• Кыргызча
  • Русский
Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн аттестациясын өткөрүү боюнча аттестациялык комиссиянын отуруму
Дата публикации: 
08/05/2009

2009-жылдын 8-майында Мамлекеттик патент кызматында Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн аттестациясын өткөрүү боюнча аттестациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Комиссиянын төрагасы болуп Кыргызпатенттин Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө башкармалыгынын начальниги А.Т.Токоев эсептелет.
Отурумда патенттин ишенимдүү өкүлү Н.Э.Мамбетсадыковду аттестациядан өткөрүү маселеси талкууланды.

Комиссиянын төрагасы А.Т.Токоев патенттин ишенимдүү өкүлү Н.Э.Мамбетсадыковдун Кыргыз Республикасынын патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестринен аны чыгаруу жөнүндө өтүнүч арыз жазгандыгын кабарлады.

Арызды карап чыккандан кийин комиссия 2008-жылдын 18-сентябрындагы директордун № 259 буйругу менен дайындалган Н.Э.Мамбетсадыковдун аттестациясын токтотууну жана арыздын келип түшкөндүгүнө байланыштуу «Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Н.Э.Мамбетсадыковдон келип түшкөн бардык материалдарды Кыргызпатенттин Мамлекеттик реестрлер жана лицензиялык келишимдерди каттоо бөлүмүнө өткөрүп берүүнү чечти.