Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы (РБИТА) улуттук домендик аталыштарды башкаруу милдетинин жеке компаниядан мамлекеттик структуранын ведомствосуна өтүшүн колдойт. Бул жөнүндө бүгүн «Кабар» Агенттигине «Алтын түйүн» РБИТАнын диретору Жаркын Бапанова билдирди.
Анын айтымында, интернеттин катардагы пайдалануучусу өзүнө кыйла ыңгайлуу жана пайдалуусун тандап алат. «Биз улуттук домендик аталыштарды башкаруу милдетин ага ылайык жеке компаниянын колунан мамлекеттик структуранын ведомствосуна, тактап айтканда Мамлекеттик патент кызматына (Кыргызпатентке) өтө турган Кыргызстандын президентинин жарлыгын колдой турган пикирин билдирүүчү кадимки пайдалануучуларбыз, бул биз үчүн – бюджеттик уюм үчүн талашсыз жакшы нерсе», – деп билдирди Ж.Бапанова.
Балдардын билим берүү мекемесинин директору белгилегендей, домендик аталыштарды башкаруу милдетиинин Кыргызпатентке өтүүсү бул уюм үчүн көп жагынан ыңгайлуу экендигинин бир нече себептери бар.
«Баарыдан мурда – бул материалдык планда пайдалуу, анткени домендик аталыштарды башкаруу милдетиинин Кыргызпатентке өтүүсү менен домендин баасы дээрлик эки эсеге кыскарат. Бул албетте, бюджеттик каражаттардын эсебинен жашап, бирок өз ишмердүүлүгүн дайыма кеңири чагылдырууга муктаж болгон биздин уюм үчүн пайдалуу. Экинчиден, жакшы атаандаштык пайда болот, демек, өнүгүү жана жакшыруу дагы болот. Азыркы учурда бул биздин ар бирибиз үчүн актуалдуу жана эң маанилүү болуп эсептелет».
Ж.Бапанованын айтуусу боюнча балдар академиясынын өз домени, башкача айтканда интернетте учету бар. «Бирок биз учетко абдан эле алыс отурганбыз. Бул белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келет, себеби бет абдан жай ачылат, кээде пайдалануучуну биздин академиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырууда чыдамыбыз жана убактыбыз жетпей калат. Баягы эле техникалык каражаттардын жетишсиздиги деген себептер боюнча көптөгөн жетишкендиктер кадрдын артында калат, ушуга окшогон көйгөйлөр башка дагы көптөгөн уюмдарда бар. Ошондуктан, жаңы каттоочулардын ортосундагы атаандаштыкка жарамдуулукта пайда болуучу, жеткиликтүү баа менен улуттук доменди алуу максатка ылайыктуу. Башкаруу милдетин Кыргызпатентке өткөрүп берүү чечиминин мүмкүн болуучу бул жакшы жактары өзүн-өзү айтып турат. Биз интернеттин кадимки пайдалануучулары катарында «Улуттук домендик аталыштар системасын уюштуруу жөнүндө» президенттин жарлыгын колдоого чакырабыз». – деп белгиледи академиянын директору.
(А.Мураталиева).
КНИА ”Кабар”
18/05/2009 10:49
