Мамлекеттик патент кызматы Дүлөй балдар үчүн республикалык атайын жалпы билим берүүчү орто мектеп-интернатка демөөрчүлүк жардам көрсөттү.
Бул мектепте бүтүндөй Кыргызстандан 6 жаштан 17 жашка чейинки 350дөн ашык дүлөй балдар окушат. Мектеп-интернатта окуп жатышкан балдар негизинен жетишпеген жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн. Алыскы райондордон келген көп окуучулар мектепте жыл бою жашашат. Балдарды камкордук жана жылуу мээримге чулгагың келет.
Ушул максат менен Кыргызпатент интернатка кеңсе эмеректери: столдор, отургучтар, шкафтар түрүндө жардам көрсөттү.
Ошондой эле патенттик ведомствонун кызматкерлери колдоого муктаж болгон балдарга дайыма кам көрүп келгендиги үчүн тарбиячыларга жана мектеп-интернаттын башка кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
