:

– оймо-чийме элементтеринин сызыктуу-графикалык дал келиши;

– колористтик чечим;

– фактуранын мүнөзү (кездеменин жиптеринин согулушу).

– (4) Кийимдин көркөм-конструктордук чечиминин мүнөздөөсүндө, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:

– моделдин көлөмдүү мүнөздөмөсү болуп саналган форма;

– бөлүктөрдүн өз ара дал келишин аныктоочу пропорциялар;

– моделдин жалпак мүнөздөөсү болуп саналган силуэт;

– кандайдыр элементтердин шайкеш алмашуусун аныктоочу ритм;

– майда-бараттар, б.а. кийимдин кайсы жерине болбосун бетине коюлуучу элементтер, алардын формасы;

жасалгалар, б.а. буюмдун утилитардык колдонуу көз карашынан функционалдык мааниге ээ эмес, моделди чечүүдө кооздогуч рол ойногон, колдонуу бир эле мезгилде технологиялык ык (маселен, кийимдин четтерин иштеп чыгуу, тигиштин кошулуучу майда-бараттарын бекитүү ж.у.с.) менен болуп саналган элемент;

– анын айрым бөлүктөрүн бириктирүү жана ажыратуу үчүн буюмдун түзүмүнө кирүүчү, ошондой эле элементтин кооздогуч ролун аткарган фурнитура (топчулар, илмектер ж.у.с.);

– кездеме.

(5) Бут кийимдин көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:

– калыптын форма түзүүчү элементтери, б.а. бут кийимдин тышы жана ичи (бут кийимдин башы, ортосу, апкыты, кончу, таманы);

– бул элементтердин формасы;

– алардын өз ара жайгашышы;

– материал;

– жасалга майда-бараттары;

– фурнитура;

– түс.

(6) тиешелүү буюмдардын көркөм-конструктордук чечим колдонгон белгилеринен сырткары комплекттердин (топтомдордун) көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөөсүндө, ошону менен бирге чагылдыруучу белгилер колдонулат:

– бөлүктөрдүн өз ара аракеттешүү мүнөзү;

– элементтердин кошумча баш ийүүчүлүгү;

– баштапкы элементтердин өзү сыяктуу жана бул элементтерди колдонуунун негизинде түзүлгөн ошол буюмдар, ошондой эле бардык комплект (топтом) бүт бойдон пропорционалдуу түзүлүш;

(7) Буюмдун көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөөсүндө сырткы көрүнүш эки абал менен аныкталат: жабык (чогултулган) жана ачык (маселен, шкафтар, муздаткычтар, приборлор жабык корпуста, телефон будкалары ж.у.с.), сырткы көрүнүшү сыяктуу буюмдун ички көлөмүн дагы иштеп чыгуу элементтери белгилер болушу мүмкүн.

(8) көркөм-конструктордук чечимди мүнөздөөдө белги буюмдун сырткы көрүнүшүнө же анын элементинин башка арналыштагы белгилүү буюмдун сырткы көрүнүшү менен дал келишине көрсөтүү жолу менен дагы көрсөтүлүшү мүмкүн.

3.3.4.5. Өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайталап өндүрүү мүмкүнчүлүгү

Сыпаттаманын бул бөлүгүндө өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайталап өндүрүү мүмкүнчүлүгүн далилдөө үчүн технология жана буюмду даярдоо мүмкүнчүлүгү (корпустук майда-бараттарды даярдоо үчүн колдонулуучу негизги материалдар, бул майда-бараттарды даярдоо технологиясы, технологиялык жабдууларда колдонулуучу кооздогуч жасалгалоонун түрлөрү жана башка өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайталап өндүрүүнү далилдеген керектүү маалыматтар) жөнүндө маалыматтар келтирилиши керек.

3.3.4.6. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси

(1) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси сүрөттөлүштө көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсүнө патент менен берилген укуктук коргоонун суралган көлөмүн аныктоочу маанилүү белгилердин жыйындысын шайкеш түшүнүү үчүн багышталган (Мыйзамдын 3-статьясынын 4-бөлүгү).

Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине буюмдун сырткы көрүнүшүнүн эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу белгилер кирет, анын формасы жана конфигурациясы, оймо-чиймелери жана түстөрдүн дал келиши (Мыйзамдын 7-статясынын 6-бөлүгү)

(2) Тизмеге, маанилүү деп эсептелген, эреже катары, өнөр жай үлгүсүнүн маанилерин ачуудагыдан бир топ кыска формулировкаланган бардык белгилер киргизилет.

(3) Тизмеге киргизилген белгилер, өнөр жай үлгүсүнүн маанисин, аны ачууда пайдаланылган түшүнүктөр менен билдирүүсү керек.

(4) Тизмеге киргизилген белгилер, буюмдун сырткы көрүнүшү статикалык абалда акыркы катары мүнөздөө менен баяндалат.

Буюмдун сырткы көрүнүшүн мүнөздөөдө анын трансформацияланышы, абалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен форманын элементтерин аткаруу ж.у.с. көрсөтмөлөргө жол берилет.

(5) Тизмедеги өнөр жай үлгүсүнүн белгилери, буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнүн элементтери менен аларды бирдейлештирүү үчүн алар мүнөздөлгөн түшүнүктөрдүн маанилик мазмунун адистердин бир маанилик түшүнүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен билдирилет.

(6) Тизмедеги белгилердин мүнөздөөсү буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнө жиберүү менен, мындай жиберүүсүз белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурлардан сырткары, ушул пункттун (5) пунктчасынын талаптарын бузбай, алмаштырылбашы керек.

(7) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, эреже боюнча, өтө жакын окшоштуктун белгилери менен дал келүүчү, анын ичинде тектик түшүнүк, чагылдыруучу арналыш жана өнөр жай үлгүлөрү өтө жакын окшоштуктан айырмаланган маанилүү белгилерди камтыган айырмалоочу бөлүк, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерин камтыган чек коюучу бөлүктөн турат.

Тизменин чек коюучу бөлүгүн баяндагандан кийин “айырмалануучу” деген сөз киргизилет, а айырмалоочу бөлүк “бар болгон” (“аткаруу менен” ж.у.с.) деген сөз менен башталат, андан кийин айырмалоочу маанилүү белгилер баяндалат.

Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, эгерде ал окшоштуктары жок өнөр жай үлгүсүн мүнөздөсө, чек коюучу жана айырмалоочу бөлүккө бөлүүсүз түзүлөт.

(8) Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары бар болсо маанилүү белгилердин тизмеси бардык маанилүү белгилердин варианттары үчүн (өтө жакын окшоштук сыяктуу, айырмалоочу менен да дал келүү) жалпы мазмундагы бөлүк түрүндө жазылат, анын ичинде өнөр жай үлгүсүнүн арналышын чагылдыруучу, тектик түшүнүк, “Вариант 1 (2 жана у.с.) бар болуу менен мүнөздөлөт (аткаруу менен ж.у.с.)” сөзүнөн кийин конкреттүү көрсөтүлгөн вариантка таандык маанилүү белгилер келтирилет.

3.4. Чиймелер, схемалар

(1) Жалпы көрүнүштүн чиймеси, ал өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачуу жана пропорционалдуу өз ара катышта анын тышөлчөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон учурларда көрсөтүлөт.

(2) Энергомикалык иштеп чыгуу караштырылган буюмга тиешелүү өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген учурда, бул буюмдун энергомикалык схемасы көрсөтүлөт.

(3) Чиймелер жана схемалар сыпаттама тексттери менен катуу багыныштуу болушу керек.

(4) Чиймеде же схемада буюмдун тышөлчөм көлөмү жана анын, буюмдун (бийиктиги, туурасы, башкаруу органдарын жана маалыматты чагылдыруу каражаттарын жайгаштыруу тереңдиги, жумушчу бети, жакын жайгашкан форманын элементтеринин ортосундагы аралык ж.б.) элементтеринин предметтик-мейкиндик уюштуруусун мүнөздөгөн, негизги элементтердин жайгашышы жөнүндө жана буюмду пайдалануунун шарттары жөнүндө адам ишмердигинин функционалдык зонасында баа берүүгө мүмкүндүк берген элементтери көрсөтүлүшү керек.

(5) Чиймелерде же схемаларда негизги форма түзүүчү элементтер сыпаттамадагыдай эле араб цифралары менен белгиленет. Чиймедеги (схемадагы) бир нече фигураларга ошол эле тетиктер же түйүн бир эле цифра менен белгиленет. Сыпаттамада эскертилбеген шилтеме кылынган белгилер чиймелерге (схемаларга) коюлбайт жана тескерисинче.

(6) Чиймелерде (схемаларда) келтирилген сызыктар так болушу керек. Цифралык жана тамга белгилерин кашаанын ичинде, тегеректин ичинде же тырмакчада көрсөтүүгө жол берилбейт. Цифранын жана тамганын бийиктиги 3,2 мм.ден кичине болбошу керек.

(7) Чиймелер (схемалар) “ачык”, “жабык” сыяктуу керектүү сөздөрдөн сырткары кандайдыр жазууну камтыбашы керек.

(8) Чиймедеги сүрөттөлүш, эреже боюнча, тик бурчтуу (ортогоналдык) проекцияда (ар кандай түрдө, кесиндиде жана кыркууда) болушу керек. Көрсөтмөлүүлүк үчүн аны аксонометриялык проекцияда көрсөтүүгө жол берилет. Чиймеде ар бир элемент башка бардык элементтерге, элементтин так сүрөттөлүшү үчүн пропорциялар керектүү болгон учурдан сырткары пропорционалдуу аткарылат.

(9) Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгашса, мында алар бири-биринен так чектелиши керек. Эгерде эки же андан көп барактарда жайгашкан фигуралар, бир фигураны түзсө, алар ар түрдүү барактарда сүрөттөлгөн бөлүктөрүнүн ичинен кайсы-бири калтырылбастан, бул толук фигураны компановкалоого мүмкүн болгондой жайгаштырылат.

Өз алдынча фигура барактар максималдуу жык толгон, а чийме барактын узун тарабынан тикесинен жайгашышынан окулууга мүмкүн болгон баракта же барактарда жайгаштырылат.

(10) Ар бир чиймеге (схемага) фигура сыяктуу, мисалы, 1-фиг., 2-фиг. ж.у.с. сыпаттаманын текстинде баяндалган кезегине ылайык, сүрөттөлүштүн түрүнө көзкарандысыз, номер коюлат.

3.5. Конфекциялык карта

Жеңил өнөр жайынын буюмдарына тиешелүү өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берүүдө, өтүнмөгө конфекциялык картанын зарылдыгында, буюмду жасап чыгаруу үчүн сунушталуучу б.а. текстиль, токума кездемелердин үлгүлөрү, терилер, фурнитуралар, жасалгалар ж.у.с. тиркелет.

