• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин эмгек жамааты Беловодскидеги балдар үйүнө жардам көрсөтүштү
Дата публикации: 
25/08/2011

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын эмгек жамааты ыйык Орозо айында үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 25 сомдон орозо-фитир чогултуп, Беловодскидеги психоневрологиялык балдар үйүнө бут кийим, оюнчук, тамак-аш сатып беришти.

“Колунда бар адамдар 1 килограмм, 600 грамм буудайдын баасында орозо-фитир берсе болот. Ал бул жылы 25 сомду түзөт. Орозо-фитир жардамга муктаж адамга, же үй-бүлөгө берилет”, – дейт, борбордук мечиттин кызматкери.

Кудайдын куттуу күнүндө колунда бар жарандарыбыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук көрсөтүүнү адатка айландырса жакшы жөрөлгө болмок.