КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ “Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 15-сентябры N 517

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 

Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга

укук берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу

“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркинтоо” гезитинде 2008-жылдын 19-сентябрында N 69 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                  И.Чудинов