Килемдердин, кездемелердин кооздогуч материалдарынын үлгүлөрү сүрөттүн раппортунун өлчөмүндө көрсөтүлөт.

4. Жарабаган элементтер

Өтүнмө моралга жана коомдук тартипке каршы болгон сүрөттөлүштөрдү, билдирмелерди, чиймелерди жана башка материалдарды; продукцияга жана технологиялык процесске карата туура эмес сөздөрдү, ошондой эле башка тараптын өтүнмөсүн же корголгон документин; өнөр жай үлгүсүнө көз көрүнөө тиешесиз айтууларды жана маалыматтарды камтыбашы керек. “Өнөр жай үлгүсүнүн окшоштуктары” сыпаттама бөлүгүндө келтирилген белгилүү өнөр жай үлгүсү жетишпестиктерин жөнөкөй көрсөтүү, жарабаган элементтер болуп саналбайт.

5. Терминология жана белгилөө

Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында жана анын материалдарын түшүндүрүүдө стандартка салынган, а алар жок болгондо – илимий жана техникалык адабияттарда жалпы кабыл алынган терминдер жана кыскартуулар колдонулат.

Адабиятта кеңири колдонулбаган терминдерди жана белгилөөлөрдү колдонууда, алардын маанилери текстте биринчи колдонууда түшүндүрүлөт.

Бардык шарттуу белгилөөлөр чечмеленет.

Сыпаттамада терминологиянын бирдиктүүлүгү сакталат, б.а. ошол эле белгилердин баары сыпаттаманын текстинде бирдей аталат. Терминологиянын бирдиктүү талаптары физикалык бирдиктердин өлчөмдүүлүгүнө жана шарттуу белгилөөлөрдү колдонууларга да тиешелүү.

Физикалык чоңдуктар иштеп жаткан Бирдиктердин эл аралык системасындагы бирдиктерде билдирилет.

6. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө

6.1. Репродукциялоо үчүн жарактуулук

Документтердин бардык түрлөрү, аларды тикеден-тике репродукциялоодо чексиз санда көчүрүүгө мүмкүн болгондой таризделет.

Сап барактын аз тарабына паралелл жайгашуусу менен, ар бир барак бир тараптуу гана колдонулат.

Барактар бырышпаган же жыртылбаган болушу керек жана бүктөлүшү керек эмес.

6.2. Колдонулган материал

Өтүнмөнүн документи бышык, актай, тегиз, жалтыраган кагазга жасалат.

Сурөттөр жалтырабаган фотокагазда көрсөтүлөт.

6.3. Өз алдынча барактар, барактардын өлчөмү

Өтүнмөнүн ар бир документи өз алдынча баракта башталат. Барактар 210х297 мм форматта болот, талаалары төмөндөгүдөй (мм):

үстү – 20-40;

оң жагы жана асты – 20-30;

сол жагы – 25-40.

6.4. Барактарга номер коюу

Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана кийинки барактарына араб цифрасы менен, оң жактагы үстүнкү бурчта жайгаштырылган номер коюлат.

Тексттин жазылышы

Документ кара түстөгү тамга менен басылат. Сыпаттаманын тексти баш тамгасынын 2,1ден кем эмес бийиктик менен эки интервал менен басылат.

Графикалык символдор латынча жазылыштар, латын жана грек тамгалары кара түстөгү сыя, паста, же тушь менен жазылышы керек.

6.6. Библиографиялык маалыматтар

Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары анда маалымат булактары табылгыдай болуп көрсөтүлүшү керек.

II бӨлүм

ПАТЕНТ АЛУУ БОЮНЧА КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ

7.Өкүлдү дайындоо

7. Өтүнмөнү карап чыгууда анын берилген жана өзүнүн кызыкчылыктарын коргоодон кийин өтүнмө боюнча көчүрүп жазууну жүргүзүү үчүн өтүнүүчү өкүлүн, ага ушул Эреженин 2.5 пунктунун (2) пунктчасына ылайык таризделген, ишенимкат берүү менен дайындайт.

Өтүнүүчүнүн өкүлү – Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жеке жак, же чет өлкөлүк юридикалык жак Кыргызпатентте катталган патенттик ишеним өкүл гана болушу керек. Өкүл катары башка өтүнүүчүлөр үчүн, эгер алар бир нече, өнөр жай үлгүлөрүнүн автору, патенттик ишеним өкүл же башка жак болсо, анда, өтүнүүчүнүн ичинен бири көрсөтүлүшү мүмкүн.

Өкүлчүлүккө ишенимкат өтүнмөнү берүүдө сыяктуу иш кагаздарын жүргүзүү процессинде берилиши мүмкүн.

Ишенимкат өтүнмөгө катыштырылат.

Өкүлдөр тарабынан ишенимкат көрсөтүлгөнгө чейин анын аракети жараксыз деп эсептелет жана көңүлгө алынбайт.

Өкүлдүн, анын ишенимкатка же Кыргызпатенттин кайсы болбосун аракетине ыйгарым укук алган кайсы болбосун аракети ага карата ошол эле өтүнүүчүгө карата же өтүнүүчүнүн аракетинин натыйжаларына ээ болот.

Өкүлчүлүк ишенимкатта көрсөтүлгөн ыйгарым укугунун жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин же Кыргызпатент ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө билдиргенге жарактуу.

Өкүлчүлүктү дайындоо өтүнүүчү же анын укук мураскору тарабынан Кыргызпатентке жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен токтотулушу мүмкүн.

8. Кыргызпатент менен жазышууларды жүргүзүү

(1) Жазышуулар өтүнүүчү же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү тарабынан ар бир өтүнмөгө өз алдынча жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилгенден кийин жөнөтүлгөн материалдар анын номерин жана өтүнүүчүнүн же анын өкүлүнүн колтамгасын камтышы керек.

Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар, эгерде номерди кыйыр түрүндө белгилөө туура келбесе, карап чыгылбастан кайтарылып берилет.

(2) Өтүнмө боюнча өндүрүш процессинде жөнөтүлгөн материалдар Мыйзамда белгиленген мөөнөттө көрсөтүлөт. Эгерде мөөнөттө (жүрүшүндө …) деген сөз айкашы билдирилсе жана мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, мөөнөттүн аяктаган күнү андан кийинки жумушчу күнү болуп эсептелет. Эгерде мөөнөттүн аягы андай сан жок айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнү менен түгөнөт.

(3) Эгерде өтүнмө боюнча жазышууну өтүнүүчүнүн өкүлү жүзөгө ашырса, Кыргызпатенттин кабарлары менен байланышкан материалдарды көрсөтүү мөөнөтү бул кабарларды өкүл алган дата менен эсептен чыгарылат.

(4) Кыргызпатентте өндүрүш кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Өтүнүүчү тарабынан башка тилде көрсөтүлгөн материалдарга алардын кыргыз жана/же орус тилиндеги котормосу тиркелиши керек. Мында материалдарды көрсөтүүнүн белгиленген мөөнөтү өтүнүүчү тарабынан аткарылуусун аныктоо максаттары үчүн башка тилде көрсөтүлгөн материалдар Кыргызпатентке аларды берүү датасында көрсөтүлгөн деп эсептелет, эгерде алардын котормосу материалдардын башка тилде түшүү датасынан үч айдын ичинде түшсө, андай болбосо, материалдар алардын котормосу түшкөн датадан көрсөтүлгөн деп эсептелет.

Башка тилде көрсөтүлгөн материалдардын котормосу көрсөтүлгөнгө чейин түшпөгөн деп эсептелет.

9. Өтүнмөнүн документтерине оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү

Өтүнмөнүн материалдарына оңдоо жана тактоо өтүнүүчү тарабынан анын демилгеси боюнча  өтүнмө берилген датадан эки айдын ичинде мүмкүн.

Өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоо жана/же тактоо киргизүү алдын ала эксперттөө жана/же мааниси боюнча эксперттөө жүргүзүү стадиясында, бирок документти оңдоо жана/же тактоо тастыкталган алым төлөө менен бирге көрсөтүлүү шартында мүмкүн, алар көрсөтүлбөсө, өтүнмөнү карап чыгууда өзгөртүүлөр көңүлгө алынбайт.

Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштырылган барактарды жана сүрөттөлүштөрдү көрсөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Алмаштырылган барактар жана сүрөттөлүштөр өтүнмөнүн тиешелүү документинин ар бир нускасы үчүн көрсөтүлөт. Алмаштырылган барактар кыргыз жана/же орус тилдеринде же документти кыргыз жана/же орус тилдериндеги котормосу менен көрсөтүлөт жана ушул Эреженин 4-5-пункттарынын талаптарын канааттандырышы керек.

Эгерде оңдоолор басмадан кеткен каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү каталарга ж.у.с. тиешелүү болсо, репродукциялоодо тактыкка карата документти оңдоо тескери натыйжаларга алып келбейт, оңдоону киргизүүнүн зарылчылыгы алмаштыруучу барактарды көрсөтүүсүз өтүнүүчүнүн катында билдирилиши керек.

10. Патент алууга укукту ыйгарып берүү

Эгерде өтүнмөнү берүүдөн кийин өтүнүүчү өзүнүн патент алууга укугун башка жакка ыйгарып берсе  Кыргызпатентке башка жакка укугун ыйгарып берүү, арызда көрсөтүлгөн жактын макулдугу, жана ушул Эрежелердин 3.1 пунктунун (3) подпунктунда караштырылган ал жөнүндө маалымат камтыган арыз берилет.

Арызга патент алууга укугун ыйгарып берген өтүнүүчү менен жана ал укукка ээ болгон жакты көрсөтүү менен ушул Эрежелердин 3.1 пунктунда караштырылгандай кол коюлат.

Арызга бажы төлөмүн төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.

Өтүнүүчүнүн каалоосу менен патент алуу укугун башка жакка ыйгарып берүүсү «Патент алуу укугун ыйгарып берүү жөнүндө келишимди» Кыргызпатенттин лицензиялык бөлүмүндө катталып таризделиши мүмкүн.  Мында арыз менен бирге  белгиленген ченөлчөмдө бажы төлөмүн төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилет.

11. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу

Өтүнүүчү (анын өкүлү) ал берген өтүнмө жана ага тийиштүү болгон документтер менен алдын ала таанышуу күнүн жана убакытын макулдашып түздөн-түз Кыргызпатентте да, жана да өтүнмөгө тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнө сурамкат жиберүү аркылуу тааныша алат.

12. Өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө эксперттөө белгилеген материалдар менен таанышуу

Өтүнүүчү эксперттөөнүн чечиминде же сурамкатта көрсөтүлгөн материалдардын көчүрмөлөрүн Кыргызпатенттен сурай алат.

Патенттик материалдардын көчүрмөлөрү өтүнүүчү сурамкатты кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде тариф боюнча тийиштүү тейлөө кызматы үчүн акы төлөө шартында жиберилет.

13. Өтүнүүчүнүн катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу

Өтүнүүчүнүн катышуусу менен байланышкан өтүнмөнүн суроолорун карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу же өтүнүүчүнүн суранычы менен ал суроолор менен эки тарап тең таанышкандан кийин жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн суроолору сурамкатта берилиши мүмкүн, анда жолугушуунун максаттуу экендиги, аны жүргүзүү суранычында-өтүнүүчүнүн суроолору кошумча түрдө билдирилет.

Сурамкат жиберген учурда ага жооп сурамкатты алгандан тартып эки айдын ичинде өтүнүүчү өтүнмөнү карап чыгууда катышууга каалаганынан көз каранды эмес берилиши керек.

Өтүнмөнү карап чыгуу күнү жана убактысы алдын ала макулдашылат.  Шарттар өзгөрүлгөн учурда өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү жок болгон тарап белгиленген убакытта ал жөнүндө экинчи тарапты кабарлайт.

Эгер Кыргызпатент  же өтүнүүчү өтүнмөнү бирге карап чыгууну убакытсыз же максатсыз  деп эсептешсе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнүүчүнүн сунушу тийиштүү далилдерди келтирүү менен четтетилет.

Алдын ала макулдашуусуз өтүнүүчү Кыргызпатентке келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылат.

Өтүнмөнү карап чыгууда өтүнүүчүнүн ал менен ага ыйгарым укукталган өкүлчүлүгү ушул Эрежелердин 2.5 жана 7 пункттарынын талабын тутууда катыша алат.

Жалгыз өтүнүүчү болуп эсептелбеген жак өкүлчүлүккө ишенимкаты болгондо гана башка өтүнүүчүлөр келбеген учурда өтүнмөнү карап чыгууда катыша алат.

Өтүнүүчүнүн катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу эксперт жана өтүнүүчү менен түздөн-түз чечиле турган суроолор сүйлөшүү аркылуу ишке ашырылат.

14. Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу

Мыйзамдын 23-1-статьясынын 4-бөлүгүнө жана 23-2- статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык  суралган материалдарды берүү мөөнөтү тиешелүү өтүнүч катты берүүдө жана кадырлуу себептери бар болгондо узартылат.

Өтүнүч кат менен бирге эксперттөөнүн сурамкатынын жообуна белгиленген ченөлчөмдө бажы төлөмүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе өтүнүч каты берилген эмес деп эсептелет, ал жөнүндө өтүнүүчү кабарланат.

Мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч каты өтүнүүчү мене сурамкатты кабыл алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Суралган материалдарды берүү мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө өтүнүүчү кабарланат.

Эгерде кадырлуу себептери жок белгиленген мөөнөттү бузуу менен өтүнүч каты берилсе, ошондой эле бажы төлөмүн төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн бажы төлөмүнүн суммасы белгиленген ченөлчөмгө ылайык эмес болсо, суралган материалдарды берүү мөөнөтүн узартуу ишке ашпайт, ал жөнүндө өтүнүүчү кабарланат.

15. Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү

(1) Мыйзамдын 24-статьясынын 11-бөлүгүнө ылайык өтүнүүчү өткөрүп жиберген төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:

– формалдуу эксперттөөнүн стадиясындагы сурамкат боюнча жок жана оңдолгон документтерди  берүүнүн мөөнөтү;

– алдын ала эксперттөөнү өткөрүү мөөнөтүндө аяктаган өнөр жай үлгүсүнүн бирдейлик талабын бузуу жөнүндө кабарламага жооп берүүнүн мөөнөтү;

– маңызы боюнча эксперттөөнүн стадиясында сурамкат боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;

– алдын ала эксперттөөнүн натыйжасы боюнча патент берүүдөн баш тарткан чечимге каршылыгын берүүнүн мөөнөтү;

– маңызы боюнча эксперттөөнүн натыйжасы боюнча патент берүүдөн баш тарткан чечимге каршылыгын берүүнүн мөөнөтү.

(2) Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнүүчү тарабынан мөөнөтү өткөн күндөн тартып, он эки айдан кечикпей ал боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн кадырлуу себептери болгондугу тастыкталып берилет.

(3) Өтүнүч кат менен бирге белгиленген ченөлчөмдө тиешелүү бажы төлөмүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет (эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн мындай төлөм караштырылса).

(4) Өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилгени жөнүндө өтүнүүчү кабарланат.

(5) Эгерде жогорудагы (2) жана (3) подпункттарында көрсөтүлгөн талаптардын бири гана тутулбагандыгы орнотулса өтүнүч кат канааттандырылбайт, ал жөнүндө өтүнүүчү кабарланат.

III БӨЛҮМ

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ӨТҮНМӨНҮ КАРАП ЧЫГУУ

16. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү

16.1. Өнөр жай үлгүсүнө  келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жана каттоо

Кыргызпатентке түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номуру коюлат жана алардын кирген күнү бекитилет.

Өтүнүүчүгө же анын өкүлүнө өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө кирүү номурун, өтүнмөнүн түшкөн күнүн жана кабыл алынган документтердин барактарынын санын көрсөтүү менен тилкат берилет.

16.2. Эксперттөөнү жүргүзүү жөнүндө өтүнүч  кат берүү

Мыйзамдын 27-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык өтүнмөнү карап чыгуу маңызы боюнча өтүнмөнүн экспертөөсүн жүргүзүү менен жана жүргүзүүсүз да ишке ашырылат.

Тиешелүү өтүнүч кат Кыргызпатентке өтүнмө менен бирге берилиши мүмкүн же аны берүү мөөнөтү он эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Эгерде өтүнүч кат көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе өтүнмө кайра сурап алынган деп эсептелет.

16.3. Өтүнмөнүн жашырындуулугу

Өтүнмө жөнүндө маалыматтар Кыргызпатентке ал түшкөн учурдан тартып, өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин жашырын болуп сакталышы керек жана мыйзамсыз түрдө элге таратууга болбойт.

17. Өтүнмөнү формалдуу эксперттөө

Формалдуу эксперттөөнү өткөрүү мөөнөтү

Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде формалдуу эксперттөө жүргүзүлөт.

17.2. Өтүнмөнүн формалдуу эксперттөөнүн  мазмуну

Өтүнмөнүн формалдуу эксперттөөсүн жүргүзүү ишинде төмөнкүлөр текшерилет:

– ушул Эрежелердин 2.4 пункту менен аныкталган керектүү документтердин курамы;

– ушул Эрежелердин 3.1 жана 6 пункттарынын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;

–  бажы төлөмүн төлөө жөнүндөгү документтин бардыгы жана белгиленген талаптарга ылайыктыгы (ушул Эрежелердин 2.5 пунктунун (1) подпункту);

– патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишенимкаттын туура таризделишин жана бардыгын камтыган Мыйзамдын 17-статьясынын 4-бөлүгү менен караштырылган учурда өтүнмөнү берүү тартибин тутуу;

– өтүнмө берилген чечимдин өнөр жай үлгүсү сапатында укуктук коргоо берилген объектилерге ылайыктыгы (ушул Эрежелердин 2.1 жана 2.2 пункттары).

Өтүнмө берилген күнү белгиленет.

17.3. Өтүнмөнүн берилбеген же оңдолгон материалдарына сурам жиберүү

(1) Эгерде өтүнмөнү формалдуу эксперттөө процессинде  документтин тариздөө талабын бузуу менен өтүнмө берилгендиги орнотулса, табылган кемчиликтерди көрсөтүү менен жана өтүнмөнүн берилбеген же оңдолгон документтерин  аны кабыл алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө берүү сунушу менен өтүнүүчүгө сурамкат жиберилет (Мыйзамдын 23-1 статьясы 3- бөлүк).

Эгерде артыкчылык күнүн орнотуу үчүн керектүү документ жок болгон учурда өтүнүүчүгө токтоосуз сурамкат жиберилет.

Сурамкат үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– өтүнмөдө ушул Эрежелердин 2.4 пункту менен караштырылган документтердин ичинен эң кеминде биринин жоктугу;

– артыкчылык күнүн орнотуу үчүн өтүнмөдө керектүү документтердин ичинен эң кеминен биринин: өтүнүүчүнү көрсөтүү менен өнөр жай     үлгүсүнө патент берүү жөнүндө өтүнмөнүн, буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнүн комплектинин, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинин жоктугу.

– эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин кыргыз же орус тилине котормосунун жоктугу.   Котормо Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдан кеч эмес берилиши керек;

– эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу  берилсе өкүлчүлүккө ишенимкаттын жоктугу жана/же аны тариздөө талабын бузгандыгы;

–  өтүнмөнүн документтеринин белгиленгенден аз санда нускаларынын берилиши;

– эгерде Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык макулдашуу менен  өтүнмөнүн мындай берүү тартиби караштырылбаса, Кыргыз Республикасынын чегинин сыртында жашаган же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу эмес чет өлкөлүк юридикалык жак менен өтүнмөнү бериши;

– ушул Эрежелер менен караштырылган патент берүү арызында талаптанган маалыматтардын, колдордун, мөөрдүн басылмасын (качан ал керек болсо) жана башка реквизиттердин жоктугу;

– өтүнмөнү берүү үчүн бажы төлөмүнүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин же  көрсөтүлгөн бажы төлөмүн төлөөдөн бошотуу же анын ченөлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди тастыктаган документтин жоктугу.

-алымды туура төлөгөндүгүнө байланыштуу маселелерди билүү зарылчылыгы. Эгер өнөр жай үлгүлөрүнүн санына төлөнгөн алымдын туура келбегендиги аныкталган учурда, өнөр жай үлгүсүнүн варианттарын камтыган өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, өтүнүүчүгө эгер ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосу жөнүндө билдирбесе, өтүнүүчү тандаган же баяндоодо биринчилерден болуп белгиленген, алар үчүн алым төлөнгөндөргө эксперттөө жүргүзүлөөрү билдирилет;

– патент берүүдө аларды жарыялоого тоскоолдук келтирүүчү, сактоодо документтерди тариздөөдө жетишпегендиктерин аныктоо жана/же аларды кызыкдар болгон жактар менен тааныштыруу мүмкүн эмес кылуу (барактын форматына, сүрөттөргө, жээгинин  өлчөмдөрүнө ж.у.с., басылганынын сапатына  талаптардын бузулушу, өтүнмөнүн материалдарын окууну кыйындатуу ж.у.с.);

– өтүнмөдө келтирилген өнөр жай үлгүсүнүн аталышынын баяндоодо келтирилген аталышына туура келбегендиги;

– өнөр жай үлгүсүнүн варианттары үчүн маанилүү белгилеринин тизмесинин жоктугу;

– өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын талдоосуз аныкталган өтүнмөнүн документтерине карата ушул Эрежелердин талаптарынын башка бузулгандарынын болушу.

Жетишпеген материалдарды жана оңдолгон материалдарды суроо бул канча жолу өтүнмөнүн жана анын документтеринин жетишпегендиктерин четтетүү үчүн зарыл болсо, ошончо жолу жиберилет.

