Бишкекте Эски аянтта автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды сактоону, лицензиялык продуктунун базарын коргоону пропагандалоо максатында “Каракчылыкка жол жок!” аттуу акция болуп өттү.
Бул акциянын алкагында 19-июнда сот департаментинин чечими боюнча республиканын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүлөрдөн 2008-жылдын октябрынан берки алып коюулардан чогулган 25 миңден ашуун ар кандай форматтагы дисктер түрүндөгү контрафактылык (каракчылык) аудио-жана видеопродукция жок кылынды.
Ошондой эле контрафактылык продукцияны лицензиялуу продуктуга алмаштыруу боюнча акция уюштурулуп, 3 каракчылык дискти алып келгендер негизинен ата мекендик өндүрүштөгү 1 лицензиялуу продукту алганга мүмкүндүк алышты.
Мындан тышкары ата мекендик эстрада жылдыздарынын аткаруусундагы ырлар жана бийлер чогулгандардын көңүл кушун көкөлөттү, оюн көрсөтүүчүлөр республиканын жарандарын контрафактылык продуктуга караганда лицензиялууларга артыкчылык берүүгө үндөштү.
Акция Кыргызстандын Мамлекеттик патент кызматынын демилгеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясы, финансылык полиция кызматы жана сот департаменти менен биргеликте өткөрүлдү.
МА “Акипресс”
фото сүрөттөр “Акипресс” МАныкы
22.06.2009
http://kg.akipress.org/news:94101


