• English
  • Кыргызча
  • Русский
Салттуу билимдер жана азыркы билим берүү
Дата публикации: 
18/06/2009

15-16 июнда Бишкек шаарында «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Семинардын максаты азыркы билим берүү системасына салттуу билимдерди жуурулуштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу болуп калды.

Семинарга ЖОЖдордун окутуучулары, КРнын УИАсынын кызматкерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн өзүлөрү катышты.
Семинардын ишине ошондой эле Мамлекеттик патент кызматынын адистери – Өнөржай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгынын начальниги А.Т.Токоев, Салттуу билимдерди экспертизалоо секторунун башчысы Д.А.Оморбекова, Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн экспертизалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.А.Төрөбековалар активдүү катышты.

Семинардын модераторлору илимдин доктору, Онейда уруусунун мүчөсү жана салттуу илимдер боюнча практик Апела Колорадо (АКШ); Наропа (АКШ) университетинин салттуу билимдер программасынын магистри Марсела С.Саин Понс (АКШ); Американын жергиликтүү элдеринин уруучулук билимдерин кайра жаратуу жаатында иштөөчү топтун Кокула башкармалыгынын мүчөсү Жуан Рафаель Артега Салазар(Мехико) болушту.

Семинардын жүрүшүндө төмөндөгү маселелер талкууланды: салттуу илим жана анын клсааикалык илимден айырмасы, батыштын акыл-ой мүдөөлөрү менен жергиликтүү элдердин өкүлдөрүнүн салттуу акыл-ой мүдөөлөрүнүн жалпылыгы жана айырмасы, ошондой эле азыркы билим берүүгө салттуу билимдерди ыңгайлаштыруунун мүмкүн болгон кадамдары.

Кыргызпатенттин адистери семинардын катышуучуларын салттуу билимдерди укуктук коргоо жатында биздин ведомство алып барып жаткан иштер менен тааныштырышты. Эмне ишттер жасалды аларды чечүү үчүн кайсы маселелер алдыда экендигин айтып беришти. Салттуу билимдерди коргоо маселелерин чечүүдө өз көз караштарын жана тажрыйбаларын ортого салышты.