(2) Өтүнүүчү тарабынан суроого ылайык киргизилген оңдоолор менен катар камтылган оңдолгон документ, ошондой эле өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча оңдоолор ушул Эрежелердин 20-пунктунун шарттарын сактоо менен берилет.

Эгер өтүнүүчү белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же ушул Эрежелердин 14-пунктунда караштырылган шарттарды сактоо менен аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет (Мыйзамдын 23-1-статьясынын 4-бөлүгү). Мындай учурда өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүлүп берилет.

17.4. Мыйзамга ылайык өнөр жай үлгүсүнө укуктук коргоо берүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоо

Эгер өтүнмөнү формалдык эксперттөөнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү белгиленген тартипте жашырын болуп таанылса, анда өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо Мыйзамдын 3-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат, бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет.

17.5. Патент берүүгө баш тартуу жөнүндө чечим

(1) Эгер өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсүнүн натыйжасында ал өнөр жай үлгүсү катарында корголуучу объектиге кирбеген сунушка таризделгени аныкталса, өтүнүүчүгө өтүнмө карап чыгууга кабыл алынбай тургандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет, патент берүүгө баш тартуу үчүн негиз болгон жүйөлөр келтирилет.

Кабарлоодо жүйөлөргө карата ишенимсиз четтетүү келтирилген же белгиленген мөөнөттө жооп бербеген учурда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

(2) Эгер ал бүтүндөй сүрөттө берилгендей жана/же маанилүү белгилеринин тизмесинде мүнөздөлгөндөй ушул Эрежелердин 2.2-пунктунда келтирилген сунуштардын тизмесине туура келсе, өтүнмө берилген сунуш өнөр жай үлгүсү катарында корголуучу объектилерге кирген болуп таанылбайт.

(3) Патент берүүдөн баш  тартуу жөнүндө чечимде келтирилген жүйөлөр менен макул болбогон учурда, чечимди алган күндөн тартып, эки айдын ичинде Апелляциялык кеңешке келишпестигин билдирүү менен каршы болуусун билдирүү укугу жөнүндө кошумча түрүндө билдирилет.

17.6. Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоо

Эгер өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык зарыл болгон документтерди камтыса жана өтүнмө берилген сунуш өнөр жай үлгүсү катарында корголуучу объектиге кирсе, өтүнүүчүгө өтүнмө берилген күнүн көрсөтүү менен өтүнмөнү карап чыгууга (Мыйзамдын 23-1-статьясынын 5-бөлүгү) кабыл алуу жөнүндө кабарлоо жиберилет.

Өтүнмө берилген күнү Мыйзамдын 21-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык артыкчылык алган күнүн аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин келип түшкөн күнү боюнча аныкталат.

18. Өтүнмөнү алдын ала эксперттөө

18.1. Алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүнүн мөөнөтү

Алдын ала эксперттөө формалдык эксперттөө оң натыйжа бергенде төрт айдын ичинде жүргүзүлөт (Мыйзамдын 27-статьясынын 4-бөлүгү).

18.2. Алдын ала эксперттөөнүн мазмуну

Өтүнмөнү алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:

– өтүнүүчү тарабынан ушул Эрежелердин 3.2-пункттарда караштырылган өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата коюлган талаптарды сакташы;

– өтүнүүчү жүргүзгөн МПКО боюнча өнөр жай үлгүсүн классификациялоонун туура экендиги (же өтүнүүчү тарабынан жүргүзүлбөсө, ушундай классификациялоо жүргүзүлөт);

– Мыйзамдын 21-статьясынын 2-10-бөлүктөрүнө ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоонун шарттары;

– өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүгүнүн талаптарын сакташы (ушул Эрежелердин 2.3-пункту);

– ушул Эрежелердин 3.3.4.6-пунктунун талаптарына өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин өтүнүүчү берген тизмесинин туура келгендиги;

– эгер алар берилсе, кошумча материалдар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маанисин өзгөрткөн жокбу жана аларды берүүнүн белгиленген тартиби ушул Эрежелердин 20-пунктуна ылайык сакталдыбы;

– өтүнмөнүн баштапкы материалдарында маанилүү белгилеринин тизмесинде мүнөздөлгөн же өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынган кошумча материалдарда өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн Мыйзамдын 27-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык патентке жөндөмдүүлүк шартына туура келиши.

18.3. Өнөр жай үлгүсүн классификациялоонун тууралыгын текшерүү

Эгер классификациялык индекси жок экендиги аныкталса же өтүнүүчү индексти туура эмес тандаса, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн МПКО рубрикасы боюнча классификациялоо жүргүзүлөт.

Тигил же бул  классификациялык индексти тандоо үчүн негиз болуп өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, анын сүрөттөлүшү жана баяндоо,  ошондой эле чиймелери, эргономикалык схема жана конфекциялык карта эсептелинет (эгер ал өтүнмөдө болсо).

18.4. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоо

Мыйзамдын 21-статьясынын 2-10-бөлүктөрүнө ылайык  өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча аныкталат:

– Кыргызпатентке Мыйзамдын 21-статьясынын 2-бөлүгүнүн талаптарын канааттандырган өтүнмө берген күнү боюнча;

– Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнү берген күнү боюнча;

– мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдарды берген күнү боюнча;

– ошол эле өтүнүүчүнүн андан мурун өтүнмө берген күнү боюнча;

– бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча;

– мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде.

Өтүнүүчү тарабынан суралуучу артыкчылыкты тастыктоочу зарыл болгон документтер берилиши жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталышы керек.

18.4.1. Кыргызпатенткен өтүнмө берген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары

Эгер өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берген күнгө караганда, мындан мурунку артыкчылык суралбаса, артыкчылыгы өтүнмө берилген күнү боюнча аныкталат.

18.4.2. Конвенциялык артыкчылыкты аныктоонун шарттары

Конвенциялык артыкчылыкты суроодо  Мыйзамдын 21-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр текшерилет:

– өтүнүүчү тарабынан конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн Мыйзамдын 21-статьясынын 5-бөлүгү менен аныкталган мөөнөттү сакташы (өтүнмө берүүдө же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде);

– мөөнөтүндө берүү жана берүү мөөнөтүн сактоо (өтүнмө берүү менен бир убакта же Кыргызпатентке биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсүн берген күндөн тартып, төрт айдан кечиктирбестен). Эгер биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, белгиленген шарттар ар бир өтүнмөнүн көчүрмөсүнө карата сакталышы керек.

– биринчи өтүнмөнү берген күндөн баштап, өтүнүүчү тарабынан алты айлык мөөнөттү сакташы, бул мөөнөттүн ичинде өтүнмө Кыргызпатентке берилиши керек. Эгер өтүнмө белгиленген мөөнөттөн кечирээк, бирок ал бүткөн күнгө эки ай калганга чейин берилсе, тийиштүү алым төлөнгөн шартында, өтүнүүчү тарабынан белгиленген алты айдын ичинде өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылган, ага байланыштуу эмес кырдаалдар айтылдыбы, ушулар текшерилет жана  эгер мындай тастыктоо жок болсо, аларды документтик тастыктоо зарылчылыгы аныкталат (белгиленген мөөнөттөр ушул Эрежелердин 8-пунктунун (2) пунктчасында белгиленген тартипте эсептелинет);

– биринчи өтүнмөдө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн ачуу.

18.4.3. Мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдарды берген күнү боюнча артыкчылыгын аныктоонун шарттары

Ошол эле өтүнүүчүнүн  мурун берген өтүнмөсүнө кошумча материалдарды берген күнү боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо (Мыйзамдын 21-статьясынын 6-бөлүгү) төмөнкүдөй талаптарды сакташы текшерилет:

– ушундай артыкчылык суралган өтүнмө өтүнүүчү тарабынан аларды өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөрткөндүгүн таанууга байланыштуу кабарлоону алган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча материалдарды көңүлгө алуу мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттен өтүнүүчү кабарлоо алган күндөн тартып, үч айдын ичинде Кыргызпатентке берилиши керек;

– өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү артыкчылык суралган күнү боюнча кошумча материалдарда ачылышы керек (өтүнмөнүн мазмунун эске алып, алар боюнча ушул материалдар берилди).

18.4.4. Эрте берилген өтүнмөнүн күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары

Ушул өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү ошол эле өтүнүүчүнүн Кыргызпатентке эрте берген өтүнмөсүнүн күнү боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо (Мыйзамдын 21-статьясынын 7-бөлүгү) төмөнкүдөй талаптарды сакташы текшерилет:

– ал боюнча ушундай артыкчылык суралган өтүнмө өнөр жай үлгүсүнө эрте өтүнмө берилген күндөн тартып, алты айдын ичинде Кыргызпатентке берилиши керек;

– өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү эрте берилген өтүнмөдө ачылышы керек;

– эрте берилген өтүнмө боюнча эң мурунку артыкчылык суралбайт.

Аталган артыкчылыкты суроодо эрте берилген өтүнмө (же алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) кайра сурап алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет.

18.4.5. Бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоонун шарттары

Ушул өнөр жай үлгүсүн ачып билүүчү Кыргызпатентке баштапкы өтүнмө берилген күнү боюнча бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо (Мыйзамдын 21-статьясынын 10-бөлүгү) төмөнкүдөй талаптарды сакташы текшерилет:

– бөлүнүп коюлган өтүнмө даттануу мүмкүнчүлүгү чектелген өнөр жай үлгүсүнө баштапкы өтүнмө боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин (б.а. өтүнмө боюнча иш жүргүзүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү болгон мезгилде) же баштапкы өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечимди кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестринде өнөр жай үлгүсүн каттоо күнүнө чейин Кыргызпатентке келип түшүшү керек;

– бөлүнүп коюлган өтүнмөдө берилген өнөр жай үлгүсү баштапкы өтүнмөдө, ал эми эгер өтүнмө конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнсө жана артыкчылык  анын артыкчылыгынын күнү боюнча суралса, анда биринчи өтүнмөдө ачылышы керек.

18.4.6. Бир нече артыкчылыкты аныктоонун шарттары

Өтүнүүчү тарабынан бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнүүчү көрсөткөн негиздерге байланыштуу ушундай артыкчылыктарды суроо үчүн алардын ушул Эрежелердин 18.4.2-18.4.5-пункттарындагы айтылган тийиштүү шарттарды сакташы аныкталат.

