• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМ кызмат көрсөтүүлөрүндө башкаруу технологияларын колдонуу боюнча семинар Гатинодо
Дата публикации: 
28/07/2009

2009-жылдын 19-23-октябрында Гатинодо (Канада) интеллектуалдык менчик жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдө башкаруу технологияларын колдонуу боюнча практикалык семинар болот.
Семинарды Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) Канаданын Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосу (CIPO) менен бирдикте уюштурат.

Семинардын башкы максаты болуп, өнөр жай менчиги боюнча улуттук ведомствону көрсөтүүчү жана ведомствону күндөлүк башкарууга жана өзүнүн кардарларынын керектөөлөрүнө көңүл бурууну жакшыртууга, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн контролдун натыйжалуу системаларын колдонууну камсыз кылууга жөндөмдүү болгон жогорку кызматтагы чиновниктерди окутуу эсептелет.