Мамлекеттик патент кызматы KG домен аймагынын админиатратору ктары алдыдагы KG улуттук аймагын башкарууга арналган ccTLD.kg жаңы сайтын ишке киргизди. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” Агенттигине Кыргызпатенттин пресс-кызматы кабарлады.
Домен аймагынын администраторунун сайтында ушул тармакта болуп жаткан жаңылыктар жарыяланып турмакчы. Сайт башкаруу жана домендерди каттоо үчүн зарыл болгон жалпы маалыматтарды, ошондой эле ченемдик-укуктук базанын долбоорлорун камтыйт.
Жаңы сайттын негизги милдети болуп, колдонуучулар үчүн ыңгайлуу форматта KG улуттук доменин башкаруу боюнча керектүү маалыматтарды колдонуучуларга жеткирүү болуп эсептелет.
ccTLD.kg сайты биринчи кезекте, интернет кызмат көрсөтүүлөрүн жөнөкөй пайдалануучуларга, ошондой эле интернет технологиясы тармагындагы адистерге багытталган.
Белгилүү болгондой, “Улуттук домендик аталыштар системасын башкарууну уюштуруу жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык, “KG” домендик аталыштарын башкарууну жүзөгө ашыруучу орган болуп Мамлекеттик патент кызматы дайындалган. Президенттин Жарлыгын жүзөгө ашыруу жөнүндөгү 29-июлдагы Премьер-министрдин токтомун аткаруу үчүн Кыргызпатент тарабынан Мамлекеттик патент кызматына караштуу “KG” домен аймагын башкаруу борборунун Жобосунун долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
“KG” домен аймагын башкаруу борборунун Жобосунун долбоору менен ар бир адам улуттук домен аймагын башкаруунун расмий сайтынан тааныша алат, ошондой эле сайтка кирүүчүлөр Жобонун бул долбооруна тиешелүү өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн калтыра алышат. Мамлекеттик патент кызматы улуттук аймакты башкаруучу катары өзүнүн көңүл борборун колдонуучулар менен үзгүлтүксүз пикир алмашууга бурмакчы, ошондуктан сайтка келүүчүлөр менен кербайланыш үчүн кеңири мүмкүндүктөр түзүлдү.