Ошентип, эгер өнөр жай үлгүсүнүн айрым варианттарына карата берилген күнү ар кандай болгон бир нече баштапкы өтүнмөлөрдүн негизинде ар түрдүү конвенциялык артыкчылыктар суралса (Мыйзамдын 21-статьясынын 3-бөлүгү), анда өтүнүүчүнүн ушул Эрежелердин 18.4.2-пунктунда белгиленген талаптарды сактагандыгын аныктоодо ушул баштапкы өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүнүн болушу, ушул баштапкы өтүнмөлөрдүн берилген күнгө карата алты ай мөөнөттү сактагандыгы текшерилет. Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир вариантын ачып көрсөтүү ал берилген күн боюнча тийиштүү вариант боюнча артыкчылык суралган баштапкы өтүнмөгө карата текшерилет.

Качан өтүнүүчү тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн варианттары боюнча артыкчылык суралган күнү таратылбаса, баштапкы өтүнмөлөрдүн кайсынысында тийиштүү вариант ачылып көрсөтүлгөндүгү аныкталат.

18.4.7. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоодо шарттарды сактагандыгын текшерүү

(1) Ушул Эрежелердин 18.4.3-18.4.5-пункттарына ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоодо шарттарды сактагандыгын текшерүүдө ушундай суроо үчүн негиз болуп эсептелген анын негизинде  артыкчылык суралган өтүнмө же ага кошумча материалдар берилген өтүнмө кайра сурап алынган эмес же кайра сурап алынган эмес деп таанылганын тастыктоо керек.

Өтүнүүчүнүн суралган артыкчылыкты аныктоонун шарттары катарында белгиленген мөөнөттү сактаган шартында, ушул Эрежелердин 8-пунктунун (2) пунктчасын жетекчиликке алуу керек.

(2) Өтүнүүчүнүн артыкчылык суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү мурун берилген материалдарда (мурун берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүгө байланыштуу талаптарды ачып көрсөтүүгө байланыштуу талаптарды сактагандыгын аныктоодо төмөнкүлөр текшерилет:

– артыкчылык суралган күнүнө мурун берилген өтүнмөдө камтылган сүрөттөөлөрдө же кошумча материалдарда камтылган сүрөттөөлөрдө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесине кирген жана каралуучу өтүнмөдө биринчи берилген сүрөттөөлөрүндө көрсөтүлгөн бардык белгилери бар экендигин;

– мурун берилген өтүнмөдө баяндоонун же кошумча материалдардын болушун эске алып, артыкчылык суралган күнүнө даярдалуучу буюмда өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайра чыгаруу мүмкүн экендиги тастыкталганбы.

Конвенциялык артыкчылыкты суроодо өтүнүүчүгө биринчи өтүнмөнүн котормосун берүүсүн сунуш кылышат.

(3) Алдын ала эксперттөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуучу кырдаал болуп эреже катары, эсептелбеген артыкчылыкты аныктоодо келип чыккан  маселелерди өтүнмөнү карап чыгууга байланыштуу башка маселелер менен бир убакта билүү максатка ылайыктуу.

(4) Өтүнүүчү ушул Эрежелердин 18.4.2-18.4.5- пункттарында белгиленген талаптарды сактаганда өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнө карата суралуучу артыкчылык аныкталат.

Качан өнөр жай үлгүсүнүн  артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп алынган өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 18.4.5- пунктун сактаганда өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык алган күнү боюнча аныкталат (Кыргызпатентке берген күнү боюнча эмес).

(5) Өтүнүүчү ушул Эрежелердин 18.4.2-18.4.5- пункттарында белгиленген талаптардын  ичинен бирин сактабаганда дагы өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы Мыйзамдын 21-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча аныкталат (бул өтүнүүчү туралуу алдын ала кабарлоо менен).

(6) Артыкчылыгы аныкталгандан кийин өтүнүүчү тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин өзгөртүлгөн тизмеси берилген учурда, суралуучу артыкчылыкты аныктоо үчүн негиздемесинин  бар экендигине кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.

(7) Биринчи өтүнмөнү берген өлкөдө же башка өлкөлөрдө патент берүүдөн баш тартуу, аны жокко чыгаруу же күчүн токтотуу конвенциялык артыкчылыкты аныктоодон баш тартуу үчүн негиз боло албайт.

18.5. Өнөр жай үлгүсүнүн биримдиктүүлүгүн сактагандыгын текшерүү

(1) Өнөр жай үлгүсүнүн биримдиктүүлүгүн сактагандыгы сүрөттөөлөргө берилген баштапкы маанилүү белгилеринин тизмесине карата текшерилет. Эгер маанилүү белгилеринин тизмеси өзгөртүлсө, анда текшерүү өтүнүүчүнүн акыркы белгиленген тартипте маанилүү белгилеринин тизмесинин редакциясына  карата текшерүү жүргүзүлөт.

(2) Эгер өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн биримдиктүүлүгү бузулган факт аныкталса, өтүнүүчүгө эки ай мөөнөттүн ичинде өтүнмөнү бөлүшү же  өтүнмө берилген объектинин кайсынысын ушул өтүнмөнүн алкагында карап чыгуу керек экендигин билдирүү сунушталат. Өтүнүүчүгө ошондой эле, баштапкы өтүнмөдө камтылган башка өнөр жай үлгүсүнө бөлүнгөн өз алдынча өтүнмөнү берүүгө укуктуу экендиги билдирилет.

(3) Эгер өтүнүүчү белгиленген мөөнөттө бөлүнгөн өтүнмөнү берүү жөнүндө билдирбесе же өтүнмөдө берилген өнөр жай үлгүлөрүнүн бирин карап чыгуу менен чектелишин сунуштабаса, баяндоодо биринчи болуп берилип, төлөнгөн чечимге карата гана эксперттөө жүргүзүлөт (же баяндоодо биринчи берилген өнөр жай үлгүсүнүн варианттарына карата), бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет.

(4) Эгер өтүнмө аларга карата маңызын талдоосуз эле алар өнөр жай үлгүсүнүн биримдиктүүлүк талаптарына туура келгендиги аныкталса, башкача айтканда  өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болуп эсептелинсе, анда алардын ар бирине карата эксперттөө жүргүзүлөт. Чечимдердин кайсы бири патентке жөндөмдүү объектилерге кирбегендиги аныкталганда, өтүнүүчүгө андан патентке жөндөмсүз объектини чыгаруу менен маанилүү белгилердин тизмесин оңдоону сунуш кылуу менен сурам жиберилет.

Сурамга жооп берилген өтүнмөнүн документтерин өзгөртүүгө сунуштоо менен өтүнүүчү макул болбогондо, ага патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.

18.6. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин текшерүү

(1) Текшерүү формалдык эксперттөө бүткөн учурга өтүнмөдө камтылган тизмеге киргизилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине карата жүргүзүлөт, ал эми эгер маанилүү белгилеринин тизмеси өтүнүүчү тарабынан ушундан кийин өзгөртүлсө, анда ушул Эрежелердин 20-пунктунун (3)-(6) пунктчаларында белгиленген талаптарды сактаган шартында маанилүү белгилердин топтомунун өзгөртүлгөн баяндоосу менен тизмеси текшерилет.

(2) Текшерүүдө алардын топтому өтүнүүчү белгилеген эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлгөн буюмдун тышкы көрүнүшүн түзүү үчүн жетиштүү болгон өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүндө маанилүү белгилердин бар экендиги аныкталат.

Эгер сүрөттөөдө берилген белги өтүнүүчү тарабынан маанилүү белгилердин тизмесине киргизилбесе, бирок эксперттердин пикири боюнча буюмдун тышкы көрүнүшүн түзүү үчүн таасир берсе, өтүнүүчүгө бул белгини маанилүү белгилердин тизмесине  киргизүү сунушталат. Мында бул белгинин өтүнүүчү белгилеген буюмдун тышкы көрүнүшүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүнө таасир беришин тастыктаган жүйөлөр келтирилет.

Мындай оңдоодон өтүнүүчү баш тартса, андан кийин өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө анын тышкы көрүнүшүнө тийиштүү болгон өзгөчөлүктөрү эске алынбайт.

Качан өтүнүүчү берген маанилүү белгилердин тизмеси өнөр жай үлгүсүнүн баяндоосунда аларга карата  алардын буюмдун тышкы түрүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүнө таасир беришине көрсөтмөсү жок болгон белгилер камтылган учурда, ушундай белгилерди тизмеде сактооун максатка ылайыктуулугу жөнүндө өтүнүүчүнүн пикири суралат.

(3) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин текшерүү ушул Эрежелердин 3.3.4.6-пунктунун (5) пунктчасына ылайык андагы камтылган белгилерди бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн аныктоону камтыйт (б.а. көркөм-конструктордук чечим жөнүндө маалыматтарды аныктоо, ага сүрөттөлүшүндөгү белгилердин бардыгына бирдей болгон белгилер таандык).

Белгилерди бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүнө шектенүүлөр келип чыкканда экспертиза өтүнүүчүдөн ушундай мүмкүнчүлүктү тастыктоо үчүн түшүндүрүүнү суроого укуктуу.

Эгер белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгү үчүн өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөрүнүн жана баяндоосунун негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнүүчүгө  ага жиберилген сурамда ушундай оңдоо киргизиши сунушталат.

Качан  белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүнүн шарты сакталган, бирок  аны мүнөздөө үчүн эски же ишмердүүлүктүн конкреттүү тармагында же дизайн чөйрөсүндө туура келбеген терминология пайдаланылган учурда, өтүнүүчүгө ага жиберилген сурамда маанилүү белгилердин тизмесине тийиштүү оңдоолорду киргизүүсү сунушталат.

Эгер белгини бирдейлештирүү мүмкүн эмес экендиги аныкталса жана өтүнүүчү маанилүү белгилердин тизмесин оңдоодон баш тартса, анда мындан ары өтүнмөнү  кароодо мындай белги көңүлгө алынбайт.

(4) Эгер өтүнүүчү берген маанилүү белгилердин тизмесин текшерүүдө анын структурасына же анын баяндалышына ушул Эрежелердин 3.3.4.6-пунктунун (3), (4), (6), (7)- пунктчалары менен белгиленген талаптарга  туура келбегендиги аныкталса,  өтүнүүчүгө  ага жиберилген сурамда маанилүү белгилердин тизмесин оңдоосу сунушталат.

(5) Өз демилгеси боюнча же эксперттөөнүн сурамы боюнча өтүнүүчүнүн берген сүрөттөрдөгү берилген маанилүү белгилердин тизмесине карата (өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде) ушул пункттун  (2)-(5) пунктчаларына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн ушул Эрежелердин 3.3.4.6-пунктунун (5) пунктчасынын талаптарын канааттандырбаган белгилерден тышкары, өтүнүүчү берген же аны менен макулдашылган өзгөртүүлөрү менен сүрөттөрүндө берилген жана тизмеге киргизилген маанилүү белгилердин топтому көңүлгө алынат.

18.7. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү

Алдын ала эксперттөө стадиясында жүргүзүлүүчү өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө өтүнүүчү берген өтүнмөнүн материалдары, Кыргыз Республикасынын коргоо документтери берилген фонду жана мурун артыкчылык алган кайра сурап алынбаган өтүнмө боюнча анын жаңылыктуулук жана өзгөчөлүктүк шарттарына туура келиши аныкталат (Мыйзамдын 27-статьясынын 4-бөлүгү).

18.7.1. Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулугу

(1) Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулук критерийине туура келгендигине жоопкерчилик (Мыйзамдын 7-статьясынын  3 жана 4-бөлүгү) өтүнүүчүгө жүктөлөт.

(2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулугун төмөнкүдөй маалымат булактары боюнча текшерет:

– өтүнүүчү тарабынан формалдык эксперттөө бүткөн учурда берген өтүнмөнүн материалдары боюнча;

– Кыргыз Республикасында патенттелген, б.а. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестринде катталган өнөр жай үлгүлөрү боюнча  (Кыргыз Республикасында патенттелген өнөр жай үлгүлөрү алардын жарыяланган сүрөттөлүшүнө карата алардын артыкчылык алган күнүнөн тартып эсепке алынат, мында  аны менен өнөр жай үлгүсү каттоодон өткөн маанилүү белгилердин тизмесине киргизилген белгилер көңүлгө алынат);

– мурун эле артыкчылык алган датасы менен өтүнмө боюнча, алар үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталат:

– өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген. (Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө ошондой эле өнөр жай үлгүлөрүнө СССРдин күбөлүктөрүн жана патенттерин берүү үчүн өтүнмөлөр теңештирилет);

– өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнүүчү тарабынан берилген;

– өтүнмө кайра сурап алынган эмес же сурап алынган деп таанылган эмес.

Өтүнмө арыз, сүрөттөлүшү жана баяндоо түшкөн күнгө карата ушул өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүшүнө жана баяндоосуна карата эске алынат.  Эгер бул дата каралып чыгуучу өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө караганда кечирээк болсо, анда мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө артыкчылыкты  аныктоо үчүн негиз болгон материалдардын мазмунуна дал келген аны мазмунунун бөлүгүндөгү маалымат булагынын санына киргизилет (биринчи өтүнмө, мурун берилген өтүнмө, мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча  материалдар).

(3) Качан каралып чыгуучу өнөр жай үлгүсү жөнүндө маалымат камтыган маалымат булагы болуп мурун артыкчылык алган  өтүнмө эсептелген учурда, бул өтүнмө кайра сурап алынган эмеспи, тактоо керек.

Эгер өтүнмө кайра сурап алынбаса жана кайра сурап алуу мөөнөтү өтө элек болсо, каралып чыгуучу өнөр жай үлгүсүнүн өтүнүүчүсүнө ушундай өтүнмөнүн бар экендиги (аны өтүнүүчүсүнүн көрсөтмөсүз жана аны мазмунун ачып билүүсүз) жана мурун артыкчылык алган  өтүнмө боюнча такталганга чейин аны өтүнмөсүн карап чыгууну коё туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирилет.

Өтүнмөнү кийин (коё туруу) карап чыгууга өтүнүүчү макул болбосо өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталат.

(4) Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулугу жоктугу аныкталганда өтүнүүчүгө эксперттөөнүн тийиштүү жүйөлөрүн баяндоо менен ушул жүйөлөргө карата өз пикирин билдирүүсү жана зарыл учурда, өтүнмөнүн баштапкы  материалдарынын негизинде оңдолгон өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин берүүсү сунушталып  сурам жиберилет.

(5) Ал үчүн жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталган өнөр жай үлгүсүнө карата өзгөчөлүктүүлүгүн текшерүү жүргүзүлбөйт.

18.7.2. Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн өзгөчөлүктүүлүгү

(1) Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн өзгөчөлүктүүлүк критерийине туура келгендиги үчүн жоопкерчилик (Мыйзамдын 7-статьясынын 5-бөлүгү) өтүнүүчүгө жүктөлөт.

(2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн текшерүүнү жүргүзөт, ал төмөнкүлөрдү гана камтыйт:

– ушул Эрежелердин 3.3.4.2-пунктуна ылайык эң жакын окшошун аныктоо;

– маанилүү белгилерин табуу, алар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн өтүнүүчү өтүнмөнүн материалдарында берген эң жакын окшошунан айырмалайт;

– артыкчылык алган күнгө чейин Кыргыз Республикасынын коргоо документтеринин фонду боюнча (алдын ала патенттер, патенттер) каралып чыгуучу өнөр жай үлгүсүнүн айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери болгон көркөм-конструктордук чеимдерди табуу.

(3) Өнөр жай үлгүсү эгер анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүктөрүнүн чыгармачылык мүнөзүн шарттаса, өзгөчө болуп таанылат (Мыйзамдын 7-статьясынын 5-бөлүгү).

Буюм анын образын берүүдө ушуга гана таандык болуп мүнөздөлүшү, автордун жеке өзүнүн чыгармачылык менен иштегендигин күбөлөндүрүшү керек.

(4) Эгер өтүнүүчү тарабынан тизмеге киргизилген анын маанилүү айырмалануучу белгилеринин эң кеминде бири үчүн ушундай белги таандык болгон
көркөм-конструктордук чечим аныкталбаса, өнөр жай үлгүсү өзгөчөлүктүүлүк шартына туура келген болуп таанылат.

Өнөр жай үлгүсү ошондой эле качан анын бардык маанилүү айырмалануучу белгилер үчүн ушундай белгилерге ээ болгон көркөм-консруктордук чечимдер аныкталган учурда, өзгөчөлүктүүлүк шартына туура келген болуп таанылат, ошентип бул белгилер каралуучу өнөр жай үлгүсүндө аныкталган көркөм-конструктордук чечимдерге таандык болбогон эстетикалык өзгөчөлүктөрдүн болушун камсыз кылат.

(5) Өнөр жай үлгүсү өзгөчөлүктүүлүк шартына туура келген болуп төмөнкүдөй учурда таанылбайт:

– эң жакын окшошунан өтүнүүчү тарабынан маанилүү белгилердин тизмесине киргизилген белгиси (белгилери) менен гана айырмаланса, ал (алар) үчүн өтүнүүчү тарабынан көрсөтүлгөн ушул буюмдун эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө анын таасир бериши далилденген эмес;

– анда белгилүү болгонго салыштырганда буюмдун өлчөмү гана өзгөртүлгөн, элементтеринин саны же түсү гана өзгөртүлгөн (бирок түстүк чечими эмес);

– өзүнчө алынган геометриялык көлөмдөгү жөнөкөйлөр түрүндө (призмалык, сфералык, конустук ж.у.с.) же өзүнчө алынган жөнөкөй геометриялык фигура түрүндө жасалган;

– анык объектинин кичирейтилген же чоңойтулган көчүрмөсү болуп эсептелинет (жөнөкөйтүлүп, ошондой эле масштабды сактоо менен) (мисалы:оюнчук, сувенир);

– белгиленген арналыштагы буюмдарга таандык форманы кайталаган, бирок башка техникалык негизде аткарылган  (мисалы: салттуу түрдө жыгачтан жасалуучу буюмга окшоштурулуп жасалган полимердик материалдан жасалган буюм);

– ар түрдүү арналыштагы эң кеминде эки объектинин белгилүүлүгүндө, анын тышкы түзүлүшү белгилүү болгон объектилерден алынып жасалган, аларга тышкы түзүлүшү окшоштурулган;

– алардын тышкы түзүлүшү өзгөртүлбөстөн, белгилүү болгон өзүнчө башка буюмдардан түзүлүп, топтому (комплект) жасалган.

(4) Эгер өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн өзгөчөлүктүүлүгү жок экендиги аныкталса, өтүнүүчүгө тийиштүү жүйөлөрдү баяндоо менен жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин берүүсү жана зарыл учурда,  өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин оңдолгон тизмесин берүүсү сунушталат.

18.8. Кошумча материалдарды суроо

(1) Кошумча материалдарды, аны ичинде  маанилүү белгилеринин өзгөртүлгөн  тизмесин суроо эгер ушундай материалдарсыз өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда гана, өтүнүүчүгө жөнөтүлөт.

Суроо үчүн негиз болуп төмөнкүдөй кырдаалдар эсептелинет:

– өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (баяндоодо маанилүү белгилеринин тизмесинде көрсөтүлгөн белгилер жок; тизмеге баяндоодо келтирилген маанилүү белгилери киргизилген эмес; сүрөттөлүшү өнөр жай үлгүсүнүн баяндоосуна туура келбейт ж.у.с.);

– өнөр жай үлгүсүнүн баяндоосунда ушул Эрежелер менен караштырылган структуралык бөлүктөрүнүн жоктугу (эгер тийиштүү бөлүктө баяндала турган маалыматтар башка бөлүктө берилсе, сурам жиберилбейт);

– ушул Эрежелердин 18.6-пунктуна ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин топтомун жана тизмесин тактоонун зарылчылыгы;

– ушул Эрежелердин 18.7-пунктуна ылайык өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылчылыгы.

Өтүнмөнү карап чыгууда жана мисалы ушул Эрежелердин 2.2-пунктунда караштырылган талаптарды аткаруу менен артыкчылыкты аныктоого, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерин мүнөздөөнү тактоого байланыштуу келип чыккан башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле эскертүүлөр жана сунуштар ж.у.с. жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жиберилген сурамга киргизилиши мүмкүн. Сурам   өтүнүүчүгө өтүнмөнү карап чыгуу үчүн канча жолу керек болсо, ошончо жолу жиберилет.

Сурам жиберүү үчүн көрсөтүлгөн негиздер жок болгон учурда, келип чыккан эскертүүлөр, сунуштар ж.у.с. жөнүндө өтүнүүчүгө катта билдирилет.

(2) Сурамда же катта келтирилген кайсы бир маселе боюнча эксперттин пикири тийиштүү аргументтер, анын ичинде укуктук мүнөздөгүлөр менен тастыкталат.

Өтүнүүчүгө маанилүү белгилеринин мүнөздөмөсүн тактоо, өтүнмө берилген маанилүү белгилеринин тизмесинен чыгаруу жана ушу сыяктуу маанилүү белгилеринин тизмесин оңдоого байланыштуу сунуштарды жиберүүдө ушундай оңдоонун укуктук натыйжаларына жана андан баш тартууну аргументтүү көрсөтүү максатка ылайык.

Эгер өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгү аныкталса жана маанилүү белгилеринин тизмеси биротоло макулдашылса, өтүнүүчүгө жиберилүүчү сурамда маанилүү белгилеринин тизмесинин кыргыз же орус тилине котормосун оңдоосу сунуш кылынат (эгер ал эксперттөөнүн жүрүшүндө өзгөртүлсө).

(3) Качан сурамда маалымат булагына шилтеме келтирилсе, бул маалыматты табуу үчүн зарыл болгон анын бардык библиографиялык маалыматтары, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынган башка маалыматтарды (бети, абзац, сүрөттөлгөн фигуранын номуру ж.у.с.) көрсөтүлүшү керек.

18.9. Патент берүү жөнүндө чечим

Оң натыйжа менен алдын ала эксперттөөнү өткөн өтүнмө боюнча, маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо, өтүнүүчүнүн сунуштаган жана макулдашылган тизмесине киргизилген маанилүү белгилердин сүрөттөлүшүндө топтому менен мүнөздөлгөн өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Оң натыйжа менен алдын ала эксперттөөнү өткөн өтүнмө боюнча, маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү жөнүндө  өтүнүч кат болгондо же аталган өтүнүч кат же маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болбосо, өтүнүүчүгө алдын ала эксперттөөнүн оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо жиберилет (Мыйзамдын 23-2-статьясынн 12-бөлүгү).

Эгер тизмеге киргизилген маанилүү белгилердин топтому өнөр жай үлгүсүнүн маңызын билдирсе жана толугу менен сүрөттөөлөргө жана баяндоого негизделсе, бирок тизме эң жакын окшошун эсепке алуусуз түзүлсө жана өтүнүүчү өзү берген маанилүү белгилердин тизмесинин редакциясын талап кылса, патент берүү жөнүндө чечимде өтүнүүчүнүн редакциясындагы маанилүү белгилердин тизмеси берилет.

Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси качан андагы болгон белгилер сүрөттөөдөгү объектинин элементтери менен бирдейлештирилбеген же стандарттуу же жалпы кабыл алынган болуп эсептелинбеген терминолгоияны пайдалануу менен мүнөздөлгөн, бирок өтүнүүчү  аны оңдоодон баш тарткан учурда өтүнүүчүнүн редакциясында берилет.

Өтүнүүчүнүн же патент ээсинин аталышы (аты) патент берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган арыздын графасында жана 71 код менен арыздын графасында келтирилген өтүнүүчү жөнүндө маалыматтарды берилген аталыштарына ылайык келген чечимде көрсөтүлөт.

Чечимде же кабарлоодо өтүнүүчүгө өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын аныктоо жөнүндө кабарланат.

Маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндө, алдын ала эксперттөө бүткөндөн кийин аталган өтүнүч кат келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде патент берүү жөнүндө чечим  кабыл алынат.

18.10. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим

(1) Өтүнүүчү сунуштаган тизмеге киргизилген маанилүү белгилердин сүрөттөлүшүндө көрсөтүлгөндөрдүн топтомунда мүнөздөлгөн патентке жөндөмдүүлүк шартына эң кеминдн бири туура келбегендиги аныкталганда, тийиштүү негиздерди келтирүү менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

(2) Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ошондой эле патентке жөндөмдүү ошондой эле патентке жөндөмсүз чечимдер болгону аныкталганда жана өтүнүүчү  ага жиберилген сурамга берген жообунда патентке жөндөмсүз варианттарды мүнөздөгөн белгилерди маанилүү белгилердин тизмесинен чыгаруудан баш тарткан учурда чыгарылат. Мында чечимде бир эле убакта аларга карата ушундай жыйынтык чыгарылган варианттарга патентке жөндөмдүүлүгү тастыкталат.

(3) Өтүнүүчү аны алган күндөн тартып, эки ай мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге келишпестигин   Апелляциялык кеңешке билдире алат.

Апелляциялык кеңештин чечими менен өтүнүүчү макул болбогондо өтүнүүчү аны алган күндөн тартып, алты айдын ичинде сотко доо менен кайрыла алат.

19. Маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөө

19.1. Маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөө жүргүзүүнүн мөөнөтү

Мыйзамдын 27-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык өтүнүүчүнүн же жеке жактардын өтүнүч каты боюнча Кыргызпатент 12 айдын ичинде  маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөө жүргүзөт. Өтүнүч кат өтүнмөнү берүү менен бир убакта же аны Кыргызпатентке берген күндөн тартып, он эки айдын ичинде берилет.  Эгер өтүнүч кат үчүнчү жактардан берилсе, бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет. Өтүнүч катты берүү мөөнөтү узартылбайт жана калыбына келтирилбейт.

19.2. Маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөөнүн мазмуну

Маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөрдү жүргүзүшөт:

– өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынган өтүнмөнүн баштапкы же кошумча материалдарындагы өтүнүүчү тарабынан сунушталган маанилүү белгилердин тизмесинде мүнөздөлгөн өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулук жана өзгөчөлүктүүлүк шартына туура келишин Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарынын көлөмүндө текшерүү.

19.3.Жаңылыктуулугун текшерүү

(1) Жаңылыктуулугун аныктоодо артыкчылык алган күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардан белгилүү болгон жокпу, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн аныктаган маанилүү белгилердин топтому текшерилет.

(2) Жалпыга белгилүү болуп маалымат булагында камтылган маалыматтар эсептелет, аны менен кайсы жак болбосун өзү тааныша алат же ал тууралуу ага мыйзамдуу түрдө билдирилет.

маалымат булагында камтылган маалыматтарды жалпыга белгилүү болгондорго киргизүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган күнү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– коргоо документтерине карата жарыяланган баяндоолор үчүн – аларга карата көрсөтүлгөн жарыяланган күнү;

– басылмалар үчүн – аларга карата көрсөтүлгөн басып чыгарууга колу коюлган күнү;

– аларга карата басып чыгарууга колу коюлган күнү көрсөтүлбөгөн басылмалар үчүн – жарыкка чыгарылган күнү, ал эми аны аныктоо мүмкүн болбосо – эгер жарыкка чыгарылган убакыты айларга же жылына ылайык аныкталса, айдын акыркы күнү же басылмада көрсөтүлгөн жылдын 31-декабры;

– макалардын, серептердин, монографиялардын жана башка материалдардын колжазмаларын депонирлөө үчүн – аларды депонирлөө күнү;

– илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчёттор, илимий-техникалык маалымат органдарындагы тажрыйба-конструктордук иштерге жана башка конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтер үчүн  – алар ушул органга келип түшкөн күнү;

– ченемдик-техникалык документтер үчүн – ушуга ыйгарым укук берилген органда анын катталган күнү;

– колжазма укугунда чыгарылган диссертациялардын материалдары жана диссертациялардын авторефераттары үчүн – алардын китепканага түшкөн күнү;

– сынакка кабыл алынган иштер үчүн – сынакты өткөрүүгө тийиштүү документтер менен тастыкталган, таанышуу үчүн аларды эсептеп чыгаруу күнү;

– көрүнөө кабыл алынуучу маалымат булагы үчүн (плакаттар, моделдер,буюмдар ж.у.с.) – алар менен серептөө мүмкүн болгон документ түрүндө тастыкталган күнү;

– көргөзмөгө жайгаштырылган  экспонаттар үчүн – аларды көрсөтүүнүн башталышын документ түрүндө тастыкталган күнү;

– телекөрсөтүү, кино боюнча билдирүү үчүн  – эгер ал көрсөтүлгөн күнгө карата колдонулуучу белгиленген тартипте тийиштүү маалымат алып жүрүүчүдө белгиленсе, ушундай билдирүү күнү;

– аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон буюм жөнүндө маалымат үчүн – документ түрүндө тастыкталган күнү, аны менен бул маалыматтар жалпыга мүмкүн болуп калды.

(3) Мурун артыкчылык алган күнү менен өтүнмөнүн өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулугун аныктоодо, ошондой эле патенттелген өнөр жай үлгүлөрү ушул Эрежелердин 18.7.1-пунктунун 3-8-абзацтарында белгиленген шарттарды сактоодо эсепке алынат.

(4) Жаңылыктуулукту текшерүүдө ушул Эрежелердин 18.7.1-пунктунун (3)- (5) пунктчаларынын жоболору колдонулат.

19.4. Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн өзгөчөлүктүүлүгүн текшерүү

Маңызы боюнча эксперттөөнүн жүрүшүндө өзгөчөлүктүүлүгүн текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

– ушул Эрежелердин 3.3.4.2-пунктуна ылайык эң жакын окшошун аныктоо;

– маанилүү белгилерин табуу, алар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүн эң жакын окшошуна айырмалап турат (айырмалануучу белгилери);

– артыкчылык алган күнгө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болгон маалыматтардан каралуучу өнөр жай үлгүсүнүн айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери болгон көркөм-консруктордук чечимдерди табуу. Жалпыга белгилүүлүгү ушул Эрежелердин 19.3-пунктунун (2) пунктчасына ылайык аныкталат.

    19.5. Кошумча материалдарды суроо

Мыйзамдын 24-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык кошумча материалдарды, анын ичинде маанилүү белгилердин өзгөртүлгөн тизмесин  суроо  эгер ушундай материалсыз маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, өтүнүүчүгө жиберилет.

Суроо үчүн негиз болуп негизинен, төмөнкүдөй кырдаалдар эсептелинет:

– ушул Эрежелердин 19.3 жана 19.4-пункттарына ылайык өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү менен байланыштуу  маселелерди чечүүнүн зарылчылыгы.

19.6. Патент берүү жөнүндө чечим

Эгер өтүнмөнү маңызы боюнча илимий-техникалык эксперттөөнүн жүрүшүндө Кыргызпатент өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү өтүнүүчү тарабынан суралган укуктук корго көлөмүндө Мыйзамдын 7-статьясы менен аныкталган өнөр жай үлгүсүнүн патенке жөндөмдүүлүк шартына туура келгендиги аныкталса,  өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.

Патент  берүү жөнүндө чечим чыгарууда ушул Эрежелердин 18.9-пунктунун жоболору колдонулат.

19.7. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим

Өтүнүүчү тарабынан суралган укуктук коргоо көлөмүндө өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн патьентке жөндөмдүүлүк шартына туура келбегендиги аныкталганда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө  чечим чыгарылат.

Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө  чечим чыгарууда ушул Эрежелердин
18.10-пунктунун (1), (2) пунктчаларынын жоболору колдонулат.

Өтүнүүчү Апелляциялык кеңешке аны алган күндөн тартып, үч ай мөөнөттүн ичинде патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө  чечимге макул болбогондугун билдирет. Анын макул болбогондугу тийиштүү алымды төлөгөн шартында аны алган күндөн тартып, төрт ай мөөнөттүн ичинде каралып чыгышы керек.

Өтүнүүчү Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал шартында аны алган күндөн тартып, алты ай мөөнөттүн ичинде сотко доо менен кайрыла алат.

20. Кошумча материалдарды текшерүү

(1) Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (б.а. аларды мазмунуна киргизе турган) жана өтүнүүчүнүн демилгеси же эксперттөөнүн суроосу боюнча кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын мыйзам менен белгиленген мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.

Өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча кошумча материалдар ушул Эрежелердин
16.1-пунктуна ылайык белгиленген өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде берилет.

(2) Эгер өтүнүүчүдөн формалдык эксперттөөнү мөөнөтүнөн мурун өткөрүү жөнүндө жазуу түрүндө өтүнүч кат келсе, кошумча материалдар келип түшкөндө, өтүнмөнүн оңдоочу жана тактоочу материалдары менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилдиби, текшерилет.

Бул документ берилбесе же ал кошумча материалдар келип түшкөндөн кийин берилсе, акыркысы өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынбайт, бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет.

Мындай кабарлоо өтүнүүчүгө жиберилген эксперттөөнүн кезектеги документинин мазмунуна киргизилет.

(3) Эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча  материалдар өтүнүүчү тарабынан ал сурам алган күндөн тартып, эки айдын ичинде берилиши керек.

Качан өтүнмө каршы болгон материалдардын көчүрмөлөрү суралган учурда, кошумча материалдар алар эксперттөөнүн сурамын алган күндөн тартып, бир айдын ичинде суралган шартында, өтүнүүчү тарабынан көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү алган күндөн тартып, эки айдын ичинде берилсе болот.

(4) Өтүнүүчүнүн белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 8-пунктун жетекчиликке алуу керек.

Эгер өтүнүүчү белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 14-пунктуна ылайык узартылбаса) өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнүүчүгө билдирилет.

(5) Өз демилгеси өтүнүүчүнүн же Кыргызпатентттин сурамы боюнча жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө алар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүнмаңызын өзгөрткөн жокбу, текшерилет.  Кошумча материалдар эгер алар өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон маанилүү белгилердин тизмесине киргизүүгө тийиштүү белгилерди камтыса, өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөрткөн болуп таанылат.

Кошумча материалдарда берилген жана маанилүү белгилердин тизмесине киргизүүгө тийиштүү болгон белгилер   эгер алар Кыргызпатентке патент берүү үчүн арыз келип түшкөн күнгө карата арызда камтылган сүрөттөөлөрдө жок болсо, өтүнмөнүн баштапкы материалдары, сүрөттөөлөр топтому жана өнөр жай үлгүсүнүн баяндоосу  жок болгон болуп таанылат.

Маанилүү белгилердин тизмесине киргизүүгө тийиштүү болгон белгилерге кирбеген өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсү жөнүндө өтүнмөнүн  баштапкы материалдарындагы жок болгон кошумча маатериалдарды камтыган маалыматтар өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөрткөн болуп эсептелинбейт. Мындай маалдыматтарга негизинен, өнөр жай үлгүсүн ишке ашыруу шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, аны ишке ашыруунун мисалдары, такталган графикалык материалдар ж.у.с. кирет.

(6) Кошумча материалдарды өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөрткөндүгүн тааныган учурда, өтүнүүчүгө бул тууралуу ( эксперттөөнүн ага кезектеги жөнөтүлүүчү документинде) жана  кошумча материалдарга киргизилген кошумча материалдардын кайсынысы эксперттөөнүн ушундай натыйжасы үчүн  негиз болгондугу жэөнүндө билдирилет.

(7) Эгер кошумча материалдар бүтүндөй же жарым-жартылай өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртсө жана/же ушул пункт менен караштырылган шарттарды сактабагандык менен берилсе, өтүнүүчүгө эксперттөөдө алар  бүтүндөй же жарым-жартылай  көңүлгө алынбай тургандыгы билдирилет.

21. Өнөр жай үлгүсүн каттоо

Мыйзамдын 28-статьясына ылайык патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин каттоо жана патент берүү үчүн алымды төлөгөн шартында, Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестрине өнөр жай үлгүсүн киргизет.

Каттоо жана  патент берүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ патент берүү жөнүндө  чечимди өтүнүүчү алган күндөн тартып, эки айдын ичинде  же кошумча алымды төлөгөн шартында белгиленген эки айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып,  үч айдын ичинде берилет.

Каттоо жана  патент берүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ белгиленген тартипте берилбегенде өнөр жай үлгүсү катталбайт жана патент берилбейт, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат.

22. Патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

22.1.Өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө жарыялануучу маалыматардын курамы

Кыргызпатент “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинде патент берүү жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды жарыялайт:

– патенттин номуру;

– МКПО индекси (индекстери);

– алар боюнча патент берилген өтүнмөнүн номуру жана датасы;

– өтүнмөнүн номуру, датасы жана өтүнмө берилген өлкөсү, (ал боюнча кошумча материалдар берилген күнү), эгер Кыргызпатентке өтүнмө берген күнгө карата мурунку болуп белгиленсе,  өтүнмө боюнча андан мурунку артыкчылык алган күнү.

– эгер акыркысы жарыялоодо ушундай (ушулар) катарында эскертилген болгондон баш тартса, автордун (авторлордун) аты;

– патент ээсинин аты (аталышы);

– өнөр жай үлгүсүнүн аталышы;

– тизмеде баяндалган маанилүү белгилердин бардык топтомун камтыган өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүшү.

22.2. Патент берүү жөнүндө жарыялануучу маалыматтарда ушундай катары  эскертиле турган  өнөр жай үлгүсүнүн авторунун баш тартуусу

Патент берүү жөнүндө жарыялануучу маалыматтарда ушундай катары  эскертиле турган  өнөр жай үлгүсүнүн авторунун баш тартуусу эгер ал жарыялоого техникалык даярдоо бүткөнгө чейин келип түшсө, ушул маалыматтарды жарыялоодо эске алынат.

Аталган баш тартуу автор тарабынан ошол эле мөөнөттө кайра суралышы мүмкүн.

22.3. Патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялагандан кийин өтүнмөнүн материалдары менен үчүнчү жактарды тааныштыруу

Мыйзамдын 28-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялагандан кийин кайсы жак болбосун өтүнмөнүн материалдары менен таанышууга укуктуу. Таанышуу түздөн-түз Кыргызпатентте, ошондой эле белгиленген тариф боюнча тийиштүү кызмат акыларын төлөө менен өтүнмөнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн суроо менен жүргүзүлөт.

IV БӨЛҮМ

ӨТМӨ ЖОБОЛОР

23. Күчүнө кириши

Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде аларды каттаган күндөн тартып, күчүнө кирет.

Ушул Эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып, 28.04.1998-ж. Кыргызпатенттин коллегиясы менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 4.06.1998 г., N 489 катталган алдын ала патент, өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери күчүн жоготот.

Тиркеме

MS-Word  форматында бул тиркемени карагыла

Кыр гыз па-тент та-ра-бы-нан тол-ту-ру-лат(22) Берген күнүКириш N

Келип түшкөн күнү

(21) Каттоо N

 

Артыкчылык(51) МКПО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Илим  жана

интеллектуалдык менчик

боюнча мамлекеттик агенттиги

(Кыргызпатент

720021, Бишкек ш., Москва көч., 62

Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө

АРЫЗ

 

Төмөндө аталган документтерди берүү менен Кыргыз Республикасынын патентин берүүңүздөрдү суранам (суранабыз)

________________________________________ атына

(71) Өтүнүүчү(лөр) _____________________________

Толук аты же аталышы жана жашаган жери же турган орду көрсөтүлөт.

Авторлордун-өтүнүүчүлөрдүн жашаган жери жөнүндө маалыматтар (97) коду менен графада келтирилет.

ОКПО боюнча уюмдун, ишкананын коду

 

 

ST.3 ИМБДУнун стандарты боюнча өлкөнүн коду

Керектүүсү белгиленсин

(X)

( ) Өнөр жай үлгүсүнүн төмөнкү дата боюнча артыкчылыгын аныктап берүүңүздөрдү суранам (суранабыз):

( ) Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнү бериши

(Мыйзамдын 21-ст.3-бөл.);

( ) Мыйзамдын 21-ст.7-бөл. ылайык Кыргызпатентке андан мурун берген өтүнмөсү;

( ) Мыйзамдын 21-ст.10-бөл. ылайык Кыргызпатентке баштапкы берген өтүнмөсү;

(Кыргызпатентке өтүнмө берген датага караганда, андан мурунку артыкчылыкты суроодо гана толтурулат)

 

баштапкы, эң мурунку, биринчи өтүнмөнүн №Артыкчылык суралган дата(33) ST.3  боюнча берген өлкөнүн коду

(артыкчылык сураганда)

1.

2.

3.

 

(54)Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы.

(98) Кат жазышуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты же аталышы).

Телефон: _____________ Телекс: ______________ Факс: _____________

(74) Патентик ишенимдүү өкүл (толук аты, каттоо номуру,

турган орду).

Телефон: _____________ Телекс: ______________ Факс: _____________

 

Тиркелүүчү документтердин тизмесиБарактардын саны1 нускадаНускалардын саны.Өтүнмө берүүгө жана патент алуга укуктун келип чыгышы үчүн негиз (документ берүүсүз):

( )өтүнүүчү

жумуш

берүүчү

болуп эсептелинет

жана Патент

Мыйзамынын 9 жана 10-ст. шарттары сакталган

 

 

( ) жумуш берүүчүнүн башка жакка

укукту ыйгарып берүүсү

( ) башка жакка

автордун же анын укук мураскорунун

укукту ыйгарып берүүсү

( ) мураска ээ болуу

укугу

 

 

 

 

( )маанилүү белгилердин тизмеси менен

өнөр жай үлгүсүн баяндоо

(варианттардын саны)

( ) буюмдун сүрөттөлүшүнүн топтому (макеттин

( ) буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймеси (лери)

( ) эргономикалык схема

( ) конфекциялык карта

( ) алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ

өтүнмө бергендиги жана эксперттөө үчүн

негиздердин болгондугун тастыктаган документ ( ):

( ) алымды төлөөдөн бошотуу

( ) алымдын өлчөмүн азайтуу

( ) конвенциялык артыкчылыкты сураган биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү (лөрү)

( ) өтүнмөнүн кыргыз же орус тилине котормосу

( ) патентик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат

( ) башка документ (көрсөтүлсүн)

(72) Автору(лор)

(толук аты көрсөтүлөт)

 

(97) Жашаган жеринин дареги

(чет өлкөлүктөр үчүн– код

ИМБДУнун стандарты боюнча өлкөлөр

ST.3, эгер ал аныкталса)

Патент алууга укугун ыйгарып берген (дердин) автордун (лордун)колу (дору);

датасы

Мен(биз) __________________________________________________________

(толук аты)

Патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени автор (лор) катарында эскербөөнү суранам (суранабыз).

 

Автордун(лордун) колу (дору):

Патент алууга укугун ыйгарып берген автордун укук мураскору

(толу каты же аталышы, жашаган жери же турган орду, колу, дата): ____________________________________________

_________________________________________________________________

 

Колу

 

Кимдин атына патент суралса, өтүнүүчүнүн (лөрдүн) же патентик ишенимдүү өкүлдүн колу (дору), кол койгон дата (юридикалык жактын атынан кол койгондо, жетекчинин колу мөөр менен бекемделет).