Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары 2011-жылы Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары А. Орозбаева жетектеген мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо максатында уюштурулган.
Сынак алуучулар – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери, мамлекеттик тилди үйрөнүү курстарынан алган билимдери Кыргызпатенттин кызматкерлеринин мындан аркы ишмердүүлүктөрү үчүн пайдалуу болоруна ишенишет